КыТыйыРга барсамбы, кыйлага санаа салсамбы...
Акаев-Бакиев доорунда отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Каныбек Иманалиевди ким билбейт. 7-апрелге чейин Славян университетинде проректор болгонуна маашырланып жүргөнү менен ыңкылаптан соң дароо каза болгон балдардын зыйнатын жетектей калып, ага карабастан УӨ тарабынан тебилип, аргасыз тээ Акаев маалында жининдей көргөн Феликс Куловдун этегине эрмешип, депутаттык мандат алганына сүйүнүп гана отуруп калбастан, ары-бери ойногон канындагы адатын карматып, учурда бийликке көз кызарткан 10 адамды баштап турган чагы. Муну менен эле токтоп калбай учурда комдук биринчи каналды ЖоКеге көгөндөгөн мыйзам жазып, аны өткөрө албай убара. Эксперттердин айтымында аталган мыйзам өтчү болсо, анда ЖоКенин ичинен бирөө барып, Кубат мырзанын ордун ээлейт имиш. Демек Каныбек Капашовичтин эси дарты гендиректорлук болуп жатканы кимге жашыруун? Эфирди ээлеп, тили буудай кууруп, каалаганын калчап турса, таң гөрү, Какебиз үчүн мындан өткөн жыргал болбосо керек.


Кулматов кулайбы?
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Бажы кызматынын төрагасы Кубан Кулматовдун кош жарандыгы боюнча маселени көтөрүшүп, ал ээлеп жаткан кызматына укуктуубу деген маселени көтөрүп жатышат. Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров К.Кулматов Орусиянын жараны экендиги боюнча документтер бар деген маалымат берди. Бул депутатты "Ата Мекен" фракциянын депутаты Туратбек Мадылбеков колдоду. "Учурда өкмөт дүлөй болуп, парламентти укпай жатат. Бажы кызматында миллиондогон акча кайда кетип жаткандыгы белгисиз болууда. Миллиондогон акчалар жоголуп жатат. Биз өкмөткө 24 саат берели, тез аранын ичинде Кулматовдун маселесин чечишсин", - деди ал. Ал эми депутат Анарбек Калматов К.Кулматов кош жарандылыгы бар болуп туруп, мамлкеттик кызмат ордун ээлегенге укуктуу эмес деп билдирди. Буга байланыштуу ал К.Кулматовдун ээлеген кызматына укуктуубу деген маселени көтөрдү. Бул сунушту добушка койгондо 77 депутат кабыл алды. Натыйжада бүгүн депутаттар К.Кулматовду парламентке чакырышып, бул маселе боюнча маалымат угушат.


Марат Султановдо эмне өчүңөр бар ыя?
Өткөн саныбызда "Ата-Журт" партиясы Марат Султановду президенттикке реалдуу талапкер катары тандап жатыптыр деп анын ажо жарыштагы шансы тууралуу кабарлаганбыз. Кечээ түндө саат 2-3төр чамасында Марат мырзанын үйүнө белгисиз бирөөлөр граната ыргытканын эшиттик. Буга чейинкидей эле учурда иликтөө иштери уланып жаткандыгын айткан милиция ийин куушуруп кутулду. Эми азыраак иликтемиш этип, анан бизнестеги разборкасына же дагы бир душманынын кегине такап туруп, бир бечараны курмандыкка чалып кутулушат да. Болбосо, кыргызга жол көрсөтчү тыңчыкма жигиттердин көзүн тазаламайдын аркасында кайсы күчтөр тураары табышмак. Ошентсе да бул ага ажо жарышта баш тартпасаң, бирди көрөсүң деген эскертүү болушу мүмкүн дешет айрымдар. Эмнеси болсо да этият болуңуз, Марат мырза!


Урматты соттоп, Үсөндү бошоткон сотторго баракелде!
Бу соттор оңолбой калышты. Кечээ Бакиев кланын бийликке алып келмекчи болуп, телефондон ар кимге бакырып буйрук берген Үсөн акенин уюштурган тополоңунан бир нече адам каны төгүлгөнүнө карабай карт бөрүнү актаган соттор ошондой эле тополоңдун автору болгону менен эч ким жапа чекпеген баш аламандыкты уюштурган Урмат Барктабасовду 4 жылга кесип тынышты. Баарынан кызыгы, кечээ эле Барктабасовдун миллиондоруна кызыгып, аркасынан акелеп жүргөн миңдеген тарапкерлеринин арасынан 60ка чукул гана адам Урмат мырзага кыйын учурда кайрат берип жаткан чагы. Оомал-төкмөл дүйнө деген ушу экен да...


Жыгылган күрөшкө тойбойт...
Бу кыргыздын макалы таамай айтылган. Анткен менен бийлик десе эт-бетинен кетип, колдо бар чокморун ала жарышка чуркаган саны бар, сапаты аз саясатчыларыбыз көп. Буга чейин мындай тизмеге жеңил желпи саясатчыларды кошуп келсек, мындан кийин бул катарга айтылуу "Акшумкардын" анабашы Темир Сариев да кошулуптур. 2009-жылы Бакиев менен тымызын көз ымдашып, түштүккө барса Бакиевди жылмалап мактап, түндүктө ашата сөгүп, айтор үгүт кербендегилерди боз ала чаң кыла ошол кезде өкмөт башчысынын ордуна көз кызарта жасалма дублер катары кыйла эле чуркаганына карабай 6-7 пайыз добуш алып, акырында Закиржандын шыбагасынан куру калган. Ал учурда го шайлоону бурмалаган монстр бар эле. Баарынан кызыгы, апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн майлуу жерин баса жыгылып, кийинчерээк шайлоого катышканы менен Темикенин "Акшумкарын" сүйүп жаткан киши аз экени байкалып, 200 миң мүчөбүз бар деп жүргөн партиясы 67 миң добуш алып бир жолу күйгөн. Учурда Темикени тегеренген партия мүчөлөрү четинен суюлуп, кайсы бир белгилүү олигархтын тегерегинде жаңы партия түзүүгө белсенип жатышкан чактары. Эми жакында бизге жеткен узун сабак имиштерге ишенсек, Темике күздөгү шайлоого барам деп теминип атыптыр. Алыбай алына карабай дагы бирөөдөн нокаут кеткен соң, арманын кимге айтат экен деп биз турабыз...


Адахан Мадумаров:
"Аскар Акаевич менен Курманбек Салиевичти биз алып келебиз!"
Бу ыраматылык Кимсанбай акенин уулу жүргөн жеринде сенсация жаратканга маш болуп алды. Кыйладан бери Отунбаеваны тааныбайм деп кыйкырып жүрдү эле, эми Акаев менен Бакиевди мен алып келем деп кыйкыра баштады. "Мен башкаларга окшоп бул жерден айтып коюп Бишкекке барганда монтаж деп кыйкырбайм" деп, Ташиевди ачык эле сок-ту. Ошондой эле Адахан мырза качкын президенттерди кайтаруу мындай жаман адатты токтотуу үчүн жасалышы керектигин, биз үчүн башкалар күлүп жаткандыгын саймедиреди. Кантсе да баланын сөзүндө бакандай чындык бар экенинде шек жок дечи, бирок тиги эки "амбициозный" "ажолорубуз" Мадумаров суранып атыптыр деп эле Бишкекке жүгүрүп келээрин, Кудай билет!


"Алиби" пресс