Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Келемиштердин бетинен май тамат да


Коррупцияны изилдеген кадыр-барктуу "Трансперенси интернешнл" (Transparency International) уюмунун өткөн 2010-жылдагы баяндамасы боюнча Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстанда коррупция 7-кабатка эле чыгып кетпестен, жертөлөгө да түшүп, өңүрөңдөп семирген келемишке айланып кеткенин да түшүндүрөт. Коррупция Акүй, Көкүйдө гана эмес, коррупция - мектепте да, мечитте да, ооруканада да, базарда да, вокзалда да, көчөдө да, жадагалса бала бакчада да бар. Станиславский "Театр кийим илгичтен башталат" деп айтмакчы, Кыргызстанда коррупция төрөтканадан башталат.


Жогорку Кеңеште өткөн "Кыргызстанга кандай реформа ылайык" аттуу форумда өлкөнүн вице-премьер-министри Шамиль Атаханов Кыргызстан үчүн уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле, коррупция өзгөчө коркунуч туудуруп жатканын айтып, "Биз коррупцияга каршы мекеме түзүү чечимине келдик" дейт. Угуп алып айла жок таңгаласың, коррупцияга каршы мекеме түзөбүз деген Атаханов мырза Америка ачып жаткан жери жок. Кыргызстанда мурдагы бийликтин тушунда эле Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги ачылып, кечээ жакынга чейин (2010-жылдын 7-апрелинен кийин эле жоюлуп кетпесе) эле иштеп, Садыр Жапаров жетектеп турган. Жөндөн жөн эле күнөөлөй бергенде эмне, экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда деле коррупция менен күрөш күн тартибинен алынган эмес. Коррупция 7-кабатка жеткенин айткан Аскар Акаев ачуусу мурдунун учуна келип, "Силерди Манастын арбагы урсун" деп да жиберген. Тилекке каршы, коррупция - Манастын арбагынан деле коркпойт экен, Акаев бийлигинин тушунда өлкөнүн №1-коррупционери ким эле? Албетте, Аскар Акаев өзү жана анын үй-бүлөсү болчу. Бакиев бийлигинин тушунда, өлкөнүн башкы коррупционери - Бакиев жана анын семейкасы болду. Бир сөз менен айтканда, коррупцияга каршы күрөш жарыялап, Коррупцияга каршы мамлекеттик агенттик ачкандардын өздөрү коррупция башында турду.
Андыктан, биз Коррупцияга каршы күрөшүү мекемесин ачкысы келген өлкөнүн вице-премьер-министри Шамиль Атахановдун бул демилгесин колдобойт элек. Андай агенттикти ачканда эмне да, ачпаганда эмне? Андан коррупциянын кылы кыйшайып койбойт. Ошондой эле, вице-мырзанын Кыргызстан үчүн уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле коррупция өзгөчө коркунуч туудурууда деп айтканы менен таптакыр кошула албайбыз. Анткени, Кыргызстандагы эң башкы коркунуч уюшкан кылмыштуулук эмес, бул коррупция. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дейт. Анысы кандай, бизде төрөлгөндөн өлгөнгө чейин, коррупция жолуңдан тосуп турат. Айталы, төрөтканага аялыңды жаткырып, наристеңи чыгарып барганда, сенден эч убакта пара сурашпайт, "көрүндүк" сурашат. Же айталы, ошол эле төрөтканада боюнда бар аялды өзүнчө атайын палатага жаткыруу үчүн ар бир күн үчүн өзүнүн баасы бар. Врач келип улам-улам карап турсун десең, ага өзүнчө бересиң. Айтор, төрөткана болобу, же ооруканабы эшигинен кирип, кайра чыккыча ар бир кылган кыймылың үчүн төлөп жүрүп олтурасың.
Бала бакчада да ошондой. Анүстүнө азыр Бишкекте бала бакчалар саналуу эмеспи. Баланы бала бакчага орноштуруш кызматка орношкондон да оор. Ошон үчүн бала бакча бөлүм башчысынын орду мэрдин деңгээлинде чечилет, Бишкекте бала бакчага бөлүм башчы болгондон министр болуу жеңил деп айтышат. Себеби түшүнүктүү, бала бакчага кимди алып, кимди коюшту бөлүм башчы өзү гана чечет. Ага Президент да, Премьер-министр да көрсөтмө бере албайт. Ата-энелер бала бакчага баласын орноштуруу үчүн "кирүү взносун" төлөгөндөн тышкары, ар бир майрам сайын бала бакчанын бөлүм башчысы "учурашып" турары эч кимге деле жаңылык эмес. Кыргыз баласы - баласы үчүн эч качан эч нерсени аяган эмес.
Мектеп проблемасы андан да татаалыраак. Анткени, бул жакта да ар бир мектептин "мартабалуулугуна" жараша "кирүү взносу" бар. Ушул макала даярдалып жатканда, редакцияга телефон чалышкан ата-энелер шаардагы мектептердин биринин директорунун орунбасары мектепке кирип жаткан ар бир бала үчүн 5-июндан кечиктирбей 10 миңден сомдон төлөш керектигин талап кылып жатканын айтышты. Буга таңгалып деле кереги жок, шаардагы бардык мектептерде абал ошондой. Балаңызды, же кызыңызды мектепке киргизгиңиз келеби, анда сөзсүз мектеп директорунун алдынан өтүш керек. Анан балаңыз мектепке киргенден кийинкиси ал өзүнчө. Класстын ремонту делип окуу жылынын башында бир жолу, мектептин ремонту делип окуу жылынын аягында бир жолу миң-бир жарым миңден кем акча чогултулат. Андан тышкары ай сайын бор, сыр, чака, пол жууган чүпүрөк үчүн өзүнчө акча жыйналат. Кыргызстанда эмне көп, майрам көп, майрам сайын мугалимдерди куттукташ керек, туурабы? Мында салтка айлангандай, окуучулар өзүнчө, ата-энелер өзүнчө куттуктамай. Анан ата-энелерде баш оору башталат, өткөндө колуна шакек алперди элек, өткөндө кулагын кармалап калды, эмикисинде кулагына сөйкө алперели дешип. Шакек, сөйкөдөн кийин, чайнегин чынылары, хрусталь идиши менен алперишет. Дагынкысын дагы бар дегендей, айтор, каалоо болсо болду, алпере турган буюм-тайым сөзсүз табылат. А балаң үчүн "каалабай" кое албайсың. Өз каныңдан жаралган баланы башка балдардын алдында жер каратып, сумсайтып коюш, ата-эне үчүн уят.
Ошентип олтуруп, балаңыз, же кызыңыз бой жетип, жогорку окуу жайларынын биринен окуй турган мезгил да келип жетет. Кыргызстандагы ар бир жогорку окуу жайы "Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө" мыйзамынан тышкары өзүнүн жазылбаган мыйзамдары менен жашайт. Жогорку окуу жайынын мартабасы канчалык жогору болсо, анда коррупция деңгээли да дал ошончо экени айтпаса да түшүнүктүү.
Бирок, бул айтылгандардын баары майда-чүйдө, турмуш-тиричиликтин деңгээлиндеги коррупция, муну мамбюрократтар "бытовой" коррупция деп коюшат. Коррупциянын бул түрү мамлекетке коркунуч келтирип жатат деп айтканыбыз да туура эмес. Мамлекет үчүн коркунучтуусу - бул мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупция жана анын негизинде жасалган экономикалык кылмыштар. Мына ушундан улам Кыргызстан жылына миллиарддаган каражат чыгымдарды тартууда. Мамлекеттик бийлик системасында чоң коррупциялык схемалар жана элементтер кадыресе калыптанып калган. Ошол эле энергетика тармагын алалы. Акаев бийлиги кулады, Бакиев бийлиги кулады, бирок энергетика системасы Ширшов түзүп кеткен коррупциялык схема менен иштеп жатат. Бажы системасы да Малабаев-"Кошелек" түзүп кеткен коррупциялык схема менен иштеп, мамлекеттик казынага түшчү каражаттар жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүүдө. Мамлекет сатып алуулар системасын алалы, бул тармакта да коррупция чоң келемишке айланып алган.
Бир сөз менен айтканда, келемиш мамлекетти соруп, кемирип жатат. Кыргызстанды анын душмандары, же тыштан келген адамдар эмес, ошол мамлекетти башкарып тургандар, мамлекеттик бийлик органдарында даражалуу кызматтарда иштегендер келемиштей кемирип жеп жатканы канча айтылбасын, канчалык көзгө сайылып көрсөтүлбөсүн, мындан эч кандай натыйжа деле чыкканы жок. Тескерисинче, келемиштердин саны көбөйүп жана сапаты жакшырып, коррупция жашарып баратат. Өкүнүчтүүсү, мына ушунда.
Кытайда коррупцияга тиешеси бар мамлекеттик чиновниктерди эгер күнөөсү аныкталса, жерге тизелетип туруп эле желкеге бир атат экен. Кыргызстан деле акыр аягы ошол акыркы кадамга барат окшойт. Болбосо, бизде акыркы жылдарда коррупция - коррупция менен күрөшө турган сот, прокуратура органдарына чейин уялап, ал жакта да келемиштерди эле эмес, ажыдарларды да пайда кылды.
Бийлик өзүнүн корбашы эмес экенин далилдегиси келсе, анда басмачыларга каршы сөздүн чыныгы маанисинде күрөшүүсү абзел. Антпегенде, "Коррупция 7-кабатка жетти. Силерди Манастын арбагы урсун" деп, аксынып коюп, өзү №1-коррупционер болгон, өзү басмачылардын башында корбашысы болгон Кудайга да жакпайт.

Бек Алымбеков





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика