Кымча бел

Кундуз Канатбек кызы:
"Намыс деп жүрүп, сүйүүмдү жоготуп алгым келбейт"
- Кундуз, акыркы убакта сахнадан көп көрүнбөй кеттиңиз. Себеби эмнеде?
- Көпчүлүк учурда жаштардын аткарган ырларынын маанисине улуу муундагы угармандар терс сындарын айтып келишет. Менин аткаруумдагы чыгармаларым туурасында андай пикир айтылбасын деп, кийинки учурларда ар бир жаздырган ырларымдын үстүнөн көп иштечү болдум. Алгач сөздүн маанисин апама окуп берип, андан кийин көңүлүмө төп келсе гана ал ырды жаздыртам. "Кеңешип кескен бармак оорубайт"- демекчи, көпчүлүктүн оюн ортого салып , мазмундуу ырларды аткарганга аракет жасоодомун. Балким, ушул себептен, өзүмө белгилүү бир убакытка чейин эс алуу жарыялап алып, элге көп көрүнбөй кеткендирмин.
- "Көздүү мончок жерде калбайт"- демекчи, колуңузду сураган мырзалар жок эместир?
- Үй-бүлөмдө төрт бир туугандын кичүүсү болгондуктан, апамдын көзүнө дагы эле ымыркайдай көрүнө берем. Байкемдер менен эжем мени эркелетишип, аяп турушат. Ошондон улам кээде тамашалап, мен 30га чыкканда да турмушка узатпайсыңар го деп күлүп калам. Колум сураган мырзалар бар, бирок, азыр өзүмдү турмуш курууга даяр эмесмин деп ойлойм. Убакты-сааты келсе маңдайга жазган жигитке турмушка чыгып, сүйүктүү жары болгум келет.
- Сыртыңыздан өтө назик жан сезилесиз, өзүңүздү назикмин деп ойлойсузбу?
- Көпчүлүктүн оозунан назик деп айткандарын көп угам. Бирок, мен өзүмдү андаймын деп эсептебейм. Үлбүрөп эле "ак чүч" болуп, назик болсом, анда азыркы жетишкен ийгиликтеримди кантип багындырмак элем? Тескерисинче күчтүү жана эрктүүмүн деп айта алам. Балким, анча-мынча назданаттырмын, бирок, чеги менен.
- Эл арасында "Эрмек Нурбаев сүйлөшкөн кызы менен Кундуз үчүн мамилесин үзүптүр" деген сөз жүрүүдө. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Эрмек экөөбүз эң жакын достордонбуз. Ал мага чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүп, жардамын аябайт. Анын тамашакөй, сөз тапкыч жана эмгекчил мүнөзүн баалайм. Колум бошогондо ал түзгөн "Тамашоу" лигасына барып, таптаган балдарынын өнөрлөрүнө күбө болуп, күлүп келем. Экөөбүз сүйүшкөндөр күнүнө карата кыз-жигиттей болуп фотосессия тарттырганыбыз үчүн, айрымдар бизди сүйлөшүп жүрөт деп ойлошсо керек. Ал эми Эрмектин, сүйлөшкөн кызы Динара менен мамилесин үзүп салганына менин эч кандай тиешем жок.
- Сиз үчүн сүйүү жогору турабы же намысбы?
- Эгерде мен сүйлөшкөн жигитим менен таарыныша кетсем, анда аны жоготуп албаш үчүн алгачкы кадамды мен жасашым мүмкүн. Менден ката кетсе, анда кайра жарашууга аракет жумшагандын уяты болбосо керек. Намыс деп жүрүп, сүйүүмдү жоготуп алгым келбейт.
- Жеке концерт өткөрөйүн деген оюңуз жокпу?
- Эми жеке концерт өткөрүш үчүн абдан чоң даярдык керек. Эптеп эле бир нерселерди кыңылдамыш болуп, каражат чогултуп алганды туура көрбөйм. Репертуарымды мазмундуу, мукамдуу ырлар менен толуктап, концерт берсең, келген эл андан эргүү алып, эс алып кетишсе керек.
- Ырдап жүрүп өз кесибиңиз көмүскөдө калбайбы?
- Былтыр экономикалык факультетти аяктап, диплом жактагам. Экономист болуп банкктардын биринде иштеп жүрүп, чыгармачылыгыма байланыштуу жумуштан бошоп алгам. Бирок, келечекте экономика жаатындагы мыкты адис катары, өз кесибим менен иштейм деп ойлойм. Музыка деген жан дүйнөмдүн жаңырыгы болуп, руханий жактан азыктандырып турса, өз кесибим каражат тапчу булак болот. Негизи жашоомду музыкасыз элестете албайм. Кубанганда шаңдуу музыканы коюп, анын ыргагы менен кошо бийлеп алам. Эгер кайгыга батып турсам, анда жай музыкалардын үнүн акырын чыгарып, караңгыда уккандан эс алып калам. Мен үчүн музыка - жашоомду кооздогон бир өзүнчө керемет сыйкыр.
- Эсте калган балалык күндөрдөн эскере кетсеңиз.
- Кичинекей кезимде 9-май күнү Ала-Тоо аянтынан аскер кийимчен солдаттардын парады болуп, танк-тарды айдап өтүшчү. Болжолу 3-4 жашта болсом керек, "Жеңиш" майрамында аянтка ата-энем менен чыкканбыз. Сыналгыдан согуш тууралуу кинолорду көп көрүп алып, парадда айдап бараткан танктардан коркуп кеткем. Оюмда кинодогудай согуш башталып, курал-жаракчан адамдар бири-бири менен атышат экен деп, апамдын кофтасынын ичине башым салып алгам. Апам коркпо десе да болбой, кофтадан башым чыгарбай көпкө бакырып ыйлаганым бүгүнкүгө чейин эсимде. Ошондон кийин апамдар конокко бараарда аларды ээрчий баштасам, "биз танкка барабыз"- деп коюшса эле, ээрчигенимди токтотуп, үйдө калып калчумун.

Аида Асанбек кызы