Фетхуллах Гүлен, Мун жана Масон ложасы
2010-жылдын аягында Түркияда түрк чалгындоо кызматынын мурдагы кызматкери Осман Нури Гүндештин "Төңкөрүштөрдүн жана анархиянын жандуу күбөсү" деген мемуары жарык көрдү. Анда ал Фетхуллах Гүлендин жамааттары түзгөн мектептердеги мугалим катары АКШнын ЦРУсунун агенттеринин ишмердиги айтылат. Гүлен өз мемуарында Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен Түштүк Кореялык Мун Сон Мён негиздеген Чиркөөлөр бирикмесинин ортосундагы окшоштуктар жана параллельдер туурасында жазат. "Түрк мамлекеттеринде ачылган Гүлен жамааттарынын мектептеринде англис тили мугалими катары дипломатиялык пас-порттору менен ЦРУнун агенттери иштейт" дейт, түрк чалгындоо кызматынын мурдагы кызматкери 85 жаштагы Осман Нури Гүндеш. Анын жазганына караганда, АКШ Кореяны оккупациялап алгандан кийин, алар Мундун "христиан" сектасын түзүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүшкөн жана кызыкдар болушкан. Натыйжада, жергиликтүү элдин арасынан буддизмден баш тартып, христиан динине өтө башташкан. Өз кезегинде, Фетхулла Гүлендин жамааттары да АКШнын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү үчүн түзүлгөн "Улуу Жакынкы Чыгыш" долбоорунун алкагындагы коммунизм менен күрөшүнүн бир бөлүгү болгон. Гүндеш мырза Гүлен жамааттары Россияда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жайылтылганын мисал келтирет.
Түрк чалгынчысына Түркиядагы бийик деңгээлдеги жыйындардын биринде Гүлен жамаатынын мектептеринин биринин түздөн түз жетекчиси: "Бул адамдар сыртынан бизге окшоп көрүнүп турганы жана аларды мугалим катары кабыл алышканы менен, чындыгында алар америкалык чалгындоо кызматынын алдында иштейт" мойнуна алган экен. Гүндештин маалыматы боюнча, андай мугалимдерден Өзбекстанда 70ке жакыны иштейт. Кыргызстанда да андай "мугалимдерден" 60ы бар.
Биз 85 жаштагы түрк чалгынчысынын жазгандарына эч кандай комментарий бере албайбыз. Гүндеш 1964-1986-жылдарда Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматынын кызматкери болгон. Тансу Чилер Түркиянын премьер-министр болуп турганда, чалгындоо кызматы боюнча Өкмөт башчысынын башкы кеңешчилик милдетин аткарган.
Фетхуллах Гүлен жамааттарынын мектептери тууралуу айта турган болсок, биздин маалыматтар боюнча, ал негиздеген мектептердин Түркияда ачылышына жана иштешине Түркия мамлекети расмий түрдө тыюу салган жана иштебейт. Бизде Гүлен негиздеген мектептер Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери иштеп, кыргыз бийлигинин түздөн түз колдоосуна ээ болуп, бардык шарттар түзүлүп, өлкөнүн биринчи айымдары тарабынан колдоого алынып, эң мыкты имараттар бул мектептер үчүн берилип келет. Акыркы жылдарда Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин адамзат тарыхындагы эң бир акылман адамдардын бири экенин даңазалаган илимий конференция өтүп, ага кыргыздын эң бир лөк окумуштуулары, илимий-билимий элитасы катышты. Азырынча, ал негиздеген мектеп жана бул мектептер Кыргызстанда эмне иштерди аткарып жатат, кененирээк токтолбой эле коелу.
Кыргыз өзү кызарган бир нерсе көрсө эле, анын кандай жыттанып турганына карабастан баса калган эл. Ошол эле "Мун" сектасынын негиздөөчүсү Мун Сон Мёндун ысымы бизге бөлөк-бөтөн эмес, эң жакшы тааныш. 2006-жылдын 18-июнунда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Мун" сектасынын презентациясы өтүп, бул сектага дагы да кыргыз элитасы дүңүнөн мүчө болуп өтүшкөн. Биз ошондо да Мун мырзанын ким экенин канча айтсак, жазсак да, академик, профессор агайлар уккусу келген эмес - Улуттук академия президенти, ректорлор, мурдагы экс-премьер-министрлер, министрлер, кыргыздын илимий-билимий коомчулугу "Мун" сектасына мүчө болушуп, аны Кудайдан да бийик коюп калышкан. Акыйкатчы Турсунбек Акун мырза бизди калпка чыгарбайт болуш керек. Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп, жалаң акыйкат издеп жүргөн бу киши да ошондо эң карлыгачтардан болуп, Мундун ишин улантуучулардан болобуз деп чуркап жүрүшсө керек эле. А кезде КР Президентинин алдындагы адам укугу боюнча комиссия төрагасы болуп жүргөн бу адам Түштүк Кореяга да барып келип, көпкө чейин ал жактан алган таасирлерден чыга албай жүргөн. Анын Түштүк Кореяга жасаган сапары тууралуу жазылган, гезитке жарык көргөн баянды ошол тилде окуп көрөлү: "Правозащитник Турсунбек Акун, полный впечатлений, вернулся из поездки в Южную Корею. Туда его пригласили, как он выразился, учредители Ассамблеи монголоидов Федерации за всеобщий мир. Главой этой организации, равно как и известной Объединенной церкви, является Мун Сон Мен, один из богатейших людей планеты. Ему принадлежат целые рыболовные флотилии, сеть гостиниц по всему миру и ряд газет, одна из которых американская Washington Тimes.
