Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт,
Бирок, сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне...
Байдылда Сарногоев

У луу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жарыкчылыктан өткөнүнө үч жыл болду. Тоонун бийиктиги алыстан жакшы көрүнөт дегендей, Айтматовдун адабиятты гана эмес, киноискусствону жана театрды өнүктүрүүгө кошкон салымын, сүрөткер жана ойчул, коомдук ишмер катарындагы улуттук руханий казынадагы ээлеген ордун адекваттуу аңдап түшүнүү үчүн дагы убакыт керек. Кандай чоң тарыхый окуя, адамдардын аң сезимдеринде революциялык бурулуш жасаган улуу инсан болбосун, коомдо ага карата объективдүү, калыс көз караштын калыптануусу үчүн бери дегенде жарым кылымдай убакыт талап кылынат. Бирок, чыгаан сүрөткердин саясатта жаңыча көз караштарды калыптандырууга, философиялык, эстетикалык, тарыхый, этнос-тук, экологиялык ж.б. ой казыналарына кошкон салымдары биздин басымдуу көпчүлүгүбүздүн аң сезимдерибизге бекемделе элек болсо да, мындан туптуура үч жыл мурда кылымда бир жарала турган инсандын арабыздан кеткендигин кандай кыргыз баласы болбосун интуитивдүү түрдө болсо да түшүнбөй койгон эмес деп ойлойбуз.

Элибиз аман турганда дагы чыгаандардын жаралышы мүмкүн, бирок реалдуу алганда адабиятта Айтматовдун деңгээлине тең келе же андан ашып түшө турган жазуучунун же акындын жакынкы кылымдарда жаралышына ишенүү кыйын. Анткени, ал адабиятка аралашканда бир жагынан коомдо адабияттын ролу, элдин көркөм чыгармаларга кызыгуусу аябагандай күчөп турса, экинчи жагынан орус тилинде жазгандыгы аны дароо Союздук аренага алып чыкса, үчүнчү жагынан ага Мухтар Ауэзов менен Луи Арагондой сүрөөнчүлөрдүн кошулуусу аны дүйнөгө тааныткан болчу. Кыргызда чыгармачылык чоң потенциалдары бар таланттардын дагы жаралуусу мүмкүн, бирок ачык эле айтуу керек, мындан ары алар үчүн Чыңгыз Төрөкулович адабиятка киргендегидей кудум баарын буйрутма менен даярдагандай ыңгайлуу шарттардын шайкеш келип калуусу өтө эле кыйын, же реалдуу айтканда Айтматовдун феноменинин улуттук адабиятыбызда кайталануусу мүмкүн эмес десек да болот.
Технологиялык ачылыштар жана секириктер ашып кетсе ар 20-30 жылда жаңыланып, мурдагыларынын ордуна алардан сапаттык жактан кыйла ашып түшкөндөрү жаралып турса, руханий дүйнөдөгү эң чоң ачылыштарды, туу чокуларды жаңылап, багындыруу кыйын, аябагандай узак убакыт талап кылынат. Шекспирдин дүйнөдөн кайткандыгына беш кылым болоюн деп калды, бирок дүйнөлүк адабиятта ага жакындай турган көрүнүш жарала элек. ХХ1 кылымда деле Х1Х кылымдагыдай эле немец адабиятынын туу чокусу бойдон И.Ф. Гете калууда. Пушкиндин дуэлде өлгөндүгүнө эки жүз жылга жакындап баратса, Ф. Достоевский менен Л.Толстойдун дүйнөдөн кайткандыктарына кылымдан ашты, бирок орус адабиятында гана эмес, дүйнөлүк адабиятта деле азырынча аларга катар койгудай жазуучу жарала элек. Бул өңүттөн алганда Ч.Айтматовдун кыргыз гана эмес, жалпы Борбор Азия адабиятындагы ээлеген орду көпкө чейин бош тура берет деп ишенимдүү айтууга болот.
Чыгармалары дүйнө элдеринин 170тен ашык тилдерине которулуп, ондогон-ондогон миллиондогон нускаларда бардык континенттерде басылып, көпчүлүгү сахналаштырылып, көркөм тасмаларды тартууга негиз болуп, көзү барында эле ХХ кылымдын адабиятынын классиктеринин бири катарында таанылган улуу жердешибиз өзүнүн элдин алдындагы, жарыкчылыктагы миссиясын ашыгы менен өтөгөндүгүн, көзү барында көрсөтүлгөн сыйлардан да көзү өткөндөн кийин барктап, даңазалоочулар көп болуп, анын дарегине дайыма жакшы сөздөр айтыла бере тургандыгын эң сонун түшүнгөн. Анын акыркы жылдардагы андай маанайын жазуучу менен дайыма жолугушуп, маектешип жүргөн адабиятчы О.Ибраимов өзүнүн Айтматов өлгөндөн кийинки ага арналган макалаларында ишенимдүү, терең чагылдырган. Айтматовдун акыркы жылдарда ден соолугун деле өзгөчө аспеттебей, ичкен жегенине деле көңүл бурбай, өзү бир жолу айткандай, табити ачылганда алдына келгенди жеп коюп, табити ачылбаса тамак жөнүндө ойлобой жүрө бергендигин ушуну менен түшүндүрүүгө болот. Биздин байкообузча, ал эл, окурмандар, өзгөчө жаштар менен жолугушуп, өз оюндагыларды айтып, жеткирип калганга гана ашыкчу, башка нерселерге анча деле көңүл бурбай калган. Анын кимдер кай жакка чакырса деле алдына келген машинага түшүп алып кете бергендиги ошондон болгон.
Сыртынан адам баласы үчүн жарыкчылыкта эмне жакшы нерсе болсо, алардын баарына жетишкен инсандай көрүнгөн менен улуу жазуучуда жан дүйнөсүн тынчытпаган өкүттөр да жетишерлик болгон. Анын кант диабети, гипертония сыяктуу дарттарынын пайда болуусуна көп жагынан мына ошол өкүттөрү түрткү берген. Айтматовдун жекече турмушундагы өксүктүү учурлар жөнүндө эч нерсе айта албайбыз, ал жазуучу менен жаш чагынан бирге чоңоюп, үй-бүлөсүн жакшы билгендердин иши, бирок жазуучу бир нече жолу эскергендей, ага мурдагы Союз таркап, өзү эрке жараны болуп жүргөн Евразиядагы бирдиктүү саясый, маданий жана тилдик мейкиндиктердин кыйроосу, алардын кесепеттеринен улам өзүнүн экинчи үйүндөй эсептеген Россиянын заматта бөтөн өлкөгө айланып, Айтматовдун Москвадагы еврей улутундагы окумалдар менен жакындыгын мурдатан жактырышпай жүргөн славянофилдердин ал үчүн басмалардын, журналдардын эшиктерин жаап,аны акырындап орус тилдүү адабияттын мейкиндигинен сүрүп чыгарууга аракеттене баштагандыктары, адабияттын коомдогу ролу аябай төмөндөп, ичте да, сыртта да постсоветтик мейкиндиктин адабиятына кызыгуулардын кескин азайгандыгы, өмүр бою кызматташып келаткан мурдагы сүйүктүү адабий журналдарынын нускалары биротоло түшүп, жабылуу алдында калгандыгы, Кыргызстандагы саясый олку-солкулуктар, жакырчылык жана кедейчилик, коррупция сыяктуу ж.б. көрүнүштөр ага аябагандай катуу тийип, ал алардын баарын жүрөгү аркылуу өткөрүп келген. Сезимтал сүрөткердин жогорудагы дарттарына кошо жүрөгү да ооруй калып, бир нече приступтарды башынан өткөргөндүгү ошондон болгон. Жыйынтыктап айтканда, ал бул дүйнөдөн кеткенге моралдык, духтук жактан өзгөчө деле каршы болгон эмес...Элдин, балдарынын алдыларындагы милдеттерин ашыгы менен өтөсө, мындан аркы мезгил чыгармачылык жактан ага эч нерсе деле бербей тургандыгын, өзү бир ирет Казакстанда "менин мезгилим өтүп кетти" деп айткандай күндөн күнгө түшүнүксүз, бейтааныш болуп, люмпендешип бараткан коом менен тил табышканга каалоо, эрк калбагандан кийин , биздин оюбузча ал ден соолугуна чындап көңүл бурганды токтоткон болчу.
Папан Дүйшөнбаев





