Акчабыз жок да, анан айылдаганды жакшы көрөбүз

"Азаттык" мугалимдер жакында көтөрүлөт экен деп кабарлагандай болду. Мүмкүн. Мугалимдер көтөрүлүшү мүмкүн, Өкмөт мугалимдердин айлык акысын май айынан баштап, эки эсеге көбөйтөбүз деп убада кылбады беле. Бул убада аткарылбаса, мугалимдер деле тирүү жан эмеспи, качанкыга чейин, тиштеринин кирин соруп жашай берет эле, мугалимдер көтөрүлөт деген сөз ушундан улам чыгышы ыктымал.


Түшүнөбүз, мамлекет бюджети жыртык, улам бир жыртыгына бир жамаачы салып, жамагандай болот, болбой эле улам бир жери көрүнүп, уят кыла берет. Ошол бюджет жыртык экенин элебей, мугалимдердин айлык акысын эки эсе көтөрөбүз деген Өкмөттө жүрөк бар экен деп койдук. Эмненин эсебинен, кимдин эсебинен, кантип көтөрөт, таңгалбай кое албайсың. Бакиев бийлиги кулаганы эле болбосо, акыркы бир жылда Кыргызстанда бир чоң завод, же фабрика эмес, бир чакан цех да курула элек. Бир тооккана салынды деп уга да элекпиз. Же Кыргызстан бир бай миллиардерден миллиарддарды мураска алсачы, андай кабарды да уга элекпиз. Ишканалар өчөйгөн бойдон өчөйүп турат. Береги "Кыргызтелеком" банкрот алдында. "Кыргызалтын" да жыргатпай калды. Алтындын башында, энергетик, тоюст, аптекачы олтурат.
2011-жылдын бюджети тууралуу айтсак, анда мамлекеттик бийлик структураларына каралган чыгашалар жылдагыга караганда көбөйбөсө, азайган жок. Ошол эле, президент аппаратынан баштайлы. Президент аппаратын кармоого кеткен чыгымдар ошол эле бойдон кала берди. Көбөйдү, бирок азайган жок. Таңгалычтуусу, бюджет долбоорун түзүп жаткандар республика бюджетин түзөөрдө Конституцияны бир карап койсо болмок экен. Конституцияны дегенибиз, 2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу орноду да. Демек, мамлекет бюджетин түзүүдө өлкөнүн Баш мыйзамы башкы критерий катары каралууга тийиш болчу. Өкүнүчтүүсү ушунда, 2011-жылдын бюджетин кароодо Конституция боюнча парламенттик-президенттик рес-публика экендигибиз эске алынган жок. Президент аппаратынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин бюджетин түзүүдө мурдагы шаб-лондор сакталды.
Баса, Президенттин өлкө аймагы боюнча иш сапарларын алалы. Жаңы жылдан бери Роза Отунбаева Кыргызстанды эки жолу кыдырып жиберди. Атамбаев болсо, өлкөнү эмес, Бишкекти кыдырганга чолосу жок, баш көтөрбөй, акыркы бир айдан бери Өкмөттө өзү жалгыз, биринчи вице-премьер-министри жок иштеп жатат. Барса зарыл иш менен, бюджеттин жыртыгын бүтөгөнгө, солярка баасын азайтуу үчүн Москвага барса барып жаткандыр. Роза Исаковна болсо республиканы түрө кыдырып жатат. Чындыгында, анын кыдырганына каршылык деле жок деңизчи. Бирок, медалдын берки бетин караганда, анын баары барып-келип каражат маселеси менен байланышып жаткан соң, аргасыз Асан Кайгы болот экенсиң.
Ооба, өз мезгилинде Акаев деле, Бакиев деле жыл сайын бир, же эки жолу Кыргызстанды түрө кыдырып чыгышчу. Кээде, табигый кырсык болгон жерлерге, айталы жер көчкү болсо, анда шашылыш деле барып келген учурлары болчу. Бир караганда, мамлекет башчысынын өлкөнү кыдыруусу салтка айланып калган көрүнүш десе болот. Бирок, ошол эле учурда эстен чыгарбай турган бир жагдай бар. Акаев менен Бакиев мамлекет башчысы болуп турган тушта, Кыргызстанда президенттик башкаруу эле да. Азыр болсо, маселе президентте ыйгарым укуктар азайганында, ал эл менен жолугушуп, алар көйгөйлөрүн айткан күндө да, мамлекет башчысы бардык маселени чече албаганында болуп жатпайбы. Мейли, президент эл менен жолугушат дейли, ал келип айтса, Өкмөт башчысына айтат. Бирок, Өкмөт башчысына муну мындай кыл, аны андай кыл деп көрсөтмө бере албайт. Демек, ушул өңүттөн алганда, бүгүнкү күндө, мамлекет башчынын өлкөнү кыдыруусунун канчалык зарылдыгы бар деген маселе жаралат? Бул биринчиден.
Экинчиден, мамлекет башчысынын бир эле жолку өлкөнү түгөлдөп келүүсүнө канча каражат кетет деп ойлойсуз? Ондогон миллиондор кетпесе да, бери дегенде, 5-6 миллионду чапчып түшсө керек деп ойлойбуз. Президент менен иш сапарга чогуу барган журналисттер мамлекет башчысы айымдын ашыкча чыгымдарга барбастыгын, аны менен жүргөн журналисттер бирде ток, бирде ачка каларын айтышат. Чынында, кеп акчада деле эмес деңизчи, бирок, бюджети жыртык Кыргызстан үчүн бул деле ойлончу маселе. Анткени, өлкөнү жалгыз гана президент кыдырбайт, Өкмөт башчысы да, Жогорку Кеңеш төрагасы да, булар аздык кылгансып, 120 депутат да кыдырат. Министрлер кыдырат. Эми ушунун баарын эсептеп көрөлүчү, бир жылда канча болор экен?
Бюджетте акча жок, мугалимдер менен врачтардын айлык акысын кантип көтөрөбүз, пенсионерлердин пенсиясын кантип көбөйтөбүз дейбиз, андай эле антип карапайым элди ойлойт экенбиз, анда ашыкча чыгымдарды кыскартыш керек. Кыргызстанды жөн эле айылчылап кыдырганды токтотуу керек. Мейли, Кыргызстанды президент кыдырсын, премьер-министр кыдырсын, төрага кыдырсын, калган депутаттарга эмне жок, же мурдагыдай округума чаап барып келе калайын дегендей, кайсы бир конкреттүү округдан шайланбаса, эл алдында эч кандай жоопкерчилиги жок болсо, Кыргызстанды кыдырып, акча коротконду эмне кылат? Маселе мына ушунда.
Акчабыз жок да, анан айылдаганды жакшы көрөбүз. Кызык...

Бек Мамашов




  Жаңы мыйзам долбоору мителерди көбөйтөт

Ийкемдүү тизмеге кимдер
каршы чыгышты?
Мындан бир нече күн мурдараакта Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кийин кабыл алды. Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жетектеген жумушчу топ тарабынан даярдалган бул мыйзам долбоорунда президенттик жана парламенттик шайлоолорго катыша турган мамлекеттик чиновниктердин шайлоолордун мөөнөтү аныкталгандан кийинки он күндүн ичинде өз кызматтарынан милдеттүү түрдө кетүүлөрү, шайлоочулардын добуш берүүлөрүн либералдаштыруу же тийиштүү документтери болсо катталган жерлеринен башка аймактарда деле кошумча кагаздарсыз добуш бергенге уруксат кылган норма киргизүү, кошумча тизме жана открепительный талон деп аталган күбөлүк менен добуш берүүлөрдү жоюу, маркировканы атайын аппараттын жардамы менен эмес, жөнөкөй көзгө деле көрүнүп тура тургандай кылып басуу, эгерде президенттик шайлоого 20 пайыздан ашкан шайлоочу катышса өткөрүлдү деп эсептеп, ошонун негизинде жеңүүчүнү аныктай берүү, парламенттик шайлоого катышкан партиялардын тизмелерин ийкемдүү түзүү сыяктуу мурдагы нормалардан түп тамырынан айрымаланган ж.б. бир катар жаңы сунуштар киргизилсе, булардын көбү айрым тактоолор, өзгөртүүлөр, алымчалар жана кошумчалар менен үч окууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан жактырылса, айрымдары, өзгөчө депутаттыкка талапкерлердин ийкемдүү тизмесин түзүү жөнүндөгү сунуш эл өкүлдөрүнө ачык эле жакпагандыктан аны өткөрүшкөн жок.

Адилеттүүлүктү камсыз
кылууга багытталыш керек эле
Бирок, биздин оюбузча, саясый партиялардын ролдору мурдагыдан кыйла артып, жаңыча парламенттик -президенттик формадагы башкаруу киргизилип, бийлик бутактарынын башында тургандардын ыйгарымдары кайра бөлүштүрүлгөндөн кийин "Шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" сыяктуу тийиштүү конституциялык жана катардагы мыйзамдарга тезирээк адекваттуу өзгөртүүлөр киргизилсе туура болмок. Антпесе, жалпы элдик референдумда Баш Мыйзамдын жаңы вариантынын кабыл алынгандыгына бир жылдай убакыт өткөн менен тийиштүү мыйзамдарды, биринчи кезекте алдыдагы президенттик шайлоону жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолорду уюштуруп, өткөрүүгө байланышкан мыйзамдык актыларды ага ылайык келтирүү тийиштүү чапчаңдыкта жүргүзүлбөй жатат. Биз сөз кылып жаткан мыйзам долбоорун талкуулап, үч окуу менен кабыл алууда ырасталгандай, эл өкүлдөрү өздөрүнүн утурумдук кызыкчылыктарына жетеленишип, айрым шайлоолордун өтүшүн жеңилдетип, бурмалоолорду кескин азайта, партиялардын, фракциялардын ролдорун жогорулата турган кошумчаларга ачык эле каршы чыгышууда. Менимче, аталган мыйзам долбоорундагы депутаттыкка талапкерлердин ийкемдүү тизмесин түзүү жөнүндөгү сунуш өзгөртүлбөстөн калтырылса туура болмок. Анда шайлоонун алдында партиялар курултайларында бекитишкен парттизмелерге шайлоонун жыйынтыктары боюнча, тизмедегилердин шайлоо алдындагы иштерге катышкандыктарына, жалпы жеңишке жекече кошкон салымдарына жараша партиялардын жетектөөчү коллегиалдуу органдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, кезектерин жылдырууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталган болчу. Азыркы мыйзамдык тартип боюнча парттизмелер курултайларда бекитилип, Боршайкомго берилгенден кийин аны эч ким өзгөртө албайт. Жеңишке аз салым кошсо, үгүт иштерине жакшылап катышпаса деле мурда аванс түрүндө тизмеден жогорку орунду ээлеп алган адам депутаттык мандатка ээ болууда артыкчылыктуу укукка ээ болуп тура берет.
(Уландысы 10-бетте)