Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сүрөттөр сүйлөйт...

Курманбек Осмонов:
- Бир кезде минтип "шефтин" сүрөтүн илип алып, каалаганымды кылчу элем. Бакиевдикин илгенге шарт болгон жок, Розаныкын илейин десем, анын убактысы аз калды. Эмки президент ким болоорун билсем, азыртадан эле ошонукун илип алат элем... Мыктыбек Абдылдаев "Алиби" гезитинин өткөн санына берген маегинде, "Президенттикке коюшум мүмкүн..." деген экен, же ошонукун илип алсамбы? Кокус-тан Мыктыбек президенттикке өтүп кетсе, Жогорку сотту кайра алат элем да, алаканды ушалап олтура бермекмин...


Азимбек Бекназаров: (Өкмөттүн кезектеги
отурумуна кирип келе жатып...)

- Алеки салам, алеки салам... Тим эле жабалактап салам бересиңер да. Мен оппозицияда жүргөндө, минтип салам бермек түгүл, жакшыраак көзүңөр менен карагыңар да келчү эмес эле. Эми мен прокуратура менен сот тармагынын эки тизгин, бир чылбырын колума кармап, мага ишиңер түшкөндө минтип "мышык" болуп калыптырсыңар го...


Тургунбай
Садыков:
- Роза Исаковна, мен көп-көп айкелдерди жасаганымды жакшы билесиз. Азыр бир укмуш айкелди жасоо менен алектенип жатам. Кандай деп кызыгып сурай турган болсоңуз, тигини караңызчы, Акаевдин качып, Бакиевдин артынан кубалап бара жаткан учурун жасап жатам, карасаңыз...

Роза Отунбаева:
- Аа, жакшы экен... Ал эми тигил айкелиңиздеги Бакиевди кубалап бара жаткан аял ким?!... Кубалатканга эркек таппай койдуңузбу? Эмесе Бакиевди аял киши кубалап бара жатканы жаман көрүнөт экен...



Алмазбек Атамбаев:

- Та-ак, саатты көрөлүчү!... Саат жетиге беш мүнөт калыптыр, ошентип 11-майдын дагы кечи кирди... Апе-ей, президенттик шайлоого аз калган турбайбы, кой кокуй чамданайын. Көз ачып-жумганча эле күз мезгили келип калат, шумдугуң кургур бийликке жеткенде "кайф" болуп, убакыттын кандай өткөнү билинбей калат турбайбы....

Топчубек Тургуналиев:
- Кеңешбек, башканы тыңшасаң дагы менин телефонумду тыңшабай эле койчу!... Просто сенин тыңшаганыңдан коркконум жок, сен тыңшасаң эле менин миң сомдук "сотовый аппаратым" жакшы иштебей калып жатат. Тил алсаң меникин тыңшатпа, болбосо сени кызматтан кетирип коюш "шесть секунд". Сен эмес, сенден кыйын президенттерди кууган Топчукенин алы сага жетпей калмак беле?!... Так что ойлон!...
Кеңешбек Дүйшөбаев:
- Кечирип коюңуз Топчуке!... Сиздин сүйлөшүүңүздү тыңшайын деген оюм жок. Балдар байкабай тыңшай тургандардын тизмесине кошуп алышкан окшойт, азыр списокту карап көрүп, атыңыз болсо чийип салайын...


Осмонбек Артыкбаев:
- Брат, бери карасаңыз, эл көрбөсүн!... Мобу сулуу-сулуу, кыздардын сүрөттөрүн көрдүңүзбү?!... Булар менин "Неман" фирмамда иштеген кыздар, кайсынысы жакты, саунага чакырайын...

Марат Исаков:
- Осмонбек, сени фирмаңда иштеген кыздарга көп тийишет деп угам. "Жашыңда жалжаң болсоң, карыганда калжаң" - болосуң дегендей болбой, жөн жүрсөң боло...


Сүрөттөрдү сүйлөткөн А.Иманалиев

"Азил - чыны аралаш,
Чычалаган жарабас!..."





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??