"Бабановдун кызмат ордуна келишин күтөбүз"

"Биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабановду колдоо" боюнча кыймыл Ошто, Нарында, Таласта ж.б. облустарда түзүлүп анын катышуучулары Өмүрбек Бабановдун кызмат ордуна келишин талап кылышууда. "Алиби" гезитинин редакциясына да ал кыймылдын өкүлдөрү келип, өз ойлорун ортого салышты. Эмесе, окуп көрүңүз окурман, "Калк айтса, калп айтпайт" дечү эле.


Алишер Сатыбалдиев,
Ош облусунун тургуну:
- "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду колдоо кыймылын түзүп, Ош шаарында пресс-конференция өткөрдүк. Бабановду коргойлу дегенибиздин себеби, Өмүрбек балам эл камын көрүп, өз кызматына катуу киришип иштеп баштады эле, аны атаандаштары көрө албай ээрден шыпыргылары келди. Мына "Мегакомго" байланыштырышып ызы-чуу чыгарышты эле таза чыкты. Бири-бири менен тытышып, бир ыркка келип коалиция түзө албай жатышканда депутаттарды биримдике чакырып, колиция түзүп койбоду беле. Эми кереги жок болуп калдыбы? Иштейм деген киши аз убакыттын ичинде эле ушинтип көрүнүп калат. Ошондуктан мен бул баланы колдоо кыймылына кошулдум. Кыргыздын мындай жигиттерин өстүрүш керек.


Гүлнара Эсенова,
Ново-Павловка айылынын тургуну:
- Кыргыз бийлигине жаңы көз караштагы жаштар келсин дедик эле. Минтип жаштар келсе, оппозиционербиз деген айрым саясатчылар кодулап баштады. Революцияны Бакиевдин жан-жөкөрлөрү үчүн жасадыкпы? Бабановго окшогон жаш жигиттер келип, жаңыча жашоо баштайбыз дебедик беле. Эми минтип баягы эле ит адатыбызды карматып, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып жатат. Иштейм деген балдарга мүмкүнчүлүк бериш керек. Депутаттык комиссия өзүнө коюлуп жаткан күнөөнү иликтеп бүткөнчө, эл алдында таза болоюн деп кызматын да убактылуу тапшырып берди. Ал креслосун карыша кучактап олтурган жок. Биз Бабановдун кайра кызмат ордуна келишин күтөбүз. Ошон үчүн аны колдоо кыймылына кошулдук.


Кубан Абдылдаев,
Жайыл районунун тургуну:
- "Республика" партиясынын мүчөсү болом. Биздин партиянын лидери Өмүрбек Бабановду ЖКнын оппозиционер депутаттары менен айрым саясатчылар жөнү жок каралоого өтүштү. Кыргыздар "Ак ийилет, бирок сынбайт"- дейт. Өмүрбек сынган жок. Ал эл алдында ак экенин далилдегиси келип, кызматын да убактылуу тапшырып берди. Эми ал саясаттын сасык оюндары үчүн садага чабылып кетпей, өз ордуна олтурушун каалайбыз. "Жаш келсе ишке, кары келсе ашка"- дегендей, Бабанов дыйкандарга үстөгү төмөн кредит берип, анча-мынча иштеринин үзүрүн көрө баштадык эле, эми минтип аны буттан тарта башташты. Ага убадаларын аткарганга убакыт бериш керек. Мен ошон үчүн келдим.


Көчкөнбай Исмаилов,
Жайыл районунун тургуну:
- "Республика" партиясынын жүргүзгөн саясатын жактырам. Ошондуктан ал партиянын лидерин да колдойм. Өмүрбек Токтогулович Парламенттик шайлоодо өз партиясы менен Парламентке таза өтүп келди. Кызматка да татыктуу олтурду. Шайлоодо элге берген убадаларын четинен аткара баштаганда айрым карт бөрү саясатчылар жаш жигитти жаманатты кылып эл алдында сындыралы деп аракет жасап жатышат. Анткени, алар алдыдагы президенттик шайлоого эмитеден даярдана башташты. Күзгө чейин иштеп, алдыга койгон пландарын аткарса элге жаман болот беле? Менимче эң сонун болмок. Иштейм деген жигитти иштетиш керек. Ал өз кызматына кайра олтурууга тийиш. Мен эле эмес, көпчүлүк эл ошону каалайт.


Наталья Зубова,
Аламүдүн районунун тургуну:
- Кыргызтанда жашап жаткан ар бир жаранды биздин мамлекетибиздин тагдыры катуу ойлондурат. Парламенттик шайлоонун алдында биздин элде тандоо болду. Башты айландырган көп партиянын ичинен мен "Республика" партиясын тандадым. Ошол партияга өз добушумду бердим. Жаңылбаптырмын. Анткени, "Республика" партиясы шайлоодон утуп чыгып, шайлоочуларынын жана жалпы элдин кызыкчылыгын коргой баштады. Айтылган убадалары жаңыдан аткарылып келатканда партиянын лидери Өмүрбек Токтогуловичке кара пиар күчөп, бут тосуулар башталды. Мен, күткөн үмүт-тилектер аткарылыш үчүн "Бабановду коргоо кыймылына" кошулдум.


Гүлмира Копобаева,
Жайыл районунун тургуну:
- Кыргызстанда акыркы бир жыл ичинде болгон ызы-чуудан карапайым эл абдан чарчады. Биз тынч оокатыбызды кылгыбыз келет. Өлкөбүздүн биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов айыл жергесиндеги дыйкандарга 9% үстөк менен кредит берип, айыл чарбасын көтөрүүгө көп аракеттерди жасады. Демек, элдин камын көрө баштаган. Азыр анын артынан эмне деген ушактар айтылып, жаман атты кылганга кызыкдар күчөр пайда болду. Эл тараза, эл көрөгөч. Ким кандай экенин эл өзү баамдап турат. Өмүрбек Бабановдун кандай иштеп жатканын эл билет.


Айбек Казакбаев,
Чүй-Токмок районунун тургуну:
- Биз Өмүрбек Бабановду таза, эл үчүн кызмат кылган жетекчи деп билебиз. Ал өзүнүн таза эмгеги менен иштеп келген. Өз демилгеси менен депутаттык комиссиянын иликтөө иштери аяктаганча кызматын өткөрүп бергендиги анын тазалыгын аныктап турат. Биз Бабановдун Өкмөттүн алкагында жасап жаткан реформаларын колдойбуз жана ал ишти өз пикирлештери менен улантууга кайра ордуна келет деп ишенебиз.


Акбермет Руслан кызы