Курманбек Осмонов, ЖК депутаты, "Ата-Журт" фракциясы:
"Президенттик шайлоодо талпкер болом"

Президент алмашса эле, жакшы-жакшы кызматта иштеген кызматкерлерди "баягынын кадры" деген шылтоо менен кызматтан бошотуп жибермей адатыбыз бар. Ал байкуш эски президент менен иштешкенине күнөөлүү болуп жумушсуз калат. Бирок, Кыргызстандын бардык ажолору менен иштешип келе жаткан атка минерлерибиздин арасында Курманбек Осмонов деген инсаныбыз бар. Бу киши Акаевдин учурунда Жогорку Соттун жонунан түшпөй бир топ жыл олтурган. Андан кийин Бакиев бийлигинде да бош жүргөн жок, эми "Ата-Журт" партиясынын барманы менен ЖКнын депутаты. Курманбек мырза бардык ажолор менен гана иштешпестен өзү да ажо болууга белсенип жатканын билдирди. Анда кененирээк сөз төмөндө...

- Курманбек мырза алгач сөздү иш бөлмөңүздөгү илинип турган сүрөттөн баштагым келип турат. Көпчүлүк учурда мамлекеттик кызматкерлерибиз президенттин сүрөтүн илип алчу эле, сиз Исхак Раззаковдун сүрөтүн илип алган экенсиз...
- Ооба, негизинен иш бөлмөгө мамлекеттик атрибуттардан башка эч нерсе илинбесин деген мыйзам жок да. Айрым мамлекеттик кызматкерлердин иш бөлмөсүн карасаңыз, баласынын, аялынын ушу сыяктуу досторунун сүрөттөрүн илип алышкан. А мен өзүңүз көргөндөй Исхак Раззаков атабыздын сүрөтүн илип алгам. Анкени, бул киши өз учурунда кыргыз өлкөсү үчүн чоң-чоң иштерди жасаганын тарых далилдеп келе жатпайбы. Исхак Раззакович менен жанаша басып чогуу иштешпесек дагы, кылып кеткен иштеринен улам кумир тутуп келем...
- Саясатта сизди көп ойлондурган маселе кайсы?
- Учурда саясий кырдаал чындыгында олку-солку болуп турган мезгил. Деги эле мени саясатта эмес, акыркы кездеги коомдо болуп жаткан маселелер көп ойлондурат. Айрыкча 90 баланын өмүрүн алып кеткен апрель окуясы, андан кийин канчалаган бейкүнөө жарандарыбызды өлүмгө дуушар кылган Ош окуясы. Мына ушул сыяктуу бир-эки адамдын кызыкчылыгы үчүн төгүлүп кеткен кан жеке эле мени эмес, "мен кыргызмын" деген ар бир кыргыз баласын ойлондура турган маселе да туурабы?
- Курманбек агай, сиз айтмакчы ушундай кан төгүлгөн учурларды иликтөөгө ала турган болсок, келип-келип эле аягы саясатчыларга такалып жатпайбы. Туурасын айтканда ошол уюштурган саясатчыларыбыздын айынан бей күнөө карапайым элдин каны төгүлүп жатат го...
- Бул ачуу чындык. Сиз айткандай Кыргызстандын көпчүлүк саясатчылары мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыкты өйдө коюп келгенине күбө болуп келебиз. Өлкөнүн келечеги, бүтүндүгү жөнүндө тереңирээк ойлонсок жакшы болоор эле. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, биримдигин тутунуунун ордуна түндүк-түштүк тенденциясына жол беришип, элди кайраштырган ушул саясатчылар десек жаңылышпайбыз. Өзүн саясий элитанын катарына кошкон саясатчыларыбыздын элди бөлүү оюну карапайым малчы, дыйкандарыбызга зыянын тийгизип келет. Мындай учурлар айрыкча шайлоо учурунда байкалып калып жүрөт. Күздө боло турган президенттик шайлоо тынч өтсө деген тилек бар менде. Азыр элге тынч гана жашоо керек болуп турган мезгил...
- Президенттик шайлоого ат салышайын деген оюңуз жокпу?
- Күздөгү боло турган президенттик шайлоого катышайын деген чечимди кабыл алдым. Бирөөлөрдүн колдоосунда эмес, бул жеке өзүмдүн чечимим. Балким менин бул чечимим башка бирөөлөрдү кызыктырбашы мүмкүн. Бирок, "чабал өрдөк мурда учат" -болуп, алдын ала өзүн пиар кылып, шайлоо компанияларын уюштуруп жиберген саясатчылардай болбоюн бардыгын убакыт, мезгил көргөзөт.
- Президенттик шайлоодо кайсы талапкерлер күчтүү атаандаш болот деп ойлойсуз?
- Бирөө кыйын, бирөө чабал деп бөлбөйм. Президенттикке аттангандардын бардыгы кыргыздын чыныгы патриоттору деп билем. Ким болсо дагы мыйзамды бузбай, президенттик күрөштө таза күрөшсө деген сунушту айткым келет.
- Эгемендүүлүк жылдарындагы Кыргызстандын 3 (үч) президенти менен иштештиңиз. Жакындан билген адам катары кимисине кандай баа бересиз?
- Мен үч президент менен гана иштешпестен Усубалиев, Масалиевдин учурунда дагы иштеген адаммын. Бакиевге салыштырмалуу Акаев тим эле аппак көрүнүп калбадыбы. Ал эми Отунбаева кызматта, бу кишиге баа берүү азыр эртелик кылат го.
- Акаевдин көзгө басар кадры болуп жүрдүңүз эле. А киши менен акыркы жолу качан жолугушуп сүйлөштүңүз?
- Аскар мырза менен акыркы жолу баягы 24-март күнү жолугуп сүйлөшкөм. Андан бери жолуга элекмин.
- Андан бери 6 жыл өтүп кетиптир, ушунча убакыттан бери таптакыр жолуга элексизби?
- Жолуга элекмин, бирок телефон аркылуу 2-3 жолу байланышкам. Байланышып турабыз.
- Эмнеге көп өкүнөсүз жана сүйүнгөнүңүз эмне?
- Өкүнгөнүм мына 2005-жылдан бери өлкөдө стабилдүүлүк орнобогону. К.Бакиев президент болуп келгенде, "эми өлкөбүз оңолуп, өнүгүү жолуна түшөт го..." деген сокур үмүт менен ишенич арттык эле, ал үмүтүбүзгө суу себилгендей эле болду. Бакиев бийлиги да жөн кетпей бийлигин сактап калуу максатында 90 баланын канын төгүп, миңдеген жарандарыбызды жарадар кылып кеткен жоругу да өкүндүрбөй койбойт. Мына ушул сыяктуу түбү туңгуюк ойлор өкүнүчкө түртөт экен. Ал эми тилекке каршы маңдай жарылып сүйүнө турган деле окуя коомубузда боло элек. Былтыркы парламенттик шайлоонун өтүшү, Ош окуясынан кийин абалдын тынчтанышы кичине чеке жылытарлык иш десек болот.
- Дүйнөнүн көп өлкөсүн кыдырган адам катары айтсаңыз, кайсы өлкө сизге өзгөчө маанай тартуулады?
- Чындыгында Азия өлкөлөрүнөн баштап, Европа, Америка өлкөлөрүнүн көп жерлерине бардым. Дүйнөнүн төрт бурчун кыдырган адаммын десем жаңылышпайм. Бирок, ал жерлерге саякаттап барганым жок мамлекеттин иштери менен баргам. Кайсыл өлкөгө барбайын, ал канчалык кооз, өнүккөн мамлекет болбосун ал жерге бир жумадан ашык чыдабайм. Кайра эле Кыргызстанымдын абасын, жерин, тер жыттанган адамдарын сагынам.
- Кыргызстандын бардык аймактарында бейиштин төрүндөй кооз жерлерибиз бар эмеспи. Кыргызстандын кайсыл жери сизге өзгөчө маанай тартуулайт?
- Мекенибиздин бардык жери кооз, бир жерин өзгөчө деп бөлүп карагандан алысмын. Бирок, студент кезде "студенттик отряд" менен Ысык-Көл калаасына бардык эле. Ошондо балдар менен уюшуп алып атайын "Каркыра" жайлоосун көрүп, эс алып келүүгө барганбыз. Канчалаган тарыхый күндөрдү кучагына камтыган касиеттүү "Каркыра" жайлоосунун сулуулугуна абдан суктанган элем. Кадимки Манас-тагы Көкөтөйдүн ашы өткөн, арча-кайыңга оролгон легендарлуу "Каркыра" жери боордош казак элине өтүп кетиши өтө өкүнүчтүү.
- "Каркыра" жайлоосун кайра Кыргызстанга кайрып алууга мамлекетибиздин күчү жетеби?
- Мындай маселени жетекчилик карап көрүш керек. Кыргыз өлкөсү "Каркыра" жайлоосун кайра кайрып алабыз деп мурдагы чечимди бузса болот. Бирок, мындай маселени боордоштор кандай кабыл алат, мына кеп ушунда. Эртеңки тарых үчүн, эки элдин мындан аркы достук, ынтымагы үчүн Казак жетекчилери ойлонуп, бир пикирге келсе анда бизге олжо болот эле. Тилекке каршы казак өкмөтү алган жерин кайра "мегиле" деп бере койбойт го. Бир тараптуу келишим бузуу менен жерди кайрып алабыз деген сөз жөө жомок болуп калат.
- Агай мына 58 жашка келиптирсиз, ушул жашка чыкканча жок дегенде бир жолу түнкү клубга барып бийлеп көрдүңүз беле?
- Жок, чынын айтсам барган эмесмин...
- Эгерде саясатчылар менен ушундай бир шоу уюштурулуп калып, түнкү клубга чакырса барат белеңиз?
- Чай ичип, сыра ичип анан баягы биз бийлеп жүрчү вальс, танго бийлерин бийлейбиз десе бармакмын. Ал эми азыркылардын бийлерине биринчиден бийлей албайм, экинчиден түшүнбөйм...

А.Иманалиев