Гүлжамал Султаналиева, экс-депутат:
"Убактылуу өкмөттүн
миллиондоп акча жеген
фактылары далилдене
баштады..."

- Жарандык коомдун өкүлү катары июнь окуясы боюнча Киммо Кильюнендин отчетун кандай кабыл алдыңыз?
- Отчетту окуганда кээ бир жерлерин туура көрүп макул болгонум менен көп жерине кошулган жокмун. Менин жеке көз карашымда ошол мезгилде убактылуу өкмөткө Ош окуясынан да референдумду өткөрүү, папке талашуу маанилүүрөөк болсо керек. Анын үстүнө өз ара тирешүүлөр, ич-ара ыйкы -тыйкы жагдайлар сол чөнтөккө сомогон акчалардын чети чыга баштады. Ош коогалаңы ошондой баш-аламандыктан анан кайдыгерликтен келип чыкты деп эсептейм. Болбосо, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун алдын ала билдирүүсү кайда калганын билишпейт. Азыр Парламенттин отчетун эфирден көрүп олтурсам убакыт өткөн сайын улам жаңы маалыматтар чыга берип, эл аралык комиссиянын бүтүмдөрүнө башкача көз караш менен карай баштадым. Бирок, Роза Исаковна туура айтты. "Өткөн ишке саясий баа беришибиз өтө маанилүү. Бирок, алдыга койгон максаттарга көбүрөк кам көрөлү"- деп.
- Былтыркы 7-апрелден кийин сиздин көз карашыңызда мамлекеттик саясатта жылыштар, өзгөрүүлөр барбы?
- 7-апрелде 3-4 күн уктабай жүрдүк. Менин милдетим жарадар болгондорго гуманитардык жардам таратып, моргдорго барып каза болгондорду тактоо эле. Аты-жөнү такталгандан кийин туугандары кичи мекенине алып кетип жатышты. Ошол окко учкан жигиттердин бардыгы аймактардан келиптир. Бирөөсүнүн да Бишкекте туруктуу үйү жок. Бардыгы жаңы конуштарда батирде жашашат экен. Турмуш-шарттары начар. Айла жоктон Ак үйдүн алдына чыгышкан. Тилекке каршы ошол баатырлардын үмүт-тилектери акталбай жатат. Алардын өлүмүнө түздөн-түз күнөөкөр Курманбек Бакиев тууган-уругу, куйруктары менен кошо качып кетти. Эч ким жоопко тартылган жок. Акыркы күндөрү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн миллиондоп акча жеген фактылары далилдене баштады окшойт. Мунун баары жеке эле мени эмес, бүтүндөй элди иренжитип олтурат.
- Сиздердин учурдагы Жогорку Кеңеш менен азыркы депутаттардын ишмердүүлүгүн салыштырасызбы?
- Албетте, салыштырам. Бүгүнкү Парламентте олтурган депутаттар негизги максаттарынан алыстап кетип жатышат. Интригалары, териштирүүлөрү көп. Ошол эле учурда керектүү мыйзамдар кабыл алынбай көп иштер токтоп калды. Жакында эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолуксам, алар "депутаттар качан бизге зарыл мыйзамдарды кабыл алып иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Булардын саясаты бүтпөдү го?"- деп күтүп олтурушат. Ал эми депутаттарыбыз ачык айтышпаса да алдыдагы шайлоого тымызын даярдык көрө башташты. Ар ким өз партиясынан чыккан талапкерди кайсы рычагдарды колдонуп, марага жеткиребиз деген ойлор менен алек.
- Коммунисттер партиясы да президенттик шайлоодо өз талапкерин алып чыгабы?
- Үч күн мурда эле биздин партиянын 36- съезди өттү. Партиянын уставы менен программасына өзгөртүүлөрдү киргиздик. Шайлоо жөнүндө маселе көтөргөн жокпуз. Менин жеке пикиримде шайлоого аттанганда жеңишке жетишүүгө аракет кыласың. Ошол эле учурда күчүңдү да билесиң. Кээде жеңилип каларыңа көзүң жетип турса да тобокелге салып саясий партиянын бар экенин көрсөтүш үчүн шайлоого сөзсүз катышыш керек деп эсептейм. Бирок Коммунисттер азырынча өз чечимин кабыл ала элек.
- Учурда кайда иштеп жатасыз?
- Жогорку Кеңешке депутат болгонго чейин эле Жарандык коомдо иштечүмүн. Азыр да ошол ишим менен алектенип жүрөм. Биздин Жарандык коом Нарын областынан Бишкекке которулуп келгенибизге эки жарым жыл болду. Учурда "Дордой" базарынын тегерегинде жети жаңы конуш менен иштеп жатабыз. Бишкек шаарынын четинде 47 жаңы конуш болсо, ошонун ичинен эң көйгөйлүүсү "Дордой" базарынын тегерегиндеги жаңы конуштар экен. Себеби, башка конуштардын тургундарынын көпчүлүгү туруктуу байыр алып калгандар. Ал эми мен атаган көйгөйлүү конуштарда негизинен ички мигранттар мекендешет. Анткени, Кыргызстанда азыркы учурда эң эле көп жумушчу орундарды берген "Дордой" базары экен. Анан аймактардан келген ички мигранттар базардын тегерегиндеги атайын алар үчүн салынган батирлерден орун алышат. Биринчиден жумуштарына жакын, экинчиден чубалжыган бир бөлмөлүү батирлер салынган. Алар башка конуштарга караганда арзан болот.
- Кандай жардамдарды бере аласыздар?
- Жакында эле социалдык изилдөө жүргүзсөк, ошол конуштарда жашаган мектеп жашындагы ар бир үчүнчү бала иштейт экен. Айрымдары таптакыр эле окууларын таштап коюптур. Акчага азгырылган окуучу да, ата-эне да келечекке кайдыгер карап, күнүмдүк оокаты менен алек. Мугалимдер колдорунан келишинче аракеттерин көргөнү менен ата-энелерден демилге чыкпаса, куру убара болуп калууда. Биздин милдет ошол кыргыздын келечек муундарын окууга тартып, окутуу үчүн жан үрөп иштеп жатабыз. Андан тышкары жергиликтүү бийликтегилерге, айыл өкмөттөргө кандай эл аралык уюмдар бар, аларга кантип долбоор жазып, жаңы конуштардын көйгөйлүү маселелерин чечкенге да жардам берели деп окутуп, үйрөттүк. 1993-жылдан бери Жарандык коомдо эл аралык уюмдар менен иштеп жүрөм. Баарыбыз эле айыл жергесин көтөрөбүз деп аймактарга кетип калыптырбыз. Чындыгында борборго жакын жайгашкан ушул жаңы конуштардын деңгээли айылдардан да төмөн болуп кетиптир. Муну моюнга алышыбыз керек . Эгер ишибиз алдыга жылып, донорлорду тапсак, башка конуштардын эң көйгөйлүү маселелерин да чечкенге жардам беребиз.

Айпери Кеңешбекова




  Түшүндүрүүдөн кеткенби же...

Мугалимдер муңайып
Өкмөт башындагылар жана билим берүү жана илим министрлигинде жыл башында бир нече жолу телекөрсөтүүлөргө чыгышып, айрымдары гезиттерге интервьюларды да беришип, колдорундагы кагаздары жана калемдери менен ушул жылдын 1-майынан тартып мугалимдердин эмгек акылары орто эсеп менен 2,5-3 эсеге көбөйө тургандыгын далилдөөгө аракеттенишкендиктери эсибизден чыга элек. Мугалимдердин кесиптик кошунунун төрагасы Токтогулов деген менен андай маанидеги интервью биздин газетага да жарыяланган. Бирок, азыр республикабыздагы мугалимдердин көпчүлүгү айлыктары 2,5-3 эсе түгүл 2 эсеге да көбөйбөгөндүгүн айтышып, айрым жерлерде нааразылык акцияларына чыгышууда. Анткени, мурда 6 миң сом алгандар эми 18 миң, 7 миң алгандар 21 миң алабыз деп сүйүнүп жүрүшсө, 6 миң алгандардыкы 8,1 миң, 7 миң алгандардыкы 11 миң сом гана болуптур. Мурда 2,5-3 миң сом алып келгендердики эки эседей көбөйүптүр. Бул Өкмөттүн мугалимдерди алдаганыбы же токтомду түшүндүрүүдөн кеткенби?
Билим берүү жана илим министри К.Садыков Өкмөттүн жыл башындагы токтомун түшүндүрүүдө катачылыктарга жол берилгендигинен улам нааразылыктар пайда болгондугун айтууда. Анткени, мугалимдердин эмгек акылары өтүлгөн сааттарга, сабактарга даярдыктарга, класстан тышкаркы иштерге жана педстажга карап эсептелет. Эгерде мугалимдин сааттары нормадагыдан аз болсо, анын маянасы эселеп көбөйтүлбөйт. Токтомдо биринчи кезекте базалык ставкаларды кескин көбөйтүүгө негизги басым жасалган. Анын аркасы менен мурда базалык ставкалары 1-1,5 миң сом болгон жаш жана стаждары аз мугалимдердин эмгек акылары кескин көбөйтүлүп, минималдуу керектөө корзинасынын деңгээлинен өткөрүлгөн. Ошондуктан 7 миң алгандардыкы автоматтык түрдө 21 миң сомго жеткирилиши керек дегендей талаптар туура эмес. Бирок, кайра эсептөөлөрдө кемчиликтердин, жаңылыштыктардын да болуп жаткандыгы чын. Андай көрүнүштөр четтетилгенден кийин гана өкмөттүн мугалимдерди алдаганы же алдабаганы жөнүндө айтууга болот.

Бакай Чилтегин