Гаипкулов Мадумаровду колдойбу?
Бу саясатчыларыңда дагы, саясатыңда дагы ныпым эле ар деген калбаптыр. Жакында ажо жарышка камданып жүргөн депутат Марат Султанов түштүктүн тыңчыкма аксакалдарынын бирин калтырбай чайга чакырып алдынан өтүп коеюн дебейби. Марат мырзанын келечегине ишеништиби же чайын ичип алайын деппи, айтор чайга арбын киши келиптир. Арасында кадимки Акаев-Бакиев доорунун майлуу куймулчагын мүлжүп келген Искендер Гаипкулов дагы бар экен. Саясатты нан менен майдай өздөштүргөн кишиге айла жок тура, Марат үкасынын тамагын жеп жатып тим отурбай жыйналышта тымызын өз саясатын жүргүзүп, дагы бир өзүнүн ичкилик үкасы Мадумаровду колдоого үндөп жүрөт дейт. "Түштүктөн бир гана ичкиликтер бийлеп келген, Отуз уул, Адигинелерге бийлик бере турган болсок, анда өлгөнүбүз ошол, андан көрө Мараттын чайына курсак тойгузуп алып бүлүтөндү Адаханга таштап койгула деп эч ким күтпөгөн жыландын башын кылтыйтыптыр. Аны угуп Искендер мырза менен узун сабак маектешкен жанындагылары чыгаары менен ыкшып күлүп, элдин баарына жайып ийишиптир.


Эшимканов малчы болуп кетиптир
Кыргыз саясатынын ийне-жибин мүлжүп, ичегисине кан куйган кадимки эле Мелис Эшимканов саясаттан тажай баштагандан бери Сокулук тараптан чоң кашар алып кой, уй, жылкы, багып, өгүз семиртип гана тим болбостон аларга дары берип, укол сайгандан дагы ырахат алат экен. Акыркы убакта малдын эти кымбаттагандан бери Мелис мырзанын көңүлү жайдары дешет. Антсе дагы саясатсыз жата албаган Мекебиз акыркы ушак-интригалардан кабар алмакка ЖоКедеги досу Өмүрбек Текебаев баш болгон саясатчыларды бир-эки жумада бир аралап, маалыматка суусап турган айрым кесиптештерине кафе-ресторандан чогуу тамактанган болуп акырын шыбырап коймою бар экен.


Ибрагим Жунусовдун артисттик жүрүштөрүнөн
Өкмөттүн "артист" вицесинин акыркы кездердеги артисттик жүрүштөрүнө таңдангандар оголе көп. Жакында эле дүңгүрөтө өткөргөн 50 жылдык юбилейине Президент Роза Отунбаеваны дагы чакырат. Тойго бармакка камынып, Ибрагим инисинин шагын сындырбай көңүлүн алмакка чамынып калган кезде ажо айымдын айланасындагылар тегеректеп: "Сиз эмнеге бармак элеңиз, Ибрагим Жунусов Сиздин курдашыңыз же оппозициядан берки санаалашыңыз болбосо" деп демин суутуп айнытып салгандан кийин гана Ибрагим мырза эми Президент катышпагандан кийин жок дегенде премьер-министрди чакырайын деп өзүнүн жетекчиси Алмаз мырзаны экинчи планга таштап койгону кызык. Жакында Ош шаарына жасаган сапарларынын биринде буга чейин кыргыз-өзбек университети катары иштеп, июнь коогалаңынан кийин Убактылуу Өкмөт тарабынан социалдык университет деп өзгөртүлгөн окуу жайдын жамааты менен жолугушат. Аталган окуу жайдын аты өзгөртүлгөнү менен документациясы такталбай, учурда абитуриенттерди кабыл алуу кыйын болуп жатканын айтышса, Ибрагим мырза муну Президентке айтып барам деп жөнөп кетиптир. Билим берүү министрлигине түздөн-түз кожоюн болгон өкмөттө өзү вице болуп жатканын унутуп, баягыдай эле ээн ооз депутат катары элестетип алса керек да.


  Төраганы "крайний" кылышып

Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы дагы бир ирет өзүнүн чабалдыгын көрсөттү
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев www.akipress.kg маалымат агенттигинде жазылган өкмөттүк кортеж тез жардам машинесин өткөрбөй койгондугун иликтөөгө керек экендигин айтып чыкты.
Премьер-министр Ичик иштер министри З.Рысалиевге ошол тез жардам машинесин токтоткон МАИ кызматкеринин ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырса, Саламаттыкты сактоо министри Сабыр Жумабековго тез жардам машинесиндеги оорулууга кандай диагноз коюлганын жана ага тез жардам көрсөтүүгө дарыгерлер жетишип-жетишпегенин билүүсүн суранды.
Эске салсак, аталган сайтта 17-июнь күнү эртең мененки саат 8:52де Манас менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги МАИ кызматкери (регулировщик) мамлекеттик кортеж өтөт деп, тез жардам машинесин бир канча мүнөткө токтотуп тургандыгы айтылган жана автордун божомулунда аталган кортеж президентке таандык болуш керек деген ою кошумчаланган эле. Бирок, президенттин басма-сөз кызматы дароо реакция жасап, ал учурда Р.Отунбаева Ала-Арча резиденциясында жолугуушуу өткөрүп жатканын билдирсе, өкмөттүн басма-сөз кызматы да куйрук улай эле А.Атамбаев да ал кезде Баткенде иш сапары менен жүргөнүн айтышкан. Ошентип, ал ишке А.Келдибеков "крайний" болуп калгандыгы көрүнүүдө. Чындыгына келгенде, "бул ошол мамлекеттик кортежде олтуруп бараткан адамдын эмес, МАИ кызматкеринин күнөөсү"- деп ооз ачууга парламенттин басма-сөз кызматы жарабай, дагы бир ирет өзүнүн чабалдыгын көрсөттү десек болот.

Камчыке катуу коргоно баштады
Кечээ Жалал-Абад шаарында облустук администрациянын алдына Камчыбек Ташиевдин 1,5 миңден ашуун тарапкерлери чыгып 2 боз үй тигип, катуу талаптарды коюшса, Ош шаарынын борбордук аянтында дагы Камчыбек Ташиев менен Жылдыз Жолдошевадан колуңарды тарткыла маанисинде 1000 чакты адам чыгыптыр. Буга чейин учурдагы бийликке тиш кайрап келген Камчыкеге ушул эле табылбай турган өңдүү жактоочуларынын колдоосун көрүп, акыркы кезде азып кеткен өңү көркүнө чыгып, буйруса бийлик биздики деп алакан ушалап турган чагы дейт. Ал эми кечээ түштө ички иштер министрлигинин имаратында Камчыке өзү сабаган Бахадыр Сулайманов менен беттешүүгө барып элдешүүнү көздөгөнүн, азырынча Бахадыр мырза Ташиевди жайламайын тынбайм деп көгөрүп турганын эшиттик.


  Ат жалын бек карма

Садык Шерниязов киночулардын чоңу болду
20-июнда экс-маданият министри, кинорежиссер, продюсер Садык Шер-Нияз Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды. Кыргыз киночулары мындай чечимди Чынгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өткөн союздун 18-сьездинде кабыл алышты. Добуш берүүгө Кыргызстан кинематографисттер союзунун 140 мүчөсү катышып, анын 79у Садык Шер-Нияз үчүн добуш беришти. Добуш берүүгө кинооператор Тынай Ибрагимовдун да талапкерлиги коюлган болчу. Бирок, таланттуу оператор керектүү добушту топтой алган жок.
Буга чейин киночулар союзун Артык Сүйүндүков жетектеген. Артык мырза Таалайбек Бапановдун ордун баскан болчу, бирок көпкө узай алган жок.