Чагылгандай чартылдаган өмүр

Тагдырдын жазмышын карабайсыңбы. Чыныгы таланттуу адамдар көзү өткөндөн кийин бааланып да, бааланбай да кала берет турбайбы... СССР жана Кыргыз Республикасынын кинематографисттер Союзунун мүчөсү, каскадер, татаал трюктарды коюучу режиссер Үсөйүн Кудайбергенов кайталангыс каскадерлук өнөрү менен өз өлкөсүн дүйнө жүзүнө даңазалаган.

Үсөйүн Кудайбергеновдун өмүрү өзүнүн фильмдеринде ойногон трюктары сыңары чагылгандай чартылдап өттү. Басып өткөн жолу эсте калган окуяларга бай. Аз жашады, бирок саз жашады. Бир келген өмүрүнүн отуздан ашык жылын кино өнөрүнө арнады. Каскадер жана трюктарды коюучу режиссер катары жер шарынын кырктан ашык өлкөсүндө болуп, 150 дөн ашык көркөм фильмге тартылды. Чыгармачылыгынын туу чокусу катары Өзбекфильм киностудиясында тартылган "Генийдин жаштыгы" деген фильмди айтса болот. Ал кинодо рекорддук деп эсептелген бийиктиги отуз метрлик аскадан тереңдиги бир жарым метрлик сууга ат менен секиргени Гиннестин китебине жазылган. Ушунун өзү эмне деген эрдик да, эмне деген чеберчилик.
Үсөйүн Кудайбергеновдун өмүр жолуна көз чаптырсак, 1949-жылы 30-ноябрда Калинин( азыркы Жайыл) районунда жарык дүйнөгө келген. Ал бала кезинде эле башкалардан айырмаланып, шок болуп өскөнүн айылдаштары жылуу маанай менен эскеришет. Айылдашы, белгилүү журналист Жумакан Сариев ал тууралуу мындай дейт: "Үсөйүн байке менден эки-үч жаш улуу эле. Кичинебизде чогуу ойночубуз. Ал башкалардан уюштуруучулугу менен айырмаланчу. Балдарды эки командага бөлүп, жыгачтан кылыч жасатып чабыштырчу. Бирибиз актар болсок, бирибиз кызылдар тарабында болуп салгылашып, кумарга батчубуз. Баарынан да аска-зоого чыкканда астына киши салчу эмес. Анан да ал китепти көп окучу. Окуган китептерибизди бири-бирибизге айтып берээр элек".
Үсөйүн ага эрте жетилди. Айылдан жетинчи классты бүтүп, 8-классты Фрунзе шаарындагы №36 орто мектептен улайт. 1966-жылы мамлекеттик цирктин Фрунзедеги студиясына тапшырат. Студияны аяктап, 1968-жылы артист болуп иштейт. 1969-жылы ВГИКтин режиссерлук факультетинде окуй баштайт. Мына ушул жерде чыныгы чыгармачылыкка сүңгүйт. Циркте "жигитовкада" ат үстүндө оюн көрсөтсө, эми ВГИКте окуп жүрүп, кыргыз баласы үчүн жаңылык болуп эсептелген каскадерлуктун сырларын өздөштүрөт.
Таланттар топ-тобу менен келип, топ-тобу менен кетет турбайбы. Өткөн кылымдын 70-жылдары "кыргыз керемети" аталып жүргөн кыргыз киносунун өнүгүшүнө Үсөйүн аганын аз да болсо салымы бар. Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" фильминде үч жүздөн ашык атчан, миңден ашык адам катышкан массовканы тартууда өзүнүн чеберчилигин көрсөткөн. Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", Геннадий Базаровдун "Буктурма" жана Т.Океевдин "Караш-караш окуясы" фильмдерин көркүнө чыгарып, зоболосун көтөргөн. "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган ондон ашык фильмди жаратууда каскадер жана трюктарды коюучу режиссер катары калыптанып калган устат экенин далилдеген.
Жакшы адамды сөз ээрчийт. "Кыргызфильм" киностудиясында каармандын бир жоругун эстеп жылмайышат. Качан болсун тизеси жыртык жинсы шым кийип жүрчү дешет. Жоро-жолдоштору акча чогултуп кычыраган америкалык жинсы сатып беришет. Бирок ал намыстанып, шымды кийбей коет. Көздөгөн максатынан кайтпаган көк эле деп айтышат.

