Коом

Белгисиз "Манасты" кантип белгилүү кылабыз?
Мыйзам менен
иш бүтпөйт
Жакында Жогорку Кеңеш тарабынан "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, ага Президент улуттук филармониянын чоң залында коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу кырдаалда кол койду. Эми улуттук башкы эпоско жана элдик оозеки чыгармачылыкка байланышкан маселелердин бардыгы чечиле баштайбы?
Мындан 22 жылдай мурда 23-сентябрда Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдын зал толо депутаттардын дүркүрөгөн кол чабууларынын коштоосунда кабыл алынып, республикабыздын коомчулугунда чоң резонанстарды жараткандыгы эсибизде. Бирок, ал мыйзам ар жылы 23-сентябрга жакын улутмандар тарабынан бир эске салынып, кейип -кепчиген сөздөр айтылган менен башка убактарда мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан эске деле алынбайт. Ал мыйзам кабыл алынгандан бери чейрек кылымга жакын убакыт өттү, бирок мыйзамда, аны жүзөгө ашыруу боюнча өкмөт кабыл алган токтомдордо жараналангандардын бири деле аткарылган жок. Бизде улуттук маданий руханий дөөлөттөрдүн даректерине мааракелерде гана жакшы сөздөр айтылып, одалар арналган менен башка убактарда аларга көңүл деле бурбай, аларды сактап, коргоп, популяризациялоо үчүн каражаттарды бөлүүгө, белгиленгендерди аткарууга келгенде чык татырбас Чынарбайдай сараңга, мойнунан байланган кулдан бетер мококко жана коркокко айлануу да көндүм көрүнүштөрдөн болуп калган. Алсак, "Эл адабияты" сериясында улуттук элдик оозеки чыгармаларды 40 томдук кылып толук чыгаруу белгиленсе, алардын 30 тому чыгарылгандан кийин калганы каражат жоктугунан басылбай токтоп калды. Ал сериядагыларды аягына чыгарып, эл алдында атуулдук чоң милдетти өтөп койгонго академиядагы эки-үч адабиятчы илимпоздон башка эч ким кызыкпайт. Анан салтанаттуу жыйындарда жана чогулуштарда "Эл адабияты" үчүн эки тыйынын аягандар деле өздөрүн мекенчилбиз дей беришет. Ошондуктан адегенде эле "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамды да "Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын тагдыры күтпөйбү?-деген мыйзам ченемдүү суроо пайда болбой койбойт.

Ишти эмнеден
баштоо керек?
Биз бардыгыбыз "Манас, Манас" деп ураан чакырып, эпосту сакралдаштырып, анын коргоочусу болгонду жакшы көрөбүз, бирок, ыйманыңыздарга карап түз жооп бериңиздер, кана кимиңиздер Саякбайдын же Сагынбайдын вариантын толугу менен окуп чыккансыздар?
Мындай суроону жүз кыргызга берсеңиз, алардын 95и " ооба, окуп чыкканбыз" деп айта алышпайт. Демек, азыркы кыргыздар тиричиликтик деңгээлде Манасты байыркы улуттук баатыр катарында үстүртөн билишет, бирок көпчүлүгү Манас баатыр менен "Манас" эпосу эки башка нерсе экендигин, "Манасты" улуттук баатыр катарында гана кабылдоо аны өтө эле жардылантып жибере тургандыгын, ал элдик тарыхый аң сезимдин жана эс тутумдун, элдик дүйнө таанымдын жана философиянын, улуттук маданияттын жана этнографиянын ж.б. көөнөргүс дөөлөттөрдүн күзгүсү катарында мааниси алда чоң экендигин түшүнө беришпейт. Ошондуктан мыйзамды аткарууга байланышкан иштерди эпосту окуганга ыңгайлуу, арзан жана чоң нускаларда басып чыгарып, аларды элдин кеңири катмарына жеткирип, белгисиз "Манасты" кыргыздарга белгилүү кылуудан баштоо керек. Басат десе Кытайда басылган 6 килограммдык же өткөн жылы өзүбүздө чыккан 4 килограммдык "Манаска" окшотуп, окурманды өзүнө тартмак түгүл тескерисинче чоочута турган, окумак түгүл кармаганга ыңгайсыз калдайган форматта чыгарбастан, кадимки эле китептерге окшотуп, маселен, "Эл адабияты" сериясында басылгандардын көлөмүндө жана формасында чыгаруу, ошону менен бирге эпосту ар кандай өңүттөрдө чечмелеген, түшүндүрмөлөгөн илимий жана популярдуу адабияттарды басканга да жетиштүү маани берилүүсү керек.

