Чындык чыркырап...

Замирбек Мамбеткулов,
Салык кызматынын Чүй, Талас башкармалыгынын начальниги:
"Салык кызматынын башчысын иштен алууңуздарды суранам!"
- Замирбек мырза, Республикалык салык кызматынын жетекчиси Бактыбек Ашыровго чара көрүүнү суранып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогонуңуздун башкы себеби эмнеде?
- Мен өткөн жылдагы апрель окуясынан кийин 6 адам сынакка катышып, алардын ичинен мен утуп, Салык кызматынын Чүй жана Талас региондук башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгам. Иштегениме 9 айдын жүзү болгон учурда, тагыраак айтканда апрель айынын башында Б.Ашыров өзүнө чакырып алып, "увольнениеге" арыз жаз, ага көнбөсөң статья менен кетирем десе боло. Анан мен "иштеген ишимдин баары жакшы болуп жатса, жөн эле кетирем деп эле кетире бересиңби?"- десем, "жетекчи катары мен айткандан кийин, мага суроо бербей сен аны аткарышың керек"- деп, анан "жылдын жыйынтыгында сен планды аткарган жоксуң, кварталдын жыйынтыгын чыгарган жоксуң"- деп кирди. Мен ачуум келип кетип, "бул кызматка мен июль айында гана киришип, июлдан декабрь айына чейинки убакытта берилген планды 104%га аткарып, пландан тышкары дагы 55 (элүү беш) миллион сом казынага түшүрүп бердим го"- десем, "эч нерсеңди уккум келбейт, сен только кетишиң керек"- деп туруп алды.
- Сизди иштен алууга кызыкдар болуп жатканына караганда, Бактыбек мырза менен мурдатан пикириңер келишпей, ортоңордон кара мышык өтүп кеткенби? Себеби, жөндөн-жөн эле сизге "кет"- деп асылып жатпаган чыгар?
- Эми анысын мен кайдан билем? Балким, менин ордум өз адамдарына керек болуп жаткан чыгар. Бул киши менен салык тармагында бир иштегеним гана болбосо, эч кандай жаман-жакшылыгым жок болчу. Ал Салык кызматынын жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын январында дайындалып келген болчу. Мен февраль айынын орто ченинде ага кирип, "коррупциялык схемалардын" бетин ачып, 500 миллион сомго жакын бюджеттик жоготуулардын ордун таап, көрсөтүп, жардам сурап кайрылгам. Бирок, ал дароо эле тетири карап, "карайбыз, карайбыз"- деп кутулган. Ошондон тарта эле мага далысын салды да калды. Мага ыраазычылык билдирип, рахмат айткандын ордуна, бүгүнкү күнү кайра болбогон шылтоо менен "сөгүш" жарыялап олтурат. Мына жакында Салык кызматынын аудиттери Чүй облусундагы Токмок, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук, Москва, Жайыл райондорун текшеришип, алардын бир жылдык ишмердүүлүгүн карашып, айрымдарынан одоно кемчиликтер кетсе дагы, өз адамы болгону үчүн айрымдарына көз жумуп коюп жатат. Ал эми, менин ошол каталарга эч тиешем жок болсо да, "строгий выговор" берип жатканы түшүнүксүз. Эң кызыгы, мен дарыланып ооруканада жатсам, Б.Ашыров коллегия чакырып, "З.Мамбеткулов жумушка чыгаары менен тез арада иштен айдалсын!"- деген бүтүм чыгарганы мага маалым болду. Албетте, бул мыйзамсыз бүтүм. Себеби, мен өзүм катышсам, мен тууралуу айткан сөздөргө өзүмдүн жообумду, пикиримди факты, далилдер менен билдирмекмин. Жөнөкөй сөз менен айтканда, экинчи тарапты чакырбай туруп, бир тараптуу чечим чыгарган соттой эле болду.
- Эмне болгон каталар, эмне болгон сөгүш экендигин ачыктап кетсеңиз?
- Салык боюнча ар бир райондун жетекчилиги "юридикалык лицо" болуп эсептелгендиктен, кетирген кемчиликтерине керт баштары менен жооп берүүлөрү шарт. Тилекке каршы, андай болбой, башканын күнөөсүн, менин мойнума илип коюп жатат. Тагыраак айтсам, Жайыл районунун начальниги өз адамы (досу) болгону үчүн, ага эскертүү берип эле чектелген. Функционалдык милдеттер боюнча, текшерүү, өндүрүү, көзөмөлдөөнүн баары райондун салык башкармалыгына жүктөлгөн. Муну менен эмнени айткым келип жатат? Биздин регионалдык башкармалыкта, документалдык, рейддик жана башка текшерүүлөрдүн укуктарын алып, борбордук аппаратка жана райондук башкармалыкка берип койгон.
- Анда, регионалдык башкармалык деген атыңыздар эле барбы?
- Ошондой десек деле жарашат. Себеби, сектор, бөлүм башчылары, жетекчисине чейин ишке алып, иштен кетирүү борбордук аппараттын полномочиесине кирет. Биз болгону уюштуруу жана координациялоо менен гана алекпиз. Андыктан, күнөөсү жок адамды, ак жерден күйгүзүп, иштен айдагысы келип жаткан Бактыбек Ашыровду кызматтан кетирүүнү жогорку бийлик өкүлдөрүнөн суранам.
- Сиз сурансаңыз эле кетире беришеби? Деги бул адам Салык кызматынын жетекчилигине чейин кайда, эмне менен алек болгондугунан кабарыңыз барбы? Себеби, бул кызматка да өзүңүз айткандай жөндөн-жөн эле келип олтуруп калбаса керек?
- Менин билишимче, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийлик жүргүзгөн жылдары Б.Ашыров маркум М.Садыркуловдун сүймөнчүк кад-ры болгон. Эгерде, анын иш таржымалына көз жүгүртсөңүз, анда М.Садыркулов Салык кызматында иштегенде Ашыров да салыкта, эсеп палатасына барса, Ашыров да эсеп палатасында, 2007-08-жылдары М.Садыркулов президенттик администрацияга келгенде, ал да президенттик администрацияда эмгектенип келгенине күбө болобуз. Бүгүнкү күнү мурдагы Эсеп палатасынын төрагасы, азыркы РСК-Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Искендер Гаипкулов Ө.Бабанов менен сүйлөшүп, Б.Ашыровду Салык кызматынын башына алып келген деген сөздөр айтылууда.
- Өзүңүз регионалдык башкармалыкты жетектегенге чейин эмне жумуш кылдыңыз эле?
- Мен 1993-жылдан бери Салык кызматында иштеп, регионалдык башкармалыкты жетектегенге чейин Кара-Буура районунун начальниги, Сокулук районунун жетекчиси, республикалык Салык инспекциясынын бөлүм башчысы, Талас облустук салык кызматынын жетекчисинин кызматтарын аркалап келгем. Кыргыз-орус Славян университетинде салык жана салык маселеси боюнча 3 жылдан ашык сабак бергем. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул кызматка көчөдөн келип эле олтуруп калган жерим жок.
- Сиз кайда туулуп-өстүңүз эле? Бир аз өзүңүз тууралуу да окурмандарга учкай маалымат бере кетсеңиз?
- Мен Талас облусуна караштуу залкар жазуучу Ч.Айтматов туулган айылда 1962-жылы жарык дүйнөгө келгем. Учурда, эки уул, үч кыздын бактылуу атасымын.

Маектешкен
Улан МАМБЕТОВ




  Үнүмдү угуп койгулачы!

Салык кызматынын жетекчиси
бюджетти коргобой,
коррупциялык схемаларды коргойбу?

Жогорку Кеңештин төрагасы А. Келдибековго,
Премьер-министр А. Атамбаевге,
"Республика" фракциясынын лидери К. Исаевге,
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаевге,
"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Куловго,
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго

КАЙРЫЛУУ
Кыргыз мамлекети эң эле оор, татаал мезгилди башынан өткөрүп жатканда, Жогорку Кеңештин төрагасы катары сиз Ахматбек Келдибекович, өкмөт башчысы Алмаз Шаршенович жана фракциянын лидерлери менен бирге элибиздин турмушун жакшыртуу жагында алгылыктуу иштерди жасап жатканыңыздарды канааттануу менен кабыл алып, мындан ары бакубат өлкөдө өмүр сүрүп, турмуш кечиребиз деген үмүтүбүз зор.
Премьер-министр катары Алмаз Шаршенович сиздин дагы иш аракетиңиз өлкөбүздүн өсүп өнүгүүсүнө, элдин бакубат жашоосуна багытталып, келечекте гүлдөп өскөн, эркин, көз карандысыз Кыргыз мамлекетин курууга бүт күчүңүздү жумшап жатасыз. Сиздердин бул иш аракетиңиздерге кыргыз эли күбө.
Тилекке каршы, сиздердин ишеним менен кызматка келе калып, сиздердин аброюңуздарга, кадырыңыздарга шек келтирип жаткан жетекчилер да жок эмес. Алардын бири Салык кызматынын башчысы Бактыбек Ашыров экендигин айтып өткүм келет. Мамлекеттин салык кызматына жетекчи болуп келээри менен, адистерди өзгө жана жатка бөлүп келүүдө. Көңүлүнө жакпай калгандарды ачык эле куугунтуктап, ар кандай шылтоолор менен жумуштан алуу максатын көздөп, өзүнүн кадрларын, иши начар болсо да көрмөксөн, билмексен болуп кайра көтөрмөлөп, адилетсиз башкаруу жүргүзүп жаткандыгы чындык. Башкаларды эмес, мисал катары өзүмдү эле келтирип кетким келет.
Менден тышкары, СМРУнун жетекчиси Замирбек Мамбеткулов, эч күнөөсү жок борбордук аппараттын кадр боюнча иштөө бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Папиев, төраганын кеңешчиси Таалай Далбаев да эч себепсиз куугунтукталып, алардын ордуна өз кишилерин алып келүүгө Б.Ашыров укмуштай эле далбас урууда. Атап айтсам, Октябрь районунун начальнигинин ордуна Акылбек Кадыралиевди, төраганын кеңешчилигине Эдил Исраиловду, кадрлар бөлүмүнүн башчысына Эсеп палатасындагы досу Талант Кутановду түртүп жатканы маалым. Ал эми Акылбек Мамыров деген "өзүнүн" адамын башкармалыктын начальниги, Амантур Абдрахмановду кадрлар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кылып койду. Алып келген адамы иштин көзүн билеби-жокпу, ага карамай жок, тагыраак айтканда адамдарды профессионалдык сапаты менен эмес, башка сапаттарына карап баалаганы эч кимге деле жашыруун эмес. Бул жоругу аз келгенсип, эми жаңы келген өз адамдарын мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүптүр.
Азыркы убакта, Б.Ашыров негизги иш менен алектенбей эле, жалаң интрига менен алек болуп калгандай элес калтырат. Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу салык кызматкерлери абийирдүүлүк менен аткарып келе жатат. Азыркы план-прогноздордун аткарылышына Ашыровдун эч кандай кол кабыштыгы жок. Мурунку жетекчилик туура салык саясатын жүргүзүп, ошонун натыйжасы эми өз жемишин берүүдө десек аша чапкандык болбос.
Б.Ашыров кызматка келгенде мен жетектеген регион боюнча сунуш пикиримди айтып, 500 млн. сомго бюджеттик жоготууларды аныктап, кайсы субъекттен канча сом өндүрүүгө болоорун так көргөзүп, жардам сурап кайрылсам, кайра мага ар кандай шылтоо менен "строгий выговор" берип, далысын салып, кызматтан кетирүүнүн аракетин көрө баштады. Анын мындай аракети Ашыров Салык кызматынын башчылыгына бюджетти коргобой эле коррупциялык схеманы колдогону келген го деген ойду жаратаары бышык.
Мен Мамбеткулов Замирбек 1979-жылдан бери учет тармагында, ал эми 1993-жылдан бери салык кызматында иштеп келе жатам. Иштегенден бери эч бир "крышага" таянбай өзүмдүн ак эмгегим, мээнетим менен салык кызматындагы бардык жетекчилик тепкичтерди басып өткөндүгүмдү баса белгилеп кетким келет.
2010-жылдын июль айынан бери конкурстук негизде мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас башкармалыгынын жетекчисине дайындалып, революциядан кийинки кырдаалга туш болуп, экономикалык туруксуздук өкүм сүрүп турганда ишке кириштим. Ошондон бери ушул кызматта үзүрлүү иштеп келе жатам.
Урматтуу өлкө жетекчилери! Фракция лидерлери!
"Бир карын майды бир кумалак чиритет" - деген кыргызда жакшы сөз бар. Ашыровго окшогон чиновниктер иштеп турганда, сиздердин жасап жаткан ийгиликтүү ишиңиздерге кедергиси тиет деп ойлойм. Себеби, анын кадрларды себеби жок "свой" жана "чужойго" бөлгөнү дагы бир нааразычылыкты жаратаары бышык. Ушундай иштер тереңдеп кете электе, Ашыровдун ишмердүүлүгүнө карата өзүңүздөрдүн бааңарды берип, бир тыянак чыгарууңуздарды сиздерден суранам! Эмесе, ал эптеп оңолуп келаткан салык системасын эки-экиден бөлүп, коррупцияга батырып, жаман аттыга кабылтып, элдин ишениминен чыгарып, келечекке балта чабышы толук мүмкүн! Себеби, мен жогоруда сөз кылгандай, ал бюджетти коргобостон эле коррупциялык схемаларды коргогондой түр жаратууда, андыктан мамлекетибиз жаңыдан там-туң басып келатканда, мындай жетекчилердин каталарын карап туруунун өзү ката деп эсептеймин!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын Талас, Чүй башкармалыгынын башчысы Замирбек Мамбеткулов

Байланыш тел.: 0557 26 26 98