Белгилүү адамдардын белгисиз жоруктары...

Бирөөнүн баласын
неберем деп ойлоп...
Гезитибиздин өткөн санына манасчы Уркаш атабыздын болгон окуясын жазган элек. Анда Уркаш ата "манякмын" деген адамдан коркуп кетип бата бергенин айтканбыз. Ошол гезит чыккан күнү Уркаш атабызга "Манас-Мурас" коомдук фондунан жолугуп калсам, "Балам жазганыңды окудум" -деп анан күлкүсүн тыя албай күлүп калды, себебин сурасам Тууганбай Абдиев атабыздын ошол окуяга байланышкан сөзүн айтып боорубузду дагы бир эзди... Көрсө Тууганбай ата минтип айткан тура: "Бул эмне эле коомдо киши өлтүрүч "маняктар" көбөйүп атат десе, Уркаш бата берип көбөйтүп аткан тура..." -деген экен...
Табиятынан улуу сөзгө, тамашага жакын Уркаш атабыздын жоруктары түгөнчүдөй эмес экен... Бир күнү Уркаш ата жумуштан чыгайын деп атса байбичеси телефон чалып бала бакчадан небересин ала келүүсүн айтат. Жумуштан чыгып бала бакчага барып, бала бакчанын оозунан чыгып келе жаткан кичинекей баланы окшоштуруп жетелеп алып үйүнө келет. (Ал бала дагы чочуркап ыйлабай келе бергени кызык экен) Келсе байбичеси:
- Апе-ей Уркаш, сен башка баланы алып келен турбайсыңбы. Бул биздин небере эмес, тур барып бул баланы таштап биздин баланы алып кел! -десе, Уркаш ата камырабай туруп:
- Жакшылап карабай алып келе берген турбайымбы, ага эмне ызы-чуу кыласың!... Неберенин ордуна жаткырып кой, эртең эртең менен кайра алып барып кошуп жиберебиз да... -деп кемпиринин боорун эзиптир....

А.Иманалиев




  Баласын үйлөп...

Жээренче чечен кантип кыз тандаган?
Жээренче чечен уулуна колукту издеп, эл аралап чыкты. Көңүлгө толор кыз таппай, аты ыргыйдай, өзү торгойдой болду. Үмүт кургур томсорбойт го антсе да, жетелеп барат сапарга. Тээ алыстан айыл карааны көзгө урунду. Адырдан-адырды кесип, ошол тарапка бет алды. Айылдан четте, адырлуу жайытта тезек теришип жүрүшкөн, жоон топ кыз-келиндерди көзү чалды.

"Жаздын күнү жаш баладай, жайлоонун күнү чыргаяк"- дегендей токумдай булут пайда боло калса, жамгыр төгүп өтмөк жайы бар. Күн багы чытыла түшүп, Жээренче кыз-келиндерге жакын жакындагыча алгач тыбырап, анан шатыр-шутур жамгыр төктү. Качса да каткырып качканы, кууса да күлкүдөн көөмөйү бошобос жаштык кез санжыргасы го, ушул кылык куракка куп жарашат. "Дүр-р" деп учкан таранчылардай кыз-келиндер заматта айылга зуу коюшат. Бир кыз терген тезегин чогултуп, ылымтага ыктап, кабын жамынып олтуруп калганын Жээренченин көзү чалат. Бура тартып барып, бүйүрү кызып, кызга суроо салат:
- Э, кызым, теңтуштарыңдан бөлүнүп олтуруп калышыңда эмне сыр? - деди.
- Атаке, аларда эки утулуш, бир утуш, менде эки утуш, бир утулуш бар: кийген кийимдери, алган отундары суу болду. Быкшып күйбөйт алпаргандары менен. Утуштары жаанга карабай үйлөрүнө убагында жетип барышкандыктары, ата-энелери кейишпейт. Менин утуштарым: чогулткан тезектерим, кийген кийимдерим кургак, утулушум-теңтуштарымдан кечиккеним, ата-энемди убайымга салганым, - деди.
- Кызым, атың ким?
- Акылкарачач.
- Үйүң кайсы?
- Кырк найзалуу үй. (Демек, туурдуктары жыртык, ууктары эбак эскирген кийиз алдынан сыртынан "саналган" боз төбөл үй деген сөз).
Жээренче мындай кызга жолуктурган Теңирге ичинен миң мертебе жалынып, сапарын улантты. Кийин кайра ошол айылга келип, уулуна жанагы акылдуу кызды алып берген экен.

Жакып МЕДЕТОВ,
жазуучу




КУРСАКТАГЫ БАЛАНЫН ЫЙЫ
Жалбарам сага Апаке! Жалбарып оюм айтайын,
"Ким болду экен?" дебегин, курсакта жаткан балаңмын.
Кайрылып жаткан себебим, каталык Апа кылбагын!
…"Алдырам" дедиң боюңан, өмүрүн кесип балаңдын…

Жалбарам сага Апаке! Жүзүмдү көрчү кубанган!
Төрөлсөм эптеп Апаке, күлүп бир сени кубантам!
Каталык кылдың, не экен? Бактың бир болоор мен бекем?..
Алдырбай мени төрөсөң, болоюн сенин БЕРЕКЕҢ!

Жалбарам сага Апаке! Ырбатпа өткөн катаңды,
Ал өткөн катаң тең эмес, кыйууга жанын балаңдын!
Курсагың сылап айтканың, түшүнөм баарын,Апаке
Түйшөлүп, уят болсоң да, жалбарам мени жаратчы!

Жалбарам сага Апаке! Жараткан берди мага жан!
Шум АЖАЛ алсын жанымды, болбочу аны сен алган!
Чоңойсом Апа багайын, кыйнабай сени ар дайым!
Күнөөлүү болуп өтпөгүн, өмүрдүн баарын сен калган!

Жалбарам сага Апаке! Балким сен көнө элексиң?..
Дүйнөдө бала жытына, тендешип дагы не жетсин?!
Кыямат болсо энелер "Балдарым тирүү калса" дейт!
Өз балаң Апа өлтүрбө, "Муштумдай али билбейт" деп!

Жалбарам сага Апаке! Жүрөктүн туйчу кагышын.
"Шайтанга моюн сунба!", деп жалбарып соккон дабышын!
Элиме тиер керегим, эптеп бир чыдап төрөп ал
Үмүтүн актап эр жетип, кызматын кылчу келээр маал!

Канатбек Смаилов