Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Гүлмира Осмонова, 24 жашта:

"Бир уул, бир кызым
менен качкындар
лагеринде жашап жатам"

Ө ткөн аптада Ош, шаардык ИИБнин алдында бир топ журналистер болуп турсак, бизден бир нече кадам ары турган аялдын ыйламсырап турганын байкап калдым. Эмне себептен ыйлап жатканын сурап, анын жанына басып бардым.

- Саламатсызбы, эмнеге ыйлап жатасыз?
- Былтыр согуш башталган маалда Кара-Суу районунун Он-Адыр айылынан качып баратсам, айылдаш эле өзбектер кууп калды. Бирөөсү жетип келип мени тепкенде, колума көтөрүп бара жаткан наристем ыргып кетти. Мен болсо, коркконуман кыйкырып жибердим. Ошол маалда машина менен кыргыз жигиттер келип калып, аман калдым. Эмесе, азыр минтип жүрөт белем же жокпу, Кудай билет. Кызымдын төрөлгөнүнө 20 гана күн болгон, ошондо колумдан ыргып жерге катуу түшкөнүнөн улам, чарчап калды. Азыр ошол наристе кызымдын өлүмү боюнча экспертизанын жообун укканы келгем.
- Сизди ур-токмокко алган өзбектерди тааныйсызбы?
- Бир айылда жашагандыктан жакындан болбосо да, сыртынан көрүп эле жүрчүмүн да. Алардын камалышы үчүн тийиштүү далилдер керек- дейт тергөөчү.
- Июнь тополоңунда айылдан башка жакка качып кеткениңизде, үй-жайыңыз тонолгон жокпу?
- Үйүбүз таланып-тонолмок турсун, талкаланып жашаганга такыр жарабай калган. Бүгүнкү күнү бир уул, бир кызым жана апам менен качкындар лагеринде жашап жатабыз. Жолдошум болсо таштап кеткен. Өкмөттөн жардам болот го деген үмүт менен күн кечирип жатабыз.





Колу менен кылганды, мойну менен тартат
Кыргыздарды кармап
берген өзбек кармалды
Күйөөсү таштап, эптеп күн өткөрүп жаткан Гүлмира айым менен баарлашкан соң, арыракта турган өзбек улутундагы аялдарга суроо салганы алардын жанына да басып бардым.

- Кыргызча билесизби?
- Албетте билем, Кыргызтанда жашап жатпайбызбы.
- Аты-жөнүңүздү айтып өтсөңүз.
- Менин атым Хамида Хажимуратова, Оштун тургунумун.
- Сиз бул жерге эмне иштер менен келдиңиз эле?
- Уулум Хажимуратов Сырожидиндин үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат. Июнь коогалаңында Сырожидин сыртка чыкпай, үйдө болгон. Тергөөчүлөргө бул туурасында айткам, угушпай жатпайбы. Алар болсо, балаң өмүр бою кесилиши мүмкүн дешүүдө.
- Былтыркы жаңжалдан кийин кыргыздар менен болгон өз ара алакаңыздар кандай болуп жатат?
- Алышып-беришип, соодалашып жатпайбызбы. Бизге тынч жашоо керек, кан төгүүдөн Кудай сактасын.
Апасынын пикирин уккан соң, Ош облустук милициянын айрым жетекчилеринен атайы "Алиби" гезити үчүн уруксат алып, Сырожидинди көрүү үчүн, ал камалып олтурган имаратка кирип бардык.
- Угушубузга караганда июнь тополоңунда үч кыргызды туткун катары өзбек тарапка кармап берген экенсиң. Ушул чынбы?
- Ооба, кармап бергенимди мойнума алам, бирок алардын баары тирүү да.
- Милиция кызматкерлери тарабынан уруп-сабоо болуп жатабы?
- Ооба, кечээ эле оперлер өзүнчө бөлмөгө киргизип алып, "дагы бир кылмыш ишин мойнуңа ал!"- деп сабашкан.
- Анда денеңдеги уруп-сабоонун тактарын көрсөтчү?
Футболкасын өйдө көтөрүп денесин көрсөтүп жатты, бирок эч кандай уруп- сабоонун изин байкай алган жокпуз. Бул иштин чоо-жайын кененирээк билүү максатында Хажимуратовдун ишин иликтеп жаткан тергөөчү Диярбек Курбановго кайрылдык.
- Сырожидин качан кармалды эле?
- Аталган иш боюнча 2010-жылдын 14-сентябрында Ош шаардык ИИБ тарабынан кылмыштын үч түрү боюнча иш козголгон. Козголгон кылмыш иштин негизинде 2011-жылдын 16-февраль күнү Хажимуратов Сырожидинге расмий түрдө издөө жарыяланып, ал 22-май күнү кыргыз-казак чек арасынан колго түшкөн.
- Кылмыштын кайсы түрү боюнча айыпталууда?
- Кылмыш жаза кодексинин адам уурдоо, адам эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, уруп-сабоо жана массалык баш-аламандык уюштурганы үчүн айыпталууда.
- С.Хажимуратов менен болгон маекте, оперлер аны ур-токмокко алгандыгын айтып өттү. Бул туурасында кандай маалымат бере аласыңар?
- Урду, сабады деп туруп, ИИБ кызматкерлерин жаман атты кылуу менен, мойнуна жүктөлгөн кылмыштан кутулам деп ойлосо жаңылышат. Айыпкерди мен өзүм "конвой" менен сотко алып барып, кайра аман-эсен алып келип жатам. Учурда Сырожидиндин күнөөсү толугу менен далилденген. Ал эми кылмыш кылган адам сөзсүз жазасын алууга тийиш.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика