Эдиль Байсалов көрүнбөйт да...
Эс тарткандан бери ар кыл жоруктары менен элди эриктирбеген Эдиль Байсалов, негедир акыркы убактарда таптакыр көрүнбөй кетти. Шайлоодо утулуп шайы оогон соң зеригип калбайын дедиби айтор маалымат сайтын ачып учурда ал аркылуу өз саясатын катыра жүргүзүп жатат. Бир ирет туздап койгонубузга жылмайып: "Силер мени коюп коррупционерлерди сындасаңар боло же алыңар Байсаловдон башкага жетпейби?" деп бир бурк этип алган боюнча кабарын билдире элек. АКШга барып "Ата-Журтту" көшөрө коргоп ал жактагы досторунун оозун ачырган Эдиль мырзанын жоруктарына сан жетпейт. Ар убак пикирин билдиргенде оригиналдуу бирдемкени божурап коюп, ишин кыла бермейи бар. Көзүнөн түшүрбөгөн көз айнеги эле анын көптү билгенинен кабар берип турат. Эмнеси болсо да мындай тыңчыкмаларыбыз аман болсун дегенден башканы айта албайбыз.


Монголия "Центерра" компаниясынан 68% салык алат
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев фракциянын бүгүнкү жыйынында алтын өндүрүү боюнча жакында барып келген Монголиядагы мисалды келтирди. Анын айтымында, Монголияда да алтынды "Центерра" компаниясы өндүрөт жана эң жогорку кирешени алуу боюнча бул компанияга салык киргизилген. Буга ылайык, мамлекеттин бюджетине компания алтын өндүрүүдөн 68% салык төгүп турат. "Монголияда капитализация маселеси көтөрүлүп, алтындын бардыгын алган Монголия банкына салынат экен, андан соң башка эл аралык рынокторго кетет. Бул өлкөнүн өкмөтү, парламенти жана эли ушундай өлкөгө чоң киреше алып келе тургандай катуу чечим кабыл алышыптыр", - деди депутат.


Фейсбукдагы фейстерден...
Бала, баланын иши чала...
Бу залкар жазуучубуздун көкүрөк күчүгү атасынан өткөн фантазияга бай кыз көрүнөт. Фейсбук аттуу белгилүү сайттагы миңдеген кыргызстандыктар, Ширин Айтматова дагы эмнени жазып ийди болду экен деп эле шыкаалап турганы турган. Өзүнө окшош томпойгон кызы бар, анын кылык-жоруктарын айтып, видеосун чыгаргандан тажабайт. Кайсы бир адамды сүйөөрүн, ал дегенде баарына даяр экенин жашырбайт. Батыштын образын тулку боюна сиңирген кыргыз менталитетинен оолак кыз. Парламенттин жыйын залындагы орду түшкө чейин бош турат. Бир убакта шашып-бушуп келген Ширин айым менен дагы бир "атамекенчи" жаш депутат Бактыбек Калмаматов экөө бири-бири үчүн добуш берип коюшат. Кайра түш оогондо Ширин айым отурган жерине момолой чычканга окшогон кичинекей сувенирин таштап коймою бар. Кантсе да бала да, аны парламенттеги коллегалары жакшы түшүнүшөт. Капа болгон деле эч ким жок.


Экономикалык саясатыбыз түз болсо...
Мамлекет атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдошу керек
"Бажы төлөмдөрүн көзөмөлдөө менен мамлекет атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдошу керек"- деген пикирин Айыл-чарба министри Төрөкул Беков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан эли колдонуп жаткан кумшекердин 90%зы сырттан ташылып келсе, өзүбүздүкү болгону 10% гана түзөт. Андыктан, азырынча сырттан алынып келинген кумшекерге 30% бажы төлөмүн албай, кайра киргизүү зарыл.


Качан жазаланат?
"Ата Мекенчилердин" кара тизмесине кирген соттор
Айрым соттор каратып туруп эле, мыйзамды каалагандай бурмалап, анын чечими адам тагдырын чечип, айрым учурларда кээ бирөөнүн турмушуна балта чаап жаткандары менен да иши жок. Бир адамды көчөдө гана калтырбастан, ак жерден күйгүзүп, жүздөгөн адамдарды темир тор артына айдаган судьялар четтен табылат. Алардын мындай мыйзамсыз жоругу кылмыш кылган адамдын коомго тийгизген таасиринен да коркунучтуу экендигин айтпасак да түшүнүктүү. Ушундан улам, "Ата Мекен" фракциясы чырылдап, мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун иштеринин баарын чогултуп, изилдеп-иликтөөгө билек түрүшкөндөрү маалым.
Себеби, ошол мыйзамсыз чечим чыгарып жүргөн сотторуң быйылкы судьяларды парламенттен бекитүүдө кайрадан эле бийлик башындагылар менен көз кымтышып, жең ичинен сүйлөшүп, алардын тилин таап, электен өтүүгө аракет кылаары турган иш. Анан ошондой ар бир судьянын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан "Ата Мекенчилер" алардын абийрин айрандай төгүп, карьералык жолуна жолтоо болмокчу. Чындыгында, андай соттордун өзүн соттоп жиберсе да аздык кылат.
Эң башкысы, сотттордун нааразы болуп келген миңдеген адамдардын иштеринин баарын карап чыгууга "Ата Мекенчилердин" мүмкүнчүлүктөрү жетпейт го. Биздин маалыматыбызга караганда, бүгүнкү күнү "Ата Мекенчилердин" кара тизмесине бир канча сотттор эмитен эле кирүүгө үлгүрүшүптүр, башкалары да шашышпаса тизмеге кирбей калышат. Анан кийин таарынышып жүрүшпөсүн?


Дагы бирди кармашты...
Акыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармап өткөрмөй бөкөн атып эт комбинатка тапшыргандай эле болуп калды. Мындай статистиканын катарын дагы бирөө толуктады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы "Альфа Телекомдон" ири суммадагы акча уурдаган деген шек менен уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, УКМК 24-апрель күнү Талас облусунун 30 жаштагы тургуну Кулмурза Бахтиярды кармаган. Ал 2010-жылдагы окуядан кийин аталган ишканадан ири суммадагы акча алган адамдардын катарында туруп, издөөдө жүргөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө


"Алиби" пресс