Ибрагим Жунусов,
Вице-премьер
министр:
"Жакында маданият
министрлигинин аты өзгөрөт"
- Ибрагим мырза, 50 жаш кутман курагыңыз кут болсун!
- Рахмат
- Мугалимдердин, врачтардын, маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 2,5-3 эсеге көбөйтүлөт деп өкмөт катуу сөз берди эле, эмнегедир иш жүзүндө андай болбой калды. Тескерисинче, айрым маданият кызматкерлерибиздики азайып кетти. Мугалимдер да айтылган суммадан бир топ төмөн алышыптыр. Мунун себеби эмнеде?
- 90 пайыздан ашыгы берилген убада боюнча эмгек акыларын алды. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам катачылык кетип 10 пайызы гана туура эмес берилиптир. Ал үчүн Маданият министри, Билим берүү министри да сөгүш алышты. Стат катчы кызматынан кетти. Кыргызстанда 18 миң маданият кызматкери болсо, анын ичинен 26 адамдын маянасы азайып калыптыр. Бирок, Эл артисттерибиз кошумча айлыктары менен чогуу эсептеп, мисалы 13-15 миңден маяна алгандары колубузга 46 миңдей алабыз деп ойлошуптур. Окладдын өзүн гана эсептегенде бардыгы эле туура алышты. Эл артисти деген наамы барлардын 100%дык кошумча айлыктарын кыскартканбыз. Алар мурда катардагы артисттерге караганда алда канча көп алышчу эмес беле. Учурда алардыкын да кайра карап чыгып, мүчүлүштүктөр кеткен болсо, тез арада чечилет. Ал эми жанагы техникалык катачылыктар жергиликтүү бухгалтерлердин чабалдыгынан кетти. Айрымдары атайын семинарга келип, уктап олтургандары да болуптур.
- Жакында эле этникалык концепция кабыл алынды. Анда мамлекеттик тилди жеткиликтүү колдонуу өзгөчө белгилениптир. Президентибиз "бардык мектептерде башталгыч класстар толугу менен кыргыз тилинде окутулат"- деп белгиледи. Бул жакшы саамалык качан ишке ашат?
- Кыргыз тил маселеси Кыргызстанда көп жылдардан бери көйгөйгө айланып келүүдө. Ошондуктан башталгыч класстарды мамлекеттик тилде окутуу боюнча учурда мамлекеттик стандарттар иштелип чыгууда. Мисалы, кайсыл сабактар кыргызчага которулушу керек мунун баары дыкат чечилиши керек. Кудай буйруса жакын арада ишке ашыралы деп болгон аракеттерибизди көрүүдөбүз. Ал эми Президенттин администрациясында, Өкмөттүн аппаратында, Жогорку Кеңеште бардык иш кагаздар кыргызчага өттү.
- Министрликтерде байкалбайт го...
- Мисалы кайсыл? Сиздер да бизге жардам берип "баланча министерство" - деп билдирип койсоңуздар биз текшеребиз. Жада калса жардамчыларыма атайын тапшырма берип, бардык министерстволордун кабылдамаларына кыргызча телефон чалдырып текшерттирип жатам. Мурдагыга караганда кадыр эсе оңолуп калды. Биз кыргыздар, өзбектерден, орустардан талап кылгандан мурда өзүбүз кыргызча сүйлөшүбүз керек. Кыргыз тилинин душманы эч качан кыргыз болбоого тийиш.
- Жазуучулар Союзуна мурда президенттин фондунан каражат бөлүнүп турчу эле. Учурда жазуучулар имаратыбыз жок талаада калганыбыз аз келгенсип, каражат да бөлүнбөй калды деп нааразы болушууда?
- Жазуучулар союзу Маданият министрлигине жакын болгону менен алар коомдук уюм катары эсептелишет. Ошондуктан өз киндиктерин өздөрү кесет. Таптакыр эле көңүл сыртында да калтырууга да болбойт. Жазуучулар союзуна да, Композиторлор союзуна да жардамдар берилет. Жакында Маданият министрлигинин аты өзгөрөт. Демек, алдыда чоң жаңылыктар, жаңылануулар бар.
- Жакында Ош шаарына жасаган сапарыңыздын биринде "Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты менен жолугуп, алардын арыз-муңун президентке айта барам"- деп, Ибрагим мырза сөзүнөн жаңылды деген жаңылыктар жарык көрдү. Чын эле ошондой болдубу?
- Чындыгында мен Өзбек - Кыргыз университетинин жамааты менен жолуккан эмесмин. Мага университеттин ректору телефон чалып, айрым маселелер боюнча кайрылган. "Кереги жок факультеттерди да ачып алыптырсыңар, ал факультеттерди башка тиешелүү университеттерге которгула"- деп тапшырма бергем. Азырынча аткарыша элек. Мен өзүмдүн кол алдымдагы Жогорку окуу жайларынын маселесин Отунбаевага айта барам дебей эле өзүм чечим кабыл алмакмын да. " Ибрагим Жунусов жардам бергенге ынтызар десем, интернетке бурмаланган маалымат тарап кетиптир"- деп, аталган университеттин ректору мага кат жөнөттү.


Маектешкен
Айпери Кеңешбекова




  Экономика

Бюджеттин
абалы кандай?

Ж огорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өкмөт үйүндө республиканын бюджетинин өткөн жылдын беш айында аткарылышы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, төмөндөгүлөргө токтолду.

