Ата-мекенчилерден ырк кетти
"Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" дегендей эле болуп жатат. "Ата-Мекен" фракциясынын ичиндеги интригаларды, чач жулмай, бет тытмайларды канчалык жашырбайлы, капка каткан шибегедей болуп оркоюп чыгып жаткан чагы. Буга чейин айтылуу Манас чыры боюнча Карганбек Самаков менен Өмүрбек Абдрахмановдун ортосунда от тутанса, ага чейин желек чыры боюнча "өзүң больницага көрүн" маанисинде Текебаев менен Самаковдун ортосунда кайым айтышуу болгон. Ара-чолодо Болот Шердин "партжыйынды Манас айтуу менен ачалы" деген сунушуна Өмүрбек Абдрахманов каршы чыгып, анда бир булкунуп алышкан. Эми кечээ жакында фракция жыйынында Өмүрбек Абдрахманов менен Өмүрбек Текебаевдин ортосунда кайым айтышуу уланып, атырылган Абдрахмановдун бир билгени бар окшобойбу, дароо эле сөөмөй кезеп: "Керек болсо, мен сенин былыктарыңдын баарын айтам" деп опурулганы жөн эмес дешет талдоочулар. 20 жылдан бери саясатта тайманбай келе жаткан Текебаевди жолдон адаштырчу Абдрахманов бекен деп, ага жан тарткандар Абдрахмановго тиш кайрап, айтор кызык эле болуп жатат. Ал ортодо партиялаштарынын колдоосунан ажырап баратканын сезген Өмүке Камчыбек Ташиевге жан тарткан билдирүүлөрдү жасай баштады. Кыязы Жалал-Абадды колго алайын десе керек. Антсе да Текебаевдин жердештери "Буга чейин өз жердештеринен колдоо таппаган неме кимди жыргатмак эле. Биз Текебаевди колдобойбуз" деп баштагы жообун берип турганы. Ал эми партиядан жалгыздап кеткендердин санында чек жок.


Куловдун сары ооз балапандары
Өткөн аптада депутат Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, ичиндеги бир топ кайнаган бугун чыгарууга аракет жасаганы менен чекисттик ыкмасына салып, суроо-жооптордон оңой-олтоң буйтап кетти. Баарынан кызыгы, бир кезде сүйлөшпөй туруп коалицияга жулуна чуркаган 10 тентек депутатты уядан учуп чыгып, кайра кайтып келген сары ооз балапанга теңеди. Бул ирет да коалицияга кирүүдө жолу болбой калган Кулов "Ата-Журттун" лидерлеринин чыгыш ыкмасындагы куулугуна баш чайкап гана тим болгонун айтып, өзүнүн урап бараткан эски дубалдай болгон партиясынын ичинде тартип бекем дегендей сыр бербей зыңкыйып алды.


Сариевде эмне өчүңөр бар?
Акыркы убакта БШК төрагасы Акылбек Сариевге доомат арткандар көбөйдү. Кечээ депутат Өмүрбек Абдрахманов Президентке "Эгерде Акылбек Сариевди БШК курамына көрсөтчү болсоңуз, анда жыйында айтып чыгам" деп опузалаган кат жөнөтүптүр. Өмүрбек мырзанын жүрүштөрүнө такыр түшүнүп болбойт. 2006-жылы Рысбек Акматбаевге шайлоого катышууга уруксат берген, анын депутаттыкка шайланышына жол ачкан Туйгуналы Абдраимовдун толгон-токой былыктарын унутуп калган Абдрахмановго баракелде! Болбосо кол коюла элек мыйзамдын негизинде БШК мүчөлөрүн шайлаган эл өкүлдөрү Акылбек Сариевдин өткөргөн шайлоосу менен "Ата-Журт" баш болгон оппозициялык партиялар жеңишке жетишип, калыс шайлоо болгонун унутуп коюшкандары кызык. Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрөт деген ушу эмей эмине...


Атажуртчулардын максаты эмне?
"Ата-Журт" фракциясында анда санда шефтеринин уруксаты менен үн катып коймою бар Надира Нарматова деген чала акценттүү чийме каш депутат айым бар. Тээ февраль айында Президенттин указы менен түзүлгөн концепция иштеп чыгуу боюнча комиссиянын төрайымы болуп Нарматова шайланган. Канчадан бери концепция жазып жатат дегенинен көпчүлүгү: "Бул айым дагы кыйын окшойт, концепцияны оңой киши жазабы?" деп алкап жатышкан. Кечээ жакында даяр болгон концепциянын долбоорун окуп көрүп, Казакстандагы "Акжол" демократиялык партиясынын Назарбаев жаратпай салган улутчул мүнөздөгү концепциясынын көчүрмөсү экенин байкагандар дароо сын айта башташты. Эске сала турган болсок, кечээ жакында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курултайында жалпы өнүгүү концепциясы кабыл алынып, аны жалпы эл аралык коомчулук таанып баштаган чакта парламент аркылуу мындай улутчул мүнөздөгү шашылыш концепцияны бирөөдөн көчүрө калып, жалпы жыйынга алып чыгам деген атажуртчулардын максаты эмне экенин өздөрү эле түшүнбөсө, боолголоо кыйын. Баарынан да аны көргөн казак боорлорубуз башка жагы менен күлбөсө экен деп биз турабыз.


Андаш жабылды
Өткөн жумадагы парламент отурумунда "Андаш" алтын кени боюнча түзүлгөн депутат Кожобек Рыспаев баш болгон комиссия Таласка барып изилдеп келишкендиги боюнча корутундуну депутаттарга көрсөткөндөн кийин баарына түшүнбөй эле баш ийкегенди модага айландырган эл өкүлдөрү бир добуштан кенди жабуу чечимин кабыл алышты. Бул маселеге соавтор болгусу келдиби, же таластыктарга экрандан мактанып алайын дегениби айтор хирург Сабыр Жумабековдун иниси Дастан Жумабеков дароо ортодогу микрофонго чыга калып: "Мен комиссияны колдойм, жабыш керек, жабыш керек!" деп муштумун көтөрө ызырынып кыйкырып алды. Кыязы "Андаш" кениндегилер ачуусуна тийип коюшкан окшойт.


Максимдин марионеткалары парламентке көгөндөлдү
Акаевдин маалында Адиль Тойгонбаевдин, Бакиевдин убагында катуу чыгып кийин Максимдин карамагына өткөн КООРТ телеканалы 5-канал деген ат менен жарк этип чыкканы менен тили буруулардын каналына айланып, Максимдин саясатын жүргүзүп келген. 2010-жылдын 7-апрелинен баштап 180 градуска өзгөрүп, өздөрүнүн мактап келгендерин кайра боктоп, эки жүздүүлүгүнөн УӨнүн улутташтыруусуна тушугуп, көптөн бери тагдыры арсар болуп турган 5-каналды кечээ депутаттар бир добуштан менчиктеп, парламентке чүлүктөштү. Эми депутат аттуунун баары эшигин тээп кирип, "Майдан" берүүсүнөн бакылдап калаары айтпаса да түшүнүктүү.