Ч.Айтматовдун чыгармаларынын көргөзмөсү
Бул күндөрдө маданий, илимий мекемелерде жана жогорку окуу жайларында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгынын үч жылдыгына карата ар кандай маданий массалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Улуттук Илимдер Академиясында жазуучунун чет тилдерде чыккан китептеринин жана анын чыгармаларынын негизинде жаралган көркөм сүрөттөрдүн, скульптуралардын көргөзмөсү болуп өттү.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун демилгеси боюнча Улуттук китепкана менен биргеликте өткөрүлгөн бул көргөзмөдө жазуучунун 170тен ашык тилде жарык көргөн 300 китеби коюлду. Алардын арасында Афина, Анкара, Барселона,Берлин, Лондон, Токио, Париж, Нью-Йорк, Москва сыяктуу дүйнөнүн ири шаарларында, мурдагы союздук респубикалардын бардыгынын борборлорунда басылып чыгарылгандары бар.
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Ч.Айтматов ХХ кылымдагы чыгармалары эң көп окулган авторлордун катарына кирет. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору А.Акматалиевдин ырастоосу боюнча , улуу жердешибиздин чет тилдерде жарык көргөн китептерин жыйнап, чогултуу улантыла бермекчи. Ал ишке ЖКнын депутаттары, элчиликтердин өкүлдөрү жана көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, илимий жана маданий интеллигенциянын өкүлдөрү катышканы жатышат.
Бакай Чилтегин