Сүрөттөр сүйлөйт!
Шамшыбек Медетбеков:
- Аскар, бүгүнкү тойдо экөөбүз тамада турбайбызбы. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" -дегендей, кантип алып бараар экенбиз? Куда тарапка мен сөз берейин, сен таякелер тарапка тост бер, ушинтип алмак-салмак кылалы, ээ?
Аскар Салымбеков:
- Шамшыке, эки тарапка тең тостторду мен бере берейин. Сен тамада болбой эле үйүңө кете бер!... Анан дагы айтаарым, тойду өзүм эле алып барып коёюн. Анткени азыр тойго Турдакун Усубалиев аксакал келет экен, сени көрүп ал кишинин "нерви" кайнап кетпесин...


Турдакун Усубалиев:
- Кыргызбай бүгүнкү тойдун тамадасы сенби же башкабы?... Мен тамада Шамшыбек болот дегенинен келбедим беле!... Ал баланы эл көзүнчө сөзгө бир сындырып алайын дедим эле...
Кыргызбай Осмонов:
- Турдакун аксакал, сизди келет дешкенинен Шамшыбекти Аскар байке кетирип жиберип, мени жалдап койду. Анчалык ал иниңиз менен эмне сөзүңүз бар эле?...
Турдакун Усубалиев:
- Атасынын оозун урайын, ал жакын эле иним болот. Бир кезде ортобузда чо-оң бир маселе болду эле. Карысам да ошондон өч алайын деп кубалап жүрөм, анын качканы качкан...


Айгүл Рыскулова:
- Азыр бул бийликке аралашып жүрөм. Мындан кийин кайсы бийлик келээрин билбей башым маң, ал бийликте да иштегим келет. Эгерде кийинки бийликке кимдер келээрин билгенимде аларга эмитен "подход жасап", этегине эрмеше берет элем. Мейли буюрганынын көрөбүз да, бийликте кимиси болсо да тилин таап, сүйлөшүп кетүүгө материалдык да, моралдык да күчүм жетет.


Аскар Акаев:
- Куке, "аганы көрүп ини өсөт"-деген макалды сага гана айткым келип турат. Анткени, сен буюрса менден кийинки экинчи президент болосуң. Анан сен мен кеткенден кийин, артыман барсаң, мобу Конституцияны ала бар...
Курманбек Бакиев:
- Айтканыңыз келсин, бирок мен 15 жылга жетпей эле бат эле барам го, биякты канга чылап коюп... Муну ала бар десеңиз ала барайын, бирок мен бере албай калам, анкени сизден алыс кетсемби деп ойлоп жүрөм...


Нариман Түлеев:

- Оо-о кудай, бул сот дагы кандай күнөөлөрдү моюнга илет болду экен?!... Эмнеси болсо дагы көз жумуп келгенден кийин, көздү жумуп олтура берейин да. Кийин бирдеңке дешсе, уксам да айтып атканыңарды көргөн эмесмин деп танып кеткенге жакшы...


Иса Өмүркулов: (Жеңебизге жетпей келе жатат...)
- Мобу жамгыр, жамгыр, жамгыр,
Моокумуңду кандыргандыр,
Экөөбүздүн жорукту эстеп "жаным",
Эки бетиң албыргандыр...
Жамгыр төктү-үү эч басылбай,
Шашып келатам көл-шал болуп...
"Кайдан десең" -десең, пикет болду,
Мен келатам Ош базардан...

Сүрөттөрдү сүйлөткөн А.Иманалиев


"Азил - чыны аралаш,
Чычалаган жарабас!..."