Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,коомдук жана саясый ишмер, демилгечил топтун жетекчиси Казат Акматов:
Айтматовдун алдында
парзыбызды аткаруубуз керек
(башталышы өткөн санда)

Айтматовдун өлүмүнө
эмне себеп болгон?
- Казат ага, сиз көп жылдардан бери Чыңгыз Айтматов менен жакын мамиледе болгонсуз? Бирге да иштешкенсиз. Ал киши бир жакка чыкканда узатып, келгенде тосуп алып жүргөнсүз. Эл арасында анын дүйнөдөн кайтуусу боюнча ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Бул маселелер боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Айтматовдун мурдатан кант диабети, гипертония ооруулары бар болчу. Бирок, ал Бенилюкста (Бельгия, Нидерланддар, Люксембург) элчи болуп иштеп жатканда жигиттей шайдоот жүрчү. Ал сууда сүзгөндө жигиттер да жете алчу эмес. Бирок, аны мурдагы бийликтин өзүнө алдын ала адамча айтып кеңешпей, жубатарлык сөз айтпай туруп күтүүсүздөн элчиликтен бошотуп салышкандыктары мурда андай нерсени башынан өткөрбөгөн адамга аябай катуу тийген. Ал демилге ошол убакта Ак үйдө отургандардын кимисинен чыккандыгын билбеймин, бирок, менин оюмча эгерде Айтматовдун дагы иштейин деген ою болсо, аны элчиликтен бошотуунун зарылчылыгы жок болчу. Батыштын маданий атмосферасында бул жердеги саясый чыр-чатактардан алыс, калыс жүрүп, чыгармачылыгы, элчилик иштери менен алектенүү ага жакчу. Эли үчүн ушунча зор эмгек жасаган адамдан биз үчүн ысык-суугу жок майда өлкөлөрдөгү бир элчилик орунду кызгануу жөн эле майдачылык болгон.
Ал элчилик кызматын тапшырып келгенден кийин бир айдай президентке кире албай жүрдү. Ага мен күбөмүн. Бир күнгө белгилеп коюшуп, анан улам эле кийинкиге жылдырышат. Элчиликтен күтүүсүз бошотулганы бир сокку болсо, мунусу экинчи сокку болду.
Ал сууга сүзгөндү жакшы көрчү деп жогоруда айтпадымбы. Мамлекеттик резиденциянын ал жашаган үйүнүн аркасында ортосу коридор менен туташтырылган бассейн бар эле. Жайкысын ага ал күндө түшчү. Бир күнү ал халатын, чачыгын колтуктап алып адатынча бассейнге баратса, коридордон чыккан жерден бир аял тосуп алып, "сизге бул жакка уруксат эмес, ушундай буйрук болду" деп өткөрбөй коёт. Ошондо дагы бир катуу сынганын көрдүм. Чоңдордун бала-чакалары киринип жаткан жерге Айтматовду киргизбей коюшса, ал сынат да. Акаевдин бийлиги резиденциянын аймагынан үй беришсе, кийинки бийлик эмне себептен үйүнүн жанындагы бассейнге түшкөнүнө ичи тарыганын түшүнбөймүн.
Айтматовдун 80 жылдыгына арналган иш чараларга ал жөнүндө документалдуу кино тасма тартуу киргизилген болчу. Бирок, анын каржы маселеси чечилбей кийинкиге жылдырыла бергендиктен Россиянын теле берүүсүнүн бир каналындагылар өздөрүнүн эсебинен кино тасма тартууну чечишип, Бишкекке келишип, Айтматовду өздөрү менен бирге Таласка алып барышты, Ысык-Көлдө, Алматыда, Бишкекте бир жумадан алып жүрүшүп, анан май айынын ортосунда Москвага алып кетишти. Алматыга жөнөөрдөн бир күн мурда үйүнө баргам. Эшикте сүйлөшүп, ары-бери басып турганыбызда "белим ооруп турат" деп улам эле менин машинамын арткы орундугуна барып отура калып жаткан. Анда мен "Чыке, кантип эле белиңиз оорусун. Голливуддун артисттериндей жапжаш болуп турбайсызбы" деп тамашаласам: "ээ, Казаке, сексен деген оңой жаш эмес. Менде оорудан көп нерсе жок. Күндө бир кочуштан дары ичемин, эмнесин айтасың. Диабетим да кыйнап жатат" деп улутунган. Көрсө кинотарткычтар менен талаада жүрө берип бөйрөгүн шамалдатып алган экен. Бөйрөгү менен кошо өпкөсүнө да суук тийгенин өзү да билбептир.
Москвада үч-төрт күн жүрүп Казанга учат. Ал андан ары Татарстандын борборунан эки жүз чакырымдай алыстыктагы Көкмал деген жериндеги апасынын түпкү кичи мекенине барып, ал жерде да кинотасманын айрым эпизоддорун тарттырмакчы болгон экен. Бирок, самолетто баратканда эле температурасы кескин көтөрүлүп, абалы начарлай баштайт. Денеси ысыган сайын самолеттун шамал үйлөгүчүн ошончо ача берип, оорусун андан бетер күчөтө берсе керек. Самолеттон түшкөндө баласынын айтуусу боюнча, температурасы 40 градусту көрсөтө баштаган экен. Ал жерден дароо ооруканага алып барып жаткырышат. Адегенде врачтар бөйрөгүн гана дарылай беришип, өпкөсүнүн шамалдаганын кийинчерээк байкашса керек.

(Уландысы 14-бетте)





  Ысык-Көл сапары

"Кумтөр" жана көлдүктөр
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун, - деп атактуу акыныбыз Алыкул Осмонов жазгандай, көркөмдүү көлүбүз ким анын сырын тартып, касиетин кастарлай билсе "жакшылыгымды аябай адамдарга чачаар элем" дегенсип, жай гана жагымдуу толкунун жээкке чачат. Май айынын аягындагы көл жээгинин көрүнүшү өзүнчө эле керемет.(Фотосүрөт, сүрөтү Александр Федоровдуку)
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жасаган чыгармачылык иш сапарыбызда биз тоңдуктардын табиятка жана өздөрүнүн ишине болгон мамилесинин өзгөрүп жатканын байкадык. "Көрө-көрө көсөм болот" дегендей, тоңдуктар "Кумтөр оперейтинг компани" ишканасы менен тил табышып иштегени күнүмдүк жашоо-тиричилигинде жылыштар болуп жатканын жашырышкан жок. Биз буга "Кумтөрдүн" жардамы менен Бөкөнбаев айылында төрт долбоордун ачылыш аземине катышканыбызда күбө болдук.
Биринчи долбоор "Кол өнөрчү аялдар үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүү" деп аталат экен. Бөкөнбаев айылында он эки миңден ашык адам жашаса, анын алты миңден ашыгын аялдар түзөт. "Алтын оймок" коомдук фонду уз чебер аялдарды өзүнө тартып, аларды иш менен камсыз кылып турат. Фонд жалгыз бой жана көп балалуу энелерди жумуш менен камсыз кылууну көңүлдөн сырт калтырбайт. Үйүндө иштеген аялдарга сувенир, оюнчук, шырдак, ала кийиз жана башка буюмдарды жасоого заказ берет. Бул буюмдардын баары жергиликтүү продукция болуп эсептелген койдун жүнүнөн жасалат.
"Алтын оймок" коомдук фондусунун короосундагы жаңы сатылып келген жүн тытуучу станоктун ачылыш аземине "Кумтөр оперейтинг компанинин" вице-президенти Андрей Сазанов, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Рыспаев жана башка расмий адамдар катышты. (Фотосүрөт). Жүн тытуучу станокту алтын оймоктогулар 5400 америка долларына сатып алышкан. Станок сатып алганы алар мурдагыдай көп убара тартпай, түйшүктөрү жеңилдеп калды. Коомдук фонддун короосунда иш кызып, бири тытылган жүндү чийге түшүрсө, экинчиси ага көмөктөшүп жүрөт. Айтор бош турган адамды көрүүгө болбойт. Биз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, "Алтын оймок" коомдук фондунун директору Жаңыл Байышеваны кепке тарттык:
- Биздин коомдук фондубуз 1996-жылы уюшулган. Негизинен бизде көп балалуу жана жалгыз бой аялдар иштейт. Алардын жашоо-шартын жакшыртууга жардам беребиз. Бизде туруктуу 14, ал эми үйүндө 44 аял иштейт. Бул жерде иштеген 14 аял кийиз жасап, боеп, кесип, дизайнды салып, анан үйүндө иштеген аялдарга таратабыз. Алар болсо өрмөп, шырып, саймасын сайып көркүнө чыгарат. Бизге "Кумтөр" 393690 сом акчалай грант берген. Ага жүн тытуучу станок сатып алгандан кийин, туруктуу иштеген аялдарыбыз мурда эки жарым миң сом айлык алса, азыр үч миң сом айлык алып калышты.
Сөзгө ушул эле "Алтын оймокто" иштеген уз чебер Тилекеева Лена аралашты: "Мен ушул жерде 1996-жылдан бери иштейм. Бизге жакшы шарт түзүлгөн. Бүтпөй калган жумушумду үйдөн барып улап жасай берем. Балдарымды карап, үй-оокатымды караганга да убакыт табам. Ала кийиз, шырдак жана башка панно, сувенирлерди жасайбыз. Мен орточо эсеп менен үч миңден беш миң сомго чейин айлык алам"
"Алтын оймок" фондусунан сапарыбызды андан ары улап, "Өнөр кенчи" коому тарабынан уюшулган "Турмуштук оор жагдайга кабылган улгайган адамдардын күндүзгү борборун ачуу" долбоорунун ачылыш аземине катыштык. Бул жерден биз бир топ маалыматтарды алдык. Бөкөнбаев айылында 997 улгайган адам жашаса, анын 489ун пенсия курагындагы апалар түзөт. Турмуштук оор көйгөйлөр кары адамдарды кыйгап өтпөй, көптөгөн кыйынчылыктарды жараткан жагдайлар кездешет. Балдары башка жакка жумуш издеп кеткендиктен, көпчүлүк карыган ата-энелер кароосуз калып, ач калып, ток калып дегендей, ар кандай ооруга чалдыгышат. Мына ушул сыяктуу маселелерди чечүү максатында улгайган адамдардын күндүзгү борбору ачылыптыр. Борбор кары адамдарга моралдык-психологиялык жана материалдык жардам көрсөтөт. Бөкөнбаев айылынын отуз улгайган адамы дайыма борбордун көзөмөлүндө турат. Ошондой эле борборго келген кары адамдар кан басымын текшертишип, медициналык кароодон өтүп турушат.
Биз менен болгон маегинде "Өнөр кенчи" коомунун жетекчиси Сымбат Ражапова мындай дейт: "Уюмубуз 1996-жылдан бери кары адамдар менен иштейт. "Кумтөрдүн" жардамы менен он миң долларлык грант алганбыз. Күндүзгү борбордогу эмеректерди сатып алдык, медициналык комнатаны жабдыдык. Медициналык кызматкерлерден турган он үч топ алты айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган кары адамдарга жардам көрсөтүшөт. Даниянын долбоору менен азык-түлүк пакетин таратабыз. Оорулуу кары адамдарга дарыларды беребиз. Бөкөнбаев айылында эле чет жакка каткен мигранттардын 157 үй-бүлөсү жашайт. Ал үй-бүлөдө калган кары-картаңдарды көз жаздымдан калтырбай, колдон келген жардамыбызды берип турабыз".
Күндүзгү борбордо биз менен сүйлөшкөн 72 жаштагы Майрамкан Шамбетова, 70 жаштагы Сайрагүл Садабаева аттуу апалар "борбор болбосо айлабызды таппай калмакпыз" деп тамашалап, аларга шарт түзүп берген "Кумтөрдүн" жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

(Уландысы 14-бетте)








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика