жолуңуз шыдыр болсо экен...

Кыргыз бийлиги Клинтон менен жолукпастан,
жөн гана гүл берип жиберген
Аз күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Кыргызстандын аймагына келип, бирок тез эле кайра учуп кеткендиги маалым болууда.

Эмнеге келгенин териштирип, "Манас" аэропортунда иштеген тааныш-билиштерибизге чалып көрсөк, Американын №2 адамынын Кыргызстанга конуп, кайра учуусуна учактагы майдын аздыгы себеп болуптур. Ушундан улам, анын учагы эки-үч сааттай кармалып, АКШнын базасынан майын толтуруп алган соң кайра океандын ары жагына учуп кетишкен. Хиллари айым эч кандай кыргыз бийлигинин расмий адамдары менен жолугушкан эмес. Бирок, Хиллари Клинтондун "заправка" кылууга токтогонун уккан Ак үйдөгүлөр айымга болгон урмат-сыйды көргөзүү үчүн ага бир букет гүл берип жиберүүгө гана үлгүрүшкөн. Болгону ошол, мындан эч кандай саясат жасоонун зарылчылыгы жок.
Кыргызстанда Хиллари айым сыяктуу эле окуяга бир кезде Орусиянын президенти болуп жүргөн В.Путин да тушуккан. Ал тээ Акаев башкарган жылдары Индиядан Москвага учуп баратып, орто жолдон Кыргызстанга конууга мажбур болот. Анткени, аны коштоп жүргөн дагы бир учактын (аны тейлеген персонал, машинелери, кызматкерлер өзүнчө учак менен жүрөөрүн унутпасак) жүрүүсү начарлайт. Жайкы майдын ордуна кышкысын куюлчу май куюлуп калгандыгы билинген соң, Манас аэропортунан баарын төгүп, жаңысын куюуга туура келет. Ал учурда Орусия менен Чеченстандын ортосунда айыгышкан согуш жүрүп жаткан соң, аэропортто токтоп турган В.Путинге кол салып же жардырып жибербесин деп А.Акаев күч структураларына тапшырма берип, "Манас" аэропортун кайтарууга алып, чечендер жашаган аймакты 4-5 сааттай катуу көзөмөлгө алышкан. "Заправка" кылган соң, ал Москвага учуп кеткен. Бирок, Хиллари айымдан анын айырмасы-ага кыргыз бийлиги гүл жиберишкен эмес.





  Каков привет, таков ответ

Өзбекстан
Кыргызстандын чек арасына
аскер
техникаларын алып келүүдө
Бүгүнкү күнү айрым күч органдарынын жетекчилери коңшу Өзбекстандын бийлиги Кыргызстан менен чектешкен аймактарга "спецназдарды" түшүрүп, аскер техникаларын, а тургай авиацияны да жакындатканын айтышып, добулбас кагышууда. Бир караган адамга "эмне, Өзбекстан Кыргызстан менен согушка даярданып жатабы?"- деген бүдөмүк ойлорду жаратаары бышык. Алардын эмнеге мындай кадамга барып жатканын изилдеп-иликтеген адам жоктой.
"Алиби" гезитинин журналисттери аскердик эмес, граждандык адам болсок да, аталган маселенин тегерегинде ой калчап, мындай ой-жоромолго жетеленип, коңшуларыбыздын техникаларды бизге каршы орнотуп жатканына өзүбүз күнөөлүбүз деген бүтүмгө келдик.
Себеби, кыргыз бийлиги түштүк аймагыбызга АКШ менен Орусиянын аскердик машыгуу борборлорун ачууга "добро" берип, кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатканы маалым.
Мамлекет башчысы Р.Отунбаева үстүбүздөгү жылдын 15-мартында сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстандын аймагында АКШ менен Орусияны бири-бирине каршы койгон күчтөрдүн көп экендигин айткан. Анын айтымында, биз аталган эки өлкө менен тең кызматташа бермекчибиз.
"Түштүк аймактарыбыз начар кайтарылып жаткандыгына байланыштуу, исламчыл күчтөрдүн кирип келүү коркунучу бар. Аталган борборлордун мында орун алышы сырткы коркунучтарга туруштук берип, Афганистандан Кыргызстан аркылуу өткөн наркотраффикке бөгөт коймокчу"- деген Р.Отунбаева.
Ал эми түштүктөгү машыгуу борборлору тууралуу тагыраак айтсак, Баткен облусуна антитеррористтик борборун ачууну Орусиянын колуна берсек, Кызыл-Кыяга да ушундай эле аскердик борборду ачууну АКШга энчилегенбиз. Анан эки килейген держава түштүк аймагыбыздан орун алып жатса, Өзбекстан чочулабаганда, ким чочуламак эле?





  саяпкери жарашса...

Бабанов
президенттикке
барабы?
Бүгүнкү күнү Өмүрбек Бабановдун кайра 1-вице-премьер-министрлик орунга келер-келбөөсү коалицияга кирген да, кирбеген да фракциялар ичиндеги таасирлүү адамдар арасында кызуу талкууга алынып жаткан чагы.

Себеби, анын 1 айлык эс алуусу 15-майда аягына чыгып, ары же бери болушу зарыл. Аны келтирбөөгө "Ата-Журттун" Камчыбек Ташиев башында турган депутаттары жана "Ар-Намыс" менен "Ата-Мекен" фракциясынын да мүчөлөрү колунан келген аракеттердин баарын көрүшүүдө. Алардын максаты - Бабановдун ордуна Куловду алып келүү. Бирок Феликс мырза койгон шарттарга Атамбаевдин макул болоору арсар. "Ата-Журттун" айрым депуттаттары коалициядан чыгып кетсе да, коалиция чачырабайт. Себеби, алардын ордун басчу "Ар-Намыстын" 10 депутаты коалицияга кошулушкан.
Ушундан улам Ө.Бабанов "эгер, кайра ордума келбесем, анда мен да президенттик жарышта талапкерлигимди коюп, элдин сыноосунан өтөм"- деген оюн тар чөйрөдө билдирген имиш. Мындай билдирүүнүн артында кандай күтүлбөгөн саясий жүрүштөрдүн бар экенин чече албай, айрым саясатчылардын баштары маң.
Себеби, жаш жигит аламан байгеде ат салышса өзүнүн уюштуруучулук, элге төбөсү көрүнүп калган сапаты менен биринчиликти илип кетүүсү ажеп эмес.


Улан Мамбетов