Чолпонкул Арабаев, КР мамлекеттик кадр кызматынын директору, юридика илимдеринин доктору:
"Мамлекеттик кызматка алууда кесипкөй жаштарга артыкчылык берилүүгө тийиш"
- Чолпонкул Исаевич, коррупцияланган үй-бүлөлүк башкарууга каршы жаштар да катуу нааразы болушуп, өткөн жылдын 7-апрелиндеги окуяларга активдүү катышкан. Жаңы бийликтегилер жаштардын ролун баалап, аларды мамлекеттик кызматтарга тартабыз деп убада кылышкан эле... Бул багытта жыйынтыктар болдубу? Кадр кызматынын бул маселеге катышы барбы?
- Ооба, өткөн жылы апрелде кыргыз эли жанга баткан үй-бүлөлүк башкаруунун авторитардык бийлигине каршы көтөрүлүп, аны шыпырып түштү, 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдына чыккандардын катарында жаштар басымдуу болуп, алардын майтарылбас эрктери менен эски бийлик качты..... өкүнүчтүүсү, кайгылуу жоготуулар болду... Элдик революциянын аркасы менен Убактылуу өкмөт жаштардын ролун жогору баалап, аларды мамлекеттик кызматка, мамлекеттик башкарууга тартуу боюнча иш-чараларды белгилеген.
Алгачкы чаралар жүзөгө ашырылып, жаштар маселесин тейлөө максатында Жаштар министрлиги түзүлдү, ошондой эле өкмөттүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка башка-руучулардын жаңы муунун тартуу жөнүндө атайын токтому кабыл алынып, окуу программасы бекитилген.
Бул программанын максаты - жаштарды учур талабына ылайык мамлекеттик башкаруу негиздерине окутуу жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга адистерди даярдоо жана тартуу болчу.
Мамлекеттик кадр кызматы бул программанын түздөн-түз аткаруучусу болду. Аталган программаны уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн биз бир катар жоболорду иштеп чыктык.
Кадр кызматы тарабынан бул программа жөнүндө 2010-жылдын май айынан баштап респуб-ликалык, аймактык массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири маалымат жайылтылып, жаштарды окуу программасына тартуу боюнча сынак жарыя-ланган.
Талапкерлерди окууга кабыл алуу боюнча аймактарда дагы комиссиялар түзүлүп, бардыгы 1789 талапкерден документ түшүп, алардын ичинен 1750 адам тандалып алынган.
Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайларын жаңы бүткөндөр, ошону менен бирге эле мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда жана жеке сектордо иштеп жаткандар эле.
7-апрелдеги революцияга катышкан саясый партиялардын, жаштар уюмдарынын сунушу менен 80 талапкер кабыл алынды, алардын ичинде үчөө бул окуялар учурунда жабыр тарткандардан болчу.
Окуу Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын базасында, ошондой эле аймактарда уюштурулуп, өткөрүлдү. Жыйынтыгында Бишкекте 468, Ысык-Көлдө 115, Нарында 154, Таласта 47, Ошто 37, Жалал-Абадда 27, Баткенде 45 киши окууну ийгиликтүү аяктап, жалпысынан 893 жаш кадрлар колдоруна сертификат алышты.
- Азыр бул программа өз максатына жеткен жок, өкмөт тарабынан окууга бөлүнгөн каражат толук колдонулбас-тан кайдадыр жоголуп кетти деген сөздөр айтылып жүрөт. Мисалы, 16 млн. сом бөлүндү эле, 6 миллиону гана өздөштүрүлдү, ал эми калган 10 миллиону кайда кетти?- деген суроолор пайда болууда...
- Андай сөздөрдү биз дагы угуп жүрөбүз. Дагы бир ирет тактап коёлу.
2010-жылдын июнь айындагы коогалаңдардан улам Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 9- сентябрындагы №197 токтому менен жаштарды окутуу боюнча программанын каражаты кыс-картылган. Натыйжада жаштарды окутууга сарпталган акча каражаты 6 миллионго жакын сумманы түздү.
Андан окуу программасына катышкан жаштардын ар бирине 4 миң сомдон стипендия төлөндү. Мугалимдердин айлыгына, социалдык фондго төлөмдөргө, коммуналдык кызматтарга, мугалимдердин аймактарга болгон иш-сапарларына, канцелярдык товарларды алууга жана сертификаттарды даярдоого жумшалды.
Бир сөз менен айтканда, бөлүнгөн 6 миллион сом акча каражаты максаттуу түрдө, ачык-айкын Башкаруу Академиясы аркылуу чыгымдалды, каалагандар текшерип көрүшсө болот.. Андан ашыкча бир тыйын да алганыбыз жок. Тилекке каршы, жаштардын айрымдары талапкерлерди окутууга 16 миллион сом бөлүнгөн деп жүрүшөт. Ал туура эмес.
- Ал программанын негизинде окуп бүткөн жаштардын канчасы ишке жайгаштырылды?
- Окуу программасы жаштардын кесиптик жана интеллектуалдык даярдыгын жогорулатуу жана мамлекеттик-муниципалдык кызматтарга тартууга багытталган. Окуу прог-раммасын өздөштүргөндүгү жөнүндөгү сертификат жаштарга мамлекеттик кызматтарга кабыл алынуусунда артыкчылык берет. Биздин окуудан өткөн жаштардын бардыгын кызматтарга алсак дегенде эки көзүбүз төрт, бирок мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдарга ачык конкурстун негизинде гана орношууга болот.
Жаштарды окутуп алып, мамлекеттик кызматка албай коюшту деген дагы жаңылыш пикирлер айтылып жүрөт. Бул программаны окуп бүткөн жаштар дагы, башка жарандар сыяктуу эле мамлекеттик кызматка кирүү үчүн конкурска катышуу-лары зарыл. Ошондо сертификат, тактап айтканда мамлекеттик кызматка атайын даярдыгы бар экендиги, конкурска катышкан башка талапкерлерге салыштырмалуу артыкчылык берип, эске алынат.
Программаны окуп бүткөн жаштардан 20 киши мамлекеттик органдардагы конкурстарга катышып, андан ийгиликтүү өтүп, мамлекеттик кызматка кабыл алынды. Ушуларды кошкондо учурда 200 гө жакын жаштар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жатышат. Башка бюджеттик мекемелерде жана жеке ишканаларда иштегендери бар. Биздеги маалымат боюнча азыр алардын 399 у ишсиз.
Мамлекеттик кадр кызматы бул жаштарды окутуп жатканда эле аларды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орноштурууга ар тараптуу жардамдарды көрсөтөөрүн билдирген. Бул максатта кадр кызматынын сайтында мамлекеттик органдардагы бош кызматтык орундар тууралуу жарыялар дайыма берилип турат.
Конкурстардын ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн программаны бүткөн жаштардын өкүлдөрүнөн мамлекеттик органдардагы конкурстук комиссиялардын курамдарына сунуштадык.
Учурда парламентте отурган 5 саясый партиянын башчыларына, Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын орун басарына жана 17 мамлекеттик органдын жетекчилерине бул жаштарды жумушка орноштурууга жардам көрсөтүүсүн өтүнүп кат менен кайрылганбыз.
- Дагы кандай аракеттер болууда?
- Сөзсүз, кадр кызматы бул маселени көзөмөлдөп келатат, жаштар министирлиги да бул маселеде чоң аракеттерди жасап жатат. Биз мамлекеттик органдардын статс-катчыларына дагы өкмөттүн атайын программасын окуп чыккан жаштарга көңүл буруусун айтып жатабыз.. Өзүбүздүн аппаратта узак мезгилге эс алууга, окууга кеткендердин ордуларына да атаандаштык негизде жаштарды тартуудабыз. Бирок, учурдан пайдаланып күтүп отура беришпестен жаштар өздөрү да конкурстарга активдүү катышса деген каалоомду айткым келет.
Өлкөбүздүн башчысы Р.Отунбаева жаштарга айрыкча көңүл буруу зарылдыгын дайыма айтып келет. Мамлекеттик башкарууну, мамлекеттик кызматты "жашартышыбыз" керек. Жаштар азыркы тез өзгөрүп жаткан мезгилдеги алдыңкы инновациялык технологияларды, ыкмаларды бат сиңирип, өздөштүрүүгө жөндөмдүү. Мамлекет тарабынан жаштарга ар тараптуу колдоону камсыз кылуу - биздин милдетибиз.
Мамлекеттик кадр кызматы бул жаштарды жумушка орнош-туруу боюнча тийиштүү иштерди дагы улантмакчы. Жакын арада Башкаруу академиясы менен биргеликте бул программанын угуучулары үчүн атайын семинар уюштуруп, аларды чакырганы жатабыз. Анда биз жаштарга мамлекеттик кызматка кирүүнүн жол-жоболору тууралуу дагы кеңири түшүндүрмө берүүнү жана башка маселелер жөнүндө пикир алмашууну пландаштыруудабыз.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