ЭРКЕКТЕРДИН СИМВОЛУ
(Пародия)
Бешенеге жазат окшойт болжолу,
Ар адамдын болот сөзсүз өз жолу.
Кара мурут,буурул сакал,ак сакал,
Анын баары эркектердин символу.
К.Сыдыгалиев


Бир күнү Бет көшүп уктап калды,
Жыргатып чарчаган жанды.
- Эмне үчүн Мурут ордунда жок,- деп,
Ойгонор менен жаңжал салды.

Сакал айтты: -Муруттун доору өткөн,
Сылаган, кастарлаган сыйы бүткөн.
Мурут өзүн таза алып жүрбөй,
Эрин ага айласыз чыдап түткөн.

Муруттун жок эми эркектерге кереги,
Анын жоктугунун ушул негизги себеби.
Сен көп кыйкырба, азыр теңчилик
заман,
Муруттун ээси билет кырабы
же тереби.


Көз жайма жай сөз баштады токтоолуу:
- Жарабайт,-деди,- жаман айтып
шоктонуу.
Калыстык сөздү азыр ачык айтпасам,
Мурут баркын эл түшүнбөйт окшоду.

Чындыкты көзмө көз көрүп туруп,


Кереги эмне калыс сөздү буруп.
Илгери улуунун да, кичүүнүн да,
Айчырайлык жүзүнө жарашчу мурут.

Мурут барда Мурун көркү чыкчу эле,
Сөзүн дагы жаш селкилер укчу эле.
Чымын дагы коркуп конбой Муруттан,
Алыс-алыс бетке конбой уччу эле.

Мурут коюп сыналышкан нечендер,
Мурут менен көрктүү болгон көсөмдөр.
Кыл мурутун кыркып, узун коюшуп,
Эл астында сүйлөп чыккан чечендер !

Мухаммед пайгамбарды билебиз,
Биз ошонун динин тутуп жүрөбүз.
Пайгамбар да сакал, мурут койчу экен,
Азыр эмне өзгөргөнбү ошол динибиз?!

Куранда, хадисте да айтылбаптыр,
Сакал коюп, мурутуңду алдыр деп.
Мурутун бага албаган молдолор,
Мурутту жамандайт ыйманын жеп.

Бул дүнүйө ушакка бай, ошол арман,
Молдонун сөзү элди дүрбөтүп салган.
- Мурутка жабышкан аш, арам аш,- деп,
Айтканына ишенбегин ал такыр жалган.

Алыс болуш керек элдин ушак сөзүнөн.
Мурутту жамандаса чыксын көзүнөн.
Мухаммед сакал, муруттуу
болгону анык,
Өрнөк алгын ошол пайгамбардын
өзүнөн.

Кечээ гана ата-бабанын салты өзгөрдү,
Мурутту сыйлабаган доорго кез келди.
"Муруту жок сакал коюш иттик" деп,
Угуп калам айтылган ачуу сөздөрдү.

Карап көрчү элдин бетин муруту жок,
Ишенгин анда эркектик касиет жок.
Тамакты чайнаганда сакалы
эрбең-сербең,
Кетет кепшеген мурутсуз текеге окшоп.

Мурун жүрөт Мурутсуз кейпи кетип,
Коңкоюп Кудайга зарлаган үнү жетип.
Мурутсуз эрин кемпирдин эрдине
окшоп,
Арданат ушак сөздөр сөөгүнө жетип.

Муруту жок Мурун турат демин бүркүп,
Эл жүрөт кебете-кешпиринен
коркуп үркүп.
Жашап келет ушинтип муңканып
Мурун,
Аккан жашын кайра - кайра сүртүп.

Самат Сатаев