Реплика

Дүйшөбаевдин дүңкүлдөтмөлөрү

Айрым саясатчылардын жана серепчилердин, журналисттердин коомдогу окуяларды, көрүнүштөрдү анча-мынча апырта сүрөттөп, драмалаштырып жиберишкендиктерин түшүнсө болот. Саясатчылар кырдаалды өздөрүнүн утилитардык кызыкчылыктарына ылайык интерпретациялоого умтулуп турушса, серепчилер, журналисттер цирктеги трюктардай нерселери менен болсо да аудиторияларындагылардын көңүлдөрүн өздөрүнө бурдуруулары керек. Ал көндүм көрүнүштөрдөн. Бирок, андай коньюнктуралык нерселерге аралашканга жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктердин моралдык укуктары жок, ал мамлекеттик кызматкерлердин жана административдик этикаларына ылайык келбейт.

Тилекке каршы, мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев акыркы убактарда өзүнүн мамлекеттик атайын кызматтын төрагасы экендигин унутуп куйкумдуу фактыларды көбүртүп, жабыртып көрсөткөнгө көнгөн көчө саясатчыларынын бирине окшошуп бара жаткандай. Ал жетектеген мекемедегилер өткөн жылы Улуттук Коопсуздук кызматы Англиянын атайын кызматындагылар менен биргеликте Максим Бакиевди кармашкандыктарын коомчулукка "дүңк" эттиришкен. Кийин, Англиянын атайын кызматындагылар М.Бакиевдин Лондондо экендигин гана ырасташкандыгын, аны кармап экстрадициялоо ойлорунда да жок экендигин, андай нерселер функцияларына кирбей тургандыгын билдиришкен.
Кийинчерээк бул ведомствонун бир нече кызматкери "Ата-Журттун" лидери К.Ташиевдин үйүнө "адашып" кирип барышып "чакырылбаган конок, шыпырылбаган жерге отурат" болуп, таяк жеп чыгышкан.
УККнын мурдагы жетекчиси Суталиновду дарегин билсе да тапкысы келбей жүрүшү да мүмкүн.
Алар өттү кетти дейли. бирок Дүйшөбаевдин парламентте 1-апрелде болгон үч-төрт депутаттын чатактарын көбүртүп жабыртып, өздөрүнүн күзөтчүлүк иштерин мамлекеттик төңкөрүштүн ишке ашышына жол бербей, убагында алдын алып калган өзгөчө эрдик катарында көрсөтүп, бул темада оңду-солду интервьюларды берип жаткандыгын эмне менен түшүндүрсө болот? "Корккондун көзүнө кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт" дегендей атрофиялык кабылдоонун кесепетиби же өзүн өзү мактап, оңдон, солдон тындырбай сындап жатышкандардын, коомчулуктун алдында актоо максатындагы пиарбы?
1-апрелде "Ата-Журт", "Республика" фракциясындагы айрым депутаттар мушташып кетишкенде УКК тарабынан Ак үйдүн ичи, тышына, лифттерге, кабаттан кабаттарга өтүүчү эшиктерге кошумча посттор коюлгандыгы чын, бирок көргөндөрдүн айтымында анда тургандар сырткы коркунучтардын алдын алгандан мурда чыгып бараткандардын фотоаппараттарын, соткаларын текшергенге көбүрөөк көңүл бурушкан экен. УККдагылардын андай оперативдүүлүктөрүн "Ата Мекенчил" Райкан Төлөгөнов мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети катары бааласа, Дүйшөбаев болсо андай аты суук көрүнүштүн алдын алган эрдик катары көрсөтүп жатат. Сырттан парламентти басып алуу аракети болбосо, же ичтен легитимдүү бийликтин мыйзамсыз алмашып кетүү коркунучу туулса бир жөн эле. Бирок, мушташкандарды депутаттар өздөрү эле ажыратып, ошол замат эле жараштырып коюшса, анын эмнеси эрдик? Эки адам мушташса деле аны мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети катарында көрсөтө берсе, деги анда УКК каякка барат? Андай дүрбөлөңчүл участкалык инспектордун жоругундай дүрбөтмөлөр Улуттук Коопсуздук Кызматынын макамына, бедел, аброюна ылайык келеби?!
Дүйшөбаев ошол күнү депутаттардан, алардын жардамчы, жан сакчыларынан 15 автомат, тапанчанын тартылып алынганын чоң жеңиш катары жарыялоодо. Бирок, алардын парламенттин имаратынын ичине кирип кетишкендиги үчүн ким жооп берет? Албетте УККга баш ийген коопсуздук кызматындагылар. Анда өздөрүнүн бир бөлүмдөгүлөрүнүн кемчиликтерин, экинчи бөлүмдөгүлөр утурумдук четтетишкендиктери үчүн көкүрөктү ургулап мактангандын кажети барбы?
Билишибизче, УККдагылар депутаттардын жан сакчыларынын бир тобунун куралдарын 1-апрелде жыйнап алышкан менен эртеси күнү эле аларды кайра ээлерине таркатып беришиптир. Демек, кокус эртең дагы эки-үч депутат мушташып кетишсе, УККдагылар дагы бир мамлекеттик төңкөрүштүн алдын алдык деп мактанып чыгышат.
Тилекке каршы, мамчиновниктердин, саясатчылардын баштарынан мурда тилдери иштей берсе, мындай трагикомедиялык дүңкүлдөтмөлөр азайбайт?

Бакай
ЧИЛТЕГИН




  От дегенден ооз күйбөйт

Кыргызды жер менен жексен кылгысы келген кимдер?

Башка элдерди айталбайбыз, кыргыз мактанганды, анан мактаганды жакшы көрөт. Бирөө кокус мактап калса, кулагыбызды жапырып бир угабыз дейсиз, бул дүйнөнүн бары-жогун да, курсагыбыздын ачы-тогун да унутуп калабыз. Анан да кыргыздын фантазиясынын күчтүүлүгүнө, ойлоп таппаганы жоктугуна, жоктон бар кылып айткан калп айтуу чеберчилигине тан бербей коюуга мүмкүн эмес.

Калп айтуу жагынан Бакиев деген азаматыбыз бар эле, астына эч кимди чыгарган жок. Акаев деген азамат бар эле, кыялданып атып, президенттикте эки мөөнөт олтуруп, үчүнчүсүнө кадам таштаарда, эл кубалап салды.
Кыргыздын ойлоп таппаганы жок деп жатпайбызбы. Башка элдер митинг, пикет дегендерге чындап эле аргасыздыктан, муктаждыктан улам чыгып, аны менен бийликке, же кимгедир бирөөгө нааразылыгын билдирсе, же айтса, биз митинг менен пикеттерди саясый күрөштүн, соода-сатыктын, бизнестин, жеңил акча табуунун обьектисине айлантып алдык. Балким, митинг менен пикеттерден акча жасоо биздин оюбузга деле келбейт беле, акыркы жылдардагы ондогон митингдер чет жактардагы күчтөр тарабынан каржылангандыктан, митинг, пикет өтүбаткан жерде бул жолу кимдер каржылап, кимдердин кызыкчылыгы жатат болду экен деп ойлобой кое албайсың. Анткени, көрдүк да, акыркы жылдарда энесинен адашкан козулардай жамыраган НПОлордун уюштуруусу, демилгеси аркылуу өтүп жаткан пикеттерди. Бу НПО дегендериң бир карасаң ИИМдин алдында, бир карасаң Ак үйдүн алдында, бир карасаң Жогорку Кеңештин алдында жүргөнү. Анан аларды угуп олтурсаң, жер тыңшар Мамыттар мындай калып, Кыргызстандын атайын кызматтары угуп-уга элек маалыматтарды айтат десең. Анан эле коомчулук дүрбөп жатып калат. Анан алардын жер тыңшарлыгына кантип таңгалбай коесуң.
Мейли, НПОлор Батыштан импорттолуп келиптир, алар уюштурган митинг, пикеттер тыштан каржыланыптыр дейли. Бу береги курултай дегенибиз өзүбүздүн эле топурактан жаралган эмеспи. Курултайларды ким каржылап, курултайлардын артында кандай күчтөр турат деп ойлойсуз. Дегенибиз, жакшы ниетте, изги ойлор менен башталган курултай жана аны өткөрүү демилгеси, "сыныктан башкасынын баары жугуштуу демекчи", айрым учурларда саясаттын сасык оюндарынын, акча жасоонун объектисине айланып бараткандай таасир калтырганы ойлондурбай койбойт.
Өткөндө, Көлдө өткөн Кумтөрдү казуу иштеринин күңгөй-тескейине арналган курултайда Бишкектен келген үлкөн бир депутат: "Биздин курултайды колдогонубуз болсун" деп, бир пакет акчаны элдин көзүнчө курултайды уюштуруучулардын үстөлүнүн үстүнө таштап койду дешет. Угуп алып жандан түңүлөт экенсиң, бул эч жерде каттоо-тактоосу жок эмне болгон акча? Качантан бери эле, биздин үлкөн адамдар мынчалык берешен болуп кетишкен? Бул акчаны миңдеген адамдардын көзүнчө берүү менен алиги саясатчы эмне максат көздөдү экен? Биз силерди колдойбуз. Ушундай курултайларды көп-көп өткөрө бергиле дегениби? Берки уюштуруучу топ тигил үлкөн адам берген акчаны алар менен бир убакта жылт коюшуптур дейт. Курултайга келгендер аларды издешип заматта таппай калышыптыр. Бул эмне деген спектакль? Бул эмне деген курултай?
Деги биз кайда баратабыз? Жыйырма жыл бою Кыргызстан деген мамлекеттин байлыгын талаганын талап, тоногонун тоноп, талкалай турганын катуудан казаны, жумшактан күлү калганча талкалашты эле, эми аны кайсы бир күчтөр атайылап эле жок кылганды максат кылып жатышабы? Кыргызстанды мамлекет катары жок кылып, кыргызды эл катары таратып, жер бетинен жексен кылууну каалаган күчтөр кимдер? Алардын башында кимдер турат? Курултайлар бизди курутабы, же бар кылабы? Суроолор көбөйүп кетти. Жооп берген киши жок. Курултай өткөрсөкпү?

Бек Мамашов