Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кайсы генерал Улуттук Банк башчылыгына келет?
Мындан бир аптадай мурда президент Роза Отунбаева өзүнүн резиденциясына жалаң кыргыз тилдүү гезиттердин башкы редакторлорун сый тамакка чакырып, маңдай-тескей олтуруп алып, ар кайсы көйгөйлүү маселелер тууралуу баарлашкан эле.
Анда Улуттук банк жетекчилиги тууралуу да маселе көтөрүлүп, айрым журналисттер ажо айымга "Б.Жээнбаеванын ордуна ким келет?"- деген суроону кабыргасынан коюшкан. Ошондо, Р.Отунбаева Зина Асангожоеванын талапкерлигин көрсөтүү оюнда бар экендигин, аны таза, интригаларга аралашпаган жана өз ишин мыкты билген айым катары мүнөздөгөн. Ошол эле учурда аны Улуттук банк жетекчилигине жолоткусу келбеген күчтөрдүн да бар экенин жашырган эмес.
Эми финансы тармагында "бухгалтериянын акуласы" атка конгон Зина айымды Жогорку Кеңештин СДПК, "Республика" фракциялары колдоп, ага жашыл жарыгын күйгүзүштү. Калган фракциялар Асангожоеванын талапкерлигине "добро" беришеби же жокпу, азырынча белгисиз.
Маалымат үчүн айта кетсек, Зина айым өмүр бою ар кайсы тармактарда бухгалтердик кызматты аркалап, аны аки-чүкүсүн, "подводный теченияларына" чейин мыкты өздөштүргөндүгү айтылат. Бүгүнкү күнү Улуттук банк төрайымынын орун басарынын кызматын аркалап келүүдө. Генерал-майор наамына ээ экендигин да баса белгилеп кетмекчибиз.


Губернаторлукка "БЕК ТУРГАН" Бектур, "кет" демейинче кетпейм дейт го...
2-июнь күнү Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов ЖКнын пленардык жыйынында былтыркы июнь окуясы боюнча билдирүү жасады. Өзү ошол учурда бийликте тургандыктан кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар экенин айтты. Жигиттик кылып моюнуна алды. Өзү айтмакчы кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү болгон болсо анда эмнеге бүгүнкү күнгө чейин бийликте олтурат. (?) Мына, бүгүнкү бийликтин жүзү... Кызматтагы адамдарыбыз минтип, "кандайдыр бир деңгээлде менин дагы күнөөм бар деп атса" ишибиздин бүткөнү ушул. Бул бойдон Бектур мырза дагы эки жыл бийликте турса, "кандайдыр бир деңгээлде" деген сөздүн ордуна ачык эле: "2010-жылдагы июнь окуясына мен күнөөлүмүн, анткени ал "экс-шефтин" тапшырмасы болчу" -деген сөздү айтпайт деп ким кепилдик бере алат. (?) Анан дагы мени А.Атамбаев кетесиң деп буйрук чыгарса кетүүгө даярмын дейт... Бул сөздүн аркасында, "Атамбаев менен сөзүмдү бекитип алгам" -деген, шек жаткан жокпу?!...


Ж.Бакиевдин уулу менен А.Елисеевдин коттедждерин ким улутташтырбай койгон?
Аз күн мурда Улутташтырылган объекттерди башкаруу фондусунун директору Даир Кенекеев Ысык-Көлдүн Бос-тери айылында Ж.Бакиевдин уулу Чыңгыз Салиевдин жана Чок-Талда М.Бакиевдин досу А.Елисеевдин коттеджи табышмактуу себептер менен улутташтырылбай калганын билдирди.
Деги эле убактылуу өкмөт бийликке келгенде улутташтыруу маселеси менен кайсы структура алектенгенин, анын башында ким турганын таап чыкан эле, Ж.Бакиев, А.Елисеев менен жең ичинен кимдин сүйлөшкөнү дароо эле ачыкка чыгып калат. Бирок, Ж.Бакиев менен А.Елисеевдин элдин ырыскысына ченемсиз кол салганын эске алсак, анда аларга тиешелүү мүлктөрдү азыр да мамлекеттин эсебине алууга кеч эмес.


Өзбек сепаратисттеринин мүлктөрү конфискацияланып, элге берилиүүсү керек
Өткөн жылы улут аралык жаңжалды жандандырган К. Батыров, Ж. Салахидинов, И. Абдурасулов, К. Абдуллаева ж. б. бизнесмендердин мүлктөрүн да улутташтыруу учур талабы сыяктанат.

Себеби, алардын кара мүртөз аракеттеринен жүздөгөн адамдар көз жумса, канча деген айымдар жесир, балдар жетим калышты. Тиги сепаратисттердин мүлкүн да улутташтырып, андан түшкөн акча-каражаттардын эсебинен июнь окуя-сында жабыр тарткандарга "Ден соолугун чыңдоо борборун" куруп берүү демилгесин Ж.Жолдошева көтөрүп чыгууда.


Акындар акчага маарышты...
Жалпыга жарыя болгондой 31-май күнү Барпы акындын 125-жылдыгына арналган чоң айтыш болуп өттү. Жыйынтыгында баш байгеге коюлган 70 000 сомду (жетимиш миң) "Ай Кашка" акын Аалы Туткучев багындырса. Биринчи орунду буга чейин акындардын арасында аты аталып жүргөн менен байгелүү орундарга жете элек Сапарбек Зулпуев 50 000 сомду (элүү миң) жеңип алды. Ал эми калк сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Жеңишбек Токтобеков менен Элмирбек Иманалиев андан кийинки байгелүү орундарды багындырып 15 000 миң сомдон (он беш) сыйлык алышты. Андан башка катышкан 14 акынга 4 000 сомдон (төрт миң) кызыктыруучу сыйлык берилди.


Мелис Мырзакматов
коркконунан бийликке
моюн сунуп калган жок
Мен жөнүндө Бакиев режими кулагандан кийин коркконунан бийликке моюн сунуп калды дегендей маалымат кеткен, деп билдирет 2-июнда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Ош мэри Мелис Мырзакматов.
"Мырзакматов гана 7-апрелде болгон окуядан кийин 8-апрелде абалды турукташтыруу боюнча биринчи токтомдорду чыгарып жатты. Мен кыргыз элинин канынын төгүлүшүн каалабайм. Абалды турукташтырууга болгон конкреттүү чараларды кабыл алып турдук. Мындай чанда гана болот. Жергиликтүү бийлик колунан келгенче колго алды. Бардык жасалган иштер боюнча документтерди депутаттарга тапшырабыз, күмөн санагандар же мэрге болгон кычык суроолор болсо, аларга жооп берүүгө даярмын", - деди М.Мырзакматов.


Кадыржан Батыров июнь коогасын уюштурганга 100 миң доллар которгон
Бул тууралуу июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Ватан - Родина" партиясынын лидери Кадыржан Батыров 2010-жылдын 18-майында "Жалал-Абад АНД" ишканасынан Азамжан Акбаров деген адамды чакырып, июнь окуясын уюштурганга БТА банк аркылуу 100 миң доллар жөнөткөнүн билдирген. Акча Ошко которулганын, мындай маалымат комиссияга эки күн мурда берилгенин комиссия төрагасы кошумчалады


Тоолуу аймактарда жүрөк оорулуу балдар арбын
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Кыргызстандын тоолуу аймактарында түздүү жерлерге салыштырмалуу тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдар 3-6 эсеге арбын. Балдардын эл аралык күнүнө карата азыр Бишкекте Кытайдан келген дарыгерлер кайрымдуулук ирээтинде 3 жаштан жогорку курактагы балдардын жүрөгүнө бычаксыз операция жасап жатат. Үч-төрт күндүн ичинде 40 чакты операция жасоо пландаштырылууда. Кыргызстанда ар кандай тубаса жүрөк оорулары менен 5 миңдей бала катталган. Жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдардын жарымы 1 жашка жетпей чарчап калат, ал эми калгандарынын майып болуп калуу коркунучу бар


Акматбаевдин атасы
телефон чалды
Гезитибиздин өткөн санында "Рысбек Акматбаев Испаниядабы?" деген маалымат жарык көргөн. Маркумдун атасы Абдумалик аксакал бизге телефон чалып, анда айтылгандай маалыматты таркатпагандыгын жана эч кимге доомат койбогондугун билдирди.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика