Кыргызстанда бир караан жүрөт

Президенттик шайлоонун тагдырын наркобарондор чечеби?

Кыргызстан апийим өндүрбөйт, героин даярдабайт, арийне ошентсе да Кыргызстан баңгизат бизнесинин барымтасында калган жана трансулуттук баңгизат барондору жергиликтүү баңгизат барондору аркылуу мамлекетке, анын ичинде бийликке таасир кылып, тиги, же бу чечимдерди кабыл алууга аргасыз кылып келет десек, бул апыртылган жана ашыкча сөз эмес.

Кыргызстандан - Борбордук Азия аркылуу Ооганстандан ташылган баңгизаттарынын 25%ти өтөт. Бул бери дегенде эле 20 тонна баңгизаты, же 10 тонналык эки КАМАЗдын жүгү. Бирок, баңгизатты КАМАЗ менен тонналап ташыбайт, килолоп ташышат. Биринчиден, бир мамлекеттин чек арасынан экинчи мамлекетке өтүү, бир нече өлкөнүн мамлекеттик чек ара аркылуу баңгизаттарын ташып өтүү жеңил-желпи иш эмес. Анан калса, баңгизат ташыгандарга ошол килолоп ташыган деле ашыкчасы менен жетет, акыркы жылдарда баңгизаттарынын баасы өтө кымбаттап кетти. Баңгизаттарын минтип килолоп ташыгандар деле олчойгон киреше табышат.
Мурда Кыргызстанда көмүскө базардагы героиндин бир дозасынын баасы үч доллар болсо, бүгүнкү күндө героиндин бир суткалык баасы 10-13 долларга жетти. Өзбекстанда анын наркы 6-8 долларга чамалаш. Бишкекте бир кило героин 6-8 миң АКШ доллар турса, Россияда 20-25 миң, Европада 150 миң АКШ долларына жетет. Анан кантип бел оорутуп, кол жоорутпаган наркобизнеске кызыгышпасын.
Адатта, наркозаттарын ташыйт деп криминалдык чөйрө өкүлдөрү күнөөлөнгөн менен, бул иштен мамлекеттик бийлик органдары, өзгөчө мамлекеттик күч структуралары четте эмес экени айтпаса да түшүнүктүү. Анан да адистердин айтымында, баңгизаттарын ташуу менен бир эле эмес, бир нече топтор иш алып барат. Күч структураларынын тийиштүү адамдары алардын ар биринде "доляда" олтурушат.
Мамлекеттик күч структуралары баңгизат бизнеси менен байланышат, аралашат дегенибиз, Кыргызстан аркылуу ташылат деген баңгизаттардын бар болгону 10-15%ти гана колго түшүрүлүп, калганы Казакстан аркылуу Россия, анан Европа мамлекеттерине түшүп кетет экен. Анан калса, мамлекетти талап-тоногондон, элдин көз жашынан коркпогон мамчиновниктер дүйнөдөгү эң кирешелүү бизнес болгон наркобизнеске аралашпай коеруна эч кандай кепилдик жок.
Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев: "Биздин өлкө наркотрафикке байланып калгандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан мурункудай эле баңгизаттарын Кыргызстан аркылуу ташып өтүп, чоң акча каражаттарын жасап, аны көзөмөлдөй турган күч органдары менен кызматташып көнүп калган баңгизат мафиясынын аталыктары бүгүнкү күндө дагы ошол баңгизат каттамдарын сактап калгылары, мурдагыдай эле ээн эркин иш жүргүзгүлөрү келип жатышат. Мына ушуга байланыштуу учурда баңгизаттары менен алектенген кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар бийликке таасирин тийгизип, мурдатан орун алып калган ири басымынан ажырагысы келбей жатышат" деп айтканы бар.
Кыргызстан аркылуу өткөн баңгизат жолу бизге кошуна Тажикстандан келип, Чоң-Алай жана Баткен аймактарын аралап өтөт. Баңгизат мафиясынын башында тургандар Акаев режиминен бери бийликти мурдунан чүлүктөп, каалаган жагына буруп, каалаганын аткартып келишкен. Атын айткысы келбеген атайын кызмат адамы Президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрү Кыргызстандын баңгизат барондору аркылуу каржыланып келгенин, жадагалса, алар баңгизат бизнесинин башында тургандар каалаган министрлигине каалаган адамын коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиктерин да айтып бергени бар. Айрым учурда баңгизат бизнесине тиешеси бар адамдар Жогорку Кеңешке депутат болуп келген учурлар да жок эмес экен. Биздин оюбузча, бул айтылгандарда чындыктын үлүшү бар. Анткени, Акаев жана Бакиев бийлиги тушунда, мамлекеттик кызмат орундары, жадагалса мамлекеттик сыйлыктар, наамдар жана чиндер аукционго коюлган буюмдай сатылып келди. Демек, баңгизат бизнеси эң кирешелүү болгондуктан, баңгизат барондору мамлекеттик кызмат орундарын, мамлекеттик сыйлыктарды жана чиндерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү дайыма жогору экенин моюнга алып коюшубуз керек.
(Уландысы 5-бетте)




  Арам акча аш болбойт

Бишкек милициясы шаарды
чөнтөкчүлөрдөн качан тазалайт?

