Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Жаман айтпай, жакшы жок

Жаманды коногу бийлейт
Кыргызда "жаманды коногу бийлейт" деп коюшат. Бийлегени ошо, Кыргызстанга эптеп мурдун тыгып алгандар, кичине кененирээк дем алып калганда эле каалаганын жасай башташат. Алыска барбай, "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуу борборун алалы. Мурда бул борбор "Ганси" авиабазасы аталчу. "Орун алмаштыргандан сумма өзгөрбөйт" болуп, "Гансинин" аты өзгөргөн менен заты ошол бойдон калды. Эл аралык терроризм, диний экстремизм менен күрөшүү маселесине каршылыгыбыз жок болгон менен, аталган Транзиттик жүк ташуу борбору "Манас" аба майданына жайгашкандан берки - анын айланасындагы айрым адам өлүмү менен байланышкан, жол кырсыгы, ошол эле бул борборду авиакеросин менен камсыз кылуу менен байланышкан кейиштүү окуялар кыргыз коомчулугунун тынчсыздануусун пайда кылып жатканын айтпай кое албайбыз. Айталы, ошол эле Иванов ыраматылыкты атып салган "Ганси" авиабазасынын аскери Кыргызстандан чыгарылып кетти да, ошону менен мыйзам чегинде жазасын алган жок. Ивановду америкалык базанын аймагынан атып салган окуядан мурдараак ошол эле "Ганси" авиабазасында кызмат кылгандар шаарга эс алганы келишип, 6-7-кичирайон тараптан бир кызды машина менен койдуруп кетишкен, бирок, Кыргызстанда мыйзам иштебейт эмеспи, бир чети "Ганси" авиабазасында кызмат кылган аскерлерге берилген дипломатиялык статустан, кол тийбестиктен пайдаланып, булар да эч кандай жаза алышкан эмес. Айта берсе, мындай мисалдар толтура.
АКШнын транзиттик жүк ташуу борборунун эмне үчүн Кыргызстанда жайгашканынын түпкү максаты, тактика, стратегиясы тууралуу таптакыр ооз ачпай эле коелу. Бирок, анын баары бүгүн айтылбаса да, эртең ачыкка чыгат. Маселенин, мына ушул өңүтүнөн алганда, айрым саясатчылардын АКШнын транзиттик жүк ташуу борборун өлкөдөн чыгаруу маселесин референдумга алып чыгуу демилгесин көтөрүп жаткандыгында кандайдыр бир деңгээлде жүйө барбы деген ойго кетесиң. Бул демилге азырынча, "7-апрель жаштар кыймылы", "Эл үнү" партиялары, "Кыргызстан элдеринин кеңеши" тарабынан колдоого ээ болгонун айта кетели.
Минтип, "жаманды коногу бийлейт" мисалына ириде АКШнын транзиттик жүк ташуу борборун айтканыбыз менен, андай "баатыр" конокторду четинен табасың. Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде "Бета-Сторес-3" соода борборунун технологу, Түркиянын жараны Гүнеш Йылмаз ушул соода борборунун сүт-нан азыктары бөлүмүндө иштеген Кыргызстандын жараны Чолпон Орузбаеваны уруп коюптур. Маалыматтарга караганда, Чолпон Совет жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Бета Сторес-3" соода борборунун сүт-нан азыктар бөлүмүндө бир жыл аралыгында сатуучу болуп иштеген. Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Гүнеш Йылмаз Чолпонго мөөнөтү өтүп кеткен товарды эмнеге сатпайсың деген айып кое баштайт. Андан мурда Түркиянын жараны өзүнүн үй-бүлөсү бар болгонуна, Куран окуп, намазга жыгылганына карабастан, кызга тийишип, аны кафеге чакырып жүргөн жагдайы да бар экен. Бирок, кыз андан сылык баш тартып койгон.
Сөздүн кыскасы, Гүнеш Йылмаз мөөнөтү өтүп кеткен нан азыгын сатууга болбостугуна карабастан, сатуучу кызды сатууга мажбурлап, эгер сатпай турган болсоң, анда иштен кетесиң, ж.б. сөздөрдү айтып коркута баштаган. Йылмаз коркутуп-үркүтүү менен токтолуп калбастан, кызды бетке чаап жиберип, колун толгоп, кыз жыгылып калганда, буту менен тепкилеген.Тилекке каршы, бул окуя болгон жерде видеокөзөмөл болуп, андан болгон окуяны соода борборунун күзөт кызматкерлери көрсө да, эч кимиси Йылмазды кой-айга жараган эмес. Кыз өзү Йылмаздын колунан араң бошонгондо, күзөт башчысы кабинетине чакырып алып, ишиңди уланта бер деген.
Чолпон милиционерлерди чакырууга аргасыз болуп, укук коргоо кызматкерлери ШМБ-7 апкелип, ал болгон окуяны төкпөй-чачпай жазып берет. Ушул маалда ШМБга "Бета Сторестин" башкы директорунун орунбасары Салех Ердогдур келип, ал 7-шаардык милиция бөлүмүнүн Нурлан аттуу начальнигинин кабинетине кирип кетет. Ушундан соң, начальник чыгып, Түркиянын жаранына карата эч кандай доом жок деген арыз жазып бер дейт. Чолпондун айтымында, Нурлан аттуу жигит милиция мындай эч нерсеге арзыбаган иштерди карабайт деп айткан.
Кечке жуук кыздын абалы начарлап, Мамакеев клиникасына жаткырылып, Йылмаздын уруп-сокконунан улам, ички органдарынан жарат алып, кан кеткендиктен операция болгон. 2 күн реанимацияда, 17 күн клиникада жаткан.
Ч.Орузбаева ооруканадан чыккандан кийин, окуя болгондон 24 күн өткөндөн кийин, 17-майда Гүнеш Йылмаз кармалып, 1-май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Тимур Мажиев КР ККнын 104-статьясы боюнча иш козголгонун билет.
Кыскасы ушундай. Окуя кандай аяктайт белгисиз. Биздин маалыматыбызга караганда, "Бета Сторесте" мындай окуялар буга чейин деле боло келген көрүнүштөр. Аталган соода борборунда иштеген Түркиянын жарандары Кыргызстандын өздөрү менен иштеген жарандарына кол көтөрүп, уруп-согуп, кагып-силкип мамиле жасап, атүгүл интимдик ишти сунуш кылган окуялар билинип калганда, "Бета Сторес" жетекчилиги коомчулук билип калбасын үчүн Түркия жарандарын кызматтан бошотуп жиберген фактылар бар экен. Ошол эле Йылмазга чейин ошол орунга иштегендер ошондон улам кызматтан кетишиптир.
Үй ээси жоош болсо, ушинтип "жаманды коногу бийлейт" болуп, ким көрүнгөн келип алып, өз тартибин орното беришет. Кыргызстан инвестиция, инвестиция деп эле өпкөлөйт, чет элден келгендерге бардык шарттар түзүлүп берип жатат, бирок ошол эле учурда сырттан келгендер Кыргызстанга жана анын элине "караларга" жасагандай мамиле жасап жатканы бийликти да, коомчулукту да ойлонтуп, намыс-арына тийбегени өкүнүчтүү. Кыргызстандын жарандары эмгек мигранты болуп, Россия, Казакстанда эле азап тартып, ыйлап-сыктап жүрүшпөстөн, өз эл, өз жеринде кор болуп жатканына качан чекит коюлар экен.
А.Бостон










кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика