Ачыктык - "Кумтөрдүн" башкы финансылык саясаты
КТАД деген эмне?
Анын элге пайдасы
Кыргызстандай табигый ресурстарга бай өлкөлөрдүн жарандарын бюджет түзүүчү энергетика, тоо кен өнөр жайы, нефти жана газ тармагы сыяктуу чөйрөлөрдөгү алынган кирешелер жана бюджеттик, социалдык төлөмдөр өзгөчө кызыктырат. Тилекке каршы, биздеги энергетика нефтигаз тармактарынын жетекчилери коммерциялык сырларга шылташып, өздөрүнүн реалдуу кирешелеринин жана чыгашаларынын, финансылык операцияларынын бир бөлүгүн жашырышып келаткандыгы жашыруун эмес.
Бул багытта "Кумтөр" алтын кенине Кыргызстан менен биргеликте ээлик кылган "Центера Голд инк." компаниясынын демилгеси менен 2009-жылдан бери кендерди иштетүү тармагында ачыктык демилгесин киргизүү боюнча (КТАД) иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын экономикабыздагы жакшы көрүнүш катарында баалоого болот. КТАД- тоо кен жана нефтигаз өнөр жайындагы кирешелерди башкаруунун ачыктыгын жана маалымдуулугун, бул тармактарда бурмалоолордун, коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алуусуна жол бербей, милдеттүү алык-салыктардын жана төлөмдөрдүн толук көлөмдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, социалдык фондуга түшүп туруусун камсыз кылууга багытталган. Демек, ал мамлекеттин жана элдин кызыкчылыктарын коргойт жана көздөйт. Азыр дүйнөнүн 11 өлкөсү КТАДдын талаптарын колдоп, аткаруучу, 35 мамлекет КТАДды киргизүүнү жүзөгө ашырып жаткан деген макамдарга ээ.
Кыргызстан бул демилгеге 2004-жылы кошулуп, 2009-жылдын сентябрында Чолпон-Атада КТАДдын 1-эл аралык конференциясы өткөрүлгөн. КТАДдын ушул жылдын 2-3-мартында Парижде өткөргөн Глобалдуу конференциясында Кыргызстанга демилгени колдоп- аткаруучу деген макам берилген. КТАДдын 13-16-июнда Чолпон-Атада "Валидациядан кийин:КТАДддын келечегине карай" деген темада өткөрүлгөн 2- эл аралык конференциясында аткарылган иштердин жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы милдеттер талкууланды.

Конференцияда
талкууланган маселелер
Ысык-Көлдүн жээгиндеги 2-эл аралык Конференцияга Кыргызстандагы тоо кен иштетүүчү ири компаниялардын жетекчилери, айрым министрликтердин, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын, ЖМКлардын өкүлдөрүнөн сырткары Монголиядан, Казакстандан, Азербайжандан, Тажикстандан, КТАДдын эл аралык катчылыгынан, Дүйнөлүк банктан келген эксперттер жана адистер катышып, КТАДдын дүйнөдө өнүгүүсү, КТАДды киргизген өлкөлөрдүн тажрыйбалары жана валидациянын (бул- КТАДды киргизген өлкөлөрдөгү тоо кен өнөр жайынын ачыктыкты камсыз кылуу боюнча милдеттенмелеринин аткарылуусунун эл аралык нормаларга ылайык келүүсү дегенди билдирет) башкы сабактары, КТАДды жолдоочу-өлкөлөрдүн поствалидациялык ишкердүүлүктөрү, коммуникациялар КТАДдын маанилүү инструменти, кирешелердин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн КТАД боюнча отчеттордун сапаттарын өркүндөтүү, суб.улуттук деңгээлде КТАДды киргизүүнүн жолдору, КТАД улуттук мыйзам чыгарууларда деген маселелер талкууланды.

КТАДдын талаптары
Кыргызстанда кандай
аткарылууда?
Кыргызстан КТАДга расмий түрдө 2004-жылы кошулган, ал эми өткөн жылдан КТАДды киргизүүнүн эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүн баалоону же валидация процессин өздөштүрө баштады. Ал КТАДдын принциптеринин кендерди иштетүүчү ишканаларда кандай аткарылып жаткандыгы көз карандысыз аудиттер жана эксперттер аркылуу да аныкталат дегенди билдирет.
Мында белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандагы эки компания же "Кыргызалтын" ААКсы менен "Кумтөр Голд компани" республика КТАДга кошулганга чейин эле өздөрүнүн кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторун жарыялап келишкен. Аны республикабыздын жалпыга малымдоо каражаттары менен үзгүлтүксүз тааныш болуп жүргөндөр жакшы билишет. "Кумтөр Голд компани" үчүн ар кварталдын, жарым жылдын жана жылдын жыйынтыктары боюнча чарбалык жана финансылык отчеттордун жарыяланып туруусу бекем салтка айланып калган.
2008-жылы ноябрда КТАДга Кыргызстандагы 27 ири ишкана кошулган. Ал эми 2010-жылдын жыйынтыктары боюнча алардын саны 46га жетти. Эми алардын КТАД боюнча отчеттору көз карандысыз аудиттер тарабынан салыштырылып текшерилип турмакчы. Жакынкы келечекте булардын саны дагы өсөт, же тоо кен өнөр жайындагы ишканалардан сырткары энергетика, нефтигаз тармактарындагы ишканалар да толугу менен кошулушу мүмкүн. Анткени, коомчулуктун бул чөйрөлөрдөгү финансылык ачыктыкка карата талаптары өсүүдө.

"Кумтөрдөгү"
финансылык ачыктык
Ачыктык жана маалымдуулук- "Кумтөрдүн" негизги чарбалык жана финансылык саясаты болуп эсептелет. Анын чарбалык, финансылык ишкердүүлүктөрүнүн кварталдык, жарым жылдык, жылдык жыйынтыктары дайыма ММКларда жарыяланып келет. 2011-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктары да жарыяланган. Алсак, ушул жылдын 1-кварталында 164147 миң унция же 5106,16 килограмм алтын өндүрүлүп, анын ар унциясы 1384 доллардан "Кыргызалтын" АККсына сатылган. Мынча алтынды өндүрүү үчүн 36508 миң тонна руда казылып, анын ар тоннасынан орто эсеп менен 4,12 граммдан таза алтын алынган.
Үч айдын ичиндеги жалпы өндүрүштүк чыгымдар 71,3 миллион долларды түзүп, капиталдык чыгымдарга 71,9 миллион, геологиялык чалгындоо иштерине 4,1 миллион доллар жумшалып, 2 миллиард 473 миллион сомдон ашык көлөмдө салыктар жана милдеттүү төлөмдөр төлөнгөн. Мындан сырткары 99,3 миллион доллар акциялардын ээлерине дивиденд катарында төлөнүп берилет. Андан Кыргызстандын үлүшүнө 33,1 миллион доллар тийет.
2011-жылдын аягына чейин "Кумтөрдө" 350-600 миң унция же 17,1-18,7 тонна алтын өндүрүп, капиталдык салымдарга 206 миллион доллар, анын ичинен өндүрүштү өнүктүрүүгө 170 миллион доллар, негизги фонддорду модернизациялоого 36 миллион доллар жумшоо белгиленүүдө. Өндүрүштү-өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын 21 миллион долларына САТ 789 маркаксындагы жүк ташуучу автоунаалар, 28 миллион долларына карьерди кеңейтүүчү техникалар сатылып алынып, 63 миллион доллар кыртышты ачуу иштерине даярдыктарга, 3 миллион доллар тоо тетиктерин төгүү аянтын кеңейтүүгө, 52 миллион доллар жер астындагы участокторду жайгаштырууга чыгымдалат.
Негизги фонддорду модернизациялоого бөлүнгөн каражаттардын 19 миллион доллары оор техникалардын капиталдык ремонтторуна, 5 миллион доллары калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бекемдөөгө, 12 миллион доллары техникаларды алмаштырууга ж.б. муктаждыктарга сарпталат.
Геологиялык чалгындоо иштерине 13 миллион доллар жумшалмакчы.

Конференциядагы баяндамачылардын сөздөрүнөн:

"Парламенттин
колдооруна ишенбейм"
Губад Ибадоглы, Азербайжандагы КТАД боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын кен иштетүү тармактарындагы ачыктык үчүн коалициясынын координатору:
- Бизде ири кендерди иштетүү боюнча 34 контракт түзүлсө, алардын 20дан ашыгы жүзөгө ашырылып жатат. Бирок, алардын кандай шарттарда түзүлгөндүгү калктын кеңири катмарына белгисиз, анткени алар коммерциялык жашыруун сыр катарында эсептелет.
Акыркы убактарда кен иштетүүчү ишканаларда ачыктыкты, маалымдуулукту камсыз кылуу, ага өкмөттүк эмес уюмдарды да катыштыруу боюнча Өкмөттүн токтому чыкты. Бул багытта өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунда атайын мыйзам долбоору да даярдалды, бирок аны парламент кабыл албайт, мен ага ишенемин. Бирок, биз ал мыйзамдын идеяларын элге жеткирүү боюнча иштерди жүргүзө беребиз.

