Бир үйдөн эки
адамга ок тийди

Жоготуу кандай оор, кандай азап. Тирүү жандын тозогу эмеспи. Каргашалуу 7-апрель күнү канкор Бакиевдердин атылган огуна көкүрөгүн тосуп курман болгон Алмаз Абдразаковдун жансыз сүрөттөрүн көрсөтүп жатып жубайы Гүлмира эженин көзүнөн жаш куюлуп турду. Дүйнөдөн өткөн адамды ким толуктайт? Эмне толуктайт? Эч качан эч нерсе толуктай албастыр. Өткөн күндөрдү, жолдошунун кыял жоруктарын эскерип маркумдун жубайы Гүлмира Абдылдаева эже маек куруп берди.

- Жолдошуңуздун кайсы сапаттары жүрөгүңүздө калды?
- Жолдошум Нарындын Тянь-Шань районунун Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн эле. Көзү тирүү болгонунда жаңыдан кырктын кырына чыкмак. Экөөбүз 4 балалуу болдук. Ач ажал 4 жаштагы уулубуз Кайратты колубуздан жулуп кетти. Эмнегедир ошол уулубуз менен Алмаздын сүрөтүн бөлүп чыгарып коюптурмун. Алмаз да бизди таштап Кайратын көздөй кете берди. Жолдошум бирөөгө жаман сөз сүйлөбөгөн жаркылдаган тамашакөй мүнөзү бар эле. Балдарына камкор ата, мага күйүмдүү жолдош эле. Алмаз жаркылдап жаныбызда жүргөндө баркын билбептирбиз. Анын көзү өткөндөн кийин, үйүбүз томсоруп, муздак болуп турат. Көрсө, кыргызда атаны бекеринен аска-тоого теңебейт экен. Тирүүлүктө атанын кадыр-баркы зор тура. Бардыгын андан ажырап калгандан кийин түшүнүп олтурам. Бул азаптуу күндөргө чейин ал бизди алаканына салып багып келиптир. Бүгүн эми балдарымдын атага куса болгон томсоргон көздөрү жүрөгүмдү оорутат.
- Жолдошуңуз мурда эле саясатка аралашып жүрчү беле?
- Өлкөбүз жумушсуздукка белчесинен баткандыктан, Алмаз деле иштеген туруктуу жумушу жок айдоочулук менен алектенчү. Бизди бакканга жетчү. Бирок, күчөп бара жаткан кымбатчылык, электр жарыгынын кымбатташы, күндөн күнгө турмуштун оорлогону Алмаздын да кабыргасын кайыштырчу. Оппозициялык маанайдагы газеталарды калтырбай окуп, качан болбосун оппозициянын таламын талашып, пикеттерден калчу эмес.
Бакиевдерди, өзгөчө Максимди теледен көрсө эле кыжыры кайнап кетчү.Өзү спорт менен машыгып, А.Атамбаевдин жан сакчы балдары менен дос болуп жүрчү. Атамбаев биздин турмушубузду оңдойт деп келечектен үмүтү зор эле. Күзүндө Италияга барып иштеп келем деп документтерин даярдап, күздү күтүп терезени эле көп карап калган. Көрсө самаган италиясы тиги дүйнө турбайбы.
- 7-апрелде тополоңго өзүңүз узаттыңызбы?
- Пикеттерге үзбөй катышкан Алмаз үчүн 7-апрель күткөн күнү эле, эртең менен чач тегиздетип келем деп кеткен.
Бир убакта эле каары өңүнө чыгып жинденип келди. "Түндө оппозиция лидерлеринин баарын үйлөрүнөн кармап кетиптир" "Медиа форумдун" алдында пикет болуп жатыптыр катышпасам болбойт" деп машинасын таштап коюп кетти. 1.30да телефон чалсам "Чүй менен Алматы көчөсүнүн кесилишинде баратабыз"- деди. Саат төрттө өзү чалып, "Кемпир тамагыңды дайындап тур. Азыр барам" деди. Кийимдери сыгып алма суу болуп келди. Тамак ичип олтуруп аянтта болгон окуяны төкпөй чачпай айтып берип, "Өз элин атам деди эле мына канкор Бакиев кырып жатат"- деп жинденип олтурду. Мен жомок угуп олтургансып бирине ишенсем, бирине ишенбедим. "Болду эми барбай эле койчу. Жаш бала менен сени кайдан издейм? Үйдө эле болчу"- деп сурандым. Эмнегедир ал демейдегиден башкача эле. Кыздарын кайра кайра бетинен сүйүп, муңайым тартып турду. Тамак ичкен соң, бир аз эс алып алайын деп төркү бөлмөдө жаткан. Телефон аркылуу өзү менен кошо иштеген балдарга кыйкырып, "Таксиңерди таштап, пикетке чыккыла"- деп жатты. Мен балага алаксып кеткен экенмин. Уурданып жанагы эле суу курткасын кийип бир заматта сыртка чыгып кетиптир. Балкондон гана анын акыркы элесин көрүп калдым. Ошол бойдон үйгө кайтып келбеди. Ошол күнү 14 жаштагы улуу балам да үйдө жок. Көрсө, атасын издеп ал да аянтта жүрүптүр. Уулум Айбек түнкү саат 11лерде келип, тамак ичпей жатып алды. Эртең менен баламды ойготоюн деп барып, канга чыланган төшөгүн көрүп чочудум. Көрсө, анын да бутуна ок тийиптир. Балам бутунун жарадар болгонуна карабай, эртеси атасын карайлап издеп жүрдү. Бирок таппадык. Биз издеп жүргөндө теледен деле кайра-кайра көрсөтүптүр. Бирок, таптакыр таанылгыстай болуп калыптыр. Ок башына тийип көзү агып кетиптир. Акырында морггдон таптык. Баламдын бутуна болсо чачма ок тийиптир. Үчөөсүн алышты. Үч ок азыр деле бутунда жүрөт.
- Жолдошуңуз түшүңүзгө киреби?
- Түшүмө көп кирет. Түшүмдө мурдагысындай эле бизге кам көрүп жүргөнсүйт.
Бир жолу түшүмдө үйгө келип калды. Кичинекей кызымды көтөрүп колуна алды. Үйдө мен камыр жайып жаткан элем. Кичүү кайним шкафтан документ издеп жатыптыр. Кайниме "Документти эмне кыласың? Чачпа аларды"- деп урушуп жатыптыр. Мен шашкалактап "Алмаз тамак ичип кетпейсиңби" десем. "Ичтим, оокатыңа тың бол, кайраттуу бол"- деп өктөм сүйлөп, кызымды кайра колума карматып чыгып кетти. Бир жолу болсо үйдө свет жок. Баарыбыз эрте эле жатып калдык. Түшүмдө Алмаз шам кармап алып, баарыбызды карап жүрөт. Ойгонуп кетсем, улуу кызым ачынып бүрүшүп жатыптыр. Муну мага белги берип кеткенсиди. Ойгонуп алып, арбагың да бизге кам көрүп жүрөбү деп көпкө ыйладым. Мына ушинтип өлбөстүн күнүн көрүп жатабыз.
Маектешкен
Жамила Нурмамбетова