Жалал-Абад облусундагы жабыркагандар батирлүү болушту
Жалал-Абадда иш сапар менен жүргөн Өкмөт башчы А.Атамбаев июнь айындагы каргашалуу күндөрү каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга батирлерин тапшырып жатып, "былтыркы июнь окуясында карапайым элдин күнөөсү жок, улуттар аралык жаңжалды уюштурган саясатчылар, бүгүнкү күндө алар мамлекеттен сыртка чыгып кеткен" деп айтты.
Бул 5 кабаттуу 60 батирлүү турак-жай Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда салынган.

"Кыргызнефтегаздын" чатагы токтоп,
Кыргызстандын түштүгүн бензин, солярка менен камсыз кылууга камылга биринчи орунга чыкты
Жалал-Абаддагы "Кыргызнефтегаздан" кабар алган Өкмөт башчы А.Атамбаев ишкананын тегерегиндеги абалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, чыр-чатактын аягына комиссиянын ишинин жыйынтыгы ким күнөөлүү, ким канча жегендигин аныктай тургандыгын билдирди.
Өткөн жылы ишкана 500 миң тонна бензин өндүрсө, быйыл 80 миң тоннага эле жеткен. Премьер-министр А.Атамбаев товардык продукцияны өндүрүүгө толук шарт бар экендигин айтып, "Кыргызнефтегаз" ишканасы Кыргызстандын түштүгүн күйүүчү май менен камсыз кылышы үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктү жумшай тургандыгын ырастады.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылындагылар эми заманбап ооруканалуу болушат
Өкмөт башчысы А.Атамбаев эскилиги жетишкен 1906-жылы курулган айылдагы аймактык оорукананын абалы менен таанышып жатып, заманбап оорукана куруу керектигин белгилеп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынан 5 миллион сом бөлүнөрүн билдирди. Курулушту аяктоо үчүн зарыл болгон калган чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнмөкчү.
Бул оорукана учурда 66 миң октябрлыктар жана жакын жайгашкан айылдардын 6 миңден ашык тургундарына кызмат көрсөтүп келет.
Жолугушуу учурунда аймактык оорукананын дарыгерлери өкмөт башчысына айлык маяналарын көтөрүп бергенине ыраазычылыктарын билдиришти.

Чектиктер четте калбайт
Өкмөт башчы А.Атамбаев Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл округунун Чек айылындагы былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын чегинен көчүрүлүп келинген кыргызстандыктар үчүн курулуп жаткан үйлөр менен таанышты. 2010-жылдын апрель айында Өзбекстандын чек арасында жашаган кыргыз атуулдары өлкө аймагынан чыгарылып, алар Чек айылына жайгаштырылган. Жалпысынан 5 гектар жер бөлүнүп берилип, 24 үйдүн учурда 12си курулуп бүткөн. Үй куруу үчүн мамлекет тарабынан ар бир үй-бүлөгө 200 миң сом көлөмүндө мөөнөтсүз ссудалар берилген.




  Рейман Кыргызстанды коркутууда….

Penwell уялбастан сотко басым жасап жатат
"Megacom" уюлдук операторуна ээлик кылуу үчүн Penwell Business Limited компаниясы сотко басым жасоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты.

Орус бизнесмени Глеб Огнянниковго жана Россиянын мурунку экс-байланыш министри ЛеонидРейманга тийиштүү оффшордогу фирма, кудум эле Москвада жүргөндөй, өтө бүдөмүк нерсенин четин чыгарган баннерлерди шаарга иле башташты.Эң башкысы, кечиресиздер, эгерде Кыргызстандын Жогорку Соту алардын пайдасы үчүн чечим чыгарбаса,бул сот - адилетсиз жана калыс эмес дегендей сөздү таламандын чак түшүндө уялбастан билдиришти. Түздөн түз эле дал ушинтип жазып салышты.
Мындай жарнамалык чыгармачылыкты көргөн эл, таң калышууда. Шаардын келгиндери уялбастан, биздин Фемиданын кызматкерлерине кандай туура чечим чыгаруу керектигин көрсөткөн заманга жеттикпи. Ар кандай ушундай божомолдор,кыргыз сотторун жууса кеткис кылып булгашы турган иш.
Эгерде, мына ушул жазылган сөздөргө карама каршы мазмундагы баннерди илүүгө жөндөмдүү адамдар чыкса, анда таң калуунун кажети жок. Атаандаштары ал жерге, "Эгерде соттун чечими Penwellдин пайдасына чечилсе. Мына ушунун өзү орус байланышчылары биздин башкы сотубузду дүңүнөн сатып алып, андан ары алар бул өлкөдө башына не келсе ошону жасай берет дегенди түшүндүрөт." деп жазып коюшу мүмкүн. Неге дебейсизби? Бүгүнкү күндө жарнамалык көрөңгөнү тебелеп-тепсеп, гезит беттеринен жана интернеттен көчөнүн алкагына тараган маалыматтык согуштун абалы ушундай.
Мындай шартта шаар жетекчилери каякты карап турушканы, кызык? Алар деген талапка жооп бербеген жарнамалар менен катуу күрөшүп келишпеди беле? Же чет элдик компаниянын атамекендик сотторго ачыктан ачык басым жасаганын жөндүү деп эсептесе болобу?

Аида Асанбек кызы