Диктатордун кызы

Француз соту учурда Францияда жашап, 3 кызын төрөгөн Ислам Каримовдун кызы, Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү Лола Каримованы "диктатордун кызы" деп атады. Себеби буга чейин Лола Каримова Британиялык Rue8 басылмасын абийириме көө жапты деп сотко берген. Каримованын арызын караган сот канааттандырбай, тескерисинче Rue8 басылмасына жан тарткан чечим чыгарган. Ал эми неберелүү болгон Ислам Каримов сүйүнчүнү майлап жаткан чагы.

Бийлик Туйгунаалыны туйлатабы?
Кечээ БШКнын жаңы курамы төрага шайлоодо эки тарапка бөлүнүп, жыйынтыгы ит жыгылыш болуп жатып төрага шайлашты. Анда төрагалыкка көрсөтүлгөн Туйгуналы Абдраимов менен Ишенбай Кадырбековдун ортосунда таймаш болуп, Туйгунаалы 5, Ишенбай 4 добуш алышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз чыгып, Туйгунаалынын талапкерлиги 2-турда каралып, 8 мүчөсүнүн макулдугу менен төрага болуп шайланды. Бакиев маалында бир топ мыйзам бузууларга жол берген Туйгунаалы мырза, бул ирет да чуулгандуу шайлоонун чуулгандуу судьясы болгону калды окшойт.


Акылбек мырза саясаттан тажадыбы?
БШКнын учурдагы төрагасы Акылбек Сариев кечээ таң калыштуу билдирүү таратты. Анын айтымында өзү алган 54 добуш жаңы курамга мүчө болууга укук берет экен. Себеби ошол убакта залда 101 депутат катталгандыктан анын жарымынан көбү 51 депутат болот экен. Ал эми ошол күнү Акылбек Сариев шайланбасын деп чечим чыгарган Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек мырзанын айтымында мыйзамды билишпейт экен. Баарынан дагы таң калыштуусу, ошол учурда унчукпай залдан чыгып кеткен Акылбек мырза түштөн кийин, болгондо дагы эл өкүлдөрү каникулга тарап кеткенден кийин билдирип жатканы көп күмөндү жаратат. Ошондой эле Сариев БШКнын жаңы чогулган курамы мыйзамсыз иш баштап жатканын, мыйзамга ылайык эгерде БШКнын эски курамы шайлоо башталган чакта иш баштаса, анын мөөнөтү шайлоо аяктаганга чейин узартыларын, БШКнын курамына шайланган күндө дагы иштебей турганын билдирди. Учурда БШКнын эски жана жаңы курамынын ортосунда талаш-тартыш уланып, кырды-бычак болуп жаткан чагы.


Парламент 8-июлда кезексиз отурумга чогулат
30-июнда Садыр Жапаров менен кайым айтышууга шылтоолоп күтүүсүздөн жыйынды жаап салган төрага Ахматбек Келдибеков 43 депутат кайрылганына байланыштуу парламенттин кезексиз сессиясын өткөрүү боюнча тескеме чыгарды. Ага ылайык Президент тарабынан парламент кароосуна жөнөтүлүп, бирок өтпөй калган 2 талапкерди кайрадан кароо, Сотторду тандап алуу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо боюнча маселелер каралат. Парламенттин акыркы жыйынынан соң, маалымат жыйынын өткөргөн Ахматбек Келдибеков ошол күнү кечке маселе улана бермектигин, талаш-тартышты токтотуу зарыл болгонун айтып, эми кезексиз сессияда маселе чечиле турганын айткан. Кыязы күтүп жаткан дасторконду кыя албай ачуусуна шылтоолоп гимнди ырдатып жи бергенине өкүнүп жаткан окшойт.


Камбаралы Конгантиев сот болобу?
Парламенттин акыркы жыйынында танапис учурунда депутаттарды ары-бери колтуктап бирдемелерди шыбырап, кадимки Акаев-Бакиев заманынын жоокери, Молдомуса Конгантиевдин бир тууган агасы Камбаралы Конгантиев жүрдү. Буга чейин аркалаган башпрокурорлук кызмат алымсындырбай жаткан окшойт, бизге жеткен маалыматтарга ылайык, соттордун бирине шайлануу амалын издеп жердеш депутаттарынын эшигин каккылап, чай ташып жүрөт дейт. Эгерде Камбаралы акебиз сот болсо, анда кайдагы акыйкаттык тууралуу кеп кылабыз? Бакиевчилер батальону каптап келе жатат десе ишенбейсиңер.


Түркия Ливиянын козголоңчу өкмөтүн тааныйт
Түркия Ливиядагы Каддафинин режимине каршы чыккан козголоңчулар түзгөн өткөөл улуттук кеңешти тааныгандыгын билдирип, Триполидеги өз элчисин чакырып алуу менен Каддафинин бийлиги менен өз мамилесин таптакыр үзгөндүгүн жар салды.Бул тууралуу РИА-Новости агенттиги жазып чыкты. Анда жазылган маалыматтарга караганда мындай чечимди 3-июлда Бенгазиге болгон сапарында Түркиянын Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу билдирген. "Ливия талкаланбашы керек. Каддафинин кетиши керек болгон убакыт келди. Ошондуктан биз өткөөл улуттук кеңешти расмий бийлик катары тааныйбыз" - деп билдирди Түркиянын Тышкы иштер министри. 27-февралда түзүлүп Ливиянын мурунку Юстиция министри Мустафа Мухаммед Абдель Жалил жетектеген өткөөл улуттук кеңешти буга чейин бир катар Европа өлкөлөрү тааныган эле.


Ай чырайлуу Чинават Таиланддын премьери болот
Таиландда 3-июлда болуп өткөн парламенттик шайлоолордо оппозициячыл "Пхыа Тхаи" партиясы жеңишке жетишти деп билдирет Associated Press агенттиги. Анда айтылган маалыматтарга караганда бюллетендердин 98 пайызы саналган соң күч менен бийликтен кетирилген өлкөнүн мурдагы премьер-министри Таксин Чинаваттын карындашы жетектеген Йинглак Чинаваттын "Пхыа Тхаи" партиясы 500 мүчөлүү парламенттен 264 орун алуусу күтүлөт. Ал эми өлкөнүн учурдагы премьер-министр Апхисит Ветчачиванын Демократиялык партиясы парламенттен 160 орунду алышы мүмкүн. 2008-жылдан бери премьер-министрлик кызматты ээлеп келген Апхисит Ветчачива шайлоодо өзүнүн жеңилгендигин моюнуна алды. 44 жаштагы Йинглак Чинават эгер өкмөт башчылыкка бекитилсе, өлкөнүн тарыхындагы биринчи аял премьер-министр болот. Бул парламенттик шайлоолор 2010-жылдагы өлкөдөгү толкундоолордон соңку биринчи шайлоо болгондугу менен да маанилүү. Йинглак Чинаваттын жетектеген толкундоолордо 90дон ашык адам каза болгон. "Пхыа Тхаи" партиясы "Таиланд улуттук өнүгүү" партиясы менен коалиция түзөөрүн билдирип, учурдагы бийлик учурунда куугунтукталды деген бир топ саясатчыларга мунапыс тааный тургандыгын убада кылды. Бул саясатчылардын арасында Йинглак Чинаваттын агасы, өлкөнүн мурунку өкмөт башчы, учурда чет өлкөлөрдүн биринде качып жүргөн Таксин Чиноват да бар болушу мүмкүн.