Качиева камакка алынды
Тээ Акаев маалында бир топ ызы-чууну аркасынан ээрчитип, этегинде дайынсыз жок болгон Роза Качиева аттуу айым 7-апрелден соң Раушан Рыкунова деген ат менен Кыргызстанда пайда болгон. Жөн гана пайда болбостон Муратбек Мукашев башында, Азимбек Бекназаров тышында турган БЭК партиясынын тизмесинде талапкер катары шайлоого аттанганы менен жолу болбой жолдо калган. Андан ары активдүү саясатын улантып, "Альфателеком" компаниясынын айланасында ММКларга байма-бай билдирүүлөрдү жасай баштаган. Ага утурлай бир катар ММКлар Раушан айымдын мурдагы былыктары тууралуу сын макалаларды жаза башташкан. 20-июнь күнү кечинде Раушан Рыкунова жана анын шериги Айнура Симге Улуттук Коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын башкы тергөөчүсү С.Токтогоновдун чакыруусу менен сурак жүргүзүлүп, андан соң, дароо Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаевдин чечими менен 1 ай 2 күнгө тергөө бүткүчө камакка алынды.


Журналисттерде кандай өчүңөр бар ыя?
Сөз эркиндигинин аптабы артып, таасири күчөп, жогорку саясий элита сөрөйлөрүбүздүн кыңыр иштери дайын боло баштагандан бери саясатчыларда уйку жок. Парламентке төрага болуп шайланганы Ахматбек Келдибеков журналисттерге асылганын койбоду. Буга чейин "жакшы нерсени жазгыла, жаман нерсени жашыргандан эч нерсе болбойсуңар" таризинде акыл үйрөтүп келди эле, эми болсо "журналисттер чабыштырганга мастер болуп калды" деп дагы бир ирет балп эттирди. Акыркы убактардагы айрым сайттарды жабуу, журналисттердин укугун чектөө жаатындагы Жогорку Кеңешти чарк айланган демилгелер каяктан чыгып жатат десе...


Жогорку Кеңеште көмүскө коалиция пайда болдубу?
Бизге жеткен так эмес маалыматтарга караганда учурда Жогорку Кеңештеги түштүктөн шайланган 76 депутат биригип, тымызын коалиция түзүшүп, мындан аркы саясий процесстерде түштүктүн кызыкчылыгын алдыга коелу деп шерттешкен имиш. Бул эми жөн гана сөз дейин десең, сөз дагы жөн жерден чыкпайт да. Же Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кетирип, бекемдигин бошотууну каалаган күчтөрдүн тымызын аракетиби? Айтор, араң турган мамлекетибизге жыландай сойлогон күчтөрдүн караниеттик аракеттерине качан бөгөт коюлаарына ишенип болбой калды. Эмнеси болсо дагы тынч болсок экен.


Атамекен-чилерди арачалап койгулачы
22-июнда Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди шайлоо тууралуу жыйыны болуп, ал күтүүсүз жүрүштөр менен коштолду. Буга чейин Өмүрбек Текебаев менен Америкага чаң жугузбай келген депутат Өмүрбек Абдрахманов бул ирет "шефине" тиш кайрап: "Сиз эмне үчүн мени менен кеңешпей туруп, өз талапкерлериңизди сунуш кыласыз? Керек болсо, мен Сиздин кыңыр иштериңизди ачыкка чыгарам" деп опурулду. Партиялашынын каяшасына терикпестен жылуу кабыл алган Текебаев адыраңдаган Абдрахмановду жөн гана жооткотту. Абдрахманов андан ары жөн турбастан Транспорт министри Эркин Исаковго тиш кайрап: "Төө-Ашуудагы тоннелдин кире беришиндеги сасык туалеттерди качан алмаштырасыңар? Туристтер кыйналып жатат. Биз го таштын ары жагына бара беребиз. Ал эми туристтер таштын ары жагына бара алышпайт. Айласыздан мурдун чымчып кирип чыгып жатышат" деп келип, адатынча чет өлкөдө мындай деп, Европаны мисалга тартты. Андан соң дагы бир партиялашы, депутат Карганбек Самаковдун Байтик айылындагы 264 гектар жеринин мыйзамдуулугун текшергиле деп "бурк" этип алды.


Депутаттар Баатыр энелерге өчөшкөндө
23-июнда болгон Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда Баатыр энелер тууралуу депутат Дамира Ниязалиева киргизген мыйзам долбоору бул ирет дагы бир топ ызы-чууну жаратты. Мыйзам демилгечисинин айтымында аталган долбоорго ылайык республикадагы 12 миң Баатыр энеге ай сайын 1000 сом өлчөмүндө жөлөк пул берүү каралган. Бул маселе боюнча өкмөт макулдугун берип, бюджетке киргизилген. Демейде, бир күндө борборду Ошко көчүрөбүз деп акчанын аздыгына карабастан төш каккан эл өкүлдөрү бул ирет абдан эле үнөмчүл болуп чыга келишти. Азаматсыңар, ошенткиле, казино менен саунадан, сулуу кыздардан аябаган акчаңарды Баатыр энелерден аягыла!


  Камчыбек Ташиев:

"Роза Отунбаеваны дагы бир жылга калтыралы"
Акыркы убакта саясий аренада кайрадан активдеше баштаган Камчыке 22-июнда болуп өткөн "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында ушундай билдирүү жасады. Аталган маалымат айрым сайттарга чыгаары менен интернеттеги жаштар дароо ар кыл талкууларды уюштуруп, кай бири Камчыкеге алкыш айтса, кай бирлери аны ашата тилдеп жатышты. Оңою менен тамаша оозанбаган Ташиевдин бул сөзү Президенттин дарегине айтылган какшык экенин билгенден кийин, азыркы ажо айымды колдоп жаткандардын маанайы бастай түштү. Ал эми акыркы так эмес маалыматтарга караганда Роза Отунбаева эптеп мөөнөтүн аяктап, эс алууга чыгуунун камында убакыттын өтүшүн тилеп жатыптыр.