Өткөн аптанын 14-июнь күнү кечки саат 19:30дар чамасында Ош базарынан №161 маршруткага түштүм. Маршрутка келип токтоору менен аялдамадагылар биринин артынан экинчиси топурап, ичи бат эле жүргүнчүлөргө толуп, коомдук унаа ордунан козголду. Кулиева көчөсү менен жогору карай бараткан маршрутка Москва көчөсүнөн өтүп, ит базарынын тушуна келип калганда бир жигиттин "эй тарт колуңду, эшек"- деген үнү чыгып калды. Аңгыча эле "эй сен кимди эшек деп жатасың?"- деп эле олтурган жигитти килейген дөбөттөй болгон неме бир жагынан, экинчи жагынан дагы башкасы баса калды. Апаларынын алдында олтурган кичинекей балдар коркконунан бакырып-өкүрүп ыйлашып, маршрутканын ичи тез эле ызы-чууга айланды да калды.


Айдоочу ага карабай, жолун улап кете берди. Олтургучта олтурган баланы Баха менен Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин уруп-сабап, бети башын кызыл жаян канга бөлөп салды. Аялдардын бакыргандарын тиги дөбөттөй болгон немелер тоготуп да койгон жок. Бир 50гө чамалап калган аксакал "ай балдар койсоңорчу, тилинен жаңылып алыптыр, бир ургула, эки ургула, анан кечке чейин эле сабай берип, эмне аны өлтүрөсүңөрбү?"- десе, "Эй аксакал, мен деген Руслан Мамбетов деген болом, менин ким экенимди бул эшек жакшы таанып алсын"- деп, кайрадан тумшук талаштыра бир койду. Ажыраткан бир жан жок. Кашайып, дал ошол маршруткага жалаң аялдар гана түшүп алганын кара. Бирдеме дейин десең эле, сени да беттен алчудай болуп турушат. Бир маалда эсин жоготуп кое жаздаган жигитти көргөн аял "ой балдар азыр урганыңарды токтотпосоңор СНБны чакырам десе, тигилер "маа десеңиз ГУБОПту чакырыңыз"- деп ага да бир тийди. Ошентип, эч ким унчуга албай калган учурда, маршрутка Гагарин менен Маликов көчөсүнүн кесилишине келип токтоп, бир жүргүнчү жерге түшөөрү менен жанагы канжалаган жигит да дароо эле алардын артынан секирип түшүп, качып жөнөдү. Тиги эки дөбөт да жөн калбай, Маликов көчөсүнөн ылдыйды карап, тигинин артынан кууп жөнөштү. Анан эле ошол канжалаган жигиттин жанында турган бир кыз "тиги келтек жеген неме сөгүнбөйт деле болчу, жанында турганы чөнтөгүнө колун салып, соткасын алып чыгып баратканда, ккөрүп калып, сөгүнүп жибербедиби. Тигилер чөнтөкчүлөр экен"- дегенде гана окуянын чоо-жайы билинди.
Мен дароо эле 102ге телефон чалып, окуянын болгонун болгондой айтып, тезирээк ушул райондо жайгашкан милиция бөлүмдөрүнө кабарлап, жанагы эки чөнтөкчүнү кармашпаса, тиги жабыр тарткан немени өлтүрүп коюудан кайра тартышпаарын билдирдим. Себеби, мындай окуяга менин тааныштарым да эле эмес, мен өзүм да кабылгам. Бирок, мен кыз болуп калгандыгыма байланыштуу кол көтөрбөстөн, соткамды жулуп алып, баса беришкен. Бул чөнтөкчүлөр бирден эмес, экиден же үчтөн жүрүшөөрү белгилүү.
Бизди кейиткени, коомдогу мындай терс көрүнүш менен Бишкек милициясынын күрөшкөнү көзүбүзгө көрүнбөйт. Маалыматтарга караганда, бул чөнтөкчүлөр көбүнесе кечкисин жортуулга чыгышат. Булар көбүнчө 216, 106, 161, 167, 100чү маршруттарда жүрүшөт экен. Мурда чөнтөкчүлөр базарда гана жүрүшсө, азыркылар жалаң маршруткада жүрүшүп, эч кимди тоготушпагандыгы өкүнүчтүү. Эгер милиция тиешелүү деңгээлде алар менен күрөш жүргүзүшсө (акча чыккан жерлерди эле аңдыбай), дөбөттөй болгон чөнтөкчүлөр мындай чартаңбай тебишпейт эле да. Бишкек милициясы арам акча менен күн көргөн чөнтөкчүлөр менен күрөшпөй жатат дегенибиздин башкы далили катары бир эле нерсени айтып кетмекчибиз. Качан шаардык милиция чөнтөкчүлөрдү кармаганын жана аларды теледен көрсөтүп, "булардан жабырлангандар болсо кайрылгыла"- дегенин көрдүңүздөр.
Ии баса, жанагы жигитке кол салып, кан жалаткан чөнтөкчүлөрдү милиция үчүн "ориентировкаларын" айта кетели. Экөөнүн тең бойлору 175-180 сантиметрдин тегерегинде болсо, салмактары 75-85 кг. чыгат. Биринчиси кара торусунан келип, ээгидеги эчкинин куйругундай сакал коюп жүрсө, экинчиси толугунан келип, сапсары болгон неме.

Аида АСАНБЕК кызы