НАТОнун кеңсесин Бишкекке ачууга кандай карайсыз?

У шул жылы Бишкекке көчүрүлө турган Натонун кеңсесинин келишине каршылык көрсөткөндөр арбып бара жаткан кези. Аталган маселеге биз дагы кызыгып, ак-карасын иликтеп көрдүк.

Анара Дауталиева,
укук коргоочу:
- Бул кыргыз бийлигинин алдыдагыны көрө билбеген акылсыз саясаты деп эсептейм. Биз бул маселеге бүгүн олуттуу маани бербесек эртең кеч болуп калат. НАТОнун кеңсесин Бишкекке көчүрүп келебиз дегендик бул мурдагы ОБСЕ күчтөрүн алып кирип келе албай калгандан кийинки экинчи варианттагы чара. Кайсы жерде Американын күчтөрү жүрсө, ошол жерде дайым башаламандык. Мына Ливияны карагылачы эмне болуп жатат. Ал жерде Каддафи эмес, карапайым адамдар жапа чегип, каза таап жатат. Алардын арасында бейкүнөө аталар, энелер, наристе балдар бар. 10 миңге жакын адам курман болду. Алардын тагдырын ойлогон киши барбы?

Муса Мураталиев,
жазуучу, журналист:
- НАТОнун кеңсесинин Бишкекке көчүрүлүшүн мен абдан туура деп ойлойм. Кыргызстанга бел болуучу көрүнүш катары баалаймын. Себеби, учурда Кыргызстандагы коопсуздукка терроризм коркунуч келтирип, наркотрафик муунтуп турган чакта бул абдан туура чечим болду. Биз баарыбыз, эгер, чындап эле Кыргызстандын коопсуздугун башкы орунга коебуз десек, анда муну колдоого алышыбыз керек.

Султанбек
Каназаров,
КР Президентинин
пресс-катчысы:
- Бул чечим Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган. Эл аралык макулдашууга ылайык 3 жыл сайын бул кеңсе көчүрүлүп турат. Буга чейин Казакс-тандын борборунда 3 жыл жайгашкан. Эми бизге келгени жатат. Мындан эч кандай саясат издөөнүн зарылчылыгы жок

Эрнис Кыязов,
журналист:
- НАТОнун эл аралык коомчулуктагы жүргүзгөн саясатын жактырган өлкө менимче аз, демек бул жөн жеринен эмес. НАТО өз ишин эркин жана калыс жүргүзөт деген менен бул уюмдун артында Американын кулагы көрүнүп турганы да чын. Кыргызстанга кеңсесин ачаарын ачып алып, непадам бирдеме болуп кетсе, кыргыз элине Сирияга, Ливияга кылган өкүмзордук мамилесин кылбайбы деп да ойлонот экенсиң. Дегеле НАТОнун жеке вазийпасы, милдети тууралуу да талаш көп. НАТО кеңсесин эмне үчүн так ушу Бишкекте ачышы керек, ал кандай милдеттенмелерди аткарат деген суроо туулат. Биздикилер чет өлкөлүк коноктор менен келишим түзүүгө келгенде эле Кыргызстандын кызыкчылыгын артка таштап салып "поезд кеткенден кийин" эсине келчү адаттары бар эле... НАТОнун пайда-батасын тыкыр иликтеп туруп Кыргызстанга пайдасы көбүрөөк болсо, балким ойлонуп көрүш керек... Бирок, НАТО тамырлашкан өлкөлөр "гүлдөп-бүрдөп" кеткен мисалдар дээрлик жок го, ким билет...

Динара Ошурахунова, "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси:
- Буга чейин НАТОнун кеңсеси Астанада жайгашты. Ал жакта казактар эч нерсе болгон жок. Демек бизге деле келе берсин. Эгерде парламент ратификация кылса, анда биз эмне кыла алат элек. Менимче мунун зыяны деле болбосо керек.

Жанар Акаев,
тележурналист:
- Бул маселенин арты менен саясат жасап, элге будуң-чаң салгандар буга чейин көтөрүлгөн маселелерде деле чын-бышыгын иликтебей туруп каршы чыгып келишкен. НАТОнун кеңсесинин Бишкекте жайгашышы эч кандай деле коркунуч жаратпайт. Бирок, аймакта күн санап өсүп жаткан терроризм, наркотрафик коркунучун жоюуга канчалык салым кошот, аны бир Кудай билет. Себеби, бизге НАТОнун аскердик күчтөрү эмес, болгону 20 чакты адам жайгашкан кеңсеси көчүп келгени жатат. Ошону эске алышыбыз керек.

Дастан Сарыгулов,
коомдук ишмер:
- Бул бийлик элди ойлогонду, мамлекетти ойлогонду унутту. Бири эптеп мөөнөтүн аяктаса, экинчилери эптеп Президент болсо эле болду буларга. Ал эми бул чечим мамлекетке жасаган кыянат чечим. Булардын баары эле батышчыл болушуп, ошолордун акчасына гана көз кызарткандан башкага жарашпайт. Кандай болгон күндө дагы бул чечим мамлекеттүүлүккө каршы жасалган ыплас саясаттын уландысы. Менимче баарын убакыт ордуна коет го.

Адилет Айтикеев




  Кыргызстанда бир караан жүрөт

Президенттик шайлоонун тагдырын наркобарондор чечеби?
(Башталышы 4-бетте)
Биздин эсебибиз боюнча Кыргызстанда баңгизат бизнесин көзөмөлдөгөндөр 1-2 млрд. АКШ доллар тегерегинде пайда табышат. Бул Кыргызстандагы наркобизнестен түшкөн каражат - өлкөнүн бир жылдык бюджети менен барабар деген сөз. Айрым булактарда Кыргызстандагы наркобизнестен 700 млрд. АКШ доллары эсебинде пайда түшөт дегендей айтып жүрүшөт. Бирок, чындык үчүн айтып коюу керек, бул өтө апыртылган акылга сыя бербеген сумма. Эгер Кыргызстандагы наркотрафиктен ошончо акча түшсө, анда бешиктеги баладан баса албай калган чалга чейин баңгизатын ташып калмак. Жадагалса, биз наркобизнестен 1-2 млрд. АКШ доллары тегерегинде пайда түшөт деп, өтө эле апыртып айтып алдыкпы деп күмөн санап да турабыз. Эгер, Кыргызстан аркылуу өткөн баңгизаты өз адресатына кармалбай эсен-соо жетсе, ошондо да 200-300 млн., өтө эле ашып баратса 500 млн. АКШ доллары көлөмүндө пайда түшүшү ыктымал. Бирок, андан көп эмес. Бирок, бул сумма да Кыргызстан үчүн оңой акча эмес.
Былтыркы парламенттик шайлоодо да баңгизат бизнесинен түшкөн кирешелер шайлоого пайдаланылды деген имиш-имиштер бар. Андай болгондо, алдыда келе жаткан президенттик шайлоодо ошол арам, ыплас жол менен табылган акчалар президенттик шайлоодо тиги, же бу президенттикке талапкердин шайлоо иштерин уюштуруу үчүн пайдаланбай тургандыгына кепилдик жок. Бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу нерсе ушул. Анткени, баңгизат барондору мамлекетке, анын ичинде бийликке өз таасирин сактап калышы үчүн эч нерсе, анын ичинде акчаны да аябайт, аяшкан да эмес.
Бүгүн-эртең президенттик шайлоо өтө турган күн так аныкталса, бери дегенде он чакты адам президенттикке өз талапкерлигин коюшат. Биз билгенден президенттикке талапкерлигин коет дегендердин арасында президенттик шайлоо өнөктүгүнө жумшай турган акчасы барлар өтө чектелүү, дээрлик жок десе болот. Айталы, ар бир талапкер президенттик шайлоо өнөктүгүн уюштуруу иштерине - бери дегенде 50-100 млн. доллар жумшаш керек десек, мынча көлөмдөгү акча дээрлик эч кимисинде жок. Мынча акчаны бир берсе Акаев, бир берсе Бакиев, бир берсе баңгизат барондору гана бере алат, демек каалайбызбы, же жокпу алдыдагы президенттик шайлоонун тагдырын баңгизат барондору таасир гана этпестен, чечип да коюшу ыктымал.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: "Биздин өлкө наркотрафикке байланышып калганы жашырын эмес. Мына ошол мафия күчтөрүнүн тиреши президенттерди талкалап кетиргенге күчтөрү жетишет. Бул жерде бардык укук коргоо органдарынын жетекчилери менен биргеликте өткөн эки президентибиз экөө тең ошолордун бир тарабынын айтканы менен болушуп кызматташып, экинчилеринин каарына калышкан. Алар эмне кылмак эле. Баңгизат каттамына ээлик кылыш үчүн өзүнүн атаандашын ал жактан сүрүп чыгаруу үчүн анын саясий калканчын кошо жыгып түшүрүүнү каржылайт. Мына ошонун айынан бизде жанагыдай көтөрүлүштөр болуп жатат. Ал гана эмес кечээги Ош окуялары өзбек наркобарондору менен кыргыз наркобарондордун ортосунан чыккан талаш-тартышынан келип чыккан чатактын жыйынтыгы деген маалымат бар" деп айтты эле.
Ушундай, президенттик шайлоо, президенттик шайлоо деп эле жатабыз. Жыргаган эч нерсеси жок. Эгер кааласа, наркобарондор мен президенттикке талапкер боломун дегендердин баарысын каржылап, күздөгү президенттик шайлоонун тагдырын ошолор чечип коюшу ыктымал.
Атайын кызмат булактары былтыркы парламенттик шайлоодо кримчөйрөнүн, анын ичинде баңгизат барондорунун таасири болгонун эч деле жашырышпайт. Жылына 20 тонна баңгизат ташылып өтүп, андан бери жагы 500млн. доллар, ары жагы 1-2 млрд. доллардын тегерегинде пайда тапкан наркобарондор саясаттан эч качан четте турушкан эмес жана наркотрафик - алардын мамлекеттик структурада, айрыкча алардын мамлекеттик күч структураларында турган өкүлдөрү тарабынан "крышага" алынып турган. Коркунуч мына ушунда, Кыргызстан баңгизат бизнесинин барымтасында турат дегенибиз ошондон улам. Жаман айтпай жакшы жок дейт, айтор сак болбосок, бүгүн Жогорку Кеңеште кримдүйнө өкүлдөрү олтургандай эле, эртең баңгизат барондорунун бири, же анын адамы президент болуп калса, анда эле Кыргызстан кылыч мизинде калганы.

Бек Мамашов