Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Куру кыялчан Кулов
Бу генерал акебиз сыртынан эле сүрдүү көрүнгөнү менен абдан баео мүнөз киши экен. Баарынан дагы куру кыялга чөмүлүп алып фракциянын жыйынында болочок өкмөттүн схемасын чийип, кимге кайсы кызмат тиерин эсептеп кирет дейт. Анан калса коалиция кулап, өкмөттү колума алсам дегенде эки көзү төрт. Аксакалдын бала-жоруктарына таң калган партиялаштары бул кишини мурдагыдай урматтабай, ар кими өз бетинче кетип, билген намазын окуп жаткан кези. Партиялаштарынын миң сан жоруктарына каны кайнаган генерал куру кыялды жазданып алып, үстөл муштап, акыл үйрөтөм менен алек болгонуна карабай, фракция депутаттары аны жөн гана тамаша катары кабыл алып жатышыптыр.


Өлүмтүк комиссия, үчилтик корутунду
Мындан жарым жылча мурда парламент тарабынан түзүлгөн июнь жана апрель коогалаңдарын иликтөө боюнча депутаттык комиссия корутунду чыгарууда бир пикирге келе алышпай жыйынтыктоочу чечимдин 3 варианты тең колдоого ээ болбостон дагы деле асылып турган чагы. Токон Мамытов, Исмаил Исаков жана Жылдыз Жолдошева тарабынан даярдалган 3 башка пикирди карманган жыйынтык учурда коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып турган чагы. Маселен Жылдыз Жолдошеванын долбоорунда бийликтеги тиешелүү адамдардын жоопко тартылуусу ж.б талаптар коюлса, Исмаил Исаков "Мен Убактылуу өкмөттөн милдеттенме алгам" деп конструктивдүү вариантын сунуштаган. Ал ортодо Токон Мамытов даярдаган корутундунун долбоору бир сайтка чыгып кетип, катуу талкууга түшкөн. Жылдыз айым өзү тарткан фильмдин коомдук биринчи канал аркылуу көрсөтүлүшүн талап кылып турган чагы.


Ошто кош майрам!
Акыркы убакта түштүккө ат тезегин кургатпай каттап калган ажо айым Роза Отунбаева 1-июнга карата дагы кайрадан Ош шаарына жөнөп кетти. аны угар замат журналист журту "Оштон башка жерде майрам өткөрсө бир жери кемип калабы" деп нааразы болгончо эле болбой сапардын башка себеби бар экенин да эшиттик. Балдар майрамы менен кошо Сулайман-Тоо улуттук этнографиялык комплекси ЮНЕСКОнун баалуу мурастарынын тизмесине киргендиги боюнча сертификатты тапшырып, дагы бир ирет Мырзакматов менен жанашып сүрөткө түшүп алды. Мырзакматов демекчи, бул киши акыркы убакта Президентти, спикерди, премьерди кайта кайта тосо бергенден тажаганын айтып жүрүшөт. Өткөндө Ош шаарында болуп өткөн аскердик машыгуудан соң машинеге түшүп, эл менен коштошуп кетип бара жаткан президентти губернатор Сооронбай Жээнбеков кол алыша жылуу узатса, Мырзакматов тоготпостук кылып, тамеки түтөтүп туруп алганын көргөндөр айтып, бул киши акыркы убакта Бакиев заманынан дагы катуу көптү - деп баш чайкап алышкан. Ажо айым болсо аны билип туруп эле Ошко бара берет. Эми 10-июнда дагы барат.


Кулматов кайтып келди
Мындан жарым ай мурда орус жараны экендиги аныкталып, парламентте чуу көтөрүлгөн чакта эмгек акысы сакталбаган тыныгууга чыга качкан бажы башчысы Кубанычбек Кулматов кабагым-кашым дебей ордуна кайтып келиптир. Ал ортодо ЖоКе депутаттарынын эшигин каккылаган Кулматов мырза бир тобунун көңүлүн таап, "көксөөсүн" орундатты дешет. "Эми Сиз жылуу ордуңузга барып отура бериңиз, биз чуу көтөрбөйбүз" деп, далыга таптап жөнөтүшүптүр эл өкүлдөрү. Бир кезде партиялык советтик кызматтарда тоодой кадыр топтогон Кеңеш Кулматов аксакалдын уулу жаңы замандын нугуна жараша байлык топтоонун жолун таап алганы өкүнүчтүү.


АКШ базасын
Жекшенкулов кетиреби?
Акыркы убактарда курулай популизм менен алектенип, бийликке жетпей калгандагы бугун чыгаруу менен күн өткөрүп жаткан "Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов АКШ базасы чыгарылсын деп пресс-конференция өткөрүүгө жетишти. Аны менен кошо эрдемсиген "7-апрель" коомдук кыймылынын лидери Мирлан Бекитаев, "эгерде тиешелүү чечим чыгарыла турган болсо, анда 2 саат 45 минутада авиабазаны ыпыр-сыпыры менен кошо сыртка чыгарып салууга күчүбүз жетет" деп асмандын башын айтып бакылдап алды. Аны угуп отурган Аликбек Жекшенкулов Мирлан мырзага базаны чыгаруу үчүн кеминде 6 ай талап кылынаарын айтып түшүндүрүштүн ордуна Орусия биздин жападан жалгыз гана өнөктөшүбүз дегенден башкага жараган жок. Эмнеге акыркы убакта Маскөөгө ат тезегин кургатпай каттап калды десе...


Карбаластаган Калмаматов,
карайлаган Айтматова
Бу депутаттардын айрыкча добуш бергендерин көрсөң өзүнчө эле "концерт". Трибунадагы таблодо катталганы 105 депутат деп жазылып турганы менен залдагы отургандары 25 эле болот. Добуш берүү башталды дегенде эле ныксырап отурган немелер дароо тура калышып, бал издеген аарыдай ары-бери чуркап кнопка басып киришет. Баарынан дагы Курмантай Абдиев, Гүласал Садырбаева сыяктуу аксакал депутаттарды "дежур" кылып калтырып өздөрү чайлап жүрүшкөндөрү кызык. Өгүнү "Ата Мекен" фракциясынан жалгыз Бактыбек Калмаматов калган экен, 18 депутаттын ордун толтура албай алактап калды. Ал эми Жогорку Кеңеш Киммо Кильюненге баа бергенде кадимкисиндей эле залга кирбестен уйкусурап жүргөн улуу жазуучубуздун эрке кызы Ширин айымдын ордуна бирөө макул деп басып жибериптир. Ал эми Айтматова болсо, ага калыс деген баа бермек экен. Учурда кесиптештеринин кылыгына нааразы болуп, мындан ары ар бир отурумда өзүм добуш берем деп ачууланганы менен, дагы деле кичинекей оюнчугун үстөлүнө таштап коюп, өзү ары-бери айылчылаганын токтото элек дешет.

"Алиби" пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика