Т.Бакир уулу арабдардан акча алган эмес,
М.Абдылдаевдин "Керимкуловдорго" тиешеси жок...
Турсунбай Бакир уулу, ЖК депутаты:
"Арабдардан акча алган жокмун"
- деп куранды кармап айттым...
- Президенттик шайлоого аттанганы турасыз. Сиз катышкан бардык шайлоолоруңуздун үгүт баракчаларында, айрыкча программаларыңызда динге катуу басым жасайсыз. Демек, сиздин демөөрчүлөрүңүз арабдарбы?
- Өткөндө ушундай суроо менен "commet.kg" сайтынын өкүлдөрү кайрылып, "динде айтылгандай, "арабдардан акча алган эмесмин!" -деп, куранды кармап ант бергендей айта аласызбы?" -деген суроону беришкен эле. Ошондо, мен куранды кармап бир арабдан, бир да доллар албаганымды айткам. Ишенбесеңер ошол сайтка кирип видеосун көрсөңүздөр болот...
- Ажо болуп калсаңыз, көп аялдуулукту мыйзамдаштырасызбы?
- Жок, мындай көрүнүш бизге туура келбейт, биздин өлкө ислам өлкөсү эмес. Бирок, куранда айтылгандай аялдарынын бардыгын бирдей карап, баарын багууга шарты туура келсе 2-3 аял алууга уруксат бар. А эгер 2-3 эмес, 1 аялын тыңыраак бага албаса, анда эки аял алууга жол берилбейт.
- Президенттикке өтүп калсаңыз, ажолуктун урматына 100 грамм коньяк уурттап коёсузбу?
- Мен дин жолундагы адаммын, андайга жол бербейм. "Эгерде ушул 100 граммды ичсең, сени президент кылабыз!" -дешсе дагы ичпейт элем.
- Акундун маселесине чекит коё албай калдыңыз го...
- Аны кайрадан сентябрда көтөрүп чыгам. Мен ишенем, Акун ага чейин деле берген антын, өлкөнүн мыйзамын бузган иштерди жасайт. Бул маселени эс алуудан кийин кайра карайбыз...




Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер:
"Эгер "Алиби" гезити колдосоңор
президенттикке чыгайын..."
- Шамшыбек агай, баары эле шайлоого катышам деп атышат, сиз деле талапкерлигиңизди койбойсузбу?
- (күлүп...) "Алиби" гезити сунуштап, колдосоңор коеюн...
- Мисир Ашыркулов деген агабыз дагы ажолук аламан жарышка чыгам дегендей кылыптыр. Мисир мырза сизге кайрылып, "Шамшыбек сени премьер кылам, шайлоодо мени колдоп бер!" -десе эмне деп жооп берет элеңиз?
- Мындай маселелерге ойлонуп жооп бериш керек го, бул өтө оор суроо экен. Мен азыр бул суроого жооп бере албайм. Себеби, мен азыр жалгыз жүргөн саясатчы эмесмин. Партияга, уюмдарга мүчөмүн, пикирлеш, санаалаштар бар дегендей. Азыр шайлоо күнү жаңы гана белгиленбедиби, али ойлонууга убактыбыз кенен да.


Мыктыбек Абдылдаев, ЖК төрагасынын орун басары:
"Фактысы жок жазгандарды соттотуп жиберсем болот..."
- Бизге берген маегиңизде "президенттикке коюшум мүмкүн" -дедиңиз эле, ажолук жарышка аттанмай болдуңузбу?
- Аттандым деп айтуу эртелик кылат го, 10-июлга чейин "Ата-Журт" фракциясы жыйын өткөрүп, президенттикке кимди чыгарабыз аныктайбыз.
- Өткөн жумада кыргыз тилдүү гезиттердин биринде сизди Керимкуловдорго "таңуулаган" бир макала жарык көрдү. Чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак болобу?
- Ооба, ошону жазган журналист ошол макала менен мени жайлап салдым деп ойлоп жатса керек. Менин "больной точкам" ошол тема экенин билген бирөө "заказ" кылгандай түшүндүм. Керимкуловдор тууганым болсо болгондур, бирок мен ушул даражага жеткирген ата-энемди эч качан, эч кимге алмаштырбайм. 9 жашымдан бери багып, адам кылган атам Абдылдаев Жусуп, апам Абдылдаева Ажыбүбү, ушундай болбогон сөздөр менен ата-эненин арбактарын козгой бергенибиз Кудайга деле жакпайт го, көзү өтүп кеткен адамдарды жөн жайына койсок жакшы болоор эле. Менин өзүмдүн "Абдылдаевдер" деген туугандарым бар, мен аларды таптакыр алмаштырбайм. Ошол мени Керимкуловдорго байлап, эч кандай фактысы жок жазган журналистти соттотуп жиберсем да болот. Жазгандар менин туугандарым Керимкуловдор экенин далилдей алышпайт. Мунусунда унчукпай турайын деп, эч кандай "реакция" кылган жокмун дагы бир жолу ушундай маалыматты ким жаза турган болсо, мен да мыйзам чегинде чара колдоном. Мыйзамдуу түрдө Абдылдаев Мыктыбек Юсупович деген жакшынакай эле аты-жөнүм турат го...

Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
"Бакир уулу оорусунан айыгып,
мен үчүн көп жашаса экен..."
- ЖКнын 30-июндагы отурумунда Т.Акундун маселеси каралып, Акыйкатчылыкка Шарапаткан Мажитова келет экен деген ушак тарады эле. Ордуңузда калып сүйүнүп жатасызбы?
- Кызмат атамдан калган менчик эмес да. Бирок, мен Акыйкатчы катары 2013-жылга чейин иштөөгө укугум бар. Мажитова келет экен деген "сөздүн автору" төрага Келдибеков. Ал эптеп менин ордума Шарапатканды алып келе албай эси ооп атат...
- Ошол жыйында төрага эмнеге "охрана, Турсунбек Акунду эшикке чыгарып салгыла!" -деди?...
- Анткени, мен төраганы карап "сен мыйзамсыз иш алып барып жатасың" -деген сыяктуу ачуу чындык сөздөрдү Келдибековдун бетине айтканыма күбө болдуңар го, ошого чычалап атат. Мен башында Ахматбек менен жакшы болуп жүргөндө иш бөлмөсүнө кирип: "Ахматбек мырза, мен сиз менен жакшы болуп турганда жакшы жүрүңүз. Мен 15 жылдык өмүрүмдү А.Акаевге арнап койгом, тийишсеңиз мындан аркы өмүрүмдү сизге арнап коём..." -деп айткан элем, өзү тийишип алды эми мен да жөн жатпайм. Төрага Бакир уулунун сөзүн сүйлөп жатканы билинип турбайбы...
- Баягы Турсунбай мырзаны жамандаган сөзүңүздү кайра баштадыңыз...
- Жок, мен Бакир уулун жамандабай калдым. Ал эми Турсунбай мени жамандаган сайын менин "авторитетим" өсүп атат. Мени акыйкатчылыктан кетирем деген сакалчан, ажы депутаттын кандай "позор" болгонун көрбөдүңөрбү. Байкуш Бакир уулу "Акунду кантип кызматтан кетирем?" -деп ойлонуп атып, "сахарный диабети" да көтөрүлүп кетти. Эми Турсунбай көп жашаса экен, оорусунан айыгып, ишине Кудай кубат берсе экен, "менин кадырымдын өсүшү" үчүн ушу киши бар болсо экен деп, Алладан тилеп калдым...


Даярдаган А.Иманалиев