"Кадрдын" кадыры

Шейшенбек Байзаков,
Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси:
"Мага "50 миң доллар берсең,
генералдык наам беребиз"- дешкенде, "пошли вы на хрен!"- дедим"
- Шейшенбек мырза, акыркы кезде сиздин дарегиңизге жана Жазаларды аткаруу башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө көптөгөн сындар айтылып келет. Сизди эмнеге минтип жеришип жатканынын чыныгы себебин өз оозуңуздан уксак болобу?
- Биринчиден, мени "мент" деп келишет, бирок ошол сөздүн чыныгы маанисин алар түшүнүшпөгөнү мени өкүндүрөт. Мент деген - "мой единственный настоящий друг"- деп чечмеленет да. Экинчиден, менин дарегиме, ишмердүүлүгүмө айтылган сындар суу кечпейт. Себеби, ал айтып жаткан айрым кемчиликтер Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгына менин келээрим менен эле пайда болуп калган жери жок, мага чейин эле болгон, болот жана келечекте да боло бермекчи. Идеалдуу эч нерсе жок экендигин баарыбыз билебиз. Бирок, ошол мага сын айткан адам кыла албаган иштерди мен кылып жатсам, аны көрө албай, ич күптүлүк менен ойду-тоону айтып жатат. Андыктан, мен анын айтканына терикпейм да, аны менен кайым айтышкым да келбейт.
- Кайсы кылган иштериңизди көрө албай жатышат?
- Мисалы, ал биздин борбордук аппаратыбыздын тегерегинин курчалышына каршы экен. Биз оңдоп-түздөп, жол жээктерине брусчаткаларды таштап, тегерегин темир тор менен курчап, көрктөндүрүп жатабыз. Ой, Кыргызстандагы бардык күч структураларынын борбордук аппараты курчалган, себеби анда толгон-токой курал-жарак бар, а эмне бизде жокпу? Бизде да бар, коопсуздугубузду ойлонушубуз керек. Анан театр кийим илгичтен башталат же кыргыздар "эшигин көрүп төрүнө өт"- демекчи, мунун ичин жасалгалап, кызматкерлердин көздөрү сүйүнө турган абалга келтирип койдук. Мындан тышкары, ар бир түзөтүү колонияларындагы мончолорду оңдоп-түздөп, анда өндүрүш иштерин жандандыра баштадык. Буюрса, анын жыйынтыктары жакында өзүнүн жемишин берет, азырынча ал тууралуу ооз ачпай туралычы. Ой кылынган алгылыктуу иштерди айта берсе, сөз түгөнбөйт. Эл аралык 15дей уюм менен иштешип, ар кандай долбоорлорду жазып, жүз миңдеген доллар грант алып, шарттарды түзүп жатабыз. Аны мен мактаныч иретинде эмес, жооп иретинде айтып жатам. Мунун баары коллектив менен жетекчиликтин тыгыз байланышынын, кызматташуусунун, тил табышуусунун натыйжасында ишке ашып жатат. Бирок, мындайлар кээ бирлердин түн уйкусун алып жаткандыгы мени өкүндүрөт. Ошол мага сын айтып жаткан адам ошондой эле акылдуу болсо, келип мага акылын айтсынчы, эгер ушундай эле табылгыс кеңештерди билдирсе, өзүмө кеңешчи кылып алайын.
- Жаңылышпасам, айрым кызматкерлердин үстүңүздөн арызданганынан улам, сиздин ишмердүүлүгүңүздү текшерүү боюнча комиссия да түзүлсө керек эле. Анын жыйынтыгы эмне болду?
- Ооба, айрым иштен алынган кызматкерлердин арыздарынан улам, бир комиссияны Ф.Кулов, экинчисин Д.Ниязалиева жетектеп, алар мыйзамды бузган эч нерсе табышкан жок. Себеби, жанагы арызданган кызматкерлер объективдүү себептер менен иштен алынышкан.
- Объективдүү себеп дегениңизди тактап кетсеңиз?
- Эми бири колонияга тиешелүү ондогон гектар жерди башка бирөөгө арендага берип салса, экинчиси темир-тезектерди сатып жиберген. Эми мындай кемчиликтерди четинен санай берсек болот. Мен мындайга унчукпай, көз жумуп кое албайм. Себеби, бир карын майды бир кумалак чиритип жибербеши үчүн, ошол кумалакты кесип ыргытып жиберүүнү туура көрөм.