Тарыхый мүчүлүштүк
түзөтүлүүсү зарыл
Ар кандай эл өзүнүн маданий же адабий эстелигинин көптөгөн кылымдарга чейин тарыхый жана эстетикалык жактан өз маанисин жоготпостон башка элдерге да кеңири тарап, дүйнөгө белгилүү болуусун каалайт. Ал үчүн биринчи кезекте оригиналдагы канондук текст жогорку көркөмдүк -эстетикалык деңгээлде, заманбап талаптарга ылайык келгидей болуусу керек. Көп сөздүүлүк, кайталоочулук, боектордун жардылыгы, примитивдүүлүк кандай чыгарманын болбосун деңгээлин төмөндөтөт, башка тилдерге которулуп, таркатылуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.
Бул өңүттөн алганда "Манасты" ж.б. эпосторду совет мезгилинде Саякбай, Сагынбай, Калык, Осмонкул сыяктуу ж.б. айтуучулардан жазып алып, басып чыгарууда чоң мүчүлүштүктөргө жол берилгендигин, же материалдар кандай айтылса, ошондой кагазга түшүрүлүп, андан ары анча-мынча түзөтүүлөр менен ошол бойдон китеп болуп чыгып кете бергендигин айтуубуз керек. Импровизация түрүндө айтылганда ашыкча, бир жактуу сөздөр, кайталоолор көп болот, бейнелердин ишенимдүүлүгүнө, психологиялуулукка, жогорку көркөмдүүлүккө жетишүү кыйын. Ал үчүн Жусуп Мамайдай кылып айтылгандар кагазга түшүрүлгөндөн кийин автор өзү же атайын даярдыгы бар адам кылдат редакциялап, заманбап ыр ыргагына, формасына түшүрүп чыгуусу зарыл. Жусуп Мамайдын вариантындагы "Манастын" жыйнагынын биздеги варианттарга салыштырганда, көркөмдүк - эстетикалык деңгээлинин жогорулугу ошондон. Ал манасчынын оозунан чыккан түрүндө китепке айландырылып окурмандарга сунуш кылынбастан алгач кесипкөй редакциялоодон өткөрүлгөндөн кийинкиси автордун варианты катарында берилгендиктен айтуучунун оозунан жазып алынбай эле кесипкөй жазма акындын колунан чыкканга окшошуп турат.
Бизде да Сагынбайдын же Саякбайдын вариантынын негизинде "Манастын" жазма поэзиядагы жаңы вариантын жаратуу боюнча кесипкөй акындардын арасында конкурс жарыяланып, алардын ичинен тандалып алынганы чет тилдерге которулууга сунуш кылынса эң туура болмок. Орус адабиятында деле байыркы славян тилинен которулган деген шилтеме менен "Игордун кошуну жөнүндө сөздүн" адабиятташтырылган бир канча варианты жарыяланып, ошолор басылып, окутулуп, башка тилдерге которулуп келүүдө. Бизде деле Саякбайдын же Сагынбайдын же ж.б. айтуусундагы вариантты Ш.Дүйшеев, А.Рыскулов,Ө.Тиллебаев, Н.Калыбеков, З.Ажымаматов сыяктуу ж.б. таланттуу акындардын бири адабиятташтырып иштеп чыкса, ал эпостун окурмандарга жеткиликтүүлүгүн гана арттырмак.

(Уландысы 13-бетте)