Анвар Артыков, ЖК депутаты:
"7-апрелде бийликти басып алабыз деген күчтөр болгон"

Мындан туура бир жыл мурда түштүктө тутанган улуттар аралык жаңжалдын бир жылдыгына байланыштуу аталган окуяны иликтөө боюнча депутаттык кописсиянын жыйынтыгы учурда талашка түшүп, комиссия мүчөлөрү бир жыйынтыкка келе албай турган чак. Аталган маселенин айланасында комиссия мүчөсү, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анвар Артыков маек куруп берди.

- Анвар агай, жакында Сиз түштүктү кыдырып келдиңиз, ал жактагы кырдаал кандай?
- Учурда түштүктө кырдаал бир калыпта. Туруктуу десем болот. Ошого карабастан тынч элди козутуп дүрбөлөң чыгарып, андан пайдалансак деген күчтөр да бар. Бирок, аларды эч ким ээрчибейт. Анткени провокаторлордун аркасынан ээрчиген кандай экенин көпчүлүк түшүнүп калды. Ким жүр деп ээрчитсе эле ээрчип кете турган адам жок. Элдин ынтымагы мурдагыдай болбосо дагы бир топ стабилдешип калды. Эч кандай жаңжал жок.
- Сиз мүчө болгон комиссия мүчөлөрү бир жыйынтыкка келе албай, учурда корутундунун ар кыл варианттарын коомчулукка сунуштап жатышат. Сиз кандай пикирди карманып жатасыз?
- Албетте комиссия иштеп жатат. Эми талаш-тартыштын дагы жөнү бар. Себеби бир комиссияга 5 фракциядан 5тен депутат мүчө болгон. Жалпысынан 25 адам иштеп жатат. Болгондо дагы ар башка көз караштагы, ар башка кызыкчылыктагы адамдар. Ошондуктан корутундуга биз койгон талаптардын баары кирбей калды. Себеби анын баарын камтыганга мүмкүнчүлүк жок. Ошентсе дагы корутунду даяр болоюн деп калды. Жакынкы парламент жыйынында каралып калышы мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы, комиссиянын максаты болгон окуяларга калыс, так саясий баа берүү. Бирок, кээ бир жерлерде окуяга тиешеси бар же болбосо ошол учурда саясий кызматтарда жоопкерчиликти алган адамдар тууралуу пикирлер бар. Аларды корутундунун негизинде прокуратурага өткөрүп берели деп чечтик. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин укук коргоо, сот органдары карасын, биз моралдык жана саясий гана тарабын карап, көзөмөлдөйлү деп чечтик. Эми кандай болгон күндө дагы ошол убакта бийликти кармап турган адамдар жоопкерчиликти мойнуна алышы керек. Убактылуу Өкмөт дагы бир кезде жоопкерчиликти моюнга алган. Албетте моюнга албай, өзүн ак сезген адамдар да бар алардын арасында. Кээ бирлери өздөрүн ак көрсөтүп жоопкерчиликтен качып кеткиси бар. Бирок биз кимдин күнөөсү бар, кимдики жок, жакшы билебиз. Ошондой эле Иномжан Абдрасулов, Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратисттик маанайдагы лидерлердин бал сөзүнө көпчүлүк алданып, бир тобу ээрчип кетишкен. Учурда алар дагы кимдин ким экенин жакшы түшүндү. Андан тышкары коогалаңды жасалма жол менен уюштуруп, аны кайра токтотуп жасалма баатыр болгусу келген күчтөр да болгон. Бирок, алар тилекке каршы максаттарына жетишкен жок. Эч качан мындай чоң масштабдагы конфликт өзүнөн-өзү уюшула калбайт. Аны атайын топтор уюштуруп, өз максаттарына пайдаланышат. Ошондуктан бул окуяга баа берилип, күнөөлүүлөр жок дегенде моралдык жазага тартылбаса, кылмышкерлердин аты аталбаса, анда мындай окуя эрте-кеч кайталанбайт деп кепилдик берүү кыйын.
- Кадыржан Батыров өзүнүн акыркы интервьюларында "Кыргыз бийлиги тарабынан өзбек улутундагы адамдарга карата геноцид болгон" деп какшанып келе жатат. Сиз буга кандай карайсыз?
- Бул окуядан геноциддин изин издөөнүн өзү акылсыздык. Эгерде бир улутту тукум курут кылуу саясаты жүрүп жатса аны геноцид атоого болот эле. Учурда Кыргызстанда бардык улуттарга бирдей шарт түзүлгөн десек да болот. Эч ким өзбек улутундагы жарандарды кодулап, улутуна карата куугунтуктоо жүргүзгөн жок. Албетте, былтыркы окуя абдан кейиштүү болду. Бирок ал жерде геноциддин белгиси жок. Кандай болгон күндө дагы эл бүгүн жаңжалсыз, тынч жашоо өткөрүп жатат. Эң негизгиси базарларда, коомдук жайларда эки улуттун өкүлдөрү бирдей соода-сатык кылып калышты. Бул абдан кубанычтуу көрүнүш да. Геноцид болду, андай-мындай деп кыйкыргандарды Кудайга койдум. Биз учурдагы стабилдүү кырдаалды андан ары өнүктүрүүгө далалат кылышыбыз керек.
- Мындан мурдараак коалиция тарайт-тарабайт болуп жатканда "Ар-Намыс" фракциясынын 10 депутаты башкаруучу коалицияга кирдик деп жарыялашкан. Анын ичинде Сиз дагы барсыз. Бизге жеткен имиштерге караганда ошол 10 депутатка өкмөт ар кандай кызматтарды, сыйлыктарды убада кылыптыр деген маалыматтар бар. Буга кандай комментарий бересиз?
- Ооба, биз 10 депутат башкаруучу коалицияга киргенбиз. Эч кандай алдын ала соодалашуу болгон эмес. Ошол маалда "Мына бүгүн коалиция кулайт, эртең кулайт" дегендей кырдаал өкүм сүрүп турган. Биз алдын-ала бул маселени катуу ойлондук. Эгерде коалиция тарап кете турган болсо, анда жаңы коалиция түзүү өтө оор болмок. Анткени, азыркы депутаттар 6 ай мурдагы баео депутаттар эмес. Көп нерсени байкап, саясий жактан бир топ тажрыйба алып калды. Талаш-тартыш өтө катуу болмок. Өкмөт дагы, парламент дагы толук кандуу иштей албай кырдаал оордойт эле. Ошондой эле ушул кырдаалдан пайдаланып, бийликти алсыздандырып, ошонун аркасы менен төңкөрүш жасап бийликке келебиз деген күчтөр катуу даярданып жатышкан. Аны мен айтпай турайын. Мына ошондой ар кыл максаттагы күчтөр иштеп жатышкан. 7-апрелде бийликти басып алабыз деген күчтөр болгон. Ушунун баарына биз чекит кое алдык. Бир нерсе болсо эле коалицияны таратып иебиз деп колдоруна "козырь" катары кармап отурган шантаж кылуу мүмкүнчүлүгүн биз жокко чыгардык. Ошондон кийин биз көп жерди кыдырып келдик. Элдин баары биздин бул аракетибизге ыраазы болуп жатышат.
Ал эми депутаттардын соодалашкандыгы тууралуу маселеге келсек, бул карандай калп. Биз учурда башкаруучу коалициянын курамында болгондуктан жакында кайра карала турган өкмөттүн структурасын түзүүгө катышабыз. Бирок, бирибиз да кандайдыр бир кызматка барбайбыз деп чечтик. Татыктуу адамдар болсо сунуштайбыз. Биздин максатыбыз стабилдүүлүктү орнотуу болгондуктан эч бирибиз кызматка барууну максат кылган эмеспиз.

Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru