Саясат

Түзүм аныкталмайынча министрлер иштебейт
Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июнда мурдатан бүтпөй келаткан иштеринин көпчүлүгүн бүткөрүшүп, же бир күндө 50 гө жакын мыйзамдык актыны кабыл алышып, президентти шайлоонун күнүн аныкташып, боршайлоокомдун эки мүчөсүн шайлашып, экөөсүн кулатып ташташты. Бирок, өкмөттүн жаңы түзүмү жөнүндөгү премьер-министр Атамбаев сунуштаган долбоорду кароону күзгө калтырып, тарап кетишкендиктери өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына ылайык келбей турган туура эмес иш болуп калды. Ошондуктан КСДП , "Ата Журт", Ата Мекен" партияларынан шайланган бир катар депутаттардын парламенттин кезексиз сессиясын чакырып, Өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитип берүү жөнүндөгү сунуштарын, аларды аргасы кеткенде Жогорку Кеңештин спикеринин колдогондугу эң туура деп эсептейбиз. Ансыз деле эки ай эс алыша турган эл өкүлдөрү 7-8-июлда дагы эки-үч күнгө иштерин улантышып, өкмөттүн түзүмүн гана эмес, жаңы министрлерди да дайындап берип кетишсе абдан туура болмок. Анткени, реформаланат, жоюлат, бириктирилет, бошотулат деген сөздөр жараналанып, өкмөттүн токтому да чыгып калгандан кийин тезинен жаңы түзүм бекитилип, өкмөттүн жаңы курамы да дайындалуусу зарыл. Вицелерден тартып, министрлерге, ведомстволордун жетекчилерине чейин кетер катындай көңүлдөрү бузулуп, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарууга ынтаа кылышпастан "калабызбы, калбайбызбы" деген маанайда эки анжы болушуп, имиштерге кулактарын түрүшүп, интригалардан баштары чыкпай, колдоруна илингендерди сомкелерине, чөнтөктөрүнө тыгуу менен гана алектенип отура беришет. Кичине кызматтабы же чоң иште жүрөбү, айтор, жалпак тамандуулардын бардыгынын психологиялары ошондой. Эгерде маселе депутаттар жайкы каникулга тараганга чейин чечилбей турган болсо, күзгө чейин жаңы түзүм жөнүндө сөз кылбай кое туруу керек болчу. Долбоорду жарыялап, министрлердин баарынын маанайларын "чамадан" кылып салгандан кийин аны тезирээк аягына чыгаруу зарыл. Өкмөттө эки айга, мүмкүн үч айга чейин андай олку-солкулук болуп тура берсе, андан экономикабыз, социалдык жана уюштуруу иштери гана жабыр тартат. Анан президенттик шайлоого карата кампания башталып кетет да экономикалык жана чарбалык иштер үчүн быйылкы жыл да былтыркы жылдай эле өлөт. Быйылкы жылдын гана эмес келерки жылдын бюджетинин да тартыштыгы көбөйөт. Анда Кыргызстан экономикалык, финансылык системдик кризиске тушугуусу мүмкүн. Андай болбосун үчүн бүгүн чечилүүгө тийиш болгон маселелерди, биринчи кезекте аткаруу бийлигин бекемдөөгө байланышкан кийинкиге калтырбоо керек.





  Мыйзам баарыбызга бирдей

Жерди сатса башкалар сатып, жаманаттысы Филатовго калган жокпу?

Б ишкек жана анын айлана-тегерегиндеги жерлер акыркы жылдарда соода-сатыктын объектисине айланып, бул жерлер мамлекет тарабынан расмий сатылбаса да, жер бөлүштүрүү маселесине шаар бийлигиндеги эң үлкөн адамдарга чейин кол жылытып, чөнтөктөрүн толтуруп келгени эч кимге жашырын эмес.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаарынын экс-вице-мэри А.В.Филатов - вице-мэр жана жер участокторун берүү боюнча Бишкек мэриясынын комиссия төрагасы катары 2008(январь)-2010(апрель)-жылдардын аралыгында алдын ала ойлонулган кызматтык кылмыш ишине барганын аныктады. Тагыраак айтканда, Филатовдун колу менен борбор шаардагы жер участоктору оңго-солго берилип кеткен. Алсак, шаардын түштүгүндөгү Токомбаев(Масалиев)көчөлөрүнүн боюндагы, Тынчтык проспектиси менен Ала-Арча суусунун аралыгындагы жерлер -Бишкекти куруунун башкы планы боюнча жалпыга билим берүүчү мектеп түшүшү каралса да, вице-мэр А.Филатов мырза 2010-жылдын 15-январында бул жерлерди "ЭлитДомСтрой" фирмасына соода борборун долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу бөлүп берүү жөнүндө Бишкек мэриясынын мыйзамсыз токтомун токуп, мэрдин ордуна өзү кол коюп, уруп ийген. Ошентсе да, биз А.Филатовдун мындай ишке Бишкек шаарынын ошол кездеги мэринин тиешеси жок, өзү жалгыз барганына ишене албай турабыз. Себеби, кандай гана мекеме болбосун, жалпы кабыл алынган тартип боюнча бардык иш кагаздары жетекчинин колу аркылуу өтөт, жетекчи тийиштүү кагазга кол койбой калса да, эртеби-кечпи ал иш туурасында жетекчиге кайрылып, аны иш менен кабардар кылышат. Ал эми айрым учурларда, биринчи жетекчи иштин мыйзамсыз экенине жана кийинкиде анүчүн жооп берип каларын билген шартта, эртеси көрбөй-билбей калдым эле деп, четке чыга бериш үчүн өз орунбасарларын мыйзамсыз ишке түртүп, аларды кол коюуга мажбурлаган фактылар турмушта кездешпей койбойт. Демек, биерде прокуратура А.Филатов үстүнөн гана кылмыш ишти козгогон менен, бул ишти ал өзү жалгыз жасаганына ишенүү кыйын. Бул иште жок дегенде Бишкек шаарынын экс-мэринин унчукпаган макулдугу болгондур деген күмөн ой жаралбай койбойт.
Ошондой эле, А.В.Филатов кызмат абалынан пайдаланып, комиссия кеңешмесинин жалган протоколун пайдаланып, "Өзүмдүк турак-жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү" Бишкек мэриясынын токтомун чыгарган. Натыйжада Рысмендеев көчөсүнөн жети участок бөлүнгөн. Бишкек башкыархитектурасынын маалыматтары боюнча Бишкектин Ала-Арча суусунун боюндагы өзүмдүк турак-жай үчүн курууга бөлүнгөн жерлердин башкы архитектор тарабынан макулдашылган жана бекитилген оригиналы жок. Анысы ал, андан тышкары Чүй аймактык жогорку чыңалуудагы электр түйүндөр ишканасынын маалыматына караганда, бул жер участоктору курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой турган корголгон чөлкөмдө турат. Натыйжада, бир мыйзамсыз чечимдин айынан мамлекетке 9 млн. 428 миң чыгаша келтирилген. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Филатов А.В., Турсунбаев О.А., Айдаров Р.га КР Кылмыш кодексинин 305-2, 315-статьяларынын негизинде иш козголду.
Мыйзам баарына бирдей. Бишкек жана анын айланасынан мыйзамсыз жер участокторун бөлүштүрүү маселесинин күңгөй-тескейин териштирүү багытында "муз ордунан козголду" десек болот. Бул багытта прокуратуранын алпарып жаткан иши колдоого арзыйт. Бирок, бул иште кол койгон адамдар гана эмес, унчукпай макулдук берген экс-жетекчилер да жоопкерчилик тартса туура болмок деп ойлойбуз.
А.Бостон