Араб өлкөлөрүндөгү
революцияларды даярдагандар
Россиянын атайын
кызматтары
революциялардын сырларын ачышты
Араб өлкөлөрүндөгү , маселен Тунистеги, Египеттеги, Ливиядагы, Сириядагы, Иорданиядагы ж.б. жарандардын бийликтегилерине каршы нааразылык митингдерине чыгып, алардын кагылышууларга айланып, айрым түшпөс хандар бийликтерин таштап качууга аргасыз болушса, Ливияда масштабдуу жарандык согушка айланып кетүүсү экономикалык, социалдык маселелерге байланышкан ( айрым араб өлкөлөрүндөгү социалдык коргоолор Батыштагы өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн күчтүү экендиги тууралуу мурдагы макалаларыбызда айтылган) стихиялуу көрүнүштөрдөн эмес экендиги, алардын артында Батыштагы бир катар мамлекеттердин атайын кызматтары жана финансылык ресурстары тургандыгы жөнүндөгү божомолдор мурда эле айтылып келген. Тургундары дайыма консервативдүүлүктөрү, саясый жагынан аябагандай пассивдүүлүктөрү жагынан айрымаланышкан өлкөлөрдө доминолук принципте саясый, куралдуу козголоңдордун тездикте уланып кетүүсү кимде болбосун шек туудурбай койгон эмес. Араб өлкөлөрүндө экономикалык, социалдык жана конфессиялык түйүндүү маселелер аз эмес, бирок алардын көпчүлүгүндөгү элдин орточо турмуш деңгээли, социалдык жактан коргоо чаралары постсоветтик мейкиндиктеги гана эмес, Батыштагы айрым мамлекеттердикинен жогору экендиги айныксыз фактылардан.
Жакында Россиянын айрым маалымат каражаттары өткөн кылымдын аягынан берки дүйнөдөгү , анын ичинде мурдагы Союздагы жана постсоветтик мейкиндиктеги "бархаттык", "кедрдик" , "жоогазындык" ж.б. революциялардын бардыгынын сценариялары АКШнын атайын аналитикалык борболору тарабынан даярдалып, алар тарабынан каржылангандыгын документалдуу фактылар аркылуу маалымдашты. Андай маалыматтардын журналисттер тарабынан кокусунан табылгандыгына ишенүү кыйын, анткени, алар журналисттердин колдорунан келе турган иш эмес, андай "табылгалардын" артында Россиянын атайын кызматтары тургандыгы, алар АКШнын Россияга каршы багытталган жашыруун кутумдук иштерине каршы превентивдүү чараларды көрүү максатында маалыматтык профилактикалык иштерди башташкандыктары ачык эле байкалып турат.

Революциялардын
сценарийлери кай
жерде даярдалган?
Россиянын ЖМКларынын билдиргендерине, айрым компетенттүү адистеринин ырастоолоруна ылайык, постсоветтик мейкиндиктеги жана Араб өлкөлөрүндөгү "бархаттык" революциялардын бардыгынын сценарийлери АКШнын ишкердүүлүк институту деген жөнөкөй аталышта болгон менен дүйнөдөгү Микрософт, Чеурон, Ексон Мобайл, ЕйТиТ сыяктуу экономикалык жана финансылык киттери тарабынан каржыланып, дүйнөгө демократиялык принциптерди жана баалуулуктарды таркатуу боюнча стратегиялык милдеттерди жана максаттарды пландаштуруучу уюму тарабынан даярдалып, атайын кызматтардын каржылык колдоолору аркылуу жүзөгө ашырылыптыр. Ал уюмда ага илимий кызматкер деген жөнөкөй кызматты ээлеген менен иш жүзүндө институттун негизги идеологу жана революциялардын архитектору катарында эсептелген, мурда АКШнын экс- президенти Дж.Буш-улуунун кеңешчиси болсо, кийин Дж.Буш- кичүүгө жашыруун маалыматтарды даярдап берип жүргөн, Ирактагы согуштун башталышында аябагандай чоң рол ойногон, азыр экс-вице-президент Чейни менен бирге иштеген Майкл Ледин деген илимпоз-аналитик болуп саналат дешет. "Кызгылтым" революциядан кийин Украинанын президенти болгон Виктор Юшенконун экинчи аялы Кэтрин-Клэр Чумаченко мурда Лединдин кол алдында иштеп кеткен экен. Ал мындан беш жыл мурда өзүнүн программалык документтеринин биринде "11-сентябрдан кийин революция шыдыр Оооганстанга киргизилди. Анан Иракка өттү. Украинаны бошотконго бир канча убакыт талап кылынды. Бейруттагы "кедрдик революция" Ливандагы Сириялык марионеткаларды кулатты. Бул процесс дагы тездетилүүсү , ага тиешеси бар адамдарды биз мүмкүнчүлүгүбүз жеткендердин бардыгы менен, негизинен саясый өңүттө, анан каржылык, маалыматтык жактардан колдообуз керек" деп жазган экен. Ал жазгандардын чындап эле жүзөгө ашырылып жаткандыгын Африкадагы, Азиядагы окуялар көрсөтүп жатат.

Кийинки
максаттары
эмнеде?
Ледин жетектеген стратег-аналитиктердин жакынкы максаттары Африкадагы өлкөлөрдө аз кан төгүүлөр менен түшпөс хандарды кетирип, демократиялык принциптерди бекемдөө болсо, андан кийин Иранды ичинен бузуп, жаруу, ал ишке ашпаса, Иракка каршы АКШ "Саддам Хусейн Нигериядан уран сатып алып, ядролук программаны ишке ашырганы жатат" деген шылтоо менен согуш ачкандай бир шылтоо менен Иранга согуш жарыялап, аятоллалардын, антиизраилчи ислам фундаменталисттеринин бийликтерин жок кылып, алардын ордуларына батышчылдарды алып келүү экен. Андан кийин институттун көз карандысыз мамлекеттерди ичтен жарып, бузуп, демократиялаштыруу боюнча күч аракеттери Борбордук Азиядагы айрым өлкөлөргө, анан Россияга багытталат. Бул жагынан биз чочулабасак болот, анткени революциялардын "пландарын" ашыгы менен аткарып, кыргызча айтканда терибизди жаңыртып алдык. Бирок, Борбордук Азиядагы кошуналарыбызды, Россияны, эгерде саясый кырдаал эле күтүлбөгөндөй өзгөрүп кетпесе, жакынкы жылдардын ичинде чоң сыноолор күтүп турат. Анткени, монолиттей деп эсептелген Египеттеги, Сауд Аравиясындагы саясый абалдарды солкулдатып, ичтен бузуп-жарып жибергендер үчүн Борбордук Азиядагы өлкөлөрдө перманенттүү өңкөрүш-төңкөрүштөрдү жаратып жиберүү өзгөчө кыйынчылыктарды деле жаратпайт. Сырттарынан билдирбеген, бул маселе аларды тынчсыздандырбагандай түр көрсөтүшкөн менен Россиянын жетекчилери ичтеринен андан сөзсүз кооптонушууда. Бузуп-жаруучу идеологиялык, диверсиялык иштер долларлык допингдер менен коштоло турган болсо, андай көрүнүштөрдүн алдын алып, аларга каршы бөгөт коюу эң эле кыйын боло тургандыгын алар эң мыкты түшүнүшөт. Мурдагы Союздун күтүлбөгөн жерден кыйрап калуусу, андан кийинки "бархаттык" революциялар аларга сабак болбой койгон жок.
АКШнын стратегдеринин, аналитиктеринин эңсегендери, көздөгөндөрү күндөн күнгө экономикалык жана аскердик жактан күч алып, өздөрүнө №1-атаандаш болуп бара жаткан Кытайды Батыштык стандарттардын негизинде демократиялаштыруу, ал ишке ашпаса ичтен бөлүп-жаруу. Бирок, батыштык стратег-аналитиктер аны ишке ашырса боло тургандыгына өздөрү да толук ишене беришпейт, анткени кытайлыктар таптакыр башка менталитеттеги жана философиядагы адамдар. Аларды сырттан киргизилген модалуу идеялар менен козгоо абдан кыйын. Ал демократиялык принциптер менен ооругандар үчүн булуттан да жогору тургандай стратегиялык бийик максат. Бирок, андай стратегия, аны жүзөгө ашыруудагы потенциалдуу кыйынчылыктар көңүлдөрүндө болгон менен тактикалык маселелерди ийгиликтүү чечип жатышкандыктары чындык.

Папан Дүйшөнбаев