Аксакалдын сакалын сыйласа боло...

"Дон Кихот"

Биз бала кезде аксакалдар айтып калышар эле, карылыктын да өзүнүн касиети бар, карыганда эл-журтка, улуу менен кичүүгө, эң жаманы келин-кесекке жаман көрүнбөй жакшы карыш керек деп. Эми арадан көп жылдар өткөн соң, ошол акылман карылардын айткандары эске түшөт. Бир сөзүндө төгүнү жок миң кылымды көргөн көсөмдөр экен алар. Алар менен азыркыларды салыштыра олтуруп, улам кийинки муун майдаланып баратканын көрүп, капырай эмнеге мынча майда-барат пенделерге айланып баратабыз деп жакаңды карманасың.


Илгерки келин-кесектер аксакалдардан ийменер эле, аксакалдар да келин-кесекти көргөндө, ыйбаа кылып, ызат менен мамиле жасашчу. Азырчы, азыр келин-кесек менен аксакалдар теңтуш болуп алышты. Он гүлүнүн бир гүлү ачылбаган кыздар акчасы болсо, көр оозунда турган чалдын деле этегин кармап кете бере турган адат таап алышты. Небере-чөбөрө жыттап олтурган чалдар бу жашоого бир келип, бир кетебиз дейби, небереси менен тең балапан кыздардын койнунда бутун жылытып жатканды артык көрүшөт.
Сөзүбүздү мына ушундай лирикалык чегинүү менен баштоого Бишкектеги Дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сааданбековдун айланасында болуп жаткан окуялар себеп болуп жатат. Жумагул Сааданбеков катардагы көп мамлекеттик чиновниктин бири эмес. Сааданбеков кезинде Кыргызстанды башкарат деген чоң саясатчылардын бири болучу. Тагдыр деген ушу экен, ал депутат болду, губернаторлук кызматты аткарды, элчиликте иштеди, бирок андан өйдө көтөрүлө албады, жылдызы жанган жок. Бул анын губернаторлук, же депутаттык кызматка гана татыктуу, андан өйдөсүнө татыктуу эмес экенинен улам эмес, болгону анын маңдайына жазылган тагдыр ошол экен. Анткени, (бул сөздү Акаевди жамандоо үчүн эмес, тарыхый факт катары айтып коюшубуз керек) Аскар Акаевич күчтүү кадрларды көтөрмөлөп, чоң кызматтарга койгондон өтө коркчу. Ошондон улам, курулай шылтоолор менен Сааданбеков көп жылдар элчилик кызматтын сүргүнүндө жүрдү.
Эми бүгүн мына ушул 70тин кырына келген аксакал адамды аны менен чогуу иштегендер "ал жерде иштеген келиндерге асылган", "ондогон адамды негизсиз жумуштан" алган деп айыптап жатышат. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Дипломатиялык академиянын ректору болуп дайындалган бул адам кыска аралыктын ичинде эмнеге мынча дипакадемия жамаатынын нааразылыгына татыды экен? Ага тагылган айыптардын канчасы реалдуу, канчасы жалган аны убакыт тастыктар.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, дипакадемиянын онго чукул мурдагы кызматкерлери буга дейре экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов, билим жана илим министри Канат Садыковго арыз жолдошсо, эми алар премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасы жана Тышкы иштер министрлигине кайрылганы жатышат имиш.
Сааданбековдун башынан айланган кара булутка окшогон экинчи бир арызды А.Токтосунова, Г.Сооронбаева, Э.Майлиевалар жазышкан. Арызда Сааданбеков ректор дайындалгандан бери жамаатты куугунтуктап, өзүнө жакпаган кызматкерлерди кызматтан айдап, жумуш менен бөлмөсүнө кирип калган кыз-келиндерге асылып, өзүнүн "куурчагы" болууга чакырган деп жазылган. Арыздын ээлери арызда жазылгандардын тактыгын сотто да далилдеп бере алабыз дешет экен.
