Элчибиз элге эмне дейт?

"Астана менен Бишкектин ортосундагы айырма асман менен жердей"
Менин маектешим - Кыргыз Республикасынын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Жаныш Рустембеков.

- Жаныш Султанкулович, айтсаңыз, Бишкекке кандай иштер менен келип калдыңыз?
- Келип калган себебим эле айылда 98 жаштагы апам бар. Бир аз сыркоолоп калыптыр. Апа деген апа да. Көңүлү чыдабай "Жаныш уулум келсин"- дептир. Бир чети ден солугун сурап, ал-жайын билип коеюн деген максатта келип калдым. Врач болуп иштеген Света, Бермет деген карындаштарым бар. Алар апамды жакшы эле карап жатышыптыр. Бирок, мени көрүп кайраттанып калсын деген ниетте жетип келдим.
- Апаңыз сакайып кетсин. Эми элчилик ишиңиз тууралуу элге айтчу сөздөрүңүз бардыр?
- Бар эмей. Айта турган сөздөрүм бир топ эле. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштедим. Жаманбы-жакшыбы, министрликте реформалар жасалды, аны эл билет. Анан билесиңер, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев деген досум "Рустембеков министрликтен кетсин, кетсин" деп эле кыйкырып туруп албадыбы. Бул боюнча президент Бакиевге кирип "Мени иштетесиңерби, же ишимди өткөрүп берейинби?" десем, "Иштей бер, Камчыга айтып коем" дейт. Же Камчысы кыйкырыгын токтотпойт. Ташиевди кудайга салдым да, министрлик кызматты тапшырып бердим. Менин ордума барып министр болуп иштебедиби. Эл деген тараза, менин кандай иштегенимди, анын кандай иштегенин салыштырып таразалап алат.
-Казакстандагы кыргыз миг-ранттарынын абалы кандай?
- Казакстанда 30-40 миңдин тегерегиндеги жаштарыбыз иштейт. Элчиликтин милдети - эмгек мигранттарына колдон келген жардамын берүү. Бир нерсени эске сала кетейин: Казакстандын мыйзамы боюнча кыргыз жарандарынын иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Макулдашуу боюнча иштөөгө мүмкүн эмес. Ошондой болсо да колдон келген жардамыбызды берип жатабыз. Айрым балдарыбыз милицияга түшүп калат, акелеп-жакелеп жатып андан чыгарып кетүүгө аракет кылабыз. Алар да үй-бүлөсүн багалы деп жүрүшөт да. Кээ бир балдарыбыз "убактылуу жашаган жери" кагазын алып оокат кылып жатышат. Негизинен Казакстандын миграция кызматынын биздин жаштарга карата көз карашы түз эле. Өзүңөр билесиңер, Астана - өзүнчө дүйнөлүк мегаполис болуп калды. Ал жакта эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт, ар кайсы өлкөлөрдүн президенттери иш сапар менен келишет. Келим-кетим көп. Астана шаарын милициялар катуу көзөмөлгө алып турушат. Кез-кезде биздин балдар кармалып калышат. Кармалса эле документтери жок. Мукашты ээрчип келдим, Кеңешти ээрчип келдим деген жок шылтоолорду айтышат. Ушуну эми өзүбүздүн чек арачылар караса боло "эй, балдар документиңер жок кайда барасыңар?" деп айтып турса, тартип бузуулар аз болот беле деп ойлойсуң. Бирок акча берип өтүп кетип жатпайбы, тиякка барганда өздөрү эле кыйналышат. Дагы айтайын дегеним, биздин айрым жигиттерибиздин ичинде Казакстандын жарандыгын алып, эки-үч машине, үй , кичине базар алгандары да бар. Ошолор дагы алдап алып барып, иштетип акчасын бербей, убара кылып, өзүбүздүн балдарды "эзип" жаткан фактылар да бар. Биз андай "көпкөн" балдарга да эскертип жатабыз "ай, жигиттер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай жардам бербейсиңерби" деп.

(Уландысы 12-бетте)




Төлөөлөрү көбөйгөн менен кирешелери өспөй жатат
"Залкар" АУБдун карызын
качан кайрыйт?
Май айынан баштап Кыргызстандагы 500 миңден ашык пенсионерлердин пенсияларын камсыздандыруу бөлүгү 13 пайызга көбөйтүлгөнү жатат. Бул үчүн 1,5 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынат. Социалдык фонддун ага акчасы бар, бирок маселе-ал акчаны "АзияУниверсалБанктын" мураскору "Залкар Банктан" майдалап бөлүп, берекесин учурбастан мүмкүн болушунча үргүлжү түрүндө өндүрүп алууда турат.
Мурдагы бийликтин "жактыруусу", респуб-ликалык социалдык фонд менен ЦАРИИнин макулдашуусу боюнча соцфондуга которулган каражаттар негизинен "АзияУниверсалБанкында" сакталчу. Өткөн жылдагы коогалаңдардын убагында тийиштүү кызматтардын шалаакылыктарынан, мүмкүн айрым жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктердин жекече кызыкчылыктарынан улам бул банктан ири өлчөмдөгү валюталык каражаттар менен бирге 1,5 миллиард сомдон ашык акчанын сырт жактарга которулуп кеткендигине жана банктын айланасындагы жаңжалдарга, ар кандай операцияларды токтоттурган соттук чечимдерге байланыштуу аталган банк Соцфондуга жогорудагыдай өлчөмдөгү каражатты дароо кайрып бере албагандыктан, пенсияларды убагында төлөөдө кыйынчылыктар пайда боло баштаган. "АзияУниверсалБанкы" банкроттукка учурап, анын базасында "Залкар Банк" түзүлгөндөн кийин жаңы банктын жетекчилери расмий түрдө Соцфондунун акчасын кайтарып берише тургандыгын билдиришкен. Бирок, тилекке каршы, "Залкар Банк" Соцфондунун акчасынын баарын дароо кайтарып бере албагандыгынан улам ардагерлердин пенсияларынын көбөйтүлгөн базалык бөлүгүн дароо кошуп төлөп бере баштоодо кыйынчылыктар пайда болгону турат.


Соцфондунун акчасы неге
кол тийгис болуп сакталбайт?
Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгында мамлекеттик гана эмес, мамлекеттик эмес социалдык же пенсиялык фондулар да бар. Адатта алар мамлекеттин кепилдиги менен бош акча каражаттарын коммерциялык банктарга салып, баалуу кагаздарды сатып алып, биржалык соодаларга катышып, өз каражаттарын финансылык операциялар аркылуу көбөйтүүгө аракеттенишет. Андай операцияларда эч кандай криминал жок. Мурда пенсионерлердин фондусунда 2 миллиард сом болсо, ийкемдүү банк-тык, финансылык операциялардан кийин ал 200-300 миллион сомго көбөйө түшө турган болсо, анын эмнеси жаман? Бирок, андай банк-тык, финансылык операциялар "жети өлчөп, бир кесип" дегендей дыкат этияттыкта жана кесипкөйлүктө, өкмөттүн көзөмөлүндө гана ишке ашырылышы, а түгүл анын каражаттары да ишенимдүү мамлекеттик банктарда гана сакталуусу зарыл. Пенсионерлерге, жетим-жесирлерге жана майыптарга төлөнө турган каражаттардын тагдырлары саясый, экономикалык жана социалдык олку-солкулуктарга көз каранды болбоосу керек.
Тилекке каршы, бизде коомчулуктан жашырып, республикалык социалдык фондунун каражаттарын коммерциялык жана менчик банктардын депозиттерине койдурмак түгүл, бюджеттен пенсионерлердин пенсияларын көбөйтүү үчүн бөлүнгөн каражаттарды таптакыр башка максаттар үчүн чыгымдап жиберген учурлар да болууда. Алсак, өткөн жылы бюджеттен пенсияларды жогорулатууга 1,5 миллиард сомдой каражат каралса, анын 500 миллион сому үйлөрдү курганга, 600 миллион сомдон ашыгы өткөн жылдын июнунда Жалал-Абад, Ош областтарындагы коогалаңдарда жабыр тарткандарга компенсациялык төлөөлөр үчүн жумшалып, социалдык фондуга анын 400 миллион сомдою гана берилген. Эгерде алардын баары максаттуу жумшалса, баалар тынбай кымбаттап жаткан мезгилде пенсионерлерибизге чоң жардам болмок.

Соцфонддун жыйымдар
базасы неге жакшырбай жатат?
Өкмөт жакынкы убактарда пенсиялардын орточо көлөмүн жашоо муктаждыктарын минималдык канааттандыруу өлчөмүнө жеткирүүнү милдет кылып койгон менен республикалык социалдык фондунун жыйымдар базасы ал муктаждыктарга адекваттуу деңгээлде кеңейбей, өспөй жаткандыгын белгилөөбүз зарыл. Жыйымдардын көлөмүнүн өсүүсү түздөн түз экономиканын абалына көз каранды болот. Бизде айлык акылардын өлчөмдөрү да аз. Эмгекке жарактуулардын жармысына жакыны сырт жактарда иштешип, алардын бул статья боюнча милдеттүү чегеримдери башка өлкөлөрдүн соцфондуларына түшүүдө. Ал эми бизде такай иштегендерден майда соода-сатыктар менен алектенгендер, тигүү чөйрөсүндө эмгектенгендер социалдык фондуга өздөрү иштеп тапкандардын миңден бир бөлүгүн да төлөшпөйт. Алсак, эксперттердин, серепчилердин жыйынтыктары боюнча, Кыргызстанда 150-300 миң адам тигүү бизнесинде эмгектенишет. Өткөн жылы алар 6,3 миллиард сомдук продукцияларды даярдашкан. Бирок, алардан 2,3 миңге жакын адам гана социалдык фондуга катталышкан, булар да иштеп тапкандарынын көбүн жашырышып, ашып кетсе жармысынан азыраагын гана көрсөтүшөт. Көпчүлүк курулуш, жүргүнчүлөрдү ташуу, тейлөө бизнестериндеги кирешелердин көпчүлүгү да жашырылат. Мындай шартта социалдык фондуга чегерүүлөрдүн өсүшүнүн пенсиялардын көбөйүү деңгээлинен алдыда жүрүүсүнө жетишүү кыйын.
Пенсионерлердин сандары жылдан жылга өсүп жаткан менен массалык жумушсуздуктан жана мигранттардын көптүгүнөн улам камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдүн же легалдуу иштегендердин сандары күткөндөгүдөй өспөй жатат. Эл аралык стандарттарга ылайык, бир пенсионерге иштеген 4 адам туура келгени оптималдуу деп эсептелсе, бизде факты жүзүндө 1,2 иштөөчү гана туура келет. Же камсыздандыруу акыларын 1 миллион 120 миң адам гана төлөшөт. Алардын басымдуу көпчүлүгү бюджеттик кызматкерлер жана жумушчулар. Ошондуктан республикалык социалдык фондунун жетекчилери пенсиялардын көлөмдөрү өскөн сайын аларды ээлерине жеткиргенге чейин жумшалчу чыгымды азайтууга өзгөчө басым жасашууда. Алсак, мурда "Кыргызпочтасына" которулган каражаттардын 1,7 пайызын төлөп пенсияларды таркаттырышса, азыр аны 1,2 пайызга түшүрүүгө же 0,3-0,7 пайыз менен аны "Расчеттук эсептөө корпорациясына" өткөрүп берүүгө аракеттенишүүдө.
Май айынан баштап мугалимдердин, медиктердин жана маданият кызматкерлеринин эмгек акылары орто эсеп менен 2,5 эседен ашыгыраакка көбөйүүсү менен, социалдык фондуга жыл аягына чейин 2,3 миллиард сомдук кошумча каражат түшкөнү турат. Бирок, ошондо деле социалдык фондунун бюджетиндеги таңсыктык 2 миллиард сомго жакынды түзөт. Аны кайсыл булактардан алса, кайдан тапса болот?
Ансыз деле, көйгөйлүү маселелери көбөйгөн өкмөттүн башын ооруткан маселелердин бири ушул.
Папан Дүйшөнбаев