Гитарачы Молдо
Сары чийкил, арык чырай, дайыма шашып сүйлөп, шашып жүргөн бул адамды билгендер гитарачы Молдо - деп коюшат. Анткени, Темиралы Кунашов гитара чертүүнү да, куранды мектеп партасынан үйрөнүп, бүткүл өмүрүн ушул эки ишке арнап, экөөндө тең алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келе жатат деп айтсак болот. Ал "Куран" аркылуу араб тилин өз алдынча үйрөнүп, ал тилден которо жана ал тилде жаза билүүгө жетишип, "Курандагы" 4 деген сандын ордун түшүндүрүп, анын маанисин чечмелөө боюнча 2 китебин жарыялаган. Ал "Куран" шифрлерди, символдорду жана координатттарды өзүнө камтыган китеп, аларды чечмелемейинче ыйык китептин маани мазмунун түшүнүү кыйын деп эсептейт. Бул багытта дагы жаңы эмгектерин жаратып жатат.
Ал эми музыкант катарында кыргыздын "Насыйкат", "Сынган бугу", "Миң кыял", "Сары барпы" сыяктуу жыйырмага жакын күүлөрүн гитаралаштырып, ноталарын да даярдады. Адистер ал гитаралаштырган "Кыргыз көчү" күүсү ыраматалык Д. Назарматовдун вариантынан да күчтүү чыккандыгын айтышууда. Ал азыр кыргыздын күүлөрүнүн мүмкүн болгондорунун бардыгынын гитаралык варианттарын түзүүнү милдет кылып коюп, тынбай иштөөдө. Р.Абдыкадыровдун Кунашов гитарада черткен обондорун Чыңгыз Айтматов өзгөчө берилип укчу. Өзгөчө ал "Ак куулар сени сагынар" деген обонунун гитарадагы вариантын укканда моюндарына чейин кызарып, толкундап кетчү эле", деп эскерет ал. Айтматовдун демилгеси менен Кунашовдун Түркияда, Германияда ж.б. жерлерде концерттери уюштурулуп, компакт дисктери да чыгарылган. Дегиңкисинде улуу жазуучу гитарачы Молдого аз жардам көрсөткөн жок.
Гитарачы Молдо азыр Жогорку Кеңештин төрагасы таап бердирткен бир бөлмөдө тынбай машыгып, өзүнүн жакында өткөрүүнү пландаштырган автордук концертине даярдык көрүүдө. Ал көрүүчүлөргө жана угуучуларга өзү гитаралаштырган классикалык чыгармаларды гана эмес, өзүнүн чыгармаларын, орус, испан, италия сыяктуу бир катар элдердин романстарын да сунуш кылмакчы.


Дани Сары Бекмырза




 "Дедовщина"

Ичегиси жарылган Чубакка басым болуп жатабы?
(Башталышы 2-бетте)

Эми командирлери Чубакты "кайра бар, биз өзүбүз колго алып, өзүбүз карап беребиз" деп атышат. Буга чейин карашпай аткан. Силер келип, сиздер айткандан кийин аскер бөлүгүнөн да, ооруканадан да баары келип, карап атышат. Буга чейин Чубакка жакшы көңүл бурулбай аткан. Ичсе ичет, ичпесе жок эле болуп аткан...
Ташмамат Исмаматов: - Баланы көбүрөөк тээп койгон. Биз ооруканага чогуу түшкөнбүз. Мен операция болуп, өйдө болуп кадимкидей басып жүрөм, бала болсо ушу күнгө чейин дагы эле эңкейип, басканы ушул. Көрүнүп эле турат го. Өзү деле айтты. Эми ал жакта тартипти күчөтсө болмок ошол чоңдору. Балага убал эле болду...
"Азаттык": - Чубактын айткандарына ишендиңизби?
Ташмамат Исмаматов: - Эми жүрүш-турушун карап туруп эле албетте ишенесиң. Ишенбеске айла жок. Баланы көрүп бооруң ооруйт.
Актилек Зарипбеков: - Силер келип кеткенден кийин аскер бөлүгүнөн да жетекчилери көп келип атышат. Бөлмөсүндөгү байке да айтып атат, "баланын нерви күчтүү экен" деп. Келип алышып эле эмнеге мобинтип айтасың деп басым кылып, бул ооруганына карабай чыдап, айтканынан кайтпай отурат деп. Эми жигит өзү деле айтып атат, айыксам кайра барам депчи. Бул деле мекенге кызмат өтөйм деген нерсе болуш керек. Эр жүрөк, азамат жигит экен...
Өзүн "Чубактын атасымын" деп тааныштырган Сыргак Сарыбашев Чубактын авасы (атасынын тууганы) болот. Ага микрофон узатканыбызда, аскерде баары эле таяк жей турганын, ушинтип көнүп кетерин, Чубак аскерге кайра барып кызмат өтөй турганын айтууда:
- Балам кызмат өтөйт. Кудай буйруса жакшы болуп кетсин, андан ары жакшы болуп кетсин. Бүт баары эле армияда таяк жейт. Бүт эле көнөт. Балам кызматын өтөп келет...
Аскер бөлүгүнүн жетекчилери болсо Чубак Бакыт уул аскерге келгенден тартып эле кызмат өтөө ниети болбогонун, сокур ичегиси түйүлгөндөн тарта аскерден калуу амалын кылып атканын айтышууда.
Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жетекчи орун басары, полковник Муратбек Кожобековдун айтымында, ички териштирүүлөрдүн натыйжасында катардагы жоокер Чубак Бакыт уулу токмоктолду деген маалымат тастыкталган жок:
- Токмоктолгону боюнча кечээ мен өзүнөн угуп келдим. Келип бул жакта ар бир айтылган, бир эмес, эки сержантты айткан, анан алар менен мен бир-бирден сүйлөштүм. Анан эч кандай толуктоочу, тактоочу маалымат түшкөн жок. Мен таң калып атам, кандай болгон депчи. Кечээ дагы айтып атат, фельдшер врач, аял киши чапты депчи. Аял киши кантип чапсын эркекти, мен түшүнбөйм да. Аны укканда мен ойлоп атам, эптеп кызмат кылгысы келбеген да. Себеби ошондон болду.
18-майда жазылган түшүнүк катында деле Чубак Бакыт уулу ден соолугуна байланыштуу аскерге баруу каалабаганын, бөйрөктөрү, кулагы ооруй турганын айтса болбой "киши жетпейт" деп аскерге жиберип ийишкенин жазган экен.
Чубакты ичке тепкен делген Кубан Сүйүнбек уулу болсо айтылгандардын баары жалган жалаа деп эсептейт. "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып ал, аскерде кызмат өтөгөн 7 айдан бери бир дагы жоокерге кол көтөрбөгөнүн, Чубак Бакыт уулун тааныбай турганын билдирди:
- Ал биринчи ротанын төртүнчү взводунан. Аны менен менин ишим деле жок. Алардын өзүнчө сержанттары, өзүнчө командирлери бар. Алар өздөрү карайт. Ал эми мен үчүнчү взводду, өзүмдүкүн карайм. Болгону ошол, тепкен эмесмин, чапкан эмесмин. Аны тааныбайм да. Мен ушуга чейин чаап, балдарды урушуп көрө элекмин. "Молодойлорго" тийгенде деле мен өзүмдүн артымды ойлошум керек да. Эртеңки күнү эмне болуп кетет деп...
Чубак баш ийген взводдун кенже сержанты Аскат Асанкадыр уулу да жогорку жетекчилеринин сөзүн кайталап, аскерге келгенде эле Чубак кеткиси келип жүргөнүн, азыр аскерде дээрлик ур-токмок жок экенин, Чубак Бакыт уулунун айткандары жалган экенин билдирди:
- Билбейм анын кызмат өтөөгө көңүлү жок. Ошон үчүн эле. Ал негизи кетем деп эле жүрчү, ыйлап эле. Билбейм, башында өз көңүлү менен эле келген, анан балким жакпай калгандыр. Аны менен келгендер татынакай эле кызмат өтөп жүрүшөт.
Бүгүн бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы да териштирүүсүн баштады. Полковник М.Кожобековдун айтымында, прокуратуранын адамдары ушул тапта Чубак Бакыт уулуна байланыштуу бардык документтерди алып кетишти.
Жоокерлердин укуктарын коргогон, Европа биримдигинен каржыланган "Жоокерлердин энелери кеңеши" уюмуна кечээ эле бул тууралуу билдирилсе да, аталган уюмдун өкүлдөрү токмоктолду делген жоокердин абалын көрүү үчүн бүгүн барган эмес.
Чубак кызмат өтөгөн аскер бөлүгүндө аталган уюмдун жетекчиси Галина Афонинаны жолуктурдук. Ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, анын жардамчысы сабалды делген жоокерге эртең барышарын кошумчалады. Ал арада Чубак менен кошо дарыланып аткандар "басымдын айынан Чубак эртең башкача сүйлөп, сабалган жокмун деп калбаса болду" деп шектенишүүдө.

Илим Жанузаков