"Ректорго нааразы киши көп. Бул киши келээри менен бир топ адамды көз жашын көлдөтүп туруп, эч себепсиз жумуштан айдады. Биз да ошол жерде өз жумушубузду так аткарган адамдардан болчубуз. Жалаң эле кол койгон үч киши эмес, башка да көп адамдар бар. Негизи арызда жазылган фактылардын бардыгы чындык. Ар бир эле кыз-келин "тийишип, иш бөлмөсүнө киргизип алып мазактаган" деп айтып жүрүшкөн. Мен болсо "негизсиз кызматтан алды" деп кол койгом" деген дипакадемиянын окуу башкармалыгынын мурдагы инспектору Элмира Майлиеванын койгон айыбына Жумагул Сааданбеков: "Арыздангандардын дагы бир бөлүгү Г.Сооронбаева, Э.Майлиева дегендер аттестациялык комиссиядан өтпөй калышкан. Исаков деген жалган келишим менен иштеп жүрүптүр. Менин беш балам, 15 неберем, жакшынакай аялым бар, анан жинди эмесмин да. Далилдеп беришсин, мен сотко берсем булар өздөрү кесилет. Анан алар Софи Лорен болуп кеткен жок да" деп жооп кайтарыптыр.
Акыркы мезгилде Кыргызстан жалаң эле имиш-имиш, ушактар, анан айыңдар менен жашап калды. Андай айыңдар бүгүн бир эле Сааданбековдун тегерегинде айтылып жаткан жок. Дипакадемиянын мурдагы кызматкерлери арызданабыз деген Атамбаевдин, Келдибековдун айланасында деле татты, татты ушак-айыңдар бар экени эч кимге деле жашырын эмес.
Акаев менен Бакиев тушунда буга окшогон компроматтар ким-бирөөнүн орду ким-бирөөгө керек болуп калганда, ошол кызыктар тараптар, же болбосо бийлик тарабынан атайын уюштурулуп, жыйынтыгында компроматы бар мамлекеттик кызматкер унчукпай кызматы менен кош айтышчу. Эгер, бул өңүттөн алсак, анда Сааданбековдун Дипакадемиядан кетишине кызыктар тараптар болушу ыктымал, эгер, Дипакадемияда кызматкерлеринин аттестациядан кийин кызматынан кетиши менен эле байланыштуу маселе болсо, Сааданбеков аксакал деле 70ке чыкканда балдары-кыздары менен тең дипакадемиянын кызматкерлерин кызматтан кетирбей деле койсо болмок экен.
Жумагул Сааданбеков эски коммунист жана компартиянын идеологу катары жакшы билет, коммунизмди жападан жалгыз бир өлкөдө куруу кыйын. Бүт айланаңды капиталисттер курчап турса, бир өлкөдө коммунизм курууга мүмкүн эмес экенин эсил кайран СССР тарыхы деле ачыктабады беле.
Анысы кандай, Кыргызстандагы абал, саясый кырдаал болсо бул. Анан айлана-тегереги андай болсо, Дипакадемияда "коммунизм" кургусу келген Жумагул Сааданбеков бизге Дон Кихотту элестетет. Дипакадемия жаңыдан түзүлүп иштеп жаткан мекеме болсо, бир жөн, иши калыптанып калган мекемеде аттестация өткөрбөй деле койсо болмок. Акыркы жылдарда аттестация деген эме ар кайсы мамлекеттик мекемелерде иттин кара капталынан өтүп жатат. Бул аттестациялар анда иштеген кызматкерлерди жыгып, анын ордуна өз кадрларын апкелүүнүн бир куралына айланып калганы бизге жашырын эмес.
Жумагул ава жаш бала болбогон соң, аттестациянын мына ушул жактарына көңүл буруп койсо, ашыкча болмок эмес деп ойлойбуз. Анан Сааданбековдун үстүнөн арыз жазгандар да кызык. Эми бул маселени арай көз чарай олтуруп эле чечип алышса болмок го, коомчулукту дүрбөтпөй.
Мойт Аке айткан тура:
"Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагы бар элдин,
Айсыз кара түндө да,
Асманында күн турат.
Ынтымагы жок элдин,
Балдары иттей ыркырап,
Ачык жарык күндө да,
Асманында түн турат".

А. Бостон