(Новелла)
Карегиңе бүткүл дүйнөм камалган

Сен ушуну билесиңби. Жок. Билбейсиң. Эгер билсең таң экөөбүзгө башкача атып, күн башкача чыгып, кеч башкача кирип, жашоо кумары бир башкача болмок. Сен билбейсиң же учурунда билбей калдың. Бүткүл арман мына ушунда.

Экөөбүздүн ортобузда агып турган булак дайрага, дайрадан көлгө, көлдөн деңизге, океанга, мухитке айланып экөөбүз эки жээгинде калганыбыз мына ушунда. Жээксиз, жел кайыксыз калдым. Ак шам астында ак баракка батпай отуруп ушуну ойлодум. Сен кантип отурасың элестетким келбеди. Карегимден кетпеген баягы бир элесиң келди. Сени эстеген сайын ушул элесиң келет.
Сен чалкаңдан түшүп магдырап уктап жаттың. Эриндериң кичине-кичине ачылып калган. Мен карап жатам. Деги сонун уктайсың. Сен уктаганда сага эки дүйнө бир тең болуп калат. Сенин уктап жатканыңды суктанып карап жүрүп билдим уктоонун да өзүнчө сулуулугу болорун. Кээ бирлерди уктап жатса көргүң келбейт экен. Бүрүшүп алган, көмкөрөсүнөн түшүп калган, деги жагымсыз. А балким, көрө билүүдөндүр.
Ак жайдын күнү бөлмө ысык. Жамынган жука шейшеп тебилип аягыбызда жатат. Экөөбүз тең энеден туумабыз. Жок. Сени сүрөттөп жазбайм. Кызганып кетем. Ак барактан да кызганам. Кызганчаактыгым ушунча карегимден бирөө көрөт деп элесиң келсе көзүмдү жуумп жиберем. Тобо.
Андан бери канча мезгил өттү. Дагы канча мезгил өтмөк. Биз баскан көчөлөр өзгөрүп, биз жаткан ошол үйлөрдүн ордунан жаңылары турмак. Карекке түшүп мээге чөгөрүлгөн элес гана жашай бермек. Шаарда ал жерди "Уста сепил" деп коюшчу. Аты сонун "сепил" деп. Затычы? Заты бир менден башка эч кимге жакпаса керек. Тар көчөлөрүнөн бир машина араң жүрөт. Ар-бир экинчи-үчүнчү үй урандыга айланган. Кээ бир үйлөрдүн жарымысы урап калган ал эми жарымысында адамдар жашап жатат. Ар бир бурчта таштанды-чириндилер. Мерчемдүү-мерчемдүү жерлерде ажатканалар бар. Айтканда эмне көпчүлүк үчүн делип курулган суу жүрбөгөн ажатканынын абалы кандай болмок. Мына ушул маанай чөгөөрлүк көрүнүштү жазып жатсам да маанайым чөкпөй жүрөктүн түпкүрүнө уюган бир сезим кытыгылап дагы жаза түш деп кумары арта кубанып турат. Тобо.
Күүгүм киргенден кийин, көчөсүндө жарыгы жок жүздөгөн жылдар мурдагы тарыхый шаардын сырдуу калдыгы болуп томсоргон бул сепилди өзүндө жашоочулардан башкалар аралоодон коркчу. Менчи? О кокуй, туура кызыл кыргын согуш болуп жатыптыр десе да аралап бара бермекмин. Сен үчүн, сага жетиш үчүн. жолумду эч ким тосо алмак эмес. Аралаганда да эч бейкапар айлананы рахаттана карап, көктөгү жымыңдаган жылдыздар менен көз кысышып, тийишип аралачумун. Полу жок жер тамда бир кат матрастын үчтүндө. Сени менен кучакташып жатчумун. Бир ыктам менен оодарылбай канча бир сааттар бою жатчумун. Оюма койсо күндөп-түндөп жата бермекмин. Ким менен оюма коймок эле. Бири-бирибиздин оюбузга койбой түрткүлөп тургандыгыбыз үчүн турмуш жүрүп турат да. Баса, дайыма нааразы боло берчүмүн. Ушу адамдар дайым акыл-эстүүбүз деп мактанабыз бирок бири-бирибизди түрткүлөп, кысмалап оюндагыдай жашоого мүмкүндүк бербей тосмолоп турабыз деп. Анан бир күнү микроскоптон молекулалардын кыймылын карап отуруп түшүндүм өтө чоңойтуп алганда аалам өзү да түртүшүп, кысышып тосмолошуп туруу менен жашаарын биздин каныбызга микроскоптон көргөн тигил уруктагы молекулалардан өтөт экен мен нааразы болгон нерселер. Ушуну билгенден кийин нааразылыгым жаратылышта тиричиликти ушинтип жаратып койгонуна баш ийип үшкүргөн арманга айланып калбадыбы.
Ой учугунун узундугу ай. Тартсаң кете берет ээ чубалып. Сепилден баштайсың бир учурда артыңды карасаң сепил жок калат.
Менде бир бала кезимде таттуу кыял болоор эле. Балалыктын ошол кыялын али да сагынам. Атам чабан, апам койчу. Чындыгында апам кой кайтарбайт, үйдө бээ саап бизге тамак дайындап үй-тиричилиги менен алек. Койду болсо биринин артынан бири тоодой болуп өсүп келаткан балдары биз кайтарабыз. Апамды койчу кылып каттатып койгону акчасын алайын дегени. Атам да кой кайтарбайт. Ат жоорутуп дайыма кыштак менен жайлоонун ортосунда. Эки күндүн биринде отчету чыгат. Өлгөн койду жеткизет. Чоңдор менен сүйлөшкөнү кетет. Азыр ойлойм, атам ошондо эмнелерди сүйлөшчү болду экен деп. Анда биз үчүн атам президент болуптур. Өз саясаты өз бийлиги бар. Биз болсо башка президентти билчү эмеспиз. Сүйлөшүүлөр кээде жумалап созулуп апамдын койчулук, өзүнүн чабандык маянасын жоопту сүйлөшүүлөргө жок кылып коюп, жергиликтүү бийлик ээси көтөрүлүш чыгарып (апам) үй-бүлөбүздөгү экономика оорлоп, ун жок, талкан жеп же бирөөлөрдөн карыздап ун сурап, кийген бут кийимдерибиз жаңырбай башынан бармагыбыз көрүнүп калчу. Атам (түшпөс президент) андайда кадимкидей мүңкүрөп балдарым кор болуп калды деп азыркыча айтканда коммерцияга өтчү. Эбин таап козуну кой кылып, торпокту уй кылып сатып алмаштырып, чаң-будуң кылып жатып баарыбыздын бир сыйра кийимибизди жаңыртып, апамды да кийинтип. Тамак ашты жарым жыл, бир жылдык кылып дайындап салчу.
Мындайда апамдын кубанычы койнуна батпай келген кеткендерге атамды мактап, "О кокуй киришпейт, киришсе колунан баары келет. Көңүлсүнбөй жүрбөйбү болбосо биз эбак чириген бай болмокпуз" деп калчу. Бирок, атамдын эрдиги узакка созулбай "чоңдор" деп аталган "чет өлкөнүн президенттери" менен сүйлөшүүлөрү кайра башталып эски тарыхтар кайталана берчү. Азыр ойлойм "мамлекет үй-бүлөдөн башталат" деген туура экен го, үй-бүлө да өзүнчө кичинекей мамлекет тура деп. Чоңойгуча биз балдары атам-апам үчүн анда-санда "жаңы тумагым жок" деп ыйлап коюп жүрөберчү бекер жумушчу күч болгон экенбиз.
Ошентип, "бекер күч" болуп жүрчү мезгилде далай жолу жайлоодо кой кайтаруу кезеги мага да келген эле. Жайлоодо жалгыз кой кайтарганды өзүм жакшы көрчүмүн. Себебин айттым го таттуу кыялым болоор эле деп. Койлорду жайыттан төрүнө сүрүп барып ысуулагыча көз салып отуруп ысуулай баштагандан кийин этегинде мупмуздак, туптунук булагы бар, чокусу булут жиреген атактуу Карала асканын түбүнө барчумун да атты отко коюп үйдөй-үйдөй коргулдарды аралап, "Өзүмдүн тектирим" деп атап алган асты да, үстү да типтик жалама зоока, бир капталында гана таман чубама жолу бар тектирге чыкчумун. Бул тектирге мага окшоп көзү ачылгандан тоо аралап жүргөн малчы же мергенчи чыкпаса жан жолой алмак эмес.
Эки боз үйдүн ордундай тектирдин шибери бел кырчоодон буралып ушул кезге чейин мен башка эч жерден жолуктура элек жыты тири укмуш түркүн гүлдөр өсчү. Жытына мас болуп көшүлүп калчумун. Дайыма өтүүчү бир из менен басып барып так ортосуна келген сайын жатып жүрүп чөбү жапырылып менин боюмдай орун болуп калган жерге чалкамдан түшүп, көздөрүмдү жуумп коюп кийик эненин күн десе күн, ай десе айдай наркы бар пери кызын күтө баштачумун. Кыз, мен уктамайын келчү эмес. Мен канча уктабайын же уктамыш болоюн десем да болбой эс-мас болуп уктап кетчүмүн. Менин көзүм илинери менен кыз келчү. Үзүм ак булуттай болуп учуп келчү. Баш жагыма отуруп алып сызылтып ырдап берчү. Ырын угуп ойгоноюн деп ойгоно албай, турайын деп тура албай жата берчүмүн. Тээ далайда барып чачымды сылап маңдайымдан өөп туруп "Алда жараткан ай, экөөбүздү эмне жолуктурдуң" деп сыздап карагаттай карегинен ысык жашын сыгып алып басып кетчү. Ал зоо ашып кеткиче, анын ак буладан согулган көйнөк кийген карааны үзүлгүчө ордумдан кыймылдоого дарманым келбей жата берчүмүн. Мени дубалап таштоочу. Ал мага колун тийгизчү. Мен ага колумду тийгизе алчу эмесмин. Ал мага сүйлөй алчу, мен ага сүйлөй алчу эмесмин. Ал мага ушул мүмкүнчүлүктөрдү бергенге ишенчү эмес. Менден адамдык кылып чектен чыгып кетет го деп коркчу. Ал кеткенден кийин ордумдан туруп алып анын калың шиберге түшкөн изин карап жалдырап калчумун. Жай бою күн сайын жолуккум келе берчү. Ал да тажабай келе берчү. Мен жыл өткөн сайын бой тартып өстүм. Ал өзгөрбөдү. Акыркы жолу жолугушканда "Эми экөөбүз жолугушпайбыз, сенин жолуң башка. Кайрылып келерки жайда кой кайтарып келбейсиң" деди. Адатынча маңдайымдан гана өппөстөн көздөрүмдөн өөп-өөп туруп кетти. Ошол күнү арманым ичке батпай күүгүм киргиче ыйлап отурдум. Анын айтканындай болду. Ошондон ушул жылга чейин кой кайтарып ошол тоого бара элекмин.
Муну эмнеге эскерип жатам. Билесиңби, менин жүрөгүмө баткан тунук сүйүү, карегимден чыккыс кылып элесиңди тартып калуунун улуу чеберчилиги тээ бала күнүмдөн эле улуу тоолордон кан жаныма сиңген экен. Сен ушуну билбейсиң. Мен өзүм да билчү эмесмин.
Эсиңдедир. Такси менен бараттык. Улам ашуунун белине жакындаган сайын жүрөгүм көөдөнүмө батпай делөөрүй баштадым. Балалык күндөрүмдөгү атактуу Карала аска, гүлбурак тектир, түшүмдөн кетпеген кийик эненин сулуу кызы. Канча жылдар болду эле бийикке чыга элегиме. Бугум бүт денеме сиңип, толуп кетиптир. Өзүмдү-өзүм кармана албай калдым. Түшүндүм. Күчүм жетчүдөй эмес. Аракка мас болумуш болуп калайын деп иче да бердим. Ыйлай да бердим. Кошо бараткандар мени ошондо акылыман айнып кетпесе экен деп коркушту окшойт. Сен да корктуң. Менин адамдан башкача буулугуп калганымды байкап үн дебей айтканыма көнүп жүрүп отурдуң. Бийик ашуунун ак-ала кар баскан бели артта калганда барып эс-акылыма келдим. Кийин сен ошол жоругумду эстеген сайын шылдыңдап күлүп жүрдүң. Мен болсо акыркы ирет кийик эненин кызы менен коштошуп сенин карегиңе камоого түшкөнүмдү жанга билгизбей жашырып койдум. Ошентип, менин жарык дүйнөм тоо аралап учуп жүрө бербей адамдарга, сага кайрылган. Ушуну билген эмессиң. Мен өзүм да толук түшүнө билбегем. Тоо аралап учуп жүргөн кези жыргал кез экен.
Экөөбүздүн ортобуз мухиттей чоңоюп мен үчүн эки дүйнө бир тең болуп турганда көчөдө келатсам артымдан үн чыгат.
Кубат эй, Кубат - деген токтоп кайрылсам жакын тааныштарымдын бири экен. Ал-жай сураштык. Көрсө, мен аны байкабай жанынан өтүп кетипмин. Өзүнүн (азыр эсимде жок) бир партияга мүчө болуп өткөнүн айтып кирди. Эл башына оорчулук келип турганда саясатка чындап кийлигишпесе болбойт, - деди. Мени да өзү өткөн партияга мүчө болууга үндөй баштады. Мен "ойлоноюн" деп койдум. Ал эми ичимден "Мен эчак эле бүткүл адам баласы мүчө болуучу партиядамын. Биздин да Лайли-Мажнун өңдүү лидерибиз өткөн. Марксыңардан ашса ашат акыры кем эмес. Башка партияңдын кереги жок. Эртедир-кечтир баарыңар биздин партияга келип мүчө болосуңар. Бизде анткени чыныгы эркиндик. Устав, көрсөтмө жок. Мүчө болуп кир-чык деп да эч ким тескебейт. Өз акылың менен түшүнүп, өз дареметиң менен иштей бер. Ушундай досум" дедим. Ортого айтсам ал өз идеясын бергиси келмек эмес. Мен өзүмдүкүн туура демекмин. Ошентип, талаш-тартыш башталмак аягы балким жаңжалга жетмек. Үн деген жокмун. Акырын кутулуп жеңилденип дем ала түштүм. Мага бир эле түрмө сенин карегиңден чыга албай тыбырап жүргөнүм жетиштүү болчу.
Ошентип сөлөкөтүм жээксиз жел кайыксыз отурат. Ортодо мухит. Жан дүйнөм карегиңде камоодо. Мына ушуну түшүнүш кыйын. Бир өмүр жетпей калат көрүнөт.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