"Контрактыларда
ачыктык жок"
Асел Нургазиева, Казакстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын "Азаматтык Курултай" ассоциациясынын мүчөсү:
- Бизде КТАДга тийиштүү жакшы мыйзамдар бар. Алардын катарына "Кендер жана кендерди пайдалануу жөнүндө" деген мыйзамды, Салыктар жана милдеттүү төлөмдөр тууралуу Кодексти, Экологиялык Кодексти, Өкмөттүн "Кен иштетүүчү тармактардын иштериндеги ачыктыкты камсыз кылуу жөнүндө" токтомун ж.б. бир катар мыйзамдарды жана мыйзамдык актыларды кошууга болот.
"Кендер..." жөнүндөгү мыйзамда кен иштетүүчү ишканалардын отчеттуулукту камсыз кылууга милдеттүү экендиктери, ал Административдик тартип бузуулар жөнүндө Кодексте салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча мыйзамдык нормалардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп туруунун зарылчылыгы көрсөтүлгөн. Экологиялык Кодекстин талаптарына ылайык, өнөр жай ишканалары экологиялык маалыматтарды бурмалабастан жарыялап турууга милдеттүү. Бирок, биздин КТАД боюнча мыйзамдык базабыз идеалдуу деп айткандан алысмын. Эгерде КТАДдын, валидациянын талаптарын толук аткарууну чечсек, анда көптөгөн мыйзамдарга жана нормативдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Азербайжандык коллега айткандай, бизде деле кен иштетүү боюнча ири контрактылар коммерциялык жашыруун сыр катарында эсептелет. Эгерде контрактылардын шарттарын эч ким билбесе, анда кайдан ачыктык жөнүндө сөз кылууга болот. Биз мындай нонсестик көрүнүштөрдү четтетүү үчүн тийиштүү мыйзамдарга жана мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунуштарыбызды бергенбиз. Цивилдүү дүйнө ушул жолду тандап алгандан кийин акырындап ага башка өлкөлөр, анын ичинде Казакстан да кошулбай койбойт.

"Дисагрегациялык
отчеттуулук
киргизилиши керек"
Калия Молдогазиева, Кыргызстандагы КТАДды алга жылдыруу боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын консорциумунун координатору:
- Азыр кен иштетүүчү ишканаларда чарбалык, финансылык ачыктыкты камсыз кылуу боюнча отчеттуулуктун эки түрү -биринчи, агрегирациялык , экинчи дисагрегациялык отчеттор колдонулууда. Агрегирациялык отчет дегенибиз- конкреттүү өлкөлөрдүн кен иштетүүчү тармактары боюнча дүңүнөн даярдалган отчеттор. Ал эми дисагрегациялык дегенибиз- конкреттүү компаниялардын финансылык, чарбалык иштери боюнча даярдалгандар. Кыргызстан азырынча агрегирациялык отчеттуулуктагы өлкөлөрдүн катарына кирет. КТАДдын талаптарын толук аткаруу үчүн дисагрегациялык отчеттуулукка өтүшүбүз зарыл. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүнүн отчеттуулуктун мындай формасына өткөндүгүнө алты жыл болду. Элестүү айтканда, агрегирациялык отчет адамдардын жалпы орточо температурасын көрсөтсө, дисагрегациялык отчет ар бир конкреттүү адамдын жекече температурасын көрсөтөт.
Дагы бир маселе, биздин "Коммерциялык сырлар жөнүндө" жана " Маалыматтарга ээ болуунун эркиндиктеринин кепилдиктери жөнүндө" деген мыйзамдарыбыздын айрым беренелеринде бири экинчисин жокко чыгарган принципиалдуу карама каршылыктар бар. Андай карама каршылыктар Кодекстерден да кездешет. Аларды жоюп КТАДга кошулган бардык ишканаларда дисагрегациялык отчеттуулукту киргизүү керек. Антсек коррупциялык көрүнүштөрдү кескин азайтабыз.