- Сөзүбүздүн башында өзүңүздү "мент" деп жактырышпай жаткандыгын билдирдиңиз эле. Угушубузга караганда, мыйзамсыз четтетип салган деп, сиз менен айрым кызматкерлер соттошуп да жатыптыр. Жаңылбасам, сиз да Баткен УВДсын башкарып жүргөнүңүздө 24-марттагы революция болуп кетип, ИИМдин жетекчилиги менен соттошкон элеңиз. Анан өзүңүздү өзүңүз иштен айдаган кызматкерлердин ордуна коюп көрдүңүзбү?
- Мен жогоруда айтып өткөндөй, эч кимди себепсиз, негизсиз иштен алган жерим жок, алар одоно мыйзамды бузгандыгы үчүн кызматтарынан четтетилип отурат. Мени болсо, эч негизсиз эле иштен алышкан. Меники менен булардыкын салыштырып болбойт, эки башка абал биздики. Ошол 24-март окуясы болгондо, Кыргызстандагы облусттук башкармалыктарынын ичинен жалгыз Баткен УВДсы гана эч кимге берилбей, аягына чейин тургандыгын баса белгилеп кетким келет. Кийин депутат болуп келген И.Масалиев Ү.Сыдыковго бир барак кат жазып, өзүнүн небересин Баткен губернаторунун орун басарлыгына, дагы бир таанышын Кадамжай районунун акимдигине дайындап берүүсүн, ал эми Ш.Байзаковду тезинен иштен алуусун суранат. Эң кызыгы, кашаанын ичине (Байзаков в Баткене имеет громадный авторитет и может повлиять на общественно-политическое положение в области)- деп кошуп жазат. Ошонун негизинде мени иштен алып ташташат. Кийин бильярд боюнча турнир өтүп, ошол жактан И.Масалиевге жолугуп калганда, "мени мактап жазгандан кийин эмнеге иштен жогорулатуунун ордуна кайра алдырууга шаштың?"- деп сурасам, эмне деп жооп кайтараарын билбей, унчукпай калган. Ушул кезге чейин кокус бет келишип калсак, көзүмдү тике карай албай, жүзүн качырып, башка жол менен кетүүгө шашат. Кийин соттошуп жүрүп утуп алсам, мени ИИМдин алдындагы "Управление материально-тылового обеспечениеге" начальник кылышып, бирок мени иштен кетирүүнүн айласын билбей, аталган башкармалык менен финансы-чарба иштери боюнча башкармалыкты кошумуш этишип, мени кайрадан иштен алып салышат. М.Суталинов иштен алса, Б.Ногойбаев башкармалыкты кошуп жиберип жатпайбы. Кайрадан соттошуп, утуп алдым. ИИМдин коллегиясында кайрадан мени тааныштырышканда, мен өз сөзүмдү сүйлөп, иштен кетип калгам. Мен акыйкаттык үчүн соттошуп, андан утуп, өзүмдүн ак жерден күйгөнүмдү баарынын көзүнчө билдиргем.
- Мындай өжөр мүнөз кимден жуккан? Ата-энеңиздин тарбиясыбы?
- Тилекке каршы, атамдын тарбиясын, энемдин мээримин көпкө ала албай калдым. Эки жарым жашымда атам, алты жарым жашымда апам каза болуп, эрте эле жетим калдым. Ушундан улам, турмуш өзү мени өжөрлүккө тарбиялады окшойт. Төрт бир тууган элек, экөө да каза болуп калды. 10-классты окуп жүргөндө квартирага чыгып, курсагымды тойгузуу үчүн ар бир жекшемби күндөрү вагон жүктөп, акча тапкан күндөрүм болгон. Ошентип, турмуштун ачуусун да, таттуусун да, адамдын жакшысын да, жаманын да көрдүм. Көп нерсеге таң калбай да калдым.
- Балким, өжөр болууңузга ИИМ тармагында эмгектенип калууңуз да себеп болгондур?
- Балким, себеби Карагандадагы ИИМдин жогорку мектебине тапшыраардан бир жыл мурда эле самбо боюнча СССРдин спорт чеберлигин алган элем. Анан милицияда иштегенде да мүнөзүң өзгөрүп калат экен. Өзүм өмүр бою оперативдик иштерде иштеп, азыр санап көрсөм 2,500дөн ашык кылмыштын бетин ачыптырмын. СССРдин, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстан жана Молдованын оперативдик иштеги ийгиликтерим үчүн 43 жогорку деңгээлдеги медалдарын татыптырмын. Кыргызстандын көптөгөн райондорунун ардактуу жаранынын наамын алдым. Ал эми диплом, граматалардын чынын айтсам санын билбейт экенмин. Азыркы Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгын да (ГУБОП) ИИМде иштеп жүргөнүмдө өзүм түзгөм. Кыргызстандагы эң мыкты 5 опердин катарында болдум, А.Батукаев, Р.Акматбаев, Лимонти жана Баха деген кримавторитеттерге эч ким даай албай жүргөн кезде, эң биринчилерден болуп, аларды мен кармап, темир тор артына жапкам.
- Анан сиздин өмүрүңүзгө коркунуч туулган эмес беле? Сурайын дегеним, сизди коркутуп-үркүтүү болду беле деймин да?
- Ачык коркутуп-үркүтө алышчу эмес. Кудай канча өмүр берсе, адамдар ошончо жашайт көрүнөт. Себеби, кылмышкерлерди кармоодо же кармагандан кийин бир канча ирет өмүрүмө кол салуу болгон. Башымдан октор учуп, ал тургай өч алуу үчүн балта менен башка чапканга да аракет кылышкан. Бир жолу кышында баңги-зат менен бир наркоманды кармасам, колундагы наркотикти карга чачып жиберип жатпайбы. Ал кар менен аралашып калгандыгынан анализ алынбай, тиги жигит камалбай калат. Убакыт өткөндө наркоман эски таарынычын унутпай, мени кайтарып, ишимден чыгып келатканда караңгыда күрөк менен жаткыра чапкан. Жыйынтыгында, Улуттук госпиталда мээм чайкалып, 3 жума жаткам.
- Сиздин мындай жообуңуздан улам, менде бир суроо туулуп жатат. Эгер ИИМде ушунча жыл жалаң жетекчилик кызматтарда эмгектенип, айрым генералдар кылбаганды кылып, 43 медаль тагынсаңыз да эмне үчүн ушул убакытка чейин дагы деле полковник наамында жүрөсүз? Себеби, акыркы мезгилде эч кандай көзгө көрүнөрлүк эмгек кылбай, бир үй-бүлөнүн заказдарын гана аткарып, колдоруна суу куюп жүргөндөр генералдык наамдарга ээ болуп калышты го. Мындай көрүнүш Бакиев бийлик жүргүзгөн жылдары өзгөчө кулач жайгандыгы чындык. Ушинте берсек, генералдыктын да баркын кетирип албайбызбы?
- Эми бул суроону мага эмес, ошол генералдык наамдарды берген президенттерге берсеңиз жакшы болмок. Бирок, мен генералдык наам албасам да 11 жыл генералдык кызматтарды ээлеп жүрдүм да. Айтсак, ошол эле ГУБОПтун начальнигинин же Баткен облустук ИИБнин жетекчисинин кызматтары генералдык кызмат болуп эсептелет. Албетте, генералдыкты көзгө жакшы көрүнгөндөргө эле бере берсе, баркы кетпегенде эмне?
- Эмне 30 жылдан ашык карьераңызда генералдык наам берели деген сунуш такыр болгон эмеспи?
- Такап сурап калганыңыздан кийин айтып берейин. Бизде бийлик башына келген айрым адамдар ээлеген кызмат ордун бизнеске айлантып алышпадыбы. Мен Баткен УВДда начальник болуп турганда, мени менен президенттин айланасындагы адамдар байланышып, "50 миң доллар берсең, генералдык наам ыйгарабыз"- дегенде "пошли вы на хрен"- дегем.
- Азыркы ээлеп турган кызматыңызга кимдин колдоосу менен келип калдыңыз?
- Өткөн жылы апрель окуясынан кийин бийлик башына келген Убактылуу өкмөттүн жетекчилери алгач мени чакырып алышып, Баткен УВДсына жетекчи болуу сунушу менен кайрылышты. Мен барбайм десем, "Ош облустук милицияга начальник бол!"- дешти, андан да баш тартсам, "анда Ички иштер министринин түштүк региону боюнча орун басары бол!"- дегенде макул болдум. Аталган маселе чечилгенче, бийлик өкүлдөрү мени бул жакка дайындоону туура көрүп, Жазаларды аткаруу башкармалыгына олтургузушту. Болгону ошол.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен
Улан МАМБЕТОВ,
bloknot23@mail.ru