Майрамдан кийинки майрамдык эмес ойлор же
сыйлык кимдер үчүн сыймык?
Булардын көпчүлүгү Убактылуу Өкмөттүн башына келгенде, "Алиби", "Форум" гезиттери бар экендигин унутушуп, аларга бир жолу ырахмат айтууга жарашпастан, бир кезде өздөрүн "шыбап" келген өкмөттүк гезиттердин беттеринен түшпөй калышкан


Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде "Массалык маалымат каражаттарын колдоо борбору" фонду адатка айланган иш-аракеттерин дагы бир жолу өткөрүп, Кыргызстандын аймагындагы мыкты деп эсептеген жалпыга маалымдоо каражаттарына жыл сайын берилүүчү улуттук сыйлыкты тапшырды. Мыкты медиа-менеджмент сыйлыгына "Леди кg" гезити, мыкты профессионалдуулугу үчүн сыйлыгына "Дело №" гезити, мыкты дизайны үчүн сыйлыгына "Заман Кыргызстан" гезити жана өткөн жылдагы улут аралык жаңжал учурунда да тыным албай эмгектенген "Ош шамы" гезити да сыйлыкка татыды.

Бирок, биздин "Алиби" гезитине тапшырылган "граждандык позициясы" үчүн деген аталыштагы сыйлык ошол күнкү тапшырылган сыйлыктардын эң мыктысы, эң жогоркусу, эң татыктуусу экендигин "Алибини" беш жылдан бери окуп келаткан окурмандардын эч кимиси жокко чыгартпайт деп ишенем. Бул пикир мен тараптан эмес, татыктууларды тандоо боюнча түзүлгөн эксперттик комиссиянын мүчөсү, белгилүү юрист жана медиаменеджер Шамарал Майчиев тарабынан шардана болгондугу менен өзгөчө маанилүү. Экинчиден, эстен кеткис 2008-жылы Бакиев бийлиги "Алиби" гезитинин жаагын жаап, үнүн өчүрмөк болгон соттук тирешүүлөрдө биздин демибизге дем, кайратыбызга кайрат кошуп, укуктук жардамын аябай чуркап жүргөн так ушул ноюбаган Шамарал Майчиев болгон. Ошол себептен Шамаралдын колунан алган сыйлык биз үчүн өзгөчө сыймыктуу да болгондугун мен адамгерчилик үчүн болсо да айтып коюуга милдеттүүмүн.
Негизи, сыйлык алган тарап ар качандан бир качан "биз буга сыймыктанабыз, бул менин эмес - жалпы жамааттын ийгилиги" - деген "дүжүр" сөздөрдү жамыратканга жедеп көнүп бүткөн экенбиз. Сыйлык алуу учурунда ушул сөздөр менин дагы көмөкөйүмө келе түшкөн учур болду. Бирок, өздөрүн "экс алибичилер" деп атап алган "эргулдар" менен "Алиби" гезитинин ортосунда бүгүн жүрүп жаткан сот жараяндары эсиме "кылт" түшө калып, түкүрүгүмдү жутуп ийүүгө аргасыз болдум. Ошентип, "Алиби" гезитинин кыргыз элин беш миллион койго теңеген адилетсиз, зөөкүр бийлик менен көктүгүнөн тайбай күрөшүп келген граждандык позициясы үчүн алган сыйлыгы анда иштеп кеткен жана иштеп жаткан журналисттердин эмгеги" - деген кыжаалат ой көкүрөк-көөдөнүмдү тиреп келатып, туулбай туна чөктү.
Ошондон улам, мен бүгүн баарыбыз көнүп бүткөн, жаттап бүткөн, жүрөктөргө жагымдуу көнүмүш сөздөрдү айта албай, жаза албай отурам. Эгерде, баягы Манастагыдай болуп "көрүп келген киши жок", бирок "көпчүлүктүн көөнү үчүн" деп ыйманыма камчы чаап, өз абийириме өзүм түкүрүп коюп, бийик демдүү, туш-тушунан буусу булоологон сөздөрдү чубурта берсем мени ким кой демек?