"Өнөрүң болсо, өргө чап".
Үсөйүн аганын таасын талантына көз салып жүргөн союздук жана чет өлкөлүк режиссерлор биринин артынан бири фильмине тартылууга чакырышат. Россиялык отуздан ашык фильмге катышкан. Режиссер Бондарчуктун "Борис Годуновунда" 800 чабандес, 5000 жөө адам, режиссер Салтыковдун "Емельян Пугачевунда" 700 атчан, 3000 жөө адам, режиссер Озеровдун "Боштондукка чыгаруу" фильминде консультант болуп, режиссер Мансуровдун "Байыркы булгарлардын сагасы" фильминде 300 атчан, 1000 жөө адам катышкан сценаларга трюктарды коюучу режиссер жана каскадер катары жанын үрөп иштеген.
Үсөйүн ага алыскы чет өлкөдө ар кыл темада тартылган фильмдердин ажарын ачкан. Алсак, АКШда Голливуд режиссеру Чомскийдин "Улуу Петрунда"1000 чабандес, 3000 жөө адамды катыштырып, ошондой эле Польшалык режиссер Гофмандын "Топон суусунда", Индиялык режиссер Шаши Капурдун "Аджубасында", Түштүк Кореялык режиссер Пактын "Ак түнүндө", Италиялык режиссер Маргеритинин "Чыңгыз ханында" татаал трюктарды жаратып, миллиондогон көрүүчүлөрдү таң калтырган. Агабыз катышкан чет элдик фильмдердин тизмесин жаза берсек, кагаз түтчүдөй эмес. Кыргыздын кыраан уулу кай жерде болбосун, өз элинин атак-даңкын даңазалап, намысын колдон түшүрбөгөн.
Ү.Кудайбергенов атындагы каскадерлер федерациясынын презиленти Рахатбек устаты тууралуу мындайча эскерет: "Эсен Жээренчиев деген биздин тренерибиз бар эле. Ошол киши мени Үсөйүн байке менен тааныштырган. 1990-жылдан бери каскадерлордун катарына кошулуп иштеп келе жатамын. Байкебиз биздин таянычыбыз болчу. Адамгерчилик сапаты бийик эле. Боорукерлиги ченде жок эле. Бир күнү үйүнө барсам, тепкич менен чатырга чыгып алып, таранчынын уясын иреттеп жатыптыр. "Ой, байке, эмне кылып жатасың?" десем, "таранчыларга шарт түзүп жатам" деп күлүп коет. Дагы бир күнү үйүнө барып калсам, кумурсканын уясына кумшекер чачып жаткан экен, мени карай коюп, "булар да бир жандык да" деп ишин уланта берди. Ал киши жаратылышты жанындай көргөн. Атты ушунчалык сыйлачу, машина белек кылган жолдошторуна "андан көрө ат берсеңер боло" деп тамашалап калчу. Байке менен ондон ашык фильмге катыштым. Кайсы фильмге тартылбасын, баш-оту менен кирип кетчү. "Темирлан" фильми тартылып жаткан. Мен жаңы күйүп жаткан алачыктын ичинен качып чыккам. Бир убакта мен чыккандан кийин керосин куюп өрттөп жиберишет. Байке болсо, мени алачыктын ичинде калып калганбы деген ой менен жалбырттап күйгөн отко карабай "Рахат, Рахат сен кайдасың?" деп кирип барат. Ошондо мурдун күйгүзүп алган. Бетин болсо, "Шок" деген тасмада отко күйгүздү. Анын баатырлыгы, айкөлдүгү ченемсиз эле.
Өзүңөр билесиңер, 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштө күрөштүн эң алдыңкы катарында болду. Элдик кошундарды түзүп, объектилерди талап-тоноочулуктан сактоого чоң салымын кошту. Ошол күндөрү каскадерлор тикебизден тик турдук. Өзүнүн бетке айткан өткүрлүгү менен кимдир бирөөлөргө жакпай калганбы,айтор, жарым ай өтпөй эле 2010-жылдын 10-апрелинде байкени атып кетишти. Андан көп узабай каскадерлордон Эсен Жээренчиевди, анан Жыргалбек Абдрамановду жалдап өлтүрүштү. Биз болсок алардын ордун жоктотпой иштеп келебиз".

...Бири кем дүйнө десең
Баатыр кайда болсо, баатыр бойдон кала берет. Жоогазын революциясынын эң биринчи курмандыгы Үсөйүн Кудайбергенов болгон. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, акыр түп чыныгы кылмышкерлердин бети ачылып, Кудай алдында жазасын алаар. Баатырдын артында калдайган калкы турат. Ү.Кудайбергеновдун аталаш тууганы, атактуу акын Турар Кожомбердиевдин иниси Карыбай Кожомбердиев жана айылдашы Нурлан Нургазиевдер Ү.Кудайбергенов атындагы коомдук фонд түзүшүп, анын ишин алга жылдырышууда. Фонддун мүчөлөрү өкмөт жетекчилерине Үсөйүн Кудайбергеновдун 2000-2004-жылдары жалган жалаа менен абакта жаткандыгын эске алып, адилетсиз сот өкүмүн кайра карап чыгуу, өлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү, сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын ыйгаруу, анын ысмын борбор шаарыбыздын көчөлөрүнүн бирине берүү сунушу менен кайрылышкан. Кайрылуунун жообун күтө туралы. Ал эми эртең 21-майда саат 10.00 Кара-Балта шаарынын ат майданына Үсөйүн Кудайбергеновдун ысмы берилүү аземи өткөнү турат. Ушуга да шүгүрчүлүк дейли.

Алмаз Абдраев