Депутаттар элди
түндүк-түштүккө бөлө башташты

Өткөн жылы апрель айында эл көтөрүлүп, Бакиев бийлигин оодарып таштагандыгы бүгүнкү күнгө чейин элдин эсинен кете элек. Тилекке каршы, "керек болсо колума автомат алып Ак үйдү коргойм, мен кача тургандардан эмесмин, анткени мен арстанмын, букамын"- деп жаткан Закиржан Бакиев бир жерине күч келгенде куйругун түйүп, Жалал-Абадга качып, баш калкалап жүрбөдүбү. Жөн жүрбөй кайра бийликкке келүү үчүн алакандай элибиздин ортосунда түндүк-түштүк маселесин козгоп, канчалык ырбатууга аракет кылбасын, Ош, Жалал-Абаддагы замандаштарыбыз даанышмандыгын көрсөтүп, терең ой калчап, канкор падышанын кайырмагына илинбестен, акырында өзүн кубалап салышты го, чиркин.


Кийин парламенттик шайлоо болуп, "СДПК, "Республика" жана "Ата Мекен" партиясынан турган биринчи коалиция курала албай, экинчисинде "Ата Мекендин" ордуна "Ата-Журт" коалицияга кошулуп, А.Келдибеков спикер болгондо, көбү саясий процесстердин мындай өнүгүүсүнө өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирсе, мен тескерисинче ичимден сүйүнгөм. Себеби, көпчүлүк добушка ээ болгон "Ата-Журт" оппозицияда калганда, анда кайсы өкмөт болбосун, аны колдон-буттан алып, түзүк иштөөгө такыр мүмкүндүк бермек эмес. Экинчиден, жогоруда айтып өткөндөй, ошол кезде тиги Закиржан мырза тутантып кеткен түндүк-түштүк маселеси дагы деле курч бойдон калып, алоолоп күйүүгө май гана жетишпей, быкшып жаткан кези болчу.
Ошентип, А.Келдибековго жогору жактан Кудай бак берсе, эл анын астына так берип, төрагалык креслого олтургузуп койду. Эгер, мамлекетибиздин парламенттик системага эми гана кадам шилтеп жатканын жана депутаттардын көпчүлүгү парламент трибунасына биринчи жолу кадам таштап жатканын эске алсак, анда Ахматбек мырзанын ишмердүүлүгүн түзүк деп калыстык үчүн айта кеткенибиз оң. Ал тиягына да, биягына да тартпастан, өзүнүн мурдагыдай орой мүнөзүн жумшартып, айланасындагыларга чыныгы жогорку даражадагы аткаминерлердей мамиле жасап калганын дароо байкоого болот.
А.Келдибеков өзүнүн мындай көзгө толорлук мамилеси менен түндүк-түштүк оорусун же жарасын айыктырып келатканда, кайрадан айрым депутаттар аны айрым күчтөрдүн заказы менен тырмап, ырбатууга парда артынан эмес, ачык эле далбас ура башташты. Аларды "кой, ай"- деп тыюуга жараган кесиптештери да болгон жок. Бирок, депутаттар өздөрүнүн арам ойлуу кесиптештерин тыя албаса, аларды карапайым-калк арасынан тыйчулар табыларын айтып коюшубуз парз. Себеби, тынч жаткан элибизге өткөн жылы өзбектердин деле дүрбөлөң салганы жетишет же тилеги жаман "жепутаттар" ой, депутаттар эми эмне кыргызды түндүк-түштүккө бөлүп, эки-экиден чабыштырганды каалап жатышабы?

(Уландысы 7-бетте)




Эски паспорт эстен кетпейт
Кыргызстанда баары сатылат. Сатып да алса болот. Анын ичинде паспортту да сатышат. Чекенелеп да, дүңүнөн да сатышат. Бир ай боло элек, Финполиция Бишкек шаарынын Октябрь районунун паспорт үстөлүнүн кызматкерлерин паспорт жасап саткан жеринен кармашты.
Өз учурунда, мына ушул жаңы үлгүдөгү паспорт маселесинин тегерегинде канчалык ызы-чуу болгонун кыргыз коомчулугу жакшы билет. Акаев бийлиги тушунда, жаңы паспорт берүүнүн демилгечиси болгон Лысогоров паспортту Молдовадан чыгарабыз деп жатып, мамлекеттин миллиондорун солго солоп ийсе керек эле. Азыр аны эч ким деле эстеп койбойт.
Аны эскергенибиз, Кыргыз Өкмөтү 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу токтомду бекитти. Биз муну туура кылды деп ойлойбуз. Эми 60 жашка чейинкилер бул үлгүдөгү паспортун 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдоно алат. Ал эми 60 жаштан ашкандар үчүн колдонуу мөөнөтү чектелген эмес.