Таңсыктык 289 миллион
сомго азайды
Жапаровдун айтуусу боюнча, бюджеттин өткөн беш айда аткарылышын негизинен канааттандырарлык деп баалоого болот. Анткени, кирешелер боюнча пландаштырылгандар ашыгы менен аткарылып, таңсыктык 289 миллион сомго азайды. Албетте, бул 21,8 миллиард сом таңсыктык үчүн 289 миллион сом сезилерлик сумма эмес, бирок кичине да болсо жылыш. Эгерде республикабыздагы ири чарбалык субъектилердин бардыгы өздөрүнүн бюджеттик төлөмдөрүн так аткарышканда бюджеттин тартыштыгы кескин азаймак.

Жашырылган 9 миллиард
194 миллион сом
Жогорку Кеңештин аталган комитети Өкмөт менен биргеликте бюджеттин таңсыктыгын толуктоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөгү, чараларды көрүүдө. Жакында Комитеттин, Өкмөттүн тапшыруусу менен Эсептөө палатасы ири акционердик коомдорду текшерип, ири 8 чарбалык субъект мамлекеттин үлүшүнө тийиштүү акциялардын жалпы суммасы 9 миллиард 194 миллион сомдук дивиденддерин жашырып коюшкандыктарын аныктады. Алсак, 2010-жылдын 1-январына карата "Кыргызалтын" АКсы мамлекеттин үлүшүндөгү акциялардын 6 миллиард 454 миллион, эл аралык "Манас" аэропорту АКсы 1 миллиард 603 миллион, "Телеком" АКсы 625 миллион, "Бишкек жылуулук тармагы" АКсы 300 миллион, РСК банк" АКсы 302 миллион, "Кыргызстан аба жолдору" АКсы 133,1 миллион, "Учкун" Аксы 26,5 миллион, "Кыргызнефтегаз" АКсы 14,9 миллион сомдук дивиденддерин төлөшкөн эмес.
Бул каражаттар толугу менен бюджеттики. Алар өткөн жылы эле боюджетке которулушу керек болсо, алиге чейин которулган эмес. Эгерде аларды Эсептөө палатасы таап чыкпаганда биротоло жашырып, чыгымдап жок кылып жиберишмек. Ал акчалар азыр аталган акционердик коомдордун жетекчилеринин кызыкчылыктары үчүн ар жактарда айландырылып жатуусу да мүмкүн. Бюджеттин тартыштыгы анын төрттөн бирин түзүп жатканда, эмне үчүн мынчалык ири суммадагы каражаттар көз жаздымда калган?

Бюджеттте ачыктык жок
Жапаровдун айтуусу боюнча, бюджетти түзүүдө жана чыгымдоодо ачыктыктын жоктугунан ушундай көрүнүштөр орун алууда. Алсак, "Опен вудгет индекс" деген эл аралык көз карандысыз уюмдун 2010-жылдын отчетундагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстан бюджеттин ачыктык боюнча 100 упайлык индекстин 15 упайына гана ээ болуп, Ооганстандан да артта калган. Казакстандын бюджетинин ачыктыгы 38, Россияныкы 60 упайга бааланган. Же биздин бюджет ачыктыгынын деңгээли минималдуу же нөлдүк деп эсептелген топтогу дүйнөдөгү 22 өлкөнүн катарына кирет. Алардын көбү Африкада, жакынкы Чыгышта жайгашкан.
Бюджетти түзүүдө бардыгы болуп 8 документ даярдалып, үч этапта кабыл алынат. Бирок, алардын эмне деген документтер экендигин элдин көбү билишпейт. Элдин көбү бюджетти каражаттарды бөлүштүрүү деп гана түшүнүшөт. Бюджеттик саясаттын милдети- социалдык милдеттенмелерди аткарып, эл чарбасын өнүктүрүү гана эмес, каржыларды натыйжалуу башкаруу боюнча ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү, фискалдык саясатты турукташтырып, салыктык базаны кеңейтүү, мүмкүнчүлүктөр менен аларды натыйжалуу пайдаланууну балансташтыруу, социалдык төлөмдөрдү реформалоо, бюджеттер аралык мамилелерди бекемдөө да болуп саналат.
Бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн Өкмөт ай сайын аткарган иштеринин отчетторун жарыялап туруусу керек. Расмий отчеттор менен бирге көз карандысыз отчетторду, жөнөкөй адамдарга түшүнүктүү болуш үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тилде жазылган Жарандык бюджетти да даярдап, элге жеткирип туруу зарыл. Жарандык бюджетти түзүп, калктын кеңири катмарына жеткирүү өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө кеңири колдонулат.

Улутташтырылган
объектилерден
кайтарым болбой жатат
Апрель революциясынан кийин улутташтырылгандарды сатып, андан бюджетке ири суммадагы кирешелерди түшүрүү белгиленип, ал 2011-жылдын бюджетине да киргизилген. Бирок, ушул убакка чейин улутташтырылган объектилерден эч нерсе түшкөн жок. Анткени, алар сатылмак түгүл, сатууга даярдоочу процедуралардан да өткөрүлө элек. Айрымдарынын тегеректериндеги жаңжалдар азаймак түгүл көбөйүп, маселени андан бетер оорлотууда.
"Менчик өзү мураска гана берилүүсү керек, ал кол тийгис ыйык,- деди комитеттин төрагасы. Бирок, ал мурдагы ээсинен ажыратылып сатыла турган болсо, ал декреттердин, токтомдордун негиздеринде эмес, соттун чечими аркылуу гана жүргүзүлүүсү керек. Ансыз ал легитимдүү болбойт."
Бирок, биздин оюбузча, улутташтырылган 50гө жакын объектилердин тегерегинде чыр-чатактарды көбөйтүп, аларды өлүк капитал кылып кармап тура бербестен, тезирээк бир жагына чечип, элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү керек. Болбосо, алар кандай максатта улутташтырылган?

Бакай Чилтегин