Баш кесмек бар, тил кесмек жок...

Рыскелди Момбеков,
Улуттук тил комиссиясынын төрагасы:
"Улуттук тил комиссиясынын бюджети
бир мектептин бюджетинен аз"
- Кыргыз тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссияга мамлекеттен өтө аз акча бөлүнөт, бөлүнгөн акчалар кызматкерлердин айлыгына араң жетет дедиңиз эле. Комиссияда жалпысынан канча кызматкер эмгектенет жана бир жылдык бюджетиңиздер канча сомду түзөт?
- Улуттук комиссиянын аппаратында ушул тушта бар болгону 18 кызматкер жана бизге караштуу улуттук энциклопедияда 38 кызматкер эмгектенишет. Бир жылдык бюджетибиз бар болгону 9 миллион 589 миң сом. Мындайча айтканда, бир орто мектептин бир жылдык бюджетинен аздык кылат десем аша чапкандык болбос. Быйылкы бюджетибизге 23 миллион сурасак, кесип-кесип отуруп, ушул каражатты улуттук деген тилибизге устукан катары карматышыптыр. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы бюджетибиз 1.6 миллионго аздык кылат. Каралган каражаттын 7 миллиондон ашыгы айлык маяналарга, соцфонддук, коммуналдык төлөмдөргө кете турган болсо, мамлекеттик тилибизди өстүрүүгө, өркүндөтүүгө болгону 2.3 миллион сом гана бөлүнгөн. Анын дагы жарымы улуттук энциклопедияга кетсе, биздин бир жылдык иш-чараларыбызга 1 миллиондун тегерегиндеги акча каражаты каралган. Бул акча эне тилге арнала турган 4-5 конференция жана 3-4 китеп чыгарууга араң жетет. Андыктан, эл өкүлдөрүбүздүн эне тилге болгон камкордугу кандай болуп жатканын эң ириде элибиз билиши керек. Башка тармактардыкын кессе дагы, биздикин кеспей деле койсо болмок. Тилдин бюджетин кескен менен тил кескендин айырмасы алыс деле болбосо керек. Айлык маянабызды сурап жатасыз, менин айлыгым сиздикинен, менин кызматкерлеримдин айлыгы сиздин кызматкерлериңиздин айлыгынан алда канча аздык кылат. Бул ачуу чындык. Мен өткөн жумада өкмөт башчыбыз Алмазбек Шаршеновичке кирип, "айлык маяналарыбыз Каржы министрлиги тарабынан калыстык менен каралбай калыптыр, кайра каратып бериңиздер"- деп, алдына даярдап барган далилдүү документтерди койсом, окуп туруп ордуна келтирүүгө буйрук берди. Эгер мурун айлык маяналарыбыздын чектелген ченеми 4 миң сомду түзсө, эми 5 жарым миң сомду түзмөй болду. Айлык маяналарыбызды жогорулатуу боюнча токтом долбоорубузду бардык министрликтерге макулдашууга жөнөтүп, аларга үч күндүк мөөнөт бериптир. Кудай буйруса, ушул жумада өкмөттүн токтому чыгып калчудай.
- Маданият министрлигинин карамагындагы тил комиссиясынын президенттик администрацияга карап, статусу өзгөргөндөн анын заты өзгөрдүбү?
- Мамлекеттик тилди өркүндөтүү, өстүрүү үчүн эки гана нерсе керек. Көңүл бөлүш керек, анан каражат бөлүш керек. Көңүл бөлүнгөндүгүн ушундан көрсөңөр болот, Максим алып барып Маданият министрлигинин алдына бастырып койсо, азыр аны ажобуз өз карамагына өткөзүп алды. Көрөңгөбүз көтөрүлдү, эми көйгөйүбүз көлөмүнөн көтөрүлүшү керек. "Алыбай алына жараша" демекчи, азыр Улуттук комиссия болгон аракетибизди көрүп, анын атын эле эмес, затын да түп тамырынан өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Азыр анын алгачкы жыйынтыктарын айтканга эртелик кылат, бирок, жылыштар бар.

Суроо салган
Улан Мамбетов