Футбол талаасындагы беттеш
Кыргызстандагы саясий партиялар саясий талаада эле эмес, спорт талаасында да өздөрүнүн күчүн сынап көрүшкүсү келди окшойт. Айтайын дегенибиз, 28-майда СДПК партиясынын демилгеси менен саясий партиялардын жаштар канаттары арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүштү.
Турнирге СДПКдан сырткары "Ата Мекен", "Жашылдар", "Ак Шумкар", "Ар Намыс" жана "Кыргызстан" элдик партиясынын өкүлдөрү катышышты.
Таймаш Дордой спорт комплексинде болуп, финалга Т.Сариев башында турган "Ак Шумкар" партиясы менен А.Медетбеков түптөгөн НДПК партиясы кезигишип, айыгышкан таймашта НДПК партиясынын жаштары өздөрүнүн артыкчылыктарын көргөзүштү. Алар чү дегенде эле Ата Мекенчилерди 8:0 эсебинде утса, Ак шумкарчыларды 6:4 менен артка калтырышкан. Генерал А.Медетбеков да кандай балдарды жыйнаш керек экендигин биле-ет...
Ии баса, мелдешке катышкан ар бир партия 2 миң сомдон чогултушуп, жетимдер үйүнө акчалай жардамын беришкенин да айта кетүү керек.


Ноокенде Өзбекстандын чек арачысы Кыргызстандын жаранын атып өлтүрдү
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда чек араны кесип өтүп бараткан Кыргызстандын жараны Пазылжан Жажаловду 27-майда өзбек чек арачылары атып өлтүрүштү. Пазылжандын улуту өзбек болгондугунан эле абал курчубай калгандыгын кыргыз чек арачылары айтышууда. Эгер, кыргызды өлтүргөндө айыл жаштары агылып барып, өзбек чек арачыларынын акесин таанытмак дешүүдө. Эмнеси болсо да Өзбекстан бийлиги өз чек арачыларын тартипке салып, билим берип койсо ашыктык кылбас. Эмесе, ушинтип жүрүп, алар дагы бир балээнин башынан чыгышыпаса эле болду.


ИИМ улут аралык бир жаңжалды басышты
Аз күн мурда, т.а. 29-майда Бишкектин четиндеги Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылында кыргыз менен лезгин (чечендерге жакын) улутундагы жаштардын мушташы ырбап кете жаздады.

Лезгин улутундагы бир жигит кыргыз кызын көчөдө кучактап койгонун көргөн кыргыз жигити аны ур-тепкиге алып кирет. Ал болсо өз кезегинде, досторун чакырат. Ошентип, кичинекей чатак мушташка айланып, саат алтыларда мушташуу үчүн койгон жаштар чогулган жерге ИИМдин "спецназы" бара калып, "урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай" жүргөндөрдү дароо эсине келтирип, улут аралык жаңжалдын оту тутанып келатканда, муздак суу чачып өчүрүшөт.


Ичегиси жарылган Чубакка басым болуп жатабы?

Ч убак Бакыт уулу 18 жашта. Ал аскерге түшөрү менен эле токмокко кабылганын, сокур ичегиси жарылганын айтууда. Анын командирлери Чубак аскерден качуу максатында калп айтып жатканын ырасташат.

23-майда токмоктолгонун айтып, сокур ичегиси операция болгон жоокер Чубак Бакыт уулу ооруканада дарыланууда. Бишкектин 74/12-аскер бөлүгүнө келип түшкөндөн сегиз күн өтпөй токмоктолгонун айткан Чубактын командирлери айтылгандар чындыкка жатпасын билдиришүүдө. Учурда Аскер прокуратурасы ишти териштире баштады.
26-майда "Азаттыкка" токмоктолуп ооруканага түшкөн аскердин тагдырын айтып, Бишкектеги Фучик көчөсүндө жайгашкан хирургиялык ооруканадан телефон чалуу болгон.
"Азаттыктын" кабарчылары ооруканага барганыбызда, бүкүрөйүп араң эле баскан катардагы жоокер Чубак Бакыт уулу суроолорго жооп берип, аны аскерде токмоктошконун, ичке катуу тепкенден кийин ушинтип сокур ичегиси түйүлүп калганын айтып берди.
Чубак Бакыт уулу быйыл 18 жашка толуп отурат. Энеси кичинесинде эле каза болгонун, атасы жумуш издеп Казакстан тарапка кетип жок экенин айтат. Өзү чоң энесинин колунда өскөн.
Ал 17-май күнү Бишкектеги Жаза өтөө башкы башкармалыгынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментине караштуу 74/12 номурлуу аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жиберилген. Аталган аскер бөлүгүндөгү документтерге караганда, 23-майда ал аскердик медицина бөлүмүнө түшүп, сокур ичегиси түйүлгөн деген шек менен Фучик көчөсүндөгү хирургиялык ооруканасына жеткирилген. 24-майда ага сокур ичегиси түйүлгөн деген диагноз коюлуп, операция болгон.
Чубак Бакыт уулу "Азаттыкка" билдиргендей, ал аскерге түшөрү менен эле кайсы бир сержант жаакка урган. Командирлери сураганда "мурда аттан жыгылгам" деп жашырып койгон. Кийинки күндөрү токмоктон буттары сыйрылып, көгөрсө да чыдап жүргөн. "Сержант Кубан Сүйүнбек уулу ичке тепкенден кийин чыдай албай калдым"-, дейт катардагы жоокер:
- Мен тиги жактан аскер бөлүгүндө көнүгүүлөрдү жасап аткам. Анан ичим ооруп дааратканага баргам. Сокур ичеги болдум окшойт деп айтсам, Кубан Сүйүнбек уулу деген келип, "сокур ичеги болгонуңду урганым барбы, бул жакка келгенден кийин баарын көтөрүшүң керек" деп ичке эки тепти.
Анан бүктөлүп эле медициналык бөлүмгө барып жаттым. Ал жактан да тургузуп пол жуудуруп, туалеттерге хлор септиришти. Анан башым айланып, ошол жерден жыгылдым. Жыгылгандан кийин тез жардам чакырып, бул жакка алып келди. Бул жакка алып келгенде сокур ичегим жарылып кетиптир.
Бул токмоктолдум деген жоокер чоң каалоо менен аскерге келгенин, эми кайра аскерге кайтуудан көңүл кайт болуп калганын да белгилөөдө. Чубак менен чогуу ооруканада дарыланып аткандар да анын токмоктолгонунан шек санашпайт. Анын сабалганы көрүнүп турганын, бүгүн жетекчилери келип психологиялык басым кылышканын айтышат.
Заир Абылкасым уулу: - Мен Чубак менен палатада чогуу жатам. Чубак келгенде туалетке киргенде сабады деп айтты. Сокур ичеги болдум деп айтса болбой сабашыптыр. Эгер армия ушундай болсо, Чубак ушундай кебетеде кызмат өтөй турган болсо менин деле көңүлүм калды го. Болбосо мен деле аскерге бара турган каалоом бар болчу. Андан көрө акча берип аскердик күбөлүк алган оң.
(Уландысы 15-бетте)