Акун поведал, что его пригласили на сьезд федерации как непримиримого борца за мир на всем свете. Деятельность в этом направлении он начал еще в восьмидесятых годах прошлого века. И с тех пор часто ездит по горячим точкам в роли миротворца.
Чиновник заявил, что впечатлен масштабами организации. Дескать, Мун тратит бешеные деньги на благие дела - устраивает пешие антивоенные марши по Ираку, пытается утихомирить арабо-израильский конфликт или устраивает подобные "слеты борцов с войной". По подсчетам Акуна, на поездку каждого делегата к себе на родину корейский пастор потратил не меньше двух тысяч долларов - а из одной только Монголии прибыло около 30 человек!
В ближайших планах преподобного - строительство во имя дружбы подводного тоннеля между США и Россией. Железнодорожная магистраль длиной 85 километров проляжет под Беринговым проливом, соединив Чукотку и Аляску. Предполагается, что проект обойдется в 65 миллиардов долларов."
Биз Турсунбек Акундун Мундан алган таасирлерине да эч кандай комментарий деле жасагыбыз келбейт. Жеке эле ал эмес, ондогон-жүздөгөн академиктер, профессор, ректорлор, министрлер өздөрү гана Мундун сектасына кирбестен, өздөрү жетектеген билим мекемелериндеги профессорлорду, окутуучуларды, студенттерди, министрлер өз орунбасарларынан катардагы кызматкерлерине чейин, ал эми кландар бүтүндөй кланы менен Мундун сектасына өткөнү тарых барактарына жазылып калары шексиз.
Фетхуллах Гүлен менен Мун Сон Мёндун аты бул жакта калып, акыркы жылдарда Масон ложасы тууралуу көбүрөөк айтыла баштады. Бул кандай уюм, эмне максатта уюшулганы туурасында, ар бир кыргызстандык кабары бар деп ойлойбуз. Өкүнүчтүүсү, ушул уюмга мүчө катары Кыргызстандан айрым адамдардын аты аталып, Андрей Платоновдун китебинде ак-карасынан жазылып келет. Бул чоң сөз кылганга арзыган тема, андыктан Масон ложасы, Бильдерберг клубу темасына эмкиде кайрылабыз.
А. Бостон





Дастан Сарыгулов:
Саясий-коомдук жана башкаруу түзүлүш өзгөрүлмөйүнчө - өлкө абалы оңолбойт...
- Өткөн жумада бир топ коомдук уюмдар, саясий партиялар, жарандардын жамааттары жана "Жалпы улуттук Конгресс" келишим түзүп, "Жалпы Улуттук Курултай" аттуу Республикалык Элдик Комитет түзүштү.
Демилгечилердин бири катары, Элдик Комитеттин максаты, түзүлүшү жөнүндө кыска түшүндүрүп берсеңиз.
- Максат - Жалпы Кыргызстан элинин курултайын бабаларыбыздын салтына, наркына ылайык, жакшы уюштуруп, бийик деңгээлде өткөрүү.
- Жыйырма жылда бийлик же саясий топтор өткөргөн курултайлардын баркы абдан эле төмөн түшүп калганын баса белгилеп айтсак болот...?
- Ырас... Өтө кейиштүү көрүнүш жаман адатка айланды... Курултайларды бийликти сактап калуу же бийликти тартып алуу курал катары пайдаланып келишти...
Бирок, накта Курултайдын улуу касиеттери, артыкчылыктары, анын бизге мурасталган маңызы, заты одоно бузулуп, тебеленип келди.
- Мисалы, кайсылары...?
- Биринчиден, Курултайдын чыгымын жалпы эл өзү көтөргөн. Ошол үчүн көз карандысыз болгон.
Экинчиден, өкүлдөрдү эл түз шайлаган, элге кызмат кылып, элдин сый-урматына жетип, эл ишенген, абройлуу, түз сүйлөп, бетке айткан калыс, мекенчил, улутка күйгөн, калкка үлгү болгон таза адамдар гана Курултайга катышкан.
Yчүнчүдөн, Курултай чечим кабыл алганда, мыйзамдар эске алынганы менен, негизинен - Бабалардын улуу ыйман-адеп наркына, ыйык салт-адатына ылайык, аларга төп келген жыйынтыктар чыгарылган.
Эң башкы: - Адилет, Калыстык, Акыйкат сакталышын камсыз калышкан.
Төртүнчүдөн: Ушул шарттарга байланыштуу Курултайдын чечимдери дайыма толук аткарылып келген.
Жыйырма жылда, курултайдардын баркын канча кетирип, түшүрүшпөдү - бүгүн да кыргыздын жүрөгүндө курултайга болгон ишеним зор, ал өчө элек...
- Курултайдын кароосуна кайсы маселелерди коелук деп жатасыңар?
- Муну биротоло Республикалык Элдик Комитеттин 150гө жакын мүчөсү бар Борбордук Кеңеши чечет...
Азырынча, эки маселени Курултай карап талкууласа дейбиз.
- Алар кайсылар?
- Эки чындыкты бийлик дагы, серепчилер, жалпы коом моюнуна алып, айтып келаатат.
Биринчи: Өлкө туташ (системалык) рухий, чарба, саясий кризиске учурды.
Экинчи: 7-апрель элдик ынкылаб эл мүдөөсүнө, тилек-максатына жетпей калды.
Илим боюнча системалык кризис оңдоп-түзөтүүгө жатпайт. Андан чыгып кетүүнүн бир эле жолу бар - системаны түп-тамыры менен өзгөртүү.
Өзгөрткөндө эмнени жана кантип өзгөртүш керек? деген суроого Курултай жооп издесе...
Ал эми элдик ынкылаб (2010ж.) эл үмүтүн актай албаганынын түпкү себеби - өлкөдөгү саясый-коомдук жана башкаруу түзүлүш өзгөрүлбөгөн боюнча кала берди (баягы эле чириген байлар бийлик башында кала берди, мурдагыдай эле бийлик элге отчет бербейт, баягы эле коррупция, бийликтегилер эң алды өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт, коомдо адилет, калыстык жок, кыргыз дагы эле чет өлкөлөргө көчүп кетип жатат, баягыдай эле кыргыз өз Мекенинде жетим, жарды, кыргыз улутуна көңүл бурулбайт ж.б.).
- Демек, жалпы Кыргызстан элинин курултайы бүгүнкү абалдан өлкө кантип, кайсы жол аркылуу чыгып кете алат деген суроого жооп издейт турбайбы?
- Эл алдында мындан да маанилүү суроо барбы? Курултайдын кароосуна жаңы саясый-коомдук жана башкаруу түзүлүштүн негизинде кыргыз мамлекети кантип кайра жаралуу, жаңылануу жолуна түшө алат деген маселе коюлса деген тилектебиз.
- Ал кандай жаңы саясый-коомдук түзүлүш болчудай?
- Жыйырма жыл бою кыргыз көргөн азап, тонгон тозоктон сабак алып, акылга келиш керек да.
- Ал кандай сабак?
- Элге жооп бербей, элге көз-каранды болбогон бийлик эгерим элге кызмат кылбаганына толук күбө болдук. Батыш үлгүсүндөгү демократия, коомдук-саясый түзүлүш эки элдик ынкылаб, улут аралык кан төгүүгө, кыргыздын тентип, чачылып, туш-тарапка тарашына алып келди. Бийлик башына жалаң эл байлыгын уурдап, тоноп байыгандар келди... Алар элге кызмат кылчу оюу жок экенине ынандык, ар бири эми тапанча алып жүрүүгө укук алышты. Коомдо адилет, калыстык, акыйкат жок жана аларды талап кылып, издөө да мүмкүн болбой калды.
- Демек, эмне кылыш керек?
- Бийлик элге көз каранды болуп, элге жооптуу болушу зарыл. Элдик Курултай (700-900 өкүл) жылына бир жолу президент, жогорку кеңеш, жогорку сот, башкы прокурор, эсептөө палатанын отчетун угуп, ишине баа бериш керек.
Иши канааттандырылбаса - кызматынан кетиш керек (элди дагы бир ынкылапка барууга түртпөй, мажбурлабай).
Элдик Курултай борбордук шайлоо тобун түзүп, ал толук Элдик Курултайга гана баш ийиши зарыл. Ошондо калыс, адилет шайлоо болот.
Элдик Курултай 250 адамдан турган Эл Казнасын түзүп берип, Президент кызматка Эл Казнасынан гана адамдарды коюуга тийиш (өзүнүн тууган, дос, жердеш, курсташ, же ойношторунан эмес).
- Мындай сунуштарга элдин пикири кандай, эл колдойбу?
- Январдан-апрелге чейин алты област элдеринин Курултайлары (Чүйдөн тышкары) эл шайлаган расмий өкүлдөрүнүн (350-550 адамдан турган) катышуусу менен ушул маселени талкуулап, кызуу колдоп, Элдик Курултай институту Баш Мыйзамга киргизилсин - деген чечимдерди кабыл алышты.
- Расмий бийликтин бул чечимдерге көз-карашы кандай?
- Сиз бийликте болсоңуз, жылына бир жолу элге отчет берип турганды каалайт белеңиз? Туура, каалабайсыз (мындай баш оорунун кимге кереги бар?). Президент 15-майда айтпадыбы: 2020-жылга чейин Баш мыйзам өзгөрүлбөйт - деп.
- Демек, бийлик Жалпы Улуттук Курултайдын өтүшүнө да кызыкдар эмес экен да?
- Туура, кызыкдар эмес.
- Анда Улуттук Курултайдын өтүшү да далай кыйынчылыкка учурайт турбайбы?
- Ага күндө күбө болуп жатабыз... Атайын кызматтар тарабынан (албетте, ачык эмес, көшөгө артында туруп), арабызды бөлүп-жарууга аракет кылып жатышат.
Ал аз келгенсип, бирге биз менен жүрүп, Курултай идеясын (эл колдоп жатканын жакшы билип) саясый партияларга саясый курал катары сунуштап, алардан акча алып, "бизнес" кылгандар да бар...
- Демек, Элдик Курултайды Баш мыйзамга киргизүү сунушун колдогондордун биригүүсү зарыл турбайбы?
- Дал ушул максатты көздөп, Республикалык Элдик Комитет түзүп жатпайбызбы.
Курултайды саясый кызыкчылыкка пайдаланып, президенттик шайлоодо "секирик" кылабыз дегендер аз эмес, аларга жол бербөө зарыл!
- Бийликтин мамилеси түшүнүктүү... Ал эми саясый партиялардын пикири кандай?
- Бир далай саясый партиялар тар максат, чектелген ой-жүгүртүүдөн өйдө көтөрүлө албай жатат( эптеп эле бийликтин бир жерине кыпчылып, акча булактарына жакын болуп калышты көздөшөт).
Бир гана Улуттук Конгресстин жетекчиси Жекшенкулов мырза баардык областтардын Курултайларына катышып, эл менен бирге талкуулап, Баш мыйзамга Элдик Курултайды киргизүү сунушту кызуу колдоп жатат.
Бул саясатчы Кыргыз мамлекетинин накта өнүгүү жолуна түшүү бурулушу кайсы жерде башталаарын жакшы билип, сезип турганы таңкалтырат...
- Жакында эле "Мегакомдон" жан сакчысы акча алды - деп жазып чыгышты эле...
- Бул жалган жалаа экени тергөө учурунда далилденди. Иш сотко өтүп, жан сакчысы күбө катары гана катышып жатканы - ак жерден каралоого учураганын көрсөтүп жатпайбы...
- Жалпы Улуттук Курултайды "Акыйкат" партиясы саясый кызыкчылыкка пайдаланбайт деп ким кепилдик бере алат?
- Биринчиден, Жекшенкулов мырза президенттик шайлоого катышпай турганы көптөн кабар берет... Бул саясатчы терең ойлонуп, алысты көрө билгени менен айырмаланат...
Улуттук дөөлөт, ыйык мурасты да терең баалап, түшүнөт экен...
- Бийлик Элдик Курултайды колдобой жатканына карабай, аны өткөрүү боюнча силер Элдик Комитет түзүп жатканыңар - Бийликке карата оппозиция болгонуңарды билдиреби?
- Кийинки 20 жыл ичинде бийлик өзү элдик мүдөө-талабына "оппозиция" болуп келген үчүн эки элдик ынкылап болуп, эки президент качып, жок болушпадыбы...
Элдик Курултайды биз колдоп жатканыбыз - эл менен бирге болгонубузду билдирет. Бийлик - Жаратканда, андан кийин элде - деп айтылат кыргыз макалында.
- Элдик Курултай Баш мыйзамга кирсе өлкөдө кандай башкаруу орнойт?
- Бийлик башында Эл турган - накта Эл бийлиги орнойт. Эл атынан - Элдик Курултай президентти тескеп, көзөмөлдөп, анын жообун угуп, ишине баа берген күчтүү аткаруу бийлик элге кызмат кылып калат (өкмөт толук жоюлат, аппараты менен, паракорлук азаят).
- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен
Гүлзат Шамбеталиева