Тескерисинче, мындан төрт ай мурда "Айкын саясат" гезитинде жазылгандай "тобу" менен буга чейин кеткен эки жамаат, "нааразы болуп, жалгыздап кеткен санына чек жок журналисттер" жөнүндө деле (эгер ошондойлор бар болсо?) унутуп, "Алибинин" бүгүнкү сыйлыгында алардын да эмгеги бар" - деп чыксам бирөөсү "жок" демек беле? Сыйлыкты, жеңишти жетимсиретпей, ортолук кылып бөлүштүрүп кетүүгө маш эмеспизби.
Деги, "Алибинин" улуттук гезиттик сыйлыкты жеңип алуусу кимдердин эмгегинин аркасында болду? Ал үчүн кимдерге рахмат айтышыбыз керек? Дегеле, кайсы бир "экстерге" рахмат айтышыбыз керекпи?
Турмуштун ачуу-таттуусун көп эле татып, эчен ирет алчы-таа, чик-бөк конгон адам катары баскан изиме да саресеп сала тургандай эле жашка деле келдим. Бирок, кулк-мүнөзүң ушундай жаралып, көрүнгөнгө боор ооруп мамиле кылсаң сени Заирбек Бактыбаевге окшогон балаңдан кичүү "журналисттик-интеллектуалдык деңгээли" бар "чыгармачыл адамдар" деле эчен ирет алдап, анан сени гезит окурмандарга "мокочо" көргөзүп, өзү "сүттөн ак" болуп "суйкайып" чыга берет турбайбы. Анан ошондо барып эстейт экенсиң, "Алибиде" кимдер, кантип иштеп кеткендигин.
Гезит ачуу идеясы 2006-жылы күз айларында пайда болуп, аны Эльнура Кулуева менен Аида Надырбекова экөө көтөрүп чыгышкан эле. Ал кезде менин башкы кеңешчим Рыс-келди Момбеков болчу. Идея бышкыча бир топ убакыт өттү. "Алиби" деген ат менен саясий-укуктук гезиттин биринчи саны 2007-жылдын 26-июнунда жарык көргөн. Анын бутка турушуна Эльнура менен Аидадан тышкары Чынара Кутманалиева, Эльмира Мадиева деген журналист кыздардын эмгеги зор. Алар өздөрүн "экс алибичилер" эмес, бүгүнкү күнгө чейин эле "алибичилер" деп эсептешээрин мен жакшы билем.
"Алибини" "Алиби" кылып, менин "жеңилимди жерден, оорумду колдон" алган чыныгы эмгек Рыскелди Момбековдуку экендигин мен адилеттик үчүн ар дайым айта жүрөм. "Алибинин" көчүн улаган "Ачык саясатты" чыгарууда да Рыскелди күн тынымын" түн уйкусун аяган жок. Кийинчерээк гезит экиге бөлүнүп, экинчи топтун башында Рыскелди тургандыгы, анын себептери - башка маселе.
Кандай болгон күндө дагы ошол убакта коллективдин экиге бөлүнүп кетиши менин эркимден тыш, кызыкдар тараптардын түздөн-түз кийлигишүүсү аркасында жүргүзүлгөндүгүн аралашып жүргөндөр жакшы билишет. "Экс-алибичи" З.Бактыбаевдин жанагы "эки топ" деп Американы ачкан жаңылыгы да ошол. Ошол убакта деле "Алибинин" атын жамынып, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын, жеке максаттарын ишке ашырууга курал катары колдонууга аракет кылгандар да чыккан.
"Алиби" убагында чындыкты, адилеттикти туу тутуп, Бакиев бийлиги менен күрөштө мекенчилдик, элдик позициясынан бир мүнөткө да тайган жок. Учурунда "Ата Мекен" партиясын, анын лидери Өмүрбек Текебаевдин идеяларын жайылтууда өзгөчө эмгек сиңирди. Алардын бүгүнкү күндө гезитке болгон мамилеси жөнүндө да сөз башка.
Оппозиция лидерлери болуп жүргөн А.Атамбаев, Т.Сариев, И.Исаков, К.Байболов, Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, Т.Тургуналиев, Э.Булекбаев, А.Бекназаров, Д.Чотонов, Б.Шерниязов, А.Жекшенкулов, М.Ниязов ж.б. жүздөгөн адамдардын элди күрөшкө үндөгөн үндөрү "Алиби" гезити аркылуу жаңырып тургандыгын эч кимиси тана албайт. Бүгүн булардын арасында да бир кездеги бир боор гезитине кыйшык көз менен карагандар жок эмес. Керек болсо, булардын көпчүлүгү Убактылуу Өкмөттүн башына келгенде, "Алиби", "Форум" гезиттери бар экендигин унутушуп, аларга бир жолу ырахмат айтууга жарашпастан, бир кезде өздөрүн "шыбап" келген өкмөттүк гезиттердин, "Вечерний Бишкек" сыяктуу гезиттердин беттеринен түшпөй калышкан. Бул тарыхый чындык.
Бүгүнкү күндө мен "Алибиде" иштеп кеткен бир топ журналисттерден "гезитти гезит кылган биз болчубуз" - деген сыяктуу сөздөрдү угуп калам. Улуттук сыйлык "Алибиге" ыйгарылганын угуп алып кечээ эле аны таштай качкан айрым журналисттердин да "менсинип" жаткандыгынан кабардармын.
"Алиби", "Ачык саясат", "Назар" сыяктуу бирин бири толуктаган, бирин бири улаган, бир позицияны карманган гезиттерде кеминде 50-60 журналист иштеп кетти. Бирок, ошолордун баары эле идея үчүн "Алибинин" же "Ачык саясаттын" туусунун алдында биригишти беле? Идеяны мындай кой, жазганды жакшы билбеген жаш жигиттер менен кыздарды телчитип, журналистиканын машакаттуу, катаал дүйнөсүнө "тумшуктууга чокутпай. канаттууга кактырбай" алып кирген ким эле? Жумушу жок, көчөдө калган журналисттерди бооруна катып, үй-бүлөсүн багууга, көкүрөгүндө каткандарын чыгарууга мүмкүнчүлүк берген ким эле?
Андай болсо Алибини "Алиби" кылган алар эмес, тескерисинче ошолордун адамдык касиетин, "менин" (эгер алары бар болсо...) ойготуп, аренага алып чыккан "Алиби" болуп жүрбөсүн? Ушуну моюнга алганга кимибиздин күчүбүз жетет?
Убагында жылдап айлык эмне экенин билбей жүрүп, "Алиби" ар кандай себептер менен эки ай айлык бере албай калганда башка гезитке барып баш калкалаганга үлгүрбөй жатып, кайра бизди согуп кирген "экс алибичилер" кайсы беттери менен бүгүн "Алибини" "Алиби" кылган биз болчубуз" - деп айтып жатышканын билбейм да, түшүнбөйм
Гезит түптөлгөндөн баштап эле аны бир багытка салып, эмгек жамаатын калыптандырып, алар үчүн кам көрүп, карызга батканына карабастан Бакиевдин миллиондорун да төгүп, кызматчылардын айлыктарын да төлөп берип "Алибини" сактап калган адамдар бүгүн деле гезитти чыгарууну ийгиликтүү улантып жатышканына баарыбыз күбөбүз.
Жалаң кооз сөздөрдү сүйлөп, бирок ишке келгенде өздөрүнүн кызыкчылыктарын баарынан жогору койгон "кооз" адамдар ар бир убакта, ар бир жамаатта болуп келген жана да боло берет окшобойбу. Андай адамдар "Алибиде" да болгон. Бирок, алар эч убакта "аба ырайын" жасай алышпайт жана жасаган да эмес. Себеби, алардын бир гана "чыккынчы", "саткын" деген аты бар. Алар сыйга да, сыймыкка да татыктуу боло алышпайт.
29-апрель күнү улуттук гезиттик сыйлыкты Шамарал Майчиев "Алибинин" мурдагы башкы редактору катары мага тапшырды. Бул өтө жооптуу, өтө ардактуу сыйлык эле. Ошол эле убакта мен сыйлыкты ошол эле жерден "Алибинин" бүгүнкү башкы редактору Гүлниза Молдокуловага өткөрүп бердим. Себеби, гезиттин мындан аркы граждандык позициясын, саясий багытын аныктоо, жамааттын ишин теске салуу Гүлнизанын жүргүзгөн иш-аракеттерине байланыштуу.
Анда эмесе, "Алиби" гезити менен анын башкы редактору Гүлниза Молдокуловага чыгармачылык ийгилик, чынчыл жана түз багытты каалап, карапайым калктын кызыкчылыгын баарынан жогору койгон чынчылдыкты тилейли.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ,
Гезиттин мурдагы башкы редактору