Мухтарбектин элеси элдин эсинен кетпейт!

5- май күнү, таңкы саат 8-10го чейин Орус драм театрында кыргыздын кыраан жигитин акыркы сапарга узатуу аземи болуп, М.Өмүракуновдун жакындарына көңүл айтууга келгендер биринин артынан бири чубап келип жатты. Көбүнүн көздөрү жашка толгон. М.Өмүракунов менен коштошуу аземине кыргыздын бир канча аттуу-баштуу инсандары келип, "Замандаштын" лидери тууралуу өз ойлорун ортого салышты. Анда эмесе, сөз сүйлөгөн инсандарыбызды кезеги менен бермекчибиз

(Башталышы 3-бетте)
Ибрагим Жунусов,
вице-премьер-министр:
- Урматтуу мекендештер! Мухтарбек өзүнүн жаштыгына карабастан Кыргызстан үчүн, эл үчүн көп эмгек жасады. Тилекке каршы, өз эмгегинин үзүрүн көрбөй, бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Бирок, ал кыска өмүр сүрсө да 100 жылдык эмгекти жасап кеткенин белгилеп коюшубуз керек. Мухтарбек бир ата-эненин же бир айылдын эле эмес, жалпы элдин уулу болуп калган.

Акылбек Жапаров,
депутат:
- Кагылайын калайык-калк! Аттиң ай, тагдырдын буйругу менен Мухтарбек депутат болуп калса, белибизге бел болуп берет эле. Депутаттыкка өтпөй калгандан кийин кээде кезигишип калганда тамашалап, "сен президент болосуң, премьер-министр болосуң!"- деп калчу элек. Эмне дейбиз, жаткан жериң жайлуу болсун!

Иса Өмүркулов,
Бишкектин мэри:
- Бүгүн кыргыз эли чоң жоготууга учурап жатат. Мухтарбек жакшы турмушту курайын деп жүргөн мыкты жигиттердин бири эле. Ал колунан келсе муктаж болгондорго жардамын аябаган, колу ачык азамат экени белгилүү болчу. Тилекке каршы, мындай жигиттер арабызда аз.

Эң кызыгы, Мухтар мырза баарын билгендейби же сезгендейби, айтор апрель айында өзү түптөгөн "Замандаш" партиясынын жыйынын өткөрүп, мурас сөзүн айткандай "мен бир жакка кетсем эле, туруп калат экенсиңер"- деп партияга теңтөрага кылып Станислав деген бир адамды шайлап кеткен экен.

Станислав, "Замандаш" партиясынын тең төрагасы:
- Биз бул жашоого өзүбүздүн ыктыярыбыз менен келбегендей эле, бул жашоодон да өзүбүздүн ыктыярыбыз жок эле кетип калат экенбиз, албетте муну ажал деп койсок болот. Бирок, кандай гана болгон күндө да Мухтар өз өлкөсүнүн чыныгы пат-риоту эле. Ал өз партиясынын жөн эле лидери гана болбостон, өзүнүн айланасына миңдеген адамдардын башын бириктире алгандыгын сыймык менен айтып кетүүгө болот.

Кубатбек Байболов, мурдагы Башкы прокурор:
- Бүгүн чолпондой жанган жигиттен айрылып олтурабыз. Мухтарбек нечендеген кыргыздын көрүнүктүү уулдарын даңазалап, Теңир тоолуктардын көзүнө толгон жигит экендигинде шек жок. Ал сыймактанчу мыкты жигиттердин бири эле. Мухтар инибиздин калган өмүрүн Кудай анын бала-чакасына берсин!

Ахматбек Келдибеков,
Жогорку Кеңештин төрагасы:
- Мухтарбектин каза болгонун укканда, бул кабар чын болбой, калп болуп калса экен дедим. "Кош Мухтарбек!"- дегенден башка эмне демекчибиз, арабыздан жаш кетип жатасың, бирок сенин элесиң дайым элдин эсинде кала берет!

Эмилбек Каптагаев, президенттик аппараттын башчысы:
- Мен Мухтарбек менен ал шаардык кеңешке депутат болуп шайланып жатканында таанышкан элем. Анын кылган эмгегинен жаштарыбыз өрнөк алат деп ишенем.

Темир Сариев,
"Ак Шумкар" партиясынын лидери:
- Мухтар десе "Замандашты", "Замандаш" десе эл Мухтарды эстейт элек. Ошентип эстеп жүргөн адамыбызды шум ажал минтип арабыздан алып кетип жатат. Мухтарбектин көзү өткөндө ага ата-энеси эле эмес, минтип жалпы кыргыз эли ыйлап турат. Кош бол, Мухтарбек!

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" партиясынын лидери:
- Мухтар иним Теңир-тоонун туусундай таза жигит эле. Парламенттик шайлоодон кийин "байке, чогуу бололу, чогуу иштейли"- деп мага келген. Кийин биз экөөбүз улуттук конгрессти түзүп, аны быйыл президенттикке көрсөтөлү деп жатканбыз. Бирок, ажал минтип аны арабыздан алып кетип олтурат. Ошондой болсо да анын элеси дайым биз менен болмокчу.

Турсунбек Акун, акыйкатчы:
- Мухтарбек инибиз башка өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттарынын башын бириктирген мыкты жигит эле. Колундагы байлыгын туура колдонуп, муктаж болгондорго жардамын аячу эмес эле.

М.Өмүракуновдун денесин 6-май күнү өзү туулуп-өскөн Ат-Башы жергесинде жерге беришмекчи. Мухтар мырза 46 жашында жарык дүйнө менен кош айтышып, жети баласын артына таштап кетти.

Даярдаган
Улан МАМБЕТОВ