Май куюучу жайдын
коомго тийгизген зыяны

Ш аардын ичинде күндөн күнгө адамдардын ден соолугуна зыян алып келген май куюучу жайлардын көбөйүп жаткандыгы ар бир адамды тынчсыздандырбай койбойт. Ошолордун бири катары биз Бишкек шаардык №4 -бейтапкананын жанында жана эл жашаган жерлерге жакын салынган май куюучу жай адамдарга канчалык коркунуч алып келээри тууралуу медицина илиминин доктору Жаныш Сулаймановго суроо салдык.

Жумагүл Кубатбекова, Азык-түлүк дүкөнүнүн
сатуучусу:
- Ооба, бул жерге май куюучу жай салынып жатканда жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан. Бакиевдин бийлигинин тушунда биздин оюбузду укмак тургай, жандарына жакын жолотпой койгон. Жагымсыз жыттар чыкканы аз келгенсип тегерегиндеги арчалар, бак-дарактар саргайып куурап баратат.

Рустамбек Ботобаев,
шаар тургуну:
- Карапайым элдин колунан эмне келет? Биз убагында каршы чыкканыбызга карабай эле салып алышты. Убагында жапжашыл сейил бак эле жаш балдар футбол ойноп, а биз болсо, жайдын ысык аптабында үй- бүлөбүз менен эс алып олтуруп калчубуз. Азырчы тонналап май куйганда адам чыдагыс жыт чыгат. Жадагалса кир жууп жайып койсок, бензин жыттанып калат. Ошондуктан кирди кечкисин жууп, эртең менен эрте аба таза кезде алганга аракет кылабыз.

Гүлнура Чыныбаева
шаар тургуну:
- Жыты баштагыга караганда көп билинбей көнүп калдым. Кудай сактасын (анын бетин ары кылсын. Тфу-тфу...) Менин коркконум эле кокус кырсык болуп жарылып кетсе эмне болот? - деген ой келе берет башыма. Же өрт чыгып кетсечи? "Сактансаң, Кудайым сактайт" - дегендей. Кырсыктын да алдын алыш керек да. Буту-колдору сынган бейтаптар жата турган оорукананын жанына, элдердин үйүнө жанаштыра салганга ким уруксат берди? Бишкек шаарынын мэри ушул мыйзамсыз ачылган май куюучу жайлардын бардыгын кайра карап чыкса жакшы болот эле. Элди да ойлош керек да, акчанын айынан баарын садага чаба бербей.

Элиза Сагынбек кызы
Бишкек шаарынын
тургуну:
- Негизинен коомдук жайларда деги эле элдер көп жүргөн жерлерде май куюучу жай жайгашканга болбойт да. Кокустан кырсык болуп кетсе экономикалык жактан, моралдык, материалдык жактан да жабыр тартабыз. Бул жерде бир эле адамдын өмүрү кеп болуп жаткан жок. Ошол май куюучу жайга жакын жайгашкан үйлөр, мекемелер тамаша эмес да. Адамдын өмүрүн да тобокелге салышабы. Жаандан кийинки козу карындай токтомок тургай кадам сайын салынып, элдин үрөйүн учурмай болушту.

Султанбек Кучкачев
Бишкек шаарынын
тургуну:
- Советтер союзунун тушунда мындай кооптуу деп эсептелген жайлар элден обочороок жерге салынчу. Айрыкча жайдын аптабында өтө коркунучтуу экен. Эл арасына салганга катуу тыюу салгандын ордуна, карыш сайын салып жатышат. Качан биздин акчасы көп атка минерлер мындай кайдыгерликтерин токтотушат болду экен.

Лариса Сон, Бишкек
шаардык башкы
архитектурасынын
жетекчисинин орун
басары:
- Коомдук жайлардан май куюучу жай канча метр алыстыкта жайгашыш керек?
- Негизинен май куюучу жай 50 метр алыстыкта болууга тийиш.
- Төртүнчү шаардык бейтапкананын жанындагы май куюучу жай сиздер тараптан бөлүнүп берилди беле?
- Мэрия тарабынан чечилгенден кийин гана биз жерди бөлүп беребиз. Ал эми №4-бейтапкананын жанындагы май куюучу жай Бишкек башкы архитектурасынын мурдагы башчысы О. Турсунбаевдин убагында салынган.
Биз Лариса Сонду иш ордунан таба албагандыктан телефон аркылуу байланыштык.

Даярдаган
Нургүл Раисова,
Жылдыз